Нуралы Капаров: Боргул (автордун кайра өзгөрткөн варианты)

  • 30.04.2022
  • 7021

ПОВЕСТЬ

Ал бир ушундай кир чалбаган заман эле: өскөн чөптүн өңү жапжашыл, жааган кардын өңү апапак, аккан суунун өңү көк кашка…

Тоо башы мөңгү, тоо төшү токой, тоо этеги шибер. Көк мелжиген тоолор, көз талыткан талаалар…

Ал экөө мындан жүз элүү жыл илгери Көк-Ойрок жайлоосунун төрүндөгү Дөрө бөксө жайлоосунан жолукту. Оң тарабы Узун-Агач, ортосу Чоң-Кемин, сол тарабы Ысык-Көл. Үч кошкон жер.

Жигит тескей беттеги калың бадалга көз салып, бейкапар кымыз ичип олтурса, кырдан кылак деп жалгыз атчан чыга калды. Жайлоодогулар жакага эбак көчкөн. Кыламыктап кар жаап, кайра ээрип, кар жаап, кайра ээрип, жылуу менен муздак алым сабак айтышып, бири-бирине толук орун бошотпой, ит жыгылыш болуп турган кезде ээн жайлоонун төрүндө кырдан кылак деп жалгыз атчандын чыга калышы жигитке күтүүсүз окуядай сезилди. Бул ким? Мергенчиби? Антейин десе бөктөргөн бөктөрүнчөгү, асынган мылтыгы, ээрчиткен ити жок. Жок издеген адамбы дейин десе, чөп катып, кар түшүп, короодогу мал эмес, көк зоо менен калың карагайды мекендеген кайберен жакага – алысын чөпкө качып турган чак.

Кырдан кылак деп чыга калган жалгыз атчан маңдайкы бетте жалпак таштын үстүндө ичигин айкарасынан алдына салып беймарал кымыз ичип, туш тарапка серепчилеп олтурган жигитти көргөндө атынын тизгинин аста жыйып, токтоло калбай, ээн төрдө жайма-жай соксоюп отурган караанды көрүп, бул ким болуп кетти деп буйдала калбай, алдындагы кер айгыры кандай басык менен келатса ошондой басык менен жигитти көздөй тартынбай түз бастырды. Жашы жетимиш таяп калган карыя экен. Тик кабагы, куш тумшугу, шадылуу колдору, токтоо көздөрү, кыргыз ээрге кыт куйгандай кыналып олтурушу – али кайратынан жана элек карыя экенин айтып тургансыды.

Алдындагы кер кашка айгырдын омуроосунда да, соорусунда да жүнүн тескери айланткан эски да, жаңы да ак көбүк тердин изи жок. Бери дегенде эле бул жерди беш-алты күндөн бери байралып жүргөн кебетеси бар бул карыянын.

Жигит ордунан калбаат туруп салам айтты. Карыя атынан түшүп жатып алик алды. Жигит «келиңиз, отуруңуз» дегендей ишарат кылды эле, карыя жерге салынган ичикти бир өңүрүнө көчүк басты. Жигит карыяга жанаша олтуруп, карды томпойбой, балбырай түшкөн таар куржунду өзүнө тартып, бүчүсү чечилүү көзүнөн бир жилик этти сууруп чыгып, мейман күткөн каадасында, суроо да салбай, сөз да күтпөй, майдалап кесип жатып, көз кыйыгы менен карыяны карады. Карыя бейкапар, ток пейил. Үн катпай, сөз катпай, тек гана жайбаракат эт кескен жигиттин шадылуу колу менен анда-санда кыйгач тийген күнгө жарк-жүрк этип чагылыша түшкөн шамшар бычактын шартылдаган мизинен көзүн албай олтурду.

- Кана, аксакал, этке караңыз,- деди жигит.

Карыя бир тилим этти оозуна салып, мүлжүңдөбөй кырча тиштеп чайнай баштады. «Тиши бүтүн экен» деп жигит ичинен ыраазы болгондой күбүрөдү. Карыя бир-эки кесим эт жегенден кийин эле «болдум, тойдум» дегендей ишарат менен дасторкондун четинен бир аз чегинип олтурду. Карыянын көзү чаначтан өттү. Көптөн бери кымыз ичпесе керек. Кайдагы кымыз? Как эткен карга, кук эткен кузгун учпаган жерде жүрсө.

Жигит торсойгон чаначтан оозун дыкаттап кайырып, кош колдоп коомай көтөрүп карыяга сунду эле, калдайган бүркүт камоодо калган коёнду алгандай, шадылуу колу менен шап илип алып, жеңил-желпи так көтөрүп, чаначтын кайырымын эрдине такап, кылк-кылк жута баштады. «Эңсеп да, чаңкап да калган экен, жарыктык, мейли каалашынча жутуп алсын» деп жигит пейлин кең таштады. Карыя киндик бою серке чаначтын оозунан кымыз төгүлбөгүдөй кылып өр баштантып жерге койгондо, ортолоп бошогон чаначтын тең жарымы балбырап жерге сулады.

Карыя жигитке карады. Жигиттин олбурлуу кебетеси менен токтоо мүнөзү жаккансыды. «Кимсиң, кайсы элденсиң, атың ким? деп сураган жок. Сурай турган ниети да байкалбайт. Ээн жайлоонун бейкут теребели менен кере-кере жуткан күзгү кымыздын кубаты дене-бойду талыкшытып, таттуу уйкуга жетелеп бараткансыды… Жигит да лам деп ооз ачпай, ордунан туруп жайылган дасторконду жегенден калган эти менен кошо ороп, куржунга салды да, уйку-зоодо мемирей түшкөн карыянын тынчын бузбайын деген ниетте, окчунураак жерге көчүк басты.

Карыя минип келген кер кашка айгыр али көгүнөн толук ажырай элек бетегени түбүнөн кырча тиштеп, оттоп жүрдү. Жигит кер кашка айгырдан көзүн алалбай олтурду. «Куйрук-жалы төгүлгөн жарыктык. Сүмбөдөй сымбатын кара да, шамдай жанган кулагын кара. Качканды куткарбас, кууганга жеткирбес мал экен го жарыктык кер кашка! Анан калса төрт туягы ичин карай майтыйып, канжыгалуу да жаныбар экен кер кашка» деп кер кашкадан көзүн алалбай тамшанып олтурду.

Кер кашка айгыр бир нерседен шыбыш алгандай бейкапар оттоп жаткан жеринен башын жулуп алып, кулактарын тикчийтип, кош таноосун дердеңдетип, тынчы кетип кошкуруп туруп калды. Кер кашка эмнени көрүп, эмнени сезди деген кыязда жигит маңдайдагы апай беттин ар жак, бер жагын аңтара карады. Куйругун булактаткан кыпкызыл түлкү кокту ылдый куюлуп түшүп, этектеги калың черге кирип бара жатыптыр. Түлкүнүн карааны үзүлгөндөн кийин да кер кашка калың чер тарапты бир топко карап тим турду да, анан эсине келгендей түйүлө калган боюн жазып, арткы эки бутун талтайтып, белин ийип, шаркыратып көбүртүп сийди да, боюн жыйрып, орун которуп, кайрадан бейкапар оттогонго өттү. Сыртынан бейкам сыяктаганы менен өтө сак, тынчы жок мал экен. Жанагы жойлоп өткөн түлкүнүн караанынан кийин мээ тамыры дүүлүгө түштү окшойт, айтор мурункусуна караганда тез-тез жер которуп, улам бир жак капталына бурулуп оттой баштады.

Жигит кер кашканын кыял-жоругуна, баскан-турганына кызыгып, биротоло сүңгүп кирип кеткенсиди. Башта байкоос албаган экен, соңку ирет сол капталынан оң капталына которулуп оттогондо жигит канжыгага мыктап байланган кыл арканды көрдү. Ошондо гана бул тик кабак карыя ким экенин, бул ээн төрдө эмне кылып жүргөнүн жигит айттырбай түшүнгөнсүдү…

Жигит менен карыя көздөгөн максаттары, ойлогон ойлору бир экенин алдыртан түшүнүп, бат эле тил табышышты. Жигит кула айгырга бөктөрүнчөгүн бөктөрүп, карыянын артынан бастырды. Бул жол кер кашка айгырга жедеп көндүм болуп бүткөн жол экен, кыя жолдо кыбырабай, өр жолдо өкүрөңдөбөй, ыкчам жүрүш, жеңил басык менен желге жеткирбей, көзгө илээшпей алдыда бара жатты. Оо бир топко өр таяп олтурушуп, Бүркүт-уя деген зоонун түбүнө токтошту. Ал жагынан да, бул жагынан да жан киши туя алгыз зоонун асты көмүскө чуңкур жер экен. Ар кай жерге топ-топ болуп үркүп өскөн четиндин жоон бутактарына аттарды аса байлашып, карыя менен жигит ээрчише басып, орто зоонун түбүндөгү үңкүргө киришти. Үстү бийик, асты тегиз, төр жагында баланын билегиндей тешиктен кылаңгыр жарык киргенсигени менен үңкүрдүн ичи күүгүм экен. Жигиттин көзү көптө барып үйүр алды. Карыянын калың кара ичиги, аюу талпагы, жан казаны, балтасы үңкүрдүн ичинде экен. Үңкүрдүн «босогосуна» кыналып өскөн эки түп четиндин ача бутактарына жылкынын чийки эттерин салаңдатып илип коюптур. Кош четинден нарыда көөлөнгөн таш кемеге, чачылган куу жыгач отундар…

Карыя үңкүргө киргенде өз үйүнө киргендей жайланыша баштады. Жоон өрүм жылан боор камчысын кереге таштын жаракасына кыстарып, малакайын төбөсүнө калтырып, тебетейин кемтик таштын урчугуна илди. Өзүнүн жамбашына кара ичикти, жигиттин жамбашына аюу талпакты таштады. Жигит жигит болуп каруусуна киргени жамгырлуу жаздын ала шалбыртында да, жаркыраган жайдын жылуу күндөрүндө да, ак карлуу кыштын бороондуу түндөрүндө да далай ирет тоо койнунда жалгыз калган. Бирок, бир да жолу чээнге кирген аюудай, ийинге кирген суурдай үңкүр издеп, үңкүргө түнөбөптүр. Үңкүрдүн жыты жагымсыз, көрүнүшү көңүлсүз болорун эми сезип олтурду…

Ал күнү карыя менен жигит жылкынын этинен бышырып жешип, калган кымызды бөлө тартып ичишип, өргүп эс алышты.

Карыя жигитти кырдан күндүн мурду чачырай электе ойготту. Уйкусу канып калыптыр. Сары сойгок чөптүн бетине боз кыроо, коргул таштардын жонуна кылаңгыр көк муз туруптур. «Кыш келатат, жут келатат» деген ушу деди жигит ичинен. Таш үңкүр туштан капталдай басып, эки өңүрүн көпкөк алысын чөп баскан булактын суусуна жуунду.

Жаагынан мойнуна «мөлт» этип кулаган мөлтүр булактын көк бермет тунук тамчылары демин чыйралтып, көзүн умачтай ачты. Чачы тасырайып алынган көк башын сууланган колу менен сыласа, түндө жеген жылкынын тунук чучугу менен чүйгүн эттин ысылуу күчү төбөсүнөн көк буу болуп дуулдап көтөрүлүп турду.

Жигит жуунуп бүткөн соң, булк-булк этип жүрөктүн кагышына окшоп жер түбүнөн оргуп чыгып жаткан мөлтүр суудан кочуштап жутуп жатып, көк ирим суунун түбүндө көрүнүп-көрүнбай чыбырчыктаган акак таштарга көзү түштү. «Атаңгөрү!» деп ичинен шыпшынып алды да, койнуна жыргатып жата элек, жанын жай алдырар жаштык ойну кана эле ак балтыр жаш жарын эстеди.

Жигит жуунуп келгенде карыя досторкон жайып коюптур. Түндөкүдөн калган жылкынын майлуу этинен тоё жешти. Атаганат, чүйгүн эттин артынан суусун кандырар кымыз болсочу. Оозу кайрылып, босогодо балбырап бош жаткан чаначка сиңген кымыздын аңкыган жытын үңкүрдүн оозунан ойноп кирген ойноок жел төрүнө чейин буркуратып, эңсөөнү күчөттү… Кардыларын кампайткан соң, жигит менен карыя аркандалуу аттарды жайына коюп, төбөсүндө күндүн нуру төгүлгөн туу чокуну көздөй жөө жөнөштү.

Жигит карыянын артынан келатты. Жарыктыктын жол тандап басканын! Эки аягы көзгө илээшпейт. Шырп эткен дабыш, өпкө каккан деми жок. Кыл чокуга жеткенде карыя басыгын жайлатты. Туу чокунун кырына жакындаган сайын бет маңдайындагы казактын сары күңгөй тоосу шаңкайып чыга келди. Карыя менен жигит туу чокунун сол ийниндеги жарылган асканын түбүнө келип токтошту. Пай, пай, пай жарыктык казагымдын кат-кат тоолору. Арылаган сайын эңиштеп, көгүлтүр мунарыкка төнүп, балбылдап тийген күздүн жылуу күнүнө сары алтындай жылтылдаган жонун тосуп, учу-кыйры жок чексиз талааны карай комдогон арстандай суналып жатканын кара!..

Карыя жигитти капталга түртүп, төмөн жакты кара дегендей кол жаңсады. Кол менен уюткандай көгүлтүр мөңгү тик ылдый куюлуп түшүп, торпуга жайылып барып токтойт экен. Торпудагы мөңгү жай бою ээрип, көл болуп көөлгүп, күздүн алгачкы суук көндөрүндө кайрадан көгүлтүр музга айланып, уюлгуп тоңуп калыптыр… Маңдайдагы сары күңгөй тоонун этегиндеги кең өзөндө жайылып жүргөн калың жылкынын карааны, өзөндүн булуңунда агарган жатакчылардын боз үйү көзгө илинди.

- Эрте жазда көчүп келишкен. Жайын толук жеди. Жылкылар катуу семиргенинен түтөгүп турган кез,- деп карыя өтө кыска мүнөздөмө менен түшүндүрө сүйлөдү.

Жигит жылкылардан көзүн албай көпкө телмире карады. Оо бир топто карыя бүгүнкү жумушубуз бүттү дегендей ишарат менен кол жаңсап, артка бурулду. Жигит карыянын артынан ээрчий басты.

Карыя менен жигит «чалгындан» келгенден кийин кемегеге от жагып, кайрадан эт бышырып жешти. Карыя баштагысындай эле үндөгөн да жок, сүйлөгөн да жок. Кээде-кээде гана аны андай кыл, муну мындай кыл деп кыска сөз менен айтканы болбосо, көбүнчө ишарат кылат же жаңдап коёт. Ички сырына жан киши жологус, тегерете курчанып алган көзгө көрүнбөс «коргону», ал «коргону» эч качан ачылып кетпегендей кармап турган өзүнүн темирдей бекем ички тартиби, бекем ичим тап карыя экен.

«Сөз ички сырдын ачкычы. Сүйлөсөң эле ички сырыңдын чет-бучкагы булайып чыгып калат. Сүйлөбөсөң эшик бек, жаның тынч» дегендей болсо керек деп жигит карыянын жүрүм-турумуна баш оорутуп, бир чети мындай зыңыраган сырга бек адамдан кээде тажагансып, баарына түкүрүп басып кеткиси келгенсип, араң-араң эле чыдап отургандай жагымсыз учурлар да болбой койгон жок, болду. Айла жок. Кур кетүүгө болбойт…

Маселенин ал жагын ойлой келгенде көпчүлүк учурда мынабу сыр бербеген тик кабак, куш тумшук чалдын баскан-турганы, жаңдаганы, жарытып сүйлөбөгөнү жигиттин пейил-куюн өзүнө тартып, кызыктырып, жиги жок тереңди карай билгизбей сүйрөп, оролгон жыландай аста боюна имере тартып, айтканын айткандай аткарып, кадырлап-сыйлап тургудай даражага жетип алганын жигит байкоос алган жок. Жигит карыясыз алдыга койгон муратына жетпесин сезгендей эле, карыя да жигитсиз муратына жетпесин нак билгендей, жигиттен кандай акыл чыкса, какпай-сокпой, айтканын айткандай колдоп, оңдой турган жери болсо, акыл-эси туйгудай, көзү жеткидей акыбалда, этин оорутпагыдай сөз менен оңдоп-түзөп, шыбырты жок, шеги жок, көздөгөн максатын көздөй алдыга жыла берүүнү адатка айланты. Карыянын көрүнбөгөн, билинбеген шартына жигит акырындап моюн суна баштады. Ал айтмайын, демейин, жаңсамайын, жигит кыбыраган кыймыл, кылайган иш жасабайт. Сөзүн укканга кулагы даяр, айтканын аткарганга колу даяр.

Чал менен Жигит чычкан жыттанган, ным жыттанган таш үңкүргө үч күн түнөп, төртүнчү күн дегенде тескей беттеги тирелип өскөн калың карагайдын ичинен сүмбөдөй түз төрт шыргоолду (чегелдектен жоонун, карагай баралына жете элегин шыргоол деп коет), эки четин союлду кыйып келип, арбайган-тарбайган бутагынан илинчек калтырбай томолойто бутап, кабыгын «жылаңачтап» сыйрып, күңгөй асканын күн жеген, шамал жеген бетине тигинен жөлөп коюшту. Эртеси эртең менен эрте төрт шыргоол менен эки союл күн жеп, шамал жеп тоборсуй түшкөндө, төрт күндөн бери жону эс алып, али көгүнөн толук ажырай элек бетегеге карды тоюп, карчыты чыгып оңоло түшкөн карагер менен кула кашка айгыр жандарына торбу байлатпай жапалак учса да, жалбырак учса да «жалт!» берип үркүп, жер чапчып окуранып, кош таноосун адаттан тыш дердеңдетип сез күтүп калганын айбан карагер менен кула кашка эле эмес, Кудай теңирим тааныбай ыргыштап көпкөн далай адамдарды чалкасынан салып чапканга жедеп көндүм болгон Чал менен Жигит эки айбан айгырдын чектен чыккан кыял-жоругун чымын чакканча да көрбөй, «дыр-р, так!» деп чылбырын жулкуп, тизгинин какпай, кадимки калыбында жетелеп келишип токулгасын токушту да, төрт шыргоолду эки айгырга эки-экиден бөлүшүп, башын теңдеп артышып, аягын чийне сыңарында жерге сүйрөлтө ташташып, демейде «алхамдулла» оозуна кирбеген бул экөө алдыдагы жүрөктү опкоолжуткан кооптуу да, түпөйүл келечектен үмүт кылгандай бир паста ырымчыл-динчил боло калышып «быссымылда!»деп үзөнгүгө бут коюшуп, көкүрөгүн күйүктүрүп-ысытып тыным бербеген өзгөчө бир каалоо-тилек менен аттанышты. Экөө эки четин союлду «бала» кылып өңөрүшүп, күңгөйү күнөс, тескейи мөңгү туу чокуну көздөй бет алышты.

- Жоо келип калбасын дешип тиги Көк-Кыя тарабы дайыма казактардын кароолунда. Алар аңдабаган, күтпөгөн жагынан «кол салабыз» – деп Чал кечээ кечте Жигитке эскерткен. Жигит туу чокунун ак кар, көк муз баскан казак жаккы тескей бетиндеги жер өңүтүн абай салып бир сыйра аңтара карагандан кийин Чал алдыда боло турган иш-аракетти туура баамдап, туура ойлоштурганына ичинен ыраазы болуп, кечээ кечтен бери токтоо бербей удургуган көңүлү эми гана чындап тынчыгансыды.

Чал менен Жигит башын теңдеп, аягын чийне кылып сүйрөтүп чыккан шыргоолдорун жарылган асканын тектерине түшүрүшүп, итапкан өр жолдо эки айгырдын демейде алчактап баскан кыял-жоругунун бир заматта бышы чыгып, кадимки карагер менен кула кашкага айланган шалпайыңкы суз кебетесине кенедей да көңүл бөлбөй, ээрин алып жайдакташып, канжыгаларын чечишип улаштыра байлаштырышып, токулгаларын ээри менен кошо жондоруна иле-сал көтөрүп кетме ыгына ылайык таңгак кылып даярдап коюшту.

- Каруу күчүбүз толук кезинде карылуу эмеспи карагерди жыгалы,- деди Чал Жигитке карап. Жигит макул дегендей башын ийкеди.

Мойнуна бекер жеринен сыйыртмак кыл аркан түшпөгөнүнөн шек алган карагер айгырдын өрдү карай шыргоол сүйрөп үлдүрөй түшкөн көзүнө жан кирип, адатынча окуранып, таноолору дердеңдеп тынчы кете баштаганда Чалдын шадылуу колу төгүлгөн жалын салаалап, али тери толук кургай элек омуроосун, кулак астын аста сылап кашып киргенде күнү-түнү ажырашпас жанбирге адамынын алаканынын отунун жылуулугу бүткүл денине тарап, көңүлү тымып, кыялы жибип, анда-санда бардап ачып-жумган кирпиктери бири-бирине жабышып-илинишип, жан-дүйнөсү көлкүп-көшүлүп ээрип баратты.

Жигит аркандын узун учун аста сүйрөп карагер айгырдын көчүк тарабынан шырп алдырбай аяр айланып өтүп, мойнундагы сыйртмакка ичинен илип өтүп, жыландай сойлогон кыл аркандын учун кыскартып саай баштады. Учу кыскарган кыл аркандын дал ортосу карагердин арткы оң бутунун кырк муунуна илингенде Жигит аркандын бош учун кыскарта кармап белине ороп кескин тартканда бейкапар турган карагердин көк челген намыскөй башы кежейип жерди карай, арткы оң буту жерден үзүлүп ичин карай тартылып, тарткан сайын өпкө-боору куушурулуп, башын чулгуй албай, бутун серпе албай, үч буттап араң-араң кылтылдап таканчыктап сороктоп турганында Жигит бар күчүн салып акыркы ирет кыл арканды баштагыдан да кыска кармап белге салып күч менен тартканда асман чайпалып, жер чайпалып, дүйнө астын-үстүн түшкөндөй карагер «күп!» этип капталынан жерге жыгылганда жана эле жалын тарап, омуроосун, кулагын кашып мээримин төгүп турган Чал бир заматта кармаган жеринен кан чыгарчу каршылаш душманына айлангансып, башы «каңк!» этип жерге тийип ансыз да көзүнөн от чагылышып, мээси айланып турган карагердин тикчийген кулагынын түбүнөн туйлатып аткый кармап, башын жерге ныгыра басканда Жигит карагердин төрт бутун кайчылаштыра бириктирип, койдун бутун буугандай ары-бери бууй салды. «Баракелде, күчү күч эмес бекен жигиттин» деп Чал бир эсе таңдангансып, бир эсе ушундай жигитке жолукканына  сыймыктангансып койду ичинен.

Кула кашка айгырды карагерге караганда оңой жыгып, төрт бутун оңой бууп, аны да башын өр таянтып, капталынан жаткырып салышты. Качан гана экиден шыргоолду мөңгүнүн учуна алып келип узатасынан тыштагандан кийин адегенде карагерди, андан кийин кула кашканы куйруктан, буттан алышып, кош шыргоолдун үстүнө жаткырышып, кыл аркан менен мыктап таңышып, көчүк жагын төмөн каратышып, туу чокунун кырынан мөңгүнүн боору менен үстү уюлгуп муз болуп тоңуп калган торпуну көздөй биринен сала бирин эңиштетип төмөн карай түртүп жиберишкенде, чанадай күңүрт үн чыгарып күңгүрөп кошоктошкон кош шыргоол эки айгырды эки кап уяң жүндүн салмагынча санабай жепжеңил, дуулдатып «чаң» ызгытып, кар ызгытып, муз ызгытып, буурул шамалдын арасында таңуудан бошонуп тура калганга аракет кылган эки айгырдын башын  бирде сороктотуп, бирде серектетип алып жөнөдү. Чал менен Жигит таңылган ээр-токумдарын жондоруна бала көтөргөндөй асынышып, эки союл четинди ат мингендей алаасына такап минишип, чокудан торпуга куюлуп түшкөн мөңгүнүн үстү менен көмкөрөсүнөн түшчүдөй аңкилдек атып, карагер менен кула кашканын артынан такаат алалбай жылгаяк тээп зуулдап жөнөштү…

Кар менен муздун кылбаганы барбы. Карагер менен кула кашка айгырды «жонуна» таңып, ойку-кайкы жал-жал болуп кырданып тоңгон ак кар менен көк муздун үстүндө аңкилдек атып, аска-зоонун арасын тоо көчүп келаткансып күңгүрөтүп-дүңгүрөтүп, жайык жерине жеткенде дуулдап, тик жерине жеткенде зуулдап келаткан кош тумшук шыргоол тигил капталга бир, бул капталга бир урунуп, чоройноп чокмороктошуп тоңгон түптүүү музга урунганда катуу келаткан неме камгактай тегеренип ала салып аңтарасынан кетчүдөй улам бир жак капталына ооп-кыйшайып, кайра оңолуп, алеки саатта торпунун муз бүткөн жерине сүрдүгүп токтогондо карагердин омуроосу, кула кашканын жамбашы жарылып кеткени болбосо, калган он эки мүчөсү аман-соо келди.

Башы жоон, аягы ичке четин таякты ат кылып минип, жылгаяк тээп жөө түшүп келаткан Чал менен Жигит да соо калган жок. Улам эңиштеген сайын такаат кылаар одур-будур катыраң муз таманына илинбей, көк жалтаңдын үстүндө күүлөнүп алган таш таман өтүк менен четин таяк аёо деген эмне экенин билбей аңкилдек атып алып зуулдап, Чал торпунун түзүнө жакындай бергенде үстөмөндөп мүдүрүлүп жыгылып, тебетейи бир жакка, таягы бир жакка, өзү бир жакка кетип, үчөө үч башка жол менен томолонуп, сыймаланып, жылмышып түзөңгө түштү. Мыктап ашатылган, ышкын түп менен ыштатылган тери шымы болбогондо Жигит да оңун таппай калмак. Зуулдап ала качкан четин таяктын жүрүшүн акырындатам деген аракет менен бирде ойдолоп, бирде кайкалап келатып чоройноп чорчоюп тоңгон түптүү музга таш таманы «дүк!» этип тийгенде колунан четин таягы асмандап ыргып, чалкасынан түшчүдөй болуп баратып, кудай сактап ажалы жок экен, эки колу менен муз таянып, «лак!» этип көчүгү менен көк жалтаң музга бир тийип, бирде көчүгү менен, бирде капталы менен сүрдүгүп муз тээп, торпоктун тоголоктошкон терисиндей бирде тоголонуп, бирде жазылып, аяк-башы билинбей будаланып түзөңгө түштү. Чал тизесинен сылтып, Жигит териси сыйрылган алаканын муз менен басып «өхүлөп», адегенде эки буту менен, аягында өнө бою менен жылгаяк тээп түшкөн жерлеринен туруп келишип, дароо шыргоолго таңылган аттарынын таңуусун чечип жиберишип, «чү-чүлөп!» жаткан орундарынан тургузушту. Карегердин омуроосунан, кула кашканын жамбашынан кара кочкул кан шүүшүңдөп агып турду…

*     *     *

Чал менен Жигит жайлоонун күн чыгыш жагындагы коктуга жер оодарып, бадалдуу токойдун ичине аттарын отко коюшуп, өздөрү ачык апай беттин аска-зоолуу кырына чыгышып, жер өңүтүн дагы бир жолу жакшылап чалгындашып, кыраңда көпкө кылактап тура беришпей бадалдуу токойдун ичине бат эле сүңгүп кирип кетишти. Казактын калың жылкысы туура тушунда беймарал оттоп жаткан экен. Жигиттин каны дүргүп бетине тээп, көздөрү кызарып, эки таноосу кыпчылып дем жетпегенсип, тим жаткан жүрөгү дикилдеп сокту. Албасаң кое кал, болбосоң кое кал! Карагер менен кула кашканы токунуп, экөө эки жагынан тап коюп, мына азыр эле аяк-өйдө шабыратып Көк-Кыянын чубатмасын көздөй айдап жөнөшсө чаначтап кымыз ичип ичи чалкайып туралбай жаткан казагыңдын чарага башы тыгылып, чычып отурган казагыңдын көчүгү сазга тыгылып, ордунан козголо албай, ойбайлап окшуюп олтуруп калчудай жоо салмагы оңой туюлду. Көмөлөнүп-томолонуп кубаласа да жетээр түрү жок. Томогосун тарткан бүркүттөй Жигиттин эки көзү күйүп, «Алыш керек! Чабыш керек!» деген чычкылуу напсиси шаштысын алып турду. 

Шарактап кайнаган казандын отун артка тартып ичкерткендей Чал Жигиттин өрөпкүп турган демин кайтара сүйлөдү:

- Жылкылар катуу семизинен түтөгүп турат. Жаздагыдай, жайдагыдай дуулдатып катуу кубалап айдап качалбайбыз. Күүгүм талаш кол салалы. Казактар айгай түшүп аттангыча жылкыларды эптеп Көк-Кыянын чубатмасынан ары ашырып алсак, казак эмес машаяктын куугуну болсо да Көк-Ойроктун ичине каш карайганда даап келалбайт. Оозунан алдыргандай аңкайган казактар айласы жок артка кайтат…

«Чын эле. Кеч бешим дегени туура сөз»…  деди Жигит ичинен макул болгондой башын ийкегилеп. – Каш карайып кетсе, чын эле Көк-Ойроктун ичине кайсы казак даап келе алат?»

Жигит Чалдын тапкычтыгына, көрөгөчтүгүнө, кыраакылыгына дагы бир жолу ынанганы менен азыр эле жылкыларды айдай качканга өрөпкүп алган жүрөгүнүн ызуусу дароо суубай, камоодо калган карышкырдай буюгуп, качан болсо Чалдын акылы өтүп, өзүнүн акылы өтпөй калганына ичи өрттөнүп, айтканы айткандай, дегени дегендей боло бергендей бул эмне олуянын олуясы, машаяктын машаягы беле дегендей куру намысы козголуп, атаңгөрү эми бир акылдашаар маселе чыкса, жүйөөсү болсо да, болбосо да өз акылын өткөрүп, тоо көчүп келатса да солк этип койбогон, сел каптап келатса да селт этип койбогон мынабу кексе чалдан жакшылап туруп өч алгысы келип, казактын жылкысын чапканга караганда алдыдагы ошол билинбеген-көрүнбөгөн бүдөмүк кармаш маанилүүдөй сезилип барып токтоду. «Талаа-түздө жүрсөк кайдагы кармаш?!» деп кайра өзүн-өзү ичинен катуу тыйып, ниетин оңдогон болду. 

Кеч күздүн али илеби кайта элек күнү мээрин салып мемиреп тийип турду. Кеч бешимге али көп бар.

Чал ыктоого каланып өскөн калың бадалдын ичине көрпөчөсүн узатасынан таштап, башына кайрак ташты жаздап, үстүнө кемселин жумшактап жаап, кызуу уйкуга кирди. Жигит да калың түп бадалдын күнөс жагына жатып уктайын деди эле, уктай албай, көктөгү каалгып жылган булуттарды карап алаксып жатты. Ал эмнени карабасын, эмнеге алаксыбасын, айланып келип эле Чал жөнүндөгү ойлордун туткунунан чыгалбай, жалаң бир өңчөй ойдон башы да чыңалып чыкты. «Атаңкөрү, кайдагы балакет чалга жолуктум эле» деп күңкүлдөп да алды. Чынында эле бул бир балакет чал болду. Ал канчалык Чалды жаман көрөйүн деп өзүн-өзү күчтөп үгүттөп жаман көргөн күндө да, ою так, сөзү кыска бул табышмактуу кексе чалга баары бир каршы туралбасын моюндагысы келбесе да кылаңгыр бир сезимдин түпкүрүндө өзүн бир азыраак алсыз, дармансыз сезип, дармансыз туйду.

Жигит ары ооналактап, бери ооналактап, аны ойлоп, муну ойлоп алаксымыш болуп келип кайрадан Чал жөнүндө ойлоно баштады. «Бул ким болду экен?» Уккан, көргөн, билген атыккан уруулардын баарын эстеди. Окшоштуруп, салыштырып көрдү. Бирок бул кексе Чал эмнегедир бирине да таптакыр окшобой, таптакыр дал келбей, башка болуп, белгисиз болуп туруп алды. Бир гана Боргулга окшогонсуйт. Ошол атагы алыска кеткен Боргул ушул деп айтууга да болбойт. Атыккан ууру Боргул жөнүндө ак сакалын жайкалткан акылман карыя Малик ата айтып берген эле. Эгерде айтылуу Боргул дал ушул Чал болсо, анда чыныгы Боргулга жолуккан бул Жигиттин арманы болбостур. Боргул Боргул болгону ар жагы Ташкен, бер жагы Жаркенге чейин атагы таш жарып, ооздон-оозго аңыз сөз болуп айтылып келгени менен чыныгы Боргулду көргөн киши аз. Чыныгы Боргулдун атагы менен даңкынын өлчөмсүз экенин ушундан билиңиз – Боргул менен чогуу ууруга бармак түгүл, Боргулду көрдүм деген киши кайда жүрбөсүн Боргулду көргөн-билген киши катары атак-сый алып жашаар эле…

Жигиттин башындагы болгон ой-санаасы эми Боргулга бурулду, Боргулдун окуясын эстеди. «Атаң көрү, чынында эле ошол Боргул ушул Чал болуп жүрбөсүн» деп көөдөнү жеңилдеп, көңүлү көтөрүлгөнсүп, жаткан жеринен эки-үч ирет оодарылып алды…

Жигит күндүзү уктай алчу эмес. Ары оодарылды, бери оодарылды. Асманда каалгып жылып бараткан булуттарды карады. Көзү булутта болгону менен ою Чалда. Алаксыйын деп үйүн, жаш алган жарын эстеди. Алыс узай албай койду. “Ким болду экен? Кай жактан келди экен?” деген Чал тууралуу табышмактуу суроолор кечки ымырттай акырын жыла басып кайрадан акыл-эсин, мээсин ээледи. Чалдан бөлөк бир да ойду аягына чыга ойлоно албай калган Жигит жакшы эле бөлөк ойду ойлоп келатып эле, качан кай жерден адашканын өзү да билбей калып, бардык оюнун аягы Чал менен бүтөт. “Эк, атаңдын көрү, жети баштуу желмогуз, айры буттуу шайтан го мунуң? Бул балээ баскыр кексе Чалга кайдан жолугуп, кайдан кошулдум эле. Бир кадам изин жашырыш үчүн миң кадам жол баскан ит чал экен го. Жол чалабыз, душмандын чама-чаркын байкайбыз деп чычкандын богу менен көк жыттанган үңкүргө үч күн түнөттү. Тээтиги Көк-Кыяда таптатынакай кургак жол турса, мөңгүдөн муз тептирип... Эми маңдайыбызда жайылып жаткан даяр жылкыны айдай качкандын ордуна иңир кирсин, көз байлансын деп калың бадалга кирип, уйкудан өлчүдөй болуп кашайып уктап жатканын карабайсыңбы, шүмшүк Чалдын! Же мен биринчи жолу ууруга чыккан жан болсом бир жөн. Жаш болсом да көрбөгөнүм калбаган, билбегеним калбаган”.

Жигиттин төрт күндөн бери ичине жыйнаган жини шакардай кайнап, көзүнө кан толуп, күрөктөй колу муштум болуп түйүлүп, ыраңы бузулуп: “Уйкудан өлчүдөй болгон иттин гана Чалы, тур эми, баштайлы! Же бар бололу же жок бололу!” деп Чалга жинденип бакырып-бакырып жибергиси келип барып араң токтоду. Балким Чал аты-жөнү ким экенин, кай жактан келгенин адеп жолукканда эле өзүн тааныштырып айтып койсо Жигит мынчалык буюкпайт беле, буулбайт беле, башы маң болбойт беле, жинденбейт беле, ким билет?!

“Кой, чыдайын, ачууга алдырбайын” деп Жигит ачуусун аста-асталап, өзүнө-өзү сабыр тиледи. Жигит канчалык ичинен уйгу-туйгу түшүп туйлабасын, жини шакардай кайнабасын, жайыттагы казактын уурдала элек жалы тутам, казысы таман жылкыларынын алдында акылга келбегенге, ыкка көнбөгөнгө, жоошубаганга айласы жок эле. Азырынча бул экөөнүн бири-бирине болгон чыдамын да, ынтымагын да кармап турган ушул казактын семиз жылкылары.

Жигиттин түйүлгөн муштуму жазылып, мээ тамырлары бошоп, күтүүсүз шамал согуп, буркан-шаркан түшүп жээкти көздөй жулунган албуут толкундардын артынан айдаган шамалы аздап-аздап солгундаган сайын айбаты качып майдаланып жоошугандай Жигит да алеки саатта мемиреп чалкыган көлдөй дене-бою болбурап бошоп, бир бугун чыгарып алгандай болду. Жигиттин мүнөзү ушундай. Бардыгын ичине жыйнай берет, жыйнай берет. Чыдай берет, чыдай берет. Качан гана каканактап жарылганда кардына шыкалган кара жини от чачкан оозунан, кан толгон көзүнөн муз жарылып үйөр жүргөндөй, булутка булут кагышып чагылган чартылдагандай алеки саатта тарса-турса чыгып кетип, чыңалган дени эс ала түшөт.

Жигиттин асты айкөл болгону менен арты кекчил жан эле. Канчалык түшүнүгү жетип, түнөрүп жоошубасын, ак ойлоп ачуусун таратпасын көңүл кынына терең кирип кеткен көп жининин кылдай ичке бир жини көмөкөйүнөн атып чыкпай, көөнүн тарытып, ичин иймейтип: “Шашпа, кексе Чал, шашпа! Кеч да кирет, көз да байланат. Менин ким экенимди ошондо көрөсүң, ошондо билесиң” деп жазылган дени кайрадан бир аз жыйрылып, жумшарган көңүлү бир аз каткалаң тартып кекээрлеп турду.

“Болду, болбоду баягы Малик ата айтып берген Боргул ууру ушул Чал болсо керек” деп Жигит кайрадан Чал жөнүндө баш ооруткан табышмактуу түпсүз ойдун туткунуна түштү. “Болду, болбоду ошол эле” деп Жигит өз оюн өзү бекемдеп, куйма кулак Малик атанын аңгемесин эстеди.

...Илгери, илгери алдуулар алсызга тап жоокерчилик заманда Окторкой жайлоосун жайлап олтурган жумаш уругунун айылына алыстан ат арытып келаткан атыккан Олуя адам кудайы конок болуп түшөт. Жалы тутам, казысы таман, үч жылы туу калган аяк-башы эшик-төрдөй суналган субай бээ союлуп, Олуянын өзүн көрөбүз, сөзүн угабыз дешип туш-туштан агылган элдин саны арбып, катар-катар боз үй тигилип, казан-казан эт асылып, жалгыз Олуяга багышталган сый жалпынын тоюна айланат. Жайлоонун көкүрөгү бийик, абасы суюк болгонунан улам болсо керек, бешим ченде салынган эт түн каракчыда араң бышып, үзүлчүдөй үлпүлдөп араңжан күйгөн май чырактын жарыгына эки жигит жалаңдаган шамшарларын жаркылдатып табак-табак эт жасап, “айт!” десең алып түшчүдөй шымаланып даяр турган жигиттерди боз үйдөн боз үйлөргө тартылчу эт салынган табактарды колдоруна карматып: “Ыкчам, ыкчам кыймылдагыла, эт муздап кетет!” деп шаштыларын алып турганда, Олуя олтурган чоң өргөөнүн сыйлуу табагы кара тору, шыңга бойлуу, тамаксоо жигиттин колуна тиет. Булоосу тыныга элек жаңы бышкан майлуу эт менен чучуктун каңылжаарды өрдөгөн жылуу илеби ал жигиттин ансыз да арааны ачылчудай араң турган напсисин козгоп, аш үйдөн конок үйгө жеткиче чыдамын кетирип, билип коюшса кандай болот дегендей түпөйүл суроо көчүгүн бүлкүлдөткөнү менен сырт челине батпай көөп бышкан боз-тунук чучуктун көрүнүшү көңүлүн азгырып: “Эк, эмнеси болсо ошонусу болсун! Көп чучуктун арасынан бир чучуктун кайда кеткенин ким билмек эле” деп бүлк-бүлк этип бүйлөсүнө толо түшкөн бир жутум жылуу шилекейин сол ийнине ашыра “балп!” эткизе бир түкүрүп, илээшип-жабышкан оозун аңырдай ачып, аяк-башы керте кесилген кере карыш тунук чучукту “лак” эткизип сугунуп жиберип, оң жаагына бир, сол жаагына бир өгөөдөй күдүрөйгөн тили менен алмак-салмак оодарып чайнап, конок үйдүн босогосуна чукул калганда тык токтоп, кыйбасын узатып жаткандай кылдай ичке кыйкайган кыл моюнун алдыга созуп “кылк” эткизип жумшак жутуп жибергенден кийин гана көңүлү жайланып, көөнү тойгондой болот. Алда неден астырт уялгандай көрпө тебетейин көзүнө баса кийип, колундагы эт табагын адаттан тыш көкөлөтүп көтөрүп кирип барса Олуя, Олуяны тегеректеп олтурган сыйлуу меймандар эбак эле колун жууп, эт кесип жээр наменген макилерин дасторкон жээгине жандай таштап, куру дасторкондун бетин тунжурап тиктеп күтүп олтуруп калышкан экен.

Эт желип бүтүп, дасторкон жыйнаар алдында ак сакалын жайкалткан баягы сый ээси – Олуя карыя кош алаканын Көктеңирге көкөлөтө жайып, оо бир топко батасын балпылдатып айтып келип: “Эми, айланайындар, урууңардын укум-тукумунун жолу уурулуктан болсун!” деп аяктаганда эт көтөрүп кирген жаңкы кара тору шыңга бойлуу, тамаксоо жигиттен бөлөк бир да жан сөз төркүнүнүн түбүн түшүнбөй “Оомийин!” деп Олуяга кошулуп жүздөрүнө бата тартып жиберишет.

Олуянын берген батасы кабыл болуп, ошол күндөн ушул күнгө жумаш уруусунан атыккан уурулар үзүлбөй куйрук улаш чыгып, быягы кыргыз, тыягы казакка чейин башы дуу, аягы чуу элге айланат.

Күндөрдүн бир күнүндө ууру жумаш уругунан чыккан кызыл көз Майкулак аттуу эл багар чоң ууру казактын Узун-Агачынан кырк жылкыны Кеминдин Окторкоюн көздөй жалгыз айдай качып, жылкыны алдырганын кеч туйган казактар: “Алса эле Майкулак алды” дешип куру бекер тоо-талааны шимшилеп издебей түз эле Сары-Өзөн-Чүйдү көздөй “чү!” коюшат.

Майкулак, Майкулак болгону уурдаган жылкысын айылына түз айдап келген жан эмес. Мал ээси шек албаган, ат эмес, куш учуп жете албаган асман тиреген көкзаңгелдин куюлмасындагы камоолорго катат. Жарым айга созулабы, жарым жылга созулабы, шашылбайт. Сыртынан көз салып, сыртынан багат. Качан гана шектенгендердин шеги басылганда, алдыргандардын аягы тыйылганда гана камоодогу калың жылкыны күргүштөтүп айдап түшүп, тууган-уругуна, жек-жааттарына бириндетип бирден таратып берерин томуктайында томолой жетим калган он бир жашар Боргул жакшы билээр эле.

Майкулак бул жолу да ошондой кылды. Казактар сыртынан аңдып калганын туйган Майкулак шек алчу жакка бет албай, жан кыйнаган иш чыкса да жалгыз-жарым бастырбай, уурулук жадымынан эбак чыккан жай чарба кудай момун адамдай күндүзү таңдан кечке көртирлик менен алпурушуп, түнкүсүн катынсаак эркек кейиптенип жаш алган токолунун коюнунан чыкпай, аңдыган казактардын кароолго алган каректерин талгыча, чыкыйын жарчудай чыңалган башы чыдамы кеткиче шек алдырбайт.

Казактар Майкулакты бура бастырбай артынан аңдып, алдынан тооруп калганын билген томолой жетим он бир жашар Боргул кара кашка айгырын мыктылап токуп, жолго деген жоо-жарагын алып, түн ортосунда “үй түрмөдөгү” Майкулакка да, тегеректеп аңдып-тооруп жүргөн казактарга да шек алдырбай, миңдин бири гана билген Окторкойдун көк заңгелинин куюлмасындагы камоодо жаткан кырк жылкыны көздөй жөнөп кетет. Түнү бою жылгадан жылганы, коктудан коктуну которуп кубалап олтуруп, таңкуланөөк атканда Желаргынын белин ашып, күн кирпиги чачыраганда Боом капчыгайынын чоң суусун кечирип өтүп, күн чоң шашкеде Чоң-Кеминдин Тор-Айгыр жайлоосунун тушуна жетип, айдоо жеп солбуй түшкөн жылкыларды жарым күн өргүтүп алып, анан түз эле Чолпонатаны көздөй жөнөп кетет. Жок издеп же бир отун алып жүрүп астынан капыл-тапыл чыга калгандар: “Ии, жол болсун балам! Мынча жылкыны кайдан, каякка айдап баратасың?” деген суроого жедеп жетим өсүп кагылып-согулган Боргул дароо жооп айткандын ордуна адеп чочуркап-корккон бала кейиптенип, бети-башын бырыштырып, көзүнөн жашын, мурдунан маңкасын агызып, үнүн ичине жутуп үңүлдөп ыйлап бергенде: “Кой, балам, ыйлаба, чочуркаба! Чоң жигит да ыйлачу беле?!” деп кызыгып суроо узаткандар Боргулдун жообун күтпөй эле кайра “чочуркап ыйлаган” Боргулга боору ооруп, тезирээк сооротконго шашылганда: “Атам артта, жылкыларды айдай бер деген” деп артына кенедей да шек калтырбай, жер үстүндө жок атасын шылтоо тутуп, караан тутуп, бейтааныш кишилердин биринен сала бирин артка калтырып олтуруп, бир жарым күн дегенде Чолпонатанын Долоноту жайлоосуна жете келет.

Жайын толук жеп ынтыгып семирген жылкылар алыс жолдо өпкө кагып, кызыл май болуп солуктап баса албай калганын баамдаган бала Боргул ал жерге жылкыларды үч күн өргүтүп, төртүнчү күндүн таңында Караколго бет алат.

Чыгыш-түндүгүнөн казак, чыгышынан уйгур-дуңган, калган тарабынан калың кыргыз агылган Каракол ал заманда тогуз жолдун тоому сыяктанган кыжы-кыйма шаар эле. Караколдун базарына төгөрөктүн төрт бурчунан мал айдаган, мата, көмүр, темир, жыгач, көр-жер жүктөнгөн соодагерлердин аягы суюлбай, жуманын жети күнү соодасы бөксөрбөй, базардын берекелүү казаны тыным албай шарактап кайнап турар эле.

Бала Боргул кырк жылкынын баасын чыгарам деп тырышып-тырмышып соодалашып жатып албай, алчактап азынаган айгырын бүжүрөп ташыркап баспай калган байталдын баасында, байталын айгырдын баасында, бет келгенин бет келгендей, туш келгенин туш келгендей бириндетип быркыратып, аласалдырып куюндатып, алеки саатта башын эстебегендей, аягын таппагандай арзан-кымбат баада сатып жиберип, колго тийген акчасына жалаң жонун ачпаган бир кылка семиз ириктерди сатып алып, кооптуу жылкылардан кутулганына кудуңдап сүйүнүп, камоодогу кырк жылкысынан айрылган Майкулак да, колундагы жылкысын алдырып жиберип кокуйлаган казактар да тааныбаган жана түз тиешеси болбогон бир короо койду астына салып айдаган Боргул өз байлыгынан өзү чочулабай, тааныш кишиден жашынбай, жат кишиден жалтайлабай, томояк жашоону артка таштап, алды майлуу арты белгисиз жолго түшүп, кең кучагын жайып коюп, кеңирсип жаткан Сары-Өзөн Чүйгө бет алат...

Ошол күндөн тартып бала Боргул борбую ката элек тогуз жашар Эргул аттуу инисин ээрчитип Анжиянга мал айдап сатып, түшкөн акчасына мата, кездеме, кант-чай, көр-жер алып, аны Токмоктун базарына эки-үч эселеп кымбат сатып, ар жак башы да туюк, бер жак башы да туюк коюнунан чыгалгыс соода деген кумарлуу өнөрдүн кызуусуна биротоло баш-оту менен кирет.

Ай айды, жыл жылды кубалаган сайын бала Боргулдун башы бышып, балтыр эти катып, баштагыдай алабармандабай ар бир малдын, кездеменин, тамак-аштын, идиш-аяктын, көр-жердин баасын таасын билип, ашырса ашыра сатат, асты кем сатпаганга үйрөнөт. Эки-үч жылдын аралыгында үнү да, мойну да жооноюп, илмейген бала Боргул эмес, эс тарткан эр жигит өңдөнүп, дасыккан соодагерге, бараандуу байга айланат. Койнуна акчасы, короосуна малы батпаган сайын обору кеңейип, пейили ичкерип, басса-турса байлык тилемей адат табат. Ага көп байлык керек эле. Ал байлыктын асмандан дембе дем көз ачырбай жаан сыяктуу жаап турушун, көк чөп сыяктуу жерден бирин чаап алса экинчиси дүркүрөп өсүп турушун каалар эле. Ак эмгеги менен байлык табыш азаптын азабы, тозоктун тозогу экенин да жакшы түшүнчү. Анан да ак эмгек менен табылган байлыгың үстүнөн зылдай оор таш баскан араңжан ташбаканын арымындай болуп оңойлук менен арбыбасын, арбыса да көңүлүңө көк таштай тийип туруп анан арбырын айттырбай билип-сезип турар эле.

Адамдан айла качып кутулабы, тез баюунун бир жолу бар эле. Ал – уурулук. Алеки саатта чоң олжонун ээси болосуң да, каласың. Уурулук оңой өнөр эмес. Ага да аракет керек, баш керек. Анан да уурулук өнөрдүн кумары кандай! Сары-Өзөн Чүйдөн Анжиянга тумандатып айдаган малдын чаңын жутуп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп тапкан байлыгы аласалдырып алдап, улуп-жулуп уурдап келген байлыктай көңүлүн көтөрүп, жүрөгүн толкутуп, канатына канат, бутагына бутак байлабай, убарасы көп уучу аз, санаасы көп саны аз оокат эргитип өргө тартпай, өчөйүп жерге тарта баштаганын улам илгерилеген сайын даана туя баштады. Иниси Эргул экөө тумандатып мал айдап баратса да алдынан чыккан бөлөк бирөөнүн малы көзүнө алда немедей ысык көрүнүп, кой болсо семизине, жылкы болсо суналган көркүнө шилекей агызып, көз артышып, “атаңкөрү, канткенде айласын табабыз, ыя!” дегендей бирин-бирин жалт-жалт жаланып карашып, үнсүз көз менен сүйлөшүп, короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы булардын тырмагына илинбей жайбаракат жандап өтүп баратканына көздөрү күйүп, ичтери өрттөнүп, жука эриндерин жыйыра тиштенип, шадылуу колдору менен сан эттерин мыжый-мыжый эзип кармап, “аттиң!” деп арман менен сук артып карап калышаар эле. Майкулактын жылкылары менен болгон маселе – ал бир миң жылда бир гана болчу маңдайыңа оңой келген тартуудай болгон маселе экенин, азырынча чоң уурулукка аттанганга Боргул менен Эргул жаштык кыларын эң ириде өзүлөрү жакшы түшүнчү. Ошондуктан алардын оңой олжо табуу ниети тоо-талаа тарапта эмес, кара күчкө караганда куулук-шумдукту, амалкөйлүктү, акыл-эсти талап кылган калаа тарапта эле.

Боргул менен Эргул үч жылга чамалаган убакытта Анжиянга жаз, жай, күз тынбай мал айдап каттаган көкзаңгел тоонун энөө балдарындай эмес, бала болуп жерден боор көтөргөнү Анжияндын какыр көчөсү менен кыжы-кыйма базарынын чаңын көккө көтөрүп чоңойгон шаар балдарындай амалдуу да, акылдуу да, эпчил да, ээн баш да болуп өсүштү. Мал саткандан түшкөн акчасын коюн-колтугуна катышып, базардан базарды, дүкөндөн дүкөндү кыдырышып, Чоң-Сары-Өзөн Чүйдүн элине ылайык кездеме, кийим, көр-жер издешип, ал оокат-мүлктү өзүлөрүнүн эсебинен эмес, бөлөктөрдүн эсебинен алгылары келип, бир келген жерине миң жолу келип соодалашып, соодагер көнсө өзүлөрү көнбөй, өзүлөрү көнсө соодагер көнбөй, мазасын келтиралбай, ыгын табалбай көжөлүп, көгөргөн бул көк муштум эки бала акыры бир айласын таап чыкчу.

Бул жолу да ошондой болду. Эргулду ээрчиткен Боргул өзүнүн жарым боюнан бийигирээк ак таяк алып, таягынын ичке учуна таза балдан быткыйта калың шыбап, базардын булуң-бурчунан кардары үзүлө түшкөн ээн-эркин дүкөндөрдү издешип, андай дүкөн “бактыларына” туш келсе жапылдап салам айтып кирип барышып, дүкөндүн аяк-быягына кылдат көз жүгүртүшүп, жерден шыпка чейинки бөлүк-бөлүк такталарга тирелип жыйылган кез-кез кездемелердин бирин колундагы сороңдогон таягынын учу менен көрсөтүп:

- Аке, алдагы гүлдүү кездемени алып түшсөңүз, - десе соодасы жүрбөй уйку-соодо олтурган кыркма сакал, кап курсак сарт соодагер ай-буйга келе электе жыгач шатысын тактанын сол жак капталына тирей салып, бир-эки тепкич өйдө көтөрүлүп барып, бери карап:

- Мунубу? – десе, колундагы даяр турган таягынын учун мурдагыдан да өйдө сороктотуп көрсөтүп:

- Жо-жок, өйдөкүсүн, - деп улам өйдөлөп көрсөтүп, шоруң каткыр аюудай балпалаңдап ары карап, бир тепкичтен экинчи тепкичке араңжан жылып өөдөлөгөн эттүү соодагер бери карагыча кыймылы көзгө илээшпеген шамдагай Боргул башына бал сүйкөлгөн таягы менен тосмонун ар жагындагы төмөнкү бош текчедеги жыгач табакта каршы-терши үйүлүп жаткан дүкөнчүнүн соодадан түшкөн акчасынын дал ортосун “чак!” эткизип шырп алдырбай жабыштыра жеңил чапканда, кудум суудан туйлатып балык тарткандай таяктын учуна жабышып желбиреген акчаларды ийин ашырып ыргытканда артында даяр турган Эргул шып илип алып жан чөнтөгүнө тыкшырып тыгып турду. Эч нерседен шек албаган казысы салаңдаган эттүү соодагер улам бир тепкич өөдөлөп барып, бери карап:

- Мунубу? – дейт.

- Жо-жок, өйдөңкүсүн, - деп жообу даяр шыпылдаган шылуун Боргул соодагер ары карап дагы бир тепкич өөдө көтөрүлгүчө жыгач табактагы акчаларды ак таягынын учу менен аяр чапкылап, жабышкан акчаларды эки-үч ирет ийин ашырып узатканга үлгүрүп турду. Кудум колго үйрөтүлгөн акылдуу күчүктөй көздөрү таяктын учу менен тең ойногон, бир орунга тим туралбай тыбырчылап, жалбырактай жааган бекер акчага ичинен толкуп-ташып, үйүндөгү чолок куйрук кара күчүгү карды токто кандай “борс-борс” үрүп, жашаң чөпкө кандай оонап-куунап жыргаса, Эргул да таяктын учуна желектей желбиреп жабышып келген акчанын улам бирин илгиртпей илип алган сайын ичинен кыт-кыт күлүп, мынабу эч нерседен шек-шыбаа албай шымы шыпырылып түшчүдөй шалбырап, жаргылчактай көчүгүн араң сүйрөп өөдө чыгып бараткан сарт соодагердин дүкөнүн жаңыртып каткырып жибергиси келсе да, эптеп эпке көнгөн эки эрдин күч менен кымтып, ысык күлкүсү ичинде туйлап, улам жанып кайра келген толгоодой ушул күлкү, ушул жыргал көрүнүш эки бетин чыңалтып да албыртып, акчасына да, башкасына да ыраазы эле, бир каткырып жыргап-куунап ичимдеги ысыгымды чыгарып алсам деген эңсөө бүткүл эркин ээлеп, жарылчудай ахыбалга жеткенде дүкөндөн сыртка атып чыгып, башын жакасына катып, эки ийинин бүлкүлдөтүп ойда жыргап үнсүз күлүп алып, эс алганда жалаңдап кайра кирип келет.

Качан гана кыркма сакал, кап курсак соодагер дүкөнчүнүн төбөсү шыпка тийип, акыркы текчедеги кездеменин түрмөгүнө жеткенде:

- Дал ошону, аке, дал ошону! - деп Боргул калп да болсо көктөн издегенин жерден тапкандай сүйүнгөнсүп эпилдеп-жепилдеп жиберет.

Боргул менен Эргул бал сүйкөлгөн таяктын учу менен тартып алган акчаларды жан чөнтөктөн бапыратып алып чыгышып, өзүнүн акчасына өз кездемесин сатып жаткан кыркма сакал, кап курсак соодагер дүкөнчү да, оңой жерден бекер олжо тапкан Боргул менен Эргул да ыраазы болот. Солгундап бараткан соодасы шар жүргөнгө адаттан тыш кубанычы койнуна батпай кудуңдаган дүкөнчүнүн дене-бою селкилдесе койлук казандай көчүгү кошо чайпалып-бөйпөлөктөп, сунган акчанын аяк-быягын оодарып үңүлүп карап, акчанын бетине жуккан балды өгөөдөй күдүрөйгөн тили менен өөдө-төмөн жалап: “Ой, мунуңар акча эмес эле бал го” деп кошоматты кош айтып купшуңдаган соодагерге Эргулдун боору эзилип каткырса, күүлөнүп алган соодагер куудулданып күлдүрүп жатам деген ойдо: “Ой, бул жагы бал эмес эле нават го” деп акчанын бал жабышпаган кургак жагын кошо жалап ого бетер оштонуп куудулданып киргенде Боргул Эргулдай боорун тырмап күлбөй, бир аз гана жылмайып тим болот. Ал ошондой жигит. Жеңил-желпи күлкүгө, оңой-олтоң ыйга алдырбаган эрктүү неме.

Кыл муруту кылтайып балакатка толгуча барын көрүп өскөн бала Боргул капилет алтын деген оору менен ооруйт. Ал бул ооруну базарда, чайканада, кудайы конокто жүрүп жугузду. Алгач алтын жөнүндө небир азгырмалуу да, кызыктуу да, шумдуктуу да сөздөрдү укканы менен көңүл бөлгөн да, жадымына түйгөн да эмес. Ошондогу алтын жөнүндөгү сөздөр көкүрөгүнүн көмүскөсүндө керексиз угуттай кыймылсыз жата берип, качан гана бала Боргул кара күчү ченелүү калдайган кагаз акчанын караанына, маараган, мөөрөгөн, кишенеген малдын азабына кокосунан тойгон кезде баягы алтын жөнүндө кыймылсыз жыйнала берген угутка жарык түшүп, жан кирип, бүт денесине, мээсине, оюна, кыялына алтын деген оору кызамыктай дуулдап жайнап чыгат. Басса да, турса да алтын жөнүндө ойлонуп, алтын менен таң атырып, күн батырган адат табат.

“Алтын, алтын! Атыңан айланайын алтыным!” деп ичинен жаш туруп карылардай жалынып да коет. Короо-короо коюн, үйүр-үйүр жылкысын, таңгак-таңгак акчасына  алтын алса канча болорун эсептеп көрсө, наристе баланын муштумундай бирдеме келет экен. Ага көзү тоюп, ичи чыкчудай эмес. Анүстүнө малды да сатууга болбойт. Тегеректеп терисин улам алмаштырып, бирде дос, бирде тууган сыяктанчу өзүнүн ыңгайын, ыгын, саатын күтүп жүргөн душман деген бар. Жайытың аңырайып ач калса, шамал ойноп корооң бош калса, мунун ити да бүткөн экен, күчү да бүткөн экен деп душманың эртең эле кол салып жара тартып кетпейби. Күчү алтынга жетпесе да короо-короо кодо малың менен кокту-коктудагы кара малыңдын калдайган карааны эле канча сүр. Бала Боргул колундагы топтогон акчасы менен малын сатпай туруп алтын табууну максат кылып, ар түрдүү айла-амалдын, аракеттин артынан түшүп жүрүп, акыры анын да жолун тапты.

Боргул менен Эргул жарым жыл аңдып-тооруп, изилдеп жүрүп Анжияндын чок ортосунда алтын сактаган казына үй бар экенин билишет. Казына күнү-түнү катуу кайтарууда экен. Көпчүлүк байкабаган бир гана жылчык – казына үйдүн соройгон мору. Сүрүштүрүп, изилдешсе ал мордун өзү сороюп турганы менен үйдүн ичиндеги меши эбак бузулуп жок болгон экен. Боргул менен Эргул бул маалыматты укканда энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүшкөн. Оңдой берди болуп көчө боюндагы дүпүйгөн байтүп дарактын жайылып өскөн жоон бутактарынын бири казынанын короосуна арбайып-тарбайып кирип барып, соройгон мордун түбүнөн сойлоп өтөт экен. Эчен ирет казынаны сыртынан кайтарып баамдап, ой менен эсептеп, көз менен өлчөп, мээ менен калчап, акыры бир бүтүмгө келип, күндөрдүн бир күнүндө, айсыз караңгы түнүндө Боргул менен Эргул баягы көчө боюнда дүпүйүп өскөн байтүп даракка чыгышып, казынанын морун көздөй сойлоп өскөн жоон бутак менен соройгон морго жетишип, чымыр дене Боргул шыңга бойлуу, арык-чырай Эргулдун белине кыл арканды бек байлап, мор аркылуу казынанын ичине түшүрөт. Бул жолу бала куржундун эки көзү толтура алтын-күмүш алып чыгышып, артына кымындай да шек калтырбай, түз эле Сары-Өзөн-Чүйдү көздөй “чү” коюшат.

Ызы-чуу басылгыча, уурдалган алтын-күмүштүн изи суугуча бир жыл Чүйдө бугуп жатышып, кайрадан Анжиян беттеп, казынага кол салышат. Бул жолу чоң куржундун эки көзү толтура алтын-күмүш алышып, көнгөн Чүйүнө “чү” коюшат.

Боргул менен Эргулдун алтын-күмүш азгырыгы биротоло акыл-эсин тумандатып туткактап, баштагыдай кыраакы болбой, сак болбой, “бол эле, бол!” деген бир күч күн тынымын, түн уйкусун бербей, үч ай айлана элек айсыз караңгы түнүндө Анжияндагы уурдап-тоноп көнүп калган казынага кайра келишет. Боргул менен Эргул адатынча баягы байтүп даракка жабышып чыгып, казынаны көздөй сойлоп өскөн жоон түп бутак менен морго жетип, Боргул Эргулдун белине кыл арканды кабаттап мыктап байлап жаңы эле морго салаңдатып түшүрүп баратканда бирөө буйрук бергендей туш-тушунан керней-сурнай тартылып, добулбас кагылып: “Ууру эле, ууру! Карма эле, карма!” дешип тапыраган сакчылар казынаны тегеректеп кыйкырып, ызы-чуу түшкөндө жаны оозуна кептеле түшкөн Боргул морго ийнине чейин түшүп калган Эргулду күчүнүн барынча өөдө тартса, Эргулдун дени төмөн салаңдап өөдө жылбайт. Боргул кыл арканды белине салып жанталашып өөдө тартат, Эргул эки колунун учу менен мордун кырын кармап өөдө чыгууга жанталашып аракет кылат, бирок, зыл таштай салаңдап дени жылбайт.

- Байке, байке, болбой калды, - дейт Эргул оозуна түшкөн көө аралашкан топуракты шилекей аралаш өөдө бүркүп.

- Эмне үчүн?! – дейт жанталашкан Боргул.

- Бутуман ылдый бирөө тартып жатат, - дейт Эргул энтигип. - Андан көрө мени таштап өзүң кач!

- Сени таштап кантип качам! – дейт Боргул улуп ийчү карышкырдай каргылданган үн менен.

- Жок дегенде бирөөбүз аман калалы. Кач, байке, кач! Башымды кесип, эл-журтка ала кет. Денем туткунга түшсө да, башымды куткар!

Эргулдун “байке башымды куткар” деген сөзү Боргулдун мээсин чагылгандын огундай көзөп өтөт. “Чын эле башын алып кетиш керек. Башын алып кеткеним өзүн алып кеткеним. Башын албасам иш чатагына айланат... Тааныйт... Сары-Өзөн Чүйдү карай куугун түшөт... Буга чейин уурдаган алтын-күмүштү кустурат... Зынданга салат... Кордойт... Эргулдун айтканы эп. Башын ала кетиш керек!” деп өзүнө өзү катуу шерт коюп, мындан башка ойду ойлогонго убактысы жетпей шашкалактаган Боргул бел куруна байлануу кынынан жалаңдаган шамшар бычагын шарт сууруп чыгып, кыл арканды белине байлап, бошогон сол колу менен Эргулдун ээгин өөдө тартып, жалаңдаган шамшар бычакты кокосуна терең матырып, оң тарабын көздөй житире жиреп жибергенде ысык кан шар этип жаба берет. Шамшардын учун моюн омурткадан суурбай туруп, сол тарабынан шилисине чейин житире матырып бурап тартканда Эргулдун башы денинен ажырап Боргулдун колунда калат. Боргул белинде жаадай тартылып Эргулдун денине байланып турган кыл арканды шамшар бычак менен шарт кесип жибергенде казынанын ичи калдыр-шалдыр дүң түшүп, шатысы да, жаны да, дени да, өлүүсү да, тирүүсү да түбүнөн омурулган дарактай чогуу кулайт. Жанагы Эргулдун бутун кое бербей кош аяк шатыга чыгып ылдый тартып турган сарт кароолчу “баа!” деп бакырып “былч!” деп жерге түшкөн Эргулдун мойнунан шүүшүндөп каны аккан башы жок денесинин алдында калат...

Боргул жабалактап казынаны кайтарган сарттарга кармалбай качып чыгып, Эргулдун башын Чүйгө алып келип, эң жакын деген гана тууган-уругуна, жек-жаатына кабар айттырып, Эргулдун башын улаган жасалма куурчак дене жасатып, молдо чакыртып кадимкидей жаназасын окутуп, каада-салт менен көмөт.

“Эл оозунда элек жок” дегендей Эргулдун денеси жок өлүгү туурасында эл арасына чыккан чындыгы менен жалганы окшошпогон күбүр-шыбыр сөз тарайт. Эргулдун гана өлүмү болбосо, бардыгы тынч бүткөнсүгөнү менен Боргулдун көкүрөгүн караңгы түндөй кайгы, кабагын сампарлап жааган сары кардай санаа басып, коргошундай оор көтөрүлбөгөн көңүлү көптө барып оңолот. Акылына акыл, эсине эс кошулгандай, өмүр эмне, өлүм эмне, турмуш эмне, байлык эмне, тагдыр эмне, кырсык эмне дегендей, буга чейин ага эч тиешеси жок сыяктанган суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп, ошол суроолордун жообун өз акылы менен тапкысы келгендей далалат сезим, өзүн-өзү текшерген, сындаган, жактырбаган чоочун ойлор пайда болуп, бирок мээсине, көкүрөгүнө терең сиңип кете албай жаткан ал ой-сезимдер капилет келе калган коноктой бирде пайда болуп, бирде жоголуп, туруктуу отурук алалбай тийип-качып, Боргул бараткан багытынан чатышып-адашкан адамдай бир калыпка түшөлбай, өөдө-төмөн калчанып буюгуп жүрдү. Ал буга чейин кандай гана оңунан чыкпаган иш болбосун, эң ириде өзүн эмес, өңгөнү күнөөлөмөй адаты бар эле. Ошол кулк-мүнөзү орду-түбү менен омкорулуп жок болбосо да, аз-аздан өзгөрүлүп, “ка-ап, ошентпесем болмок экен” деп өкүнүч аралаган өзүн-өзү сындаган адат таап, ушинтип тапкан байлыгыңды урдум деп өзүн-өзү кээде кекээрлеп жекирип, “алтын, алтын!” деп канатын каккылап, ойго-тоого кара жанын чапкылап, өрөпкүп сүйүнсө өзөгү кошо өрттөнгөн ысылуу сезимдин илеби кайткандай, алтын деп аталган жанагы жаны жок муздак сары темирге көкүрөгү суугандай, туура деп тандап алган тагдыр жолунан туура эмес жыйынтык чыга баштаганын түпөйүл туюк туюм менен сезип, ындыны өчүңкү жүрөт. “Эргулдун денин таанышты бекен, тааныган жок бекен?” деген суроо мээсинен чыкпай, “А балким таанып коюшкандыр. Куугун келип калсачы...” деген капилет жаман ой канын дүргүтүп, оюн онго, санаасын санга бөлүп, көңүлүн өйүп, көкүрөгүн жеп келет. Жай турмушта, жайдын мээ кайнаткан ысыгында, күздүн кар аралаш кара нөшөр жамгырында Сары-Өзөн Чүйдөн Анжиянга мал айдап баратканда бир айлык өмүрдү жеп, аяк-башы түгөнбөгөн бул бейпил жол бүгүнкү күндө Боргулга колун сунса кокодон алчудай кыска, кооптуу жолго айлангансыды. Алысыраак Кашкарга жер оодарып кетсемби деген ойго да ооп көрдү. Ошентип ойдон ойго бастырып, санаадан санаага чөгүп, бир бүтүмгө, бир ойго келалбай кыйналып, чайналып жүргөнүндө Анжияндагы казынаны дагы бирөөлөр кол салып тоноп кеткенин, айласы түгөнгөн казына ээлери кан ордого жакыныраак болсок тынчыраак жашайбызбы деген ниетте Анжияндагы казынаны Коконго көчүргөнүн, Анжияндан Токмокко каттаган соодагерлерден укканда Боргулдун тумчуккан тумшугуна дем кирип, каткан денине кан жүгүрүп, буулган жолу ачылгандай сүйүндү.

Арадан жыл айлантпай Боргул кайрадан Анжиянга мал айдап сата баштайт. Эң акыркы мал айдап сатып жатканында анжияндык Көркоонун кароолуна илингенин даана байкайт. Каякка басса да Көркоо артынан калчудай эмес. Көркоолордун аңдыганы да, кара көлөкөдөй ээрчип “кайтарганы” да казына окуясына байланыштуу экенин илгиртпей түшүндү. Боргулдун кай жерге түнөп, канча күн бул жакта болоорунан кабардар болгон Көркоо “каап, ыгын келтирип кармап калсам болбойт беле!?” деп кыйпычыктап кыңырылбай, жөн-жай жүргөн жайбаракат адамдай көз кыры менен узатып тим болду. Аны Боргул байкоос албады.

Казына эки ирет тонолгондо анжияндык көркоолор өзүнчө жыйын куруп, кимдер уурдады, кимдердин колуна кетти дешип туш тарапты изилдешип, изин табалбай, шегин чыгара албай коюшкан. Көркоолор майда-чүйдө соодаларга анчейин көңүл бөлбөй, алтын-күмүштү сыртынан кайтарышып, ким уурдаса аны колго түшүрүшүп, алтын-күмүштүн үчтөн эки бөлүгүн алып, эгерде ал түндүктөн түшкөн тың, жан кечти, мыкаачы ууру болсо өздөрүнүн катарына кошуп, эгерде алардын ыгына көнбөй кежеңдеп моюн толгогон ууру болсо кежигесинен мууздап “ким көрдү” кылып тынчытып коер тартиби бар экенинен Боргул кабардар эле.

Эргулдун башы жок денинен Эргул экенин даана тааныбаса да, кийген кийиминен шек-шыбаа кылышып, бирок, ошол же ошол эмес деген жыйынтыкка так келе алышпай, улам кийин даанасын тактап, чынына чыгабыз деп жүрүшүп, көркоолор казына Коконго көчкөндө кой кайда көчсө, карышкыр да ошол жакка оогондой көркоолор да шашылыш түп көтөрө Коконго көчкөнүн, “бул жакты өзүң тейлеп, уурдалган алтын-күмүштүн аныгына чыгасың” деген максатта көркоолордун эң мыкаачы көркоосун Анжиянга калтырганын, ал көркоо кийинки кезде Боргул иниси жок жалгыз мал айдап келе баштаганында бир мандем бар экенинен шектенип, Боргулду ыгын таап колго түшүрүү максатында артынан аңдып жүргөнүн эң жакын соодагер досторунун бири тымызын кулак кагыш кылган эле.

Кымгуут базардын ичинде жалгыз жүргөн Боргул чындап эле иш чатак экенин байкады. Басса-турса көлөкөдөй илээшкен көркоону көз кыйыгы менен карап, андан аман-эсен кутулуунун амалын издеп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган сөз айтып, көпчүлүктү артыман ээрчиткенде гана кутулам деген ойго кетти. Сары изине түшүп алган көркоону көрбөгөн, байкабаган адамдай боюн түзөп, ар бир сөзүн таамай, таасын бак-бак сүйлөп, какайган боюн кайраттуу кармап:

- Оо, туугандар, мен силерге жарыя айтайын деп жатам, сөзүмө кулак салгыла! Мен өмүр бою сооп издеген адаммын. Эртең таң эрте базардын ушул жеринде багар-көрөрү жокторго, жетим-жесирлерге, кедей-мискиндерге соопчулукка бекер тамак, бекер кийим-кече таратам. Уккандар укпагандарга, көргөндөр көрбөгөндөргө кабар бергиле! – деп Боргул үнүнүн жетишинче жарыя айтып сүйлөгөндө бул жарыяга тиешеси барлар да, тиешеси жоктор да Боргулду көздөй тартылып, Боргулду көздөй агылып, Боргул басса басып, Боргул токтосо токтоп, сүйлөп жаткан Боргулдун сөзүн угабыз деп, өзүн көрөбүз деп тегеректеп ортого алышып, аңдыган көркоо жакындай алгыс жандуу чепке айланып, жарыя угуп жардап турган элдин катары көбөйө берет.

Жаагын жанган Боргул:

- Оо, эл-журт! Мен сооп издеген адаммын. Укканыңар укпаганыңарга, көргөнүңөр көрбөгөнүңөргө айткыла! Эртеңден кечиккендер кур калышат.  Болгону бул жерде эки күн гана болом. Түнкүсүн тээтиги тоо этегиндеги жалгыз даракты көрдүңөрбү, ошол жерге түнөйм! Алыс кетпейм! – деп Боргул адатынча бак-бак сүйлөп жатканда жашы жетимиштен ашып калган карыя соодагер Боргулду жандай өтүп баратып: “Балам, сүйлөгөн сөзүңө этият бол. Артыңда аңдыган көркоо жүрөт”, - деп үнүн пас чыгарып шыбырайт. “Билем, аксакал, билем” – дегендей көзүн ымдап, ишарат иретинде билинер-билинбес башын ийкегилейт Боргул.

Калың элдин курчоосунда базардын сыртына чыкан Боргул каңтара байланган кара кашка айгырын мамыдан чечип, кадимки Кара-Зоонун кара чаар илбирсиндей үзөңгүгө бутунун учун илээр замат ээрдин кашына колу шап жабышып, шамдагай ыргып минип, калың эл менен кайыр кош айтышып, “чү, жаныбарым!” деп темингенде жардаган эл жарыла берип, бир жума бою жалаң арпа-жемге байланып буулугуп калган кара кашка айгыры Ажияндын кууш көчөсүнүн чаңын көккө сапырып, аткан октой алдыга атырылып учуп жөнөйт...

*     *     *

Барчын куштай кайкып учкан кара айгырдын оозун жыйбай Чүйдү көздөй кое берсе, көчүгү ээр жыттап көрбөгөн сарттын кайсы шалкөт көркоосу кууп жете алат да, жеткен күндө да кайсы кыйыны ат үстүндө алыша алат. Анжияндын такылдаган дабышы бийик таш төшөлгөн тар көчөсүн артка таштап, куйкул күрөң мейкин талаага чыкканда бардык балээ-жалээ, коркунуч, кырсык артта калганына сүйүнгөн Боргул кең көкүрөгүнө түйдөк болуп түйүлүп калган ысык демин “ө-өх!” деп кең-кесири сыртка чыгарып, төрт аягы кара жерге тийип-тийбей жеңил-желпи таскак уруп бараткан Кара кашканын башын айдың талаасы кеңирсип күтүп жаткан Чүйгө бурбай, Чүйгө кетчү жолго түшпөй, кара адыр тоонун астындагы алыстан дүпүйүп көрүнгөн жалгыз даракты көздөй бет алат..  

Боргул ат үстүндө келатып антпеске чарасы жок экенин түшүнөт. Бүгүн элге жанагынча убада берип алып, кара жанын куткарып качып кетип, эртең элдин бетин кантип карайт? Качкан бойдон Анжиянга кайра кайрылып келбесе бир жөн. “Баягы сооп издеген адамыбыз кайда?” дешип адегенде чындап күтүп, чындап издешип... “Баягы сооп издеген адамдай болбой...” дешип, бара-бара ылакап сөзгө, келеке сөзгө айланаарын түшүнгөн Боргул башын тобокелге салууну туура көрөт.

Эл деген эл. Элден айланса болот. Элди бетине кармап, элдин калдайган караанын жамынып алчактаган кара кашка айгырга аттанып аман чыкты. Элди алдаганга болбойт. Боргул бала кезинен тирлиги өткөн Анжиянсыз жашай албайт. Эртеңки күнү Боргул Анжияндын бака-шака түшүп кайнаган базарына кирип келгенде эл бетине түкүрбөй, кучак жайып тосуп алгыдай болушу керек. Боргул кандай кырсык артынан тоорубасын, бул жерде калууну, элге берген убадасын аткарууну чечет. Экинчиден көркоо, көркоо десе эле Боргул көркоонун караанынан, кебете-кешпиринен коркчу жан эмес. Бул көркоо жалгызбы же жанында жалдап алган дагы жан-жөкөрлөрү барбы? Боргулдун бүгүнкү баамында көркоо жалгыз сыяктанат. Көркоо Боргулду жалгыздап эмес, Боргул көркоону жалгыздап колго түшүрүүнү ойлогон эле...

Анжияндык баш кесерлер көркоо деген ат менен таанымал болгонунун түп себеби бар эле. Үй-бүлөдөн безе качкан, элден чыккан, журттан чыккан баш кесерлер Фергана өрөөнүндө жашап өткөн аттуу-баштуу мартабалуу адамдардын мүрзөлөрүн казышып алтын-күмүш издешип, тапса да, таппаса да жайма-жай жаткан элди ызы-чуу түшүрүшүп, кармалгандары таш бараңга алынып, дарга асылып, кармалбагандары жер оодарып куйругун үзө качышып, барган жеринде талап-тоногондордун, көр казгандардын, казына уурдагандардын тобун түзүшүп, көр казып, уурдап-тоноп эле тим болбой, талаадагы казыла элек мүрзөлөрдү, казынадагы уурдала элек алтын-күмүштү сыртынан бөлүшө албай, бири бири менен салгылашып, согушуп, начарлары жеңилип, кыйындары жеңип чыгып, майда топтор ирилешип чоң топторго биригип, калың элди кара күч менен үркүтүп-коркутуп кармап турганда эмнегедир алардын аты баш-кесер, ууру-кески аталбай, адеп көр казып элге таанылган Көркоо деген ат менен аталган боюнча калышты. Ферганалыктар көркоо десе баш-кесерди, ууру-кескини, көр казган көркоону да бир уучка жумгактап кармагандай, бөлөк-бөлөк бөлүп жарбай бириктирип бир түшүнүк менен түшүнүшөөр эле. Бул баш кесер Көркоонун аты да ошол көр казган баш кесерлерден калган ат эле.

*     *     *

Боргул иңир кирип, көз байланганда баягы өзү айткан адырдын астындагы дүпүйгөн байтүп жалгыз даракка келип, кара кашка айгырдын токулгасын алып, бозомтук капка шыкай салган саздын суу чөбүн узатасынан киши боюнчалык чубалжыта төгүп, башына ээрдин токулгасын жаздап, үстүнө көрпөчө жаап, кудум узатасынан суналып уктап жаткан адамдай сөлөкөт жасап, керээли-кечке арпа-жемге тоюп, болор-болбос шыбыртка кулактарын тикчийтип, таноолорун дердеңдетип обу жок кошкуруп, төрт аягы тыбырап тим туралбай булкунган кара кашканы талдын жоон бутагына аса байлап, өзү талдын бийигирээк жериндеги жалбырагы калың ачакей бутактын ажырым чатына көчүк басты.

Ай олтуруп чыккан мезгил. Жер караңгы. Алыста-алыста калаа тарапта ар-ар жерде үлпүлдөп күйгөн оттордун жарыгы, анда-санда арсылдап үргөн иттердин угулар-угулмаксан үнү, тыбырчылап тим туралбаган кара кашка айгырдын төрт аягынын куу чөптү шабыраткан дабышы менен кош кулагын тикчийтип кошкурган кошкуругу гана болбосо, айлана мемиреп тынч, бейпил.

Түн бир оокумда тээ алыстан кишенеген жылкынын үнү угулду. Кайыш жүгөндүн шалдыраган темир суулугу жумшак ууртун калдайып жагымсыз өйкөп, таңдайын тиреп, аса байланып түнкү кыйноодон кутула албай араң турган кер кашка мындай азаптан жанын куткарар жардамчы келаткандай алыста кишенеген жылкыга “адашпай бери кел” дегендей шаңгырап кишенеп жооп кылып, жоон бутакта аса байланган кыл чылбырын адаттан тыш булкуп-жулкуп, ойдолоп, буралып-толгонуп тыбырчылаганда Боргул олтурган бутак кошо селкилдеп, көзү илинип бараткан Боргулдун көзү умачтай ачылды. Ай кылайып тоо башынан жаңыдан чыгып келе жаткан экен. Жанагы алыстан кишенеген жылкы эми берилеп орто аралыктан кишенегендей болду. Кара кашка айгыр жооп кылып шаңгырап кишенеп, кайрадан бир орунда тынч туралбай башын чулгуп, булкунуп-жулкунуп тыбырчыласа көчүк баскан ача бутактан көчүгү тайып көмөлөнүп түшчүдөй Боргул кошо титиреп-селкилдеп тынчы кете баштаганда: “Та-ак, өлөт алгырдын айгыры!” деп адатынча өкүм бакырып, кара кашканы кагып-силкип коеюн деп ниеттенип баратып, негедир үн чыгарбай тилин тишине катып, токтоп калды. Боргул бир нерсени сезгендей, бир нерсени күткөндөй жылуу демин ичине тартып, дымый түштү. Бир чай кайнам убакыт өткөн соң, жанагы “үйүрүн издеген айгыр” чукул аралыктан кишенеди. Бул жолу кер кашка айгыр эмнегедир жооп кылып кишенебей, кош кулагын тикчийтип, кош таноосун дердеңдетип кошкуруп, адатынча тынчы кетип тыбырчылап, ары-бери аяк алдындагы куу чөптөрдү шабыратып тим болду. Караңгы түнгө карек кадап, көзүн чакырайтып чоң ачкан Боргул кудум бакка чыгып комдонуп олтурган илбирстей колу-бутун оңтойлоштуруп, жылкы кишенеген тараптан жылкы эмес эле кадамын аяр таштап жылып басып келаткан адамдын караанын көрдү. Болду-болбоду бул баягы көркоо экен деп болжоду Боргул. “Арам өлгүрдүн ойлоп тапкан амалын карабайсыңбы. Түн каракчыда келаткан жолуман адашпайын деп жылкыча кишенеп, кара кашка айгырдын шаңгырап жооп айткан үнүн бута кылып түз келгенин” – деп Боргул ичинен күбүрөнүп алып, Көркоону “татыктуу” тосуп алууга камданды. Күндүз базардын ичинде Көркоону жалгыз эмес го деп чочулады эле, Көркоо жалгыз экен. Боргул бала болуп башына жүн чыкканы жекеме-жеке жөө кармаштан да, ат үстүндөгү кармаштан да алдырып көргөн жан эмес эле. «Кел, келе бер, Көркоо” деп ичинен күбүрөгөн сайын кара көзүнүн агына кан толуп, жаак жүндөрү түктүйүп, аксаргыл өңү кумсарып, тарашадай тарамыш боюна күч кирип, демин ичине алып, калың бутактын салаасынан көз агытып тирүүлөй жеп ийчүдөй жекирип карап турду.

Көркоо акырын аяр басып байтүп дарактын “көлөкөсүндө” башына ээр токум жазданып, үстүнө көрпөчө жамынып бейкапар уктап жаткан “чөп Боргулду” көрүп, туура тушунан да, аяк өйдө да баспай, даракты айланып баш жагына келип оң капталда салаңдаган шамшарын “жарк” эткизип сууруп чыгып, ай-буйга келтирбей ажалын колуна карматайын дегендей сыңар тизелей калып “жүрөк тушка” күчүнүн барынча керилип туруп “бырт” эткизип сайганда, так төбөсүндө секирүүгө даярданып салаңдап турган Боргул күү менен “күп” деп Көркоону басып жыгылат. Экөө чөптүн үстүндө томолонуп-жумаланып алышып калат. Боргул бар күчүн салып Көркоонун колундагы бычакты билегин бурап жулуп алууга аракет жасаганда, кантсе да Көркоо жөн көркоо эмес экенин көрсөтүп, эки-үч курдай Боргулдун карылуу колдорунан бычак кармаган оң колун жулуп алып, бар күчү менен кайрылып капталга саярда, шамдагай Боргул кайрадан билектен толгой кармап, оң буту менен томукка тээп, төбөсү менен жер сүздүрүп жыгып, нечендин жанын мойсогон канжардын тик учу менен жалаңдаган мизинде ойногон ажалдын чеңгелинен аман чыгат. Ээн жерде, дүпүйгөн байтүп дарактын түбүндө Боргул менен Көркоонун кармашы көпкө созулуп, кетпеген жерлеринен кара тер кетип, экөөнүн тең шайы оой баштаганда, кантсе да Боргул жаш эмеспи, акыркы болгон күчүн жыйнап, тизелеп туруп келаткан Көркоону күрөктөй колу менен как чыкыйга күү менен таамай муштаганда кулагынын ичинен кара кочкул кан чачырап, көзүнөн от чагылып, Көркоо көмкөрөсүнөн кеткенде Боргул үстүнөн баса жыгылат. Көркоонун колун бурап, көкүрөк тушуна тике тартып, бар салмагын салып дүкүйгөн далысынан жерди карай ныгыра басканда карышкан колунда какайып катып калган шамшардын тик учу сүбөө сөөгүн аралап “бырт” этип кирип, түбүнө чейин батканда, Көркоо кадимкидей жанталашып башын жерге койгулап бакырып-бакырып жиберет. “Ишиң бүттү Көркоо” дегендей шайы кеткен Боргул Көркоонун көкүрөгүнө матып кеткен канжарды бар күчү менен сууруп алып, теңселип өөдө туруп, алапайын таппай ооналактап жаткан Көркоону эски адатынча эңкейип ээктен алып, сыңар тизелей калып коркойгон кокосун туурасынан шалап мууздап башын кесейин деп баратканда, шилекейин чачыратып булдуруктаган Көркоо:

- Токто, баатыр, токто! Мен сага жеңилдим. Сөзүмдү ук, сөзүм бар! – деп колу менен кара жерди койгулап, жалбарып жибергенде Боргул каны али толук сарыга элек канжарды өзүнөн алыс ыргытып, соолуктап-онтоп өпкө каккан Көркоонун казандай калдайган башын шалак эткизе жерге таштап, окчун барып олтурат.

Көркоо бир аз  башын көтөрүп, турайын деп эки-үч ирет обдулуп далбаса жасап, бирок шайы жетпей жерге кулайт. Көркоо бир топко онтоп-оонап өзүнө келалбай жатып, бир аздан соң кайдан-жайдан күч киргендей, жарат албагандай, оорубагандай онтоосу да жоголуп, киргил тартып киркиреген үнү да тазарып, сүйлөй баштайт.

- Баатыр, буга чейин мен артынан түшкөн бир да бай, ууру-кески, соодагер аман кутулуп чыккан эмес эле, - деп Көркоо сөзүн баштаганда Боргулдун дене-бою чагылгандын оту тийгендей “дүр-р!” деп жыйрыла түшүп токтойт.

- Казына Коконго көчкөндө Анжияндын көркоолору кошо көчүп, сен үчүн мени мында жалгыз таштап кетишкен.

- Эмне максатта калтырды эле? – дейт Боргул Көркоонун сөзүн тактап.

- Уурдап кеткен алтынды кустурасың же өлтүрөсүң деп...

- Мен уурдадымбы же башкалар уурдадыбы, аны кантип билдиңер?

- Шегибиз сенде эле.

- Кантип?

- Иниңдин кийген кийминен...

- Кайсы инимдин?

- Башы алынган иниңдин...

- Менин иним кийгендей кийимди Анжияндын жарымы кийип жүрбөйбү...

- Ошондуктан биз – көркоолор бир пикирге келалбай койгонбуз.

- Эгер андай болсо сен эмне үчүн менин артыман түштүң?

- Биринчиден... – деди жан айласы кетип оор дем ала баштаган Көркоо – Сен бир жылдай Анжиянга жолобой, дайынсыз кеттиң. Экинчиден, казына Коконго көчкөндөн кийин пайда болдуң. Үчүнчүдөн, жаныңда такай жандай жүргөн иниң жок жалгыз жүрүп калдың...

- Мени эмне үчүн өлтүрүүнү чечтиң?

- Алтынды өндүрө албасымды түшүндүм. Сени өлтүрсөм Коконго тезирээк кетип көркоолорго кошулмакмын.

Көркоонун шайы ооп, кайрадан онтой баштаганда Боргул олтурган ордунан атып туруп, коомай жөлөп, жаны азыр чыгып кетчүдөй чабалактай баштаган Көркоого өмүр тилей баштайт. “Ээ, Кудайым, ээ Кудайым. Үзүлүп кетпесе экен, сактай көр, сактай көр... Сурай турган суроом, ала турган жообум көп экен, сактай көр!..” деп азыр эле өзүнө өлүм тилеп келген душманына өмүр тилеп кирет.

Көркоо кайрадан эсин жыйып, кайрадан чыйралат. Боргул көптөн бери көңүлүн уйгу-туйгу кылып жүргөн маселе – Эргулдун сөөгү кайда экенин сурайт.

- Ал жок, таппайсың, - дейт Көркоо.

- Кантип, эмне үчүн таппайм? – дейт Боргул Көркоонун жообуна канааттанбай.

- Казынанын ээлери иниңдин сөөгүн үч күн сыртка баканга илип коюп: “Сөөктү ким тааныса алып кетсин. Кандай болуп өлгөн күндө да өлүм улук. Өлүк ээсине дооматыбыз жок”, - дешип туш-тушка кабар айттырып, тегерегине “капкан” коюп, күн-түн дебей аңдып кайтарышты. Балким сөөктү уурдай качалы деп түнкүсүн келишеби деген да амал болсо керек. Бирок эч ким даап келалган жок. Ким келсе да дароо “капканга” түшмөк...

- Анан эмне болду?

- Эмне болмок эле үч күн, үч түн сөөктү чымын-чиркей талап, тирүү адам жанына жакын жолой алгыс ахывалга жеткенде казынанын чоңдору Анжияндын түштүк тарабындагы арам өлгөн малдын өлүгүн таштачу жайга сүйрөтүп барып таштатканда, этин карга-кузгун талап, сөөгүн каңгыган иттер кемирип жеп жок кылышты.

Боргулдун башы айланып, көзү караңгылай түшөт. “Кор болгон экен кайран иним, кор болгон экен кайран иним!” деп ичинен күйүккөн күйүттүү үн менен кайра-кайра кайталап, отурган ордунан туруп жанын коер жер таппай тегеренип-тегеренип кетет. Көөмп коюшту го, көмгөн жерин акыры таап, сөөгүн алып кетем го деп ойлободум беле деп буркурап-боздоп ыйлап жиберет. Башта мынчалык оор түшпөгөн бул кайгы бул жолу туз салган кара каптай жонунан ныгыра басып, коргошундай оор кайгы көкүрөгүн өйүп уюп калат. Кайсы кубанычтын жылуу жаштары “кара каптагы тузду” ээритип бүтөт дагы, кайсы сүйүнүчтүн алоологон оттуу табы томсоруп көкмөк тарткан кайгынын коргошунун көлкүтүп агызып сыртка чыгарарын бир Жараткан өзү гана билбесе, башын жерге салаңдатып өксөп-өксөп ыйлап олтурган Боргулдун божомолу жок эле. Көркоо мурункудан катуу онтоп, үнү баштагыдай киркиреп киргил чыга баштайт. “Бул иттин ичине кан толо баштады окшойт” деп Боргул адаттан тыш чабалактап-ооналактап жан айласын таппай жаткан Көркоону жоюлуп бараткан арыктын кырына башын өйдөлөтүп оңдоп жаткырат. Боргулдун көзү Көркоодо болгону менен ою Эргулда... “Атаңдын көрү дүйнө бок” дейт Боргулдун ичинен кан өтүп.

Көркоо кайрадан бир аз тынчып, эсин жыйгансыйт.

- Баатыр, - дейт Көркоо Боргулга үн катып. – Мен далайдын көзүн тазалаган көркоо элем. Кезекте сен элең. Тагдыр буйрук ушундай экен, тескерисинче сенин колуңан мен каза таап жатам...

Көркоо кайрадан онтой баштайт. Онтогонуна карабай оюн айтып бүткөнгө үлгүрөйүн дедиби, айтор, демигип тез-тез сүйлөй баштайт.

- Сен эми менин акылыма көн. Сен сооп издеген жакшы адам экенсиң. Менин сөөгүмдү талаага таштаба, карга-кузгунга жем кылба. Өмүр бою айбанча жашадым эле, мына минтип сени өлтүрөм деп келип ит өлүм менен өлүп баратам. Сообу сага тийсин, сен эми мени эл арасына алып барып адамча көм. Экөөбүз тең бусурманбыз... Артыман издеп алаар үй-бүлө, бала-бакыра, бир тууган жок. Мен чийинден чыккан, ага-туугандан эбак безген, элге-журтка батпай калган шумпай элем... – деп энтигип сүйлөп жаткан Көркоо үзүлүп кетчүдөй түпкүч болуп түйүлүп, оор дем алып барып оңолот.

- Ушул коктунун ичи менен жөнөп олтурсаң, өрдү көздөй үзүлбөй жүгүрүп олтурган жалгыз таман чыйыр жол кетет, - дейт Көркоо. “Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы” дегендей Боргул бир нерсенин “жытын” сезгендей “жалт” карап жашын төкпөй чыйралып, баштагыдай башын салаңдатпай кадимкидей жанданып кулак төшөйт.

- Ошол жол менен бара берсең үч имерилиштен өтүп, төртүнчү имерилиштен кокту ылдый куюлган кызыл кумга жолугасың. Чыйыр жолдон беш кадам өрдөй бассаң үстүндө кызыл кум уюлгуган билинер-билинбес тектир жер бар. Кумун күрөп-шилеп жиберсең, тай казандын эниндей темир капкак чыгат. Темир капкакты ачсаң – асты терең ороо. Ошол ороонун ичиндеги алтын-күмүштүн баары эми сеники... Өзүңөн бир өтүнөөрүм: мени адамча көм... Акчаңды аяба... Атым Абдулхаким... Атам Хасан... – деп акыркы керээз сөздөрүн чабалактап чыдабай онтоп, үзүп-бөлүп араң айтып баратып, коркурап-киркиреп Көркоонун көзү аңтарылып, шалдайган колу-буту узарып, үзүлүп кетет.

*     *     *

Боргул түнү менен кирпик какпай, маңдайындагы өлтүрөм деп келип арам өлүм менен өлгөн Абдулхаким көркоонун жансыз сөөгүнө көңүл бөлбөй, жаштайынан мерт кетип, тирүүсүндө кордук көрбөй, өлгөнүндө кордук көрүп кордолгон боор эти менен тең бир тууганы Эргулду эстеп ичи сыйрылып, арманын айтаар бир да жан жок, кайгысын бөлүшөөр бир да сырдашы жок, ээн тоонун этегинде, дүпүйгөн жапайы жалгыз талдын түбүндө, өз кайгысына өзү уугуп, төрт аягын тыбыратып, суулугун кемирген кара кашка айгырдын маңдайында ээн жердин бөрүсүндөй эзели ийилбеген башын жерге ийип, үңкүйүп жалгыз олтурду. Көктө мемиреп сүттөй жарыгын жер бетине тегиз чачкан ай да акырын эңиштеп барып өз уясына батып баратты. Тоо тараптан соккон муздак жел жайдын узак күнүндө жалбырттап тийген күндүн жерге сиңген ысык илебин кайтаралбай, кайтармак түгүл талаа-түздү жапырт жайпап улам эңиштеп аптап кучактаган талааны карай лепилдеп чуркаган сайын муздак жел жылуу желге айланып, тээ алыста, Чүйдө калган Окторкойдун салкын төрү көздөн учту. Эчен жыл Чүйдөн Анжиянга мал айдап бороондо калган Боргул, нөшөрдө калган Боргул, аптапта калган Боргул, көк кашка суу жуткан Боргул, чаң жуткан Боргул ысыкка да, суукка да чыдайт... Баарына чыдаган Боргул бир гана Эргулдун сөөгү жерге берилбей, карга-кузгунга таланып, итке ыргытылганына чыдай албай, ачыган ачуу менен кычыган кайгыга көкүрөгү ачышып, кынжыйган ичи кырк жеринен буралып, туш тарабы чер, төрү көр, жыргалынан кууралы көп бул жашоону улап жашагысы да келбей, өлгүсү да келбей, таң куланөөк аткыча башын да, эсин да жоготкон деңдароо адамдай түнү бүктөлүп кан жүгүрбөй чымырап ооруган бутун серпип түзөп койгонго жарабай, оорумактан ооруп түбүнөн кыйылып түшүп калса да мейли деп өз өмүрүнө өзү өчөшүп, өз кылыгына өзү каяша айткан адамдай кыймылсыз тунжурап олтурду.

*     *     *

Эртеси Боргул Абдулхаким көркоонун сөөгүн көрпөчөгө ороп, анжиян ээринен чечип алган оң-сол канжыганы улаштырып сыртынан кыса таңып, отун өңөргөндөй зуңкуйтуп өңөрүп, кан базарга кирип барса баягы жарыя угуп келген жардаган калың эл жол карап күтүп калышкан экен.

Боргул бала болуп башына жүн чыкканы дин тутуп, ырым кармаган жан эмес эле. Абдулхаким көркоонун “сөөгүмдү талаага таштаба, бусурманбыз, өмүр бою жыйнаган алтын-күмүшүмдү алып, мени адамча көөмп кой!” деген сөздөрү Боргулга анчейин таасир берген эмес. Өлтүрөм деп келип өзү өлүм тапкан көркоо жөнүндө жан кишиге “лам” деп ооз ачпай, “бээ көрдүңбү – жок, төө көрдүңбү – жок” дегендей көркоонун суналып жаткан зылдай оор өлүгүн чөп баскан арыктын ичине көмкөрөсүнөн көмөлөтүп салып, кара кашка айгырын алкынта теминип базарга түшүп келмек да, кедей-кембагал, жетим-жесир, мискиндерге берген убадасын аткарып бүткөн соң Сары-Өзөн-Чүйүнө жөнөп кетсе болмок.

Атыккан ууру, сыйдан кеткен шүмшүк жан болуп баратса да, тээ муштумдай кызыл эт жүрөгүнүн көзгө илешип-илээшпеген кылда учунда канкорлук менен оройлуктун, өзүмчүлдүк менен уурулуктун боору жок бороонуна өчпөй сакталып калган кылдай ичке адамдык бир аео сезим ойгонуп, тула-боюн чымыратып, ээрибеген тоңун ээритип: “Кой, ит болсо да инимдин көргөн күнүн көрбөсүн, бул жасаган жакшылыгым эң ириде көзүмдү оем деп келген көркоого эмес, иниме жасаган жакшылыгым болсун” – деп өмүрүндө биринчи жолу өз ичинде сыр катары дин тутуп, ырым кармады.

Калың элдин маңдайына түз бастырып кирип келген Боргул кылмыш иш кылгандай кылчактабай, бирде көктү, бирде жерди карап көзүн ала качып жалтактабай, түнүндө болгон окуяны болгондой ат үстүндө туруп төкпөй-чачпай айтып келип:

- Эмесе кагылайын бусурман журтум, өзү көркоо болгону менен насили бусурман экен. “Сени өлтүрөм деп келип өзүңдүн колуңдан каза таап жатам. Итче өмүр сүрдүм эле, эми ит өлүгүндөй талаага таштабай өз колуң менен адамча көмүп кой” деп жан берер алдында жалбарып керээзин айтып, өтүнүп кетти. Кана, кандай кылалы? – деп жардап турган калайык-калкка кайрылганда калың элдин арасынан ак сакалын жайкалткан карыя ортого чыгып: “Айланайын балам, насили бусурман адам экен деп жатасың, керээзин аткарып, мынабу сени күтүп турган жалпы агайын-тууган эл менен бусурманча акка ороп, жаназасын түшүрүп көөмп коелу” дегенде жардап турган эл: “Туура, туура!” дешип бир ооздон колдоп кетти.

- Анда эмесе калайык-калк, сообу ушул жерде турган баарыбызга тийсин, жүргүлө, чогуубуз менен көмөлү! - деп Боргул сөзүн жыйынтыктаганда Көркоонун өлүмүнө кубангандар да, кайдыгер карагандар да, жан тартып ичи ачышкандар да чогуусу менен сөөктүн артынан шаардын чоң мечитин карай агылып жөнөдү.

*     *     *

Көркоону жайына коюп, молдо куран окуп бүткөндөн кийин мүрзөнүн маңдайында сыңар тизелеп олтурган Боргулдун мурдуна жаңы үйүлгөн сары топуракка аралаш боз дөңдүн каксоо бетиндеги какшып куураган шыбактын жыты уруп, каңылжаарын жарып, атасы өлгөндө да, энеси өлгөндө да ушундай жыт келгенин эстеп, бир боору Эргулдун өлүгүн чымын-чиркей, карга-кузгун талап, сөөгүн талаадагы жолбун иттер кемирип, ошол бир боорунун өлүгүн адамча ардактап кое албай, кайдагы бир ит турмушту башынан кечирип жүрүп Боргулдун колунан итче тырайып өлгөн, ата-бабасы тааныбаган, кайнаса каны кошулбаган бейтааныш бир акмакты адамча ардактап көөмп жатканына ызасы кайнап, көкүрөгүндө тирелип турган бугу жарылып, “ой боорум ай, ой боорум!” деп оң колу менен бөйрөгүн таянып, көзүнүн жашын көлдөтүп буркурап, боздоп ыйлап жибергенде алакан жайып бата кылып кетүүгө камынып калган эл отурган орундарынан козголалбай катып калышты. Боргулдун өзөгүн өрттөп ыйлаганына туруштук бере албай көптөрдүн көзүнө жаш тегеренип, бул көркоого мынча эмне ыйладык дегендей айрымдардын жүрөгүн жүйөөлүү суроо аралап, бирин-бири тике карай албай, бири биринен көздөрүн ала качышып, тунжурап токтоно албай жер карап олтурушса, бирде эңкейип, бирде түзөлүп шолоктоп, соолуктап ыйлаган Боргулду карап олтурган айрымдар: “Кудай алдындагы күнөөсүн жууш үчүн ыйлап жатат, мейли каалашынча ыйлап алсын” деп Боргулдун ыйын туура көрүшсө, экинчи бирлери: “Бул арам өлгөн немеге мынча эмне шолоктоду? Болбойбу, бүтпөйбү?..” дегендей отурган жерлеринде чыдамдары кетип ойдолоп тынч олтуралбай, алдыртан жактырбай сынаакы карап олтургандар да жок эмес эле.

Чын-чынында Боргул Эргулду эстеп ыйлады. Мына бул дөмпөйүп үйүлгөн сары топурактын астында Көркоо эмес, бир боору Эргул жатат деп элестетип ыйлады. Боргул башынан өткөн күндөрүнүн баарын эстеп ыйлады.

Үч жашында өлгөн энесин эстеп ыйлады. Анда да ушундай оозу аңырдай ачылган караңгы көрдүн кырына ээрчитип келишкен. Ак кийизге оролгон солдойгон немени оозу аңырайган караңгы көргө сойлотуп кийирип жиберишип, төбөсүнө чейин сарала топурак болгон кишилер колундагы көнөчөк чакаларын көрдүн кырына чейин көкөлөтүп көтөрүп, казганактаган эл катарлаш тизиле калып чеңгелдеп топурагын салышып, калың элдин катары сээлдей түшкөндө Боргулдун быйтыйган колунан бек кармап жетелеп жүргөн бир тууган таякеси: “Эңкей, уучта!” деп нымы ал кайта элек кумдак сары топуракты уучтатып көнөчөк чакага салдырганда, ошол эле саатты, ошол мүнөттү күтүп тургандай, буга чейинки бөксө чакасы толо түшкөндөй, көзүнө чейин топурак болгон ынды кара, жалаяк ооз, келте мурун дардайган жотолуу киши колундагы чакасын көрдүн ичиндеги өзү көрүнбөй көтөргөн колу эле көрүнгөн ким бирөөгө салаңдатып сунуп жатып: “Баласынын топурагы ушул чакада, баш жагына төгүп жаздагыла!” деп буйрук берип сүйлөп жатканы эс-эс эсинде. Андан ары эмне болгону эсинде жок. Дагы бир эсинде калганы: боз үйдү тегеректеп өкүргөн калың элдин арасында калганы... Баягы жанынан чыгарбай быйтыйган колунан бек кармап жүргөн таякеси: “Ыйла күчүгүм, ыйла! Апаң эми мындар ары такыр келбейт” деп боз үйдүн жер чийип түшкөн туурдугун каратып кежигесинен басып мажбурласа да көзүнөн жаш чыкпай, бул дүйнөдө эмне алаамат болгонун так түшүнө албай, "апаң өлдү” деген сөздүн сөөктү көсөчү ийнеси наристе баланын балбыраган жумшак этине кирбей учу кайрылып сынып, ичи зил, жүрөгү калбыр, боору дарт улуулардын сөзү да өтпөй, ыйы да өтпөй, буркурап ыйлагандардын улам бирин таңыркап караган наристе Боргулдун ошондогу ыйлабай калган ыйынын толгоосу эми бышып, эми жетилгендей болоктоп-шолоктоп ыйлап олтурду. Өлүмгө жетпегир атасы да жети жашында каза таап, жетимдиктин азабын тартып калган Боргул, эси кирип калган Боргул, жаман-жакшыны ажыратып калган Боргул беш жашар иниси Эргулду мойнунан бек кучактап алып эсинен тангыча ботодой боздоп ыйлаган ыйын эстеп, “атакелеп” ыйлаган Эргулдун көз жашын эстеп, чыйылдап чыңырып ыйлаган наристе үнүн эстеп бууракандап буулугуп ыйлап олтурду.

Жетим өсүп жетилгенин, көр оокаттын айынан бармактай кезинен жылкы уурдаганын, каргадай кезинен борошо-карды, кара нөшөрдү аралап Анжиянга мал айдап, мал сатканын, далай ирет зөөкүр соодагерлердин адилетсиз соп камчысын жегенин, жаш болуп, жашаң болуп убагында жообун кайтара албай калганын, менменсиген байларга теңелем деп жүрүп, алтын-күмүш уурдайм деп жүрүп бир боору, көрөр көзү, угаар кулагы, басаар буту, кармаар колу Эргулунан ажыраганын эстеп ыйлады. Ал тайгак кечүү, тар жолго салган тагдырына, туш тарабын тикенек ширеген таалайына таарынып, кайгы-капасынын да, ыйынын да түбү Эргул болуп, “Эргулум ай, Эргулум,  бир боорум ай, бир боорум” деп угулар-угулмаксан күйүттүү үнүн туздуу жаш менен кошо ичине жутуп, буркурап-боздоп ыйлады.

*     *     *

Боргул сөзүнө туруп Көркоону жакшы узатты. Кедей-кембагал, жесир-жетим, мискиндерге кардын тойгузуп тамак берип, кийим-кечек таратып, дагы эки күн Анжиянда туруп, анан Сары-Өзөн-Чүйгө жөнөдү.

*     *     *

Абдулхаким Көркоону жерге бергенден кийин баягы кызыл кумдун астындагы Көркоонун алтын-күмүшүн издегенге азгырылбай түз эле Сары Өзөн-Чүйгө келип жайлоодо кымыз ичип өргүп, бир заматта башынан өткөн алааматты унутуунун аракетинде болду. Көркоо го курусун, бүтөөр күнү, өлөөр ажалы Боргулдан экен. Чын-чынында Боргул ал жөнүндө баш оорутуп көпкө ойлонгон жок. Жүрө-жүрө жетигип жетилген, басса-турса оюнан кетпеген бир боору – Эргулдун өлүмү эле. Эл оозунда элек жок дегендей, Эргулдун табытына жасалма дене жасап, канчалык жаап-жашырып сыр кылышпасын, Сары Өзөн-Чүйгө Эргулдун денеси жок башы гана келгенин, ал Боргулдун колунан кантип өлүп, денеси Анжиянда кандайча калганы жөнүндө ашырмасы да, кошулмасы да көп, бирок баары бир өзөгүндө таналгыс чындык жаткан ушак-айың кеп Чүйдүн аяк-башын каптап, демейде жакшы-жаман сөздөн айбыкпай тик карап жооп айткан Боргул капилет Эргул жөнүндө сөз болгондо кадимкидей кайпактап жер карап, жалтайлап оозу бош жооп бергени өзүнө да жакпай, бул шумдуктуу бетке чиркөө окуя жөнүндөгү артынан айтылган “күңк-мыңк” сөздөн биротоло кутулуш үчүн каратаман элге эсинен кеткис бир жакшылык жасап, өзүнүн даңкын чыгарып, артынан ээрчиген илээшки сөздөрдү суу менен жуугандай тазартып, сүт менен жуугандай агартып жок кылуунун жолун ойлоп, Чүйдүн мен деген он чакты шылуун жигитин жанына алып, Анжиянга, Анжияндын түндүк-чыгыш тарабындагы Көркоонун алтын-күмүшү жаткан куюлма кызыл кумга бет алат.

Көркоо калп айтпаптыр. Бир аймак элди беш жыл кенен баккыдай алтын-күмүшү бар экен. Бир ай дегенде Көркоонун алтын-күмүшүн толугу менен сатып жүз төө, жүз атка жүктөлгөн, көргөн адамдын көз жоосун алган кездеме, кийим-кечек, идиш-аяк, буюм-тайым алып Чүйгө келип, өзүнүн тууган-туушкандарына, айылдаштарына, жек-жааттарына, тели-теңтуштарына, куда-сөөгүнө, деги койчу, мурду менен тынып, буту менен баскандардын баарына бекер таратат. Өзүнүн сактаган алтын-күмүшүн, малын кошо коротуп Чүйдүн аяк-башынан, капталдагы казактардан кадырлуу конок чакырып, он төө, отуз жылкы, жүз кой союп, улак тарттырып, ат чаптырып Эргулдун ашын бир жума дүңгүрөтүп өткөрөт.

Байгесин байгедей коюп, чаччусун чачып, келген меймандардын, бир тууган эли-журтунун көзү тоюп, пейли токтогончо марытат. “Аянба, Боргул, аянба!” деп өзүн өзү шыкактап, чачкандын үстүнө чачып, төккөндүн үстүнө төгөт.

Аштын аягында Боргул ага-туугандарын он эки канат ордо боз үйгө чогултуп, төмөндөгүдөй мааниде сөз сүйлөйт:

- Агайын-туугандар! Эргулдун ашын өткөрүүдө баарыңар жапа тырмак түп көтөрө тик буруп бергениңерге ыраазымын. Бул бир маселе. Экинчи маселе, мен силерге колдон келген оокат-мүлкүмдү таратып берген себебим, мындан ары мен уурулукту таштап, силерден бата алайын деп жатам. Мен буга чейин уурулук кылсам жетимчиликтин, жакырчылыктын айынан уурулук кылдым. Эми эр жеттим, турмуштун ысык-суугун көрдүм, токтолдум. Үйлөнүп, үй-бүлө курсамбы, мал-жанымды көбөйтүп жай чарба күтсөмбү, Анжиян менен Сары-Өзөн-Чүйдүн ортосун жойлобой, эл катарына, тууган арасына кошулсамбы деген тилегим бар” дегенде уй мүйүз тартып олтурган тууган-туушкандары Боргулдун дагы айтайын деген сөздөрүн аягына чейин айттырбай: “Тилегиңе жет айланайын, тилегиңе жет!” дешип алакан жайып бата кылып жиберишет.

Ошол күндөн тарта Боргул кымкууту жок жай чарба күтүп, кардын кара жармага кампайткан карапайым турмушка өтөт.

Адегенде Боргул элге, эл Боргулга ыраазы болгондой, үстүндө чыбыр толкуну жок тирукмуш бейкут турмуштун айдыңына киргендей, көзү коркунучтан, кулагы кыжы-кыйма ушактап ажырап, ажайып бир жашоонун жаңы тилкесин өздөштүрүп жаткандай кызыгуусу артып, көңүлү өсүп жашайт.

Тегирмендин ташындай тыным албай тегеренген мезгил тим турабы, жаркыраган жаз жашап, жаз өтүп, гүл аңкыган жай жашап, жай өтүп, күркүрөгөн күз жашап, күз өтүп, кычыраган кыш жашап, кыш өтүп дегендей, адамдын жашын да, жакшылыгын да уурдаган мезгил улам арылаган сайын Боргулдун эли-журтума деп тараткан алтын-күмүшү колунан куюлуп керегине жарап түбү соолуп түгөнүп, оокат-кечеси отко күйүп, аңгекке чирип жок болгон сайын Боргулдун Боргул аты кичирейип, жакшылыгы унутулуп, бир кезде кыра чаап салган уу чөптүн кыртыш алдындагы тамыры менен уругу жааган жамгыр менен тийген күнгө кайрадан жанданып-жаңырып чыккандай: “Боргул кара жерге кирсин, алтын-күмүш деп жүрүп өз колу менен өзүнүн инисинин башын алган ал бир канкор акмак да!” дешип Боргул Боргул болуп турганда, ууру Боргул атанып удургуп турганында, бай Боргул атанып бапырап турганында эл уккан жокпу деп эки жагын каранып, эки эринин жаланып, кынынан чыкпай кыбырап, кылкынып коркуп шыбырап артынан араң айтчу сөздү, кудай бетин салбасын, эми момун Боргул, жөн Боргул болгон кезинде кыйратып салдым деген кыйыны да, иритип салдым деген ити да, кыйгачтап ыйбаа кылып койбой чакырайып маңдайына чыгып баштагыдан да күчөп “укуругуң сынгыр ууру Боргул”, “ач көз Боргул”, “өз инисин өзү мууздаган канкор Боргул”, “айбан Боргул” дешип жөө калган Боргулду жөөлөп айткандарын чымын чакканча көрбөй чыдап коет эле, “өз инисин өзү мууздаган канкор Боргул” деген сөз Боргулдун жилигин көзөп, чучугун чубагандай оор маселеге айланды. Ал ушул күнөөмдү жууйм деп, ушул сөздү өчүрөм деп соодагерликти таштап, уурулукту таштап, көркоонун алтын-күмүшүнө өзүнүн алтын-күмүшүн, жыйган-терген оокат-мүлкүн кошуп мынабу эли-журтум, тууган-туушкандарым деп жүргөн Сары-Өзөн-Чүйдүн элине бирин ала, бирин чала көрбөй текши таратып бербеди беле?!

Тараткан алтын-күмүшүн, оокат-мүлкүн унутушса да “өз колу менен өз инисин мууздаган канкор” деген сөздү унутпай төбөсүнө түн түшүрүп, бетине кара көө жаап турушканы – Боргулга бул чөлкөмдө орун жок деген белги эле.

“Атаңдын көрү-ү!..” деп Боргул сыртынан зымпыйып, ичинен кымпыйганы менен бир күнү чындап жарылып, жарылганда да жанар тоо жарылгандай жарылып, жанагы жанды кашайтып ушак сөз айткандарды бирден кармап, кан кусуп карайлап калгыча сабап, акесин таанытсамы деп, кылычын кынынан суурса кырк акмактын башы кеткидей кыжыр менен кыйкырып чыга калгысы да келди. Бирок, кайдан?!

Боргулдун шакардай кайнаган жини баягыдай болгон менен өзү баягы эмес. Андагы алтын-күмүш артынып, тумандатып мал айдатып, батыш-чыгышыңа, түндүк-түштүгүңө даңкы тарап, Сары-Өзөн-Чүйдөн салган айкырыгы Анжиянга угулуп турган атчан Боргул, бүгүн колундагысын толугу менен элге таратып жиберип жөө калган Боргул. Эл деген эл. Алар көп. Боргул жалгыз. Бирөөнүн оозун басаар, бирок кара суудай каптаган калың элдин оозун таяк менен да, алтын-күмүш менен да басалбасын эчен жыл элден безип, ээн талаада карышкыр болуп, түлкү болуп, арстан болуп жүргөн Боргул кийинки беш жылда элге кошулуп киши болуп жүргөн Боргул эми түшүндү. Эргулдун канын эч нерсе менен жууп кетире албасына көзү жеткен Боргул үч айлап үңкүйүп үйүнөн чыкпай, көзгө көрүнбөй, сөзгө илээшпей бугуп жатат да, өзү жоголмоюн артынан ээрчиген сөз да жоголбосун түшүнүп, күндөрдүн бир күнүндө, түндөрдүн бир түнүндө алпкаракуш алып кеткендей ың-жыңсыз жоголот. Ким-бирөөлөр ызасына чыдабай көз көрбөгөн, кулак укпаган жерге барып өз жанын өзү кыйыптыр дешсе, дагы бирөөлөрү “өлбөй куруп кетсин, казак менен кыргыздын чегинде жылкы тийип, мал чаап кайрадан уурулугун баштаптыр” деген гана анда-санда чочуп ойгонгон уу-дуу кеп гана болбосо, чын-чынында ошондон бери Боргулду көргөн да, билген да киши жок...

*     *     *

Уйкусу канган карыя калың бадалдын арасынан күүгүм талаш туруп, аттарды токуйлу деп жигитке ишарат кылды эле эртеден кечке же бир уктай албай, же бир ачык жерге басып чыгалбай, эмне кылар айласын таппай ушул эле сөздү күтүп эзилип жаткан Жигит жамбаштап жаткан ордунан ыргып туруп, бир колуна ээрин, бир колуна токулгасын сүйрөй чуркап, кула кашка айгырын ачып-көздү жумганча токуй салып, демейдегисиндей эле жай кыймылдаган, кандай жумуш болбосун ар жак, бер жагын терең ойлоштуруп бышык жасаган Чал кер кашкасын мөңгү ылдый шыргоолго таңылып, аласалчудай тоо ылдый зуулдап сүрдүгүп түшкөндө жарылган омуроосун колу менен сылап көрүп, бир азга ынтаа коюп карап турду да “эч нерсе эмес, шишиги тарап калыптыр” дегендей кайраты өңүнө чыгып шайдоот кыймылдап, шарт үзөңгүнү тээп, өзү теңдүү шалкөт чалдардай бир жолу артка кетип, эки жолу алдыга умтулуп жатып ээрдин кашына эптеп жабышып тырмалаңдап-тырышып минбей, чапчаң минип, ээрге оңдонуп олтуруп, жоо беттеп чыккан баатырлардай эртеден кечке бетегеге тойгон кер кашканы жулкунтуп жигитти көздөй бастырды. Жигит да ойдолоктоп тим турбаган кула кашканын жалын аткый кармап шарт минип, Карыянын бет алдынан чыкты.

Күн кылкылдап батып бараткан. Тээ өткөндө үч ийрилип талаага түшкөн кең коктунун таманында түндүгүнөн түтүнү созолонуп булаган казактын жылкычыларынын боз үйү агарат. Тескей беттин жылга жыбытындагы топтошуп өскөн каралжын карагайлардын караанына көлөкөсү кошулуп, ого бетер калдайып жай термелип, кеч тартып улам аба салкындаган сайын өзөндү жарып аккан дарыянын күр-шар түшкөн шоокуму уламдан улам даана угулуп, мезгил-мезгили менен үзүлүп кайра удургуп соккон күздүн шамалы чапанынын эки өңүрүн эки жакка каңтарып, ооздогу сөзүңдү ойго-тоого жула качып турду.

- Эми баатыр, мындай кылалы, - деди Карыя Жигитке ат үстүнөн эңилип сөз баштап. – Сен жылкыларды аяк өйдө жапырып Көк-Кыяны көздөй жай айда. Качан гана Көк-Кыянын чубатмасынан өтүп алгандан кийин кокту ылдый токтотпой кубалап айда. Арасында таман казы чыкчулары бар экен, түтөгүп жүрбөй калышы мүмкүн. Ошол түтөккөндөрүн мынабул таяктын башындагы канжар менен дал сооруга аянбай сайсаң кара кан атып чыгып, аяк серппей акактап өпкө кагып күйүккөн жылкың дароо эс алып, желдей сызып жөнөп берет, - деп башына канжардын темир сабы кагылган четин таякты Жигиттин колуна карматты.

Жигит бу жолу да Чалга акыл кошуп сүйлөгөнгө чамасы жеткен жок. Бар балекеттин баарын билет деп эзели өзүн өңгөдөн төмөн санабаган Жигит айдоого түшкөн семиз жылкы күйүгүп түтөккөндө как сооруга канжарды малып алса кара кан атып чыгып эс аларын билчү эмес эле. Биринчи эле айтылган акылга эсеңгирей түшкөн Жигит Чалдын кийинки акыл сөздөрүн да “лам” деп ооз ачпай ынтаасын коюп укту.

- Жылкылар Көк-Кыянын чубатмасынан өткөндөн кийин кокту ылдый кубалап, Соку-Таштын тушунан Көк-Ойроктун Дөрөсүн көздөй бур. Качан гана Туюк-Төрөгө жеткенде токтоп, мени ошол жерден күт. Мен бул жакка тосотко калайын.

- Жок, аксакал, тосотко мен калайын. Куугун түшсө казактын дагы кандай жигиттери туш болот, - деп Жигит чындап Карыяны аяды эле:

- Эч кам санаба, уулум. “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” дейт кыргыз. Ал жагын мага кой, - деп Чал тизгинин Көк-Кыянын оозун көздөй буруп, бир аз узай түшкөндөн кийин маанилүү нерсесин унуткандай тизгинин жыя тартып, кер кашканын башын буруп Жигитке кайрылды:

- Уулум, кайрадан көрүшкөнчө кайыр кош! Алдыда кандай жагдай күтүп турат ким билет? Кокус бир нерсе болуп кетсе, мен сени көргөн жокмун, сен мени көргөн жоксуң! – деп төрт аягы тыбырчылап ойдолоп жөн туралбай, “чү” десе эле алып учканга даяр турган Кер кашканын оозун бир аз кое берип, текирең таскак менен капталдай чапты.

Чалдын бул сөзү калың жылкыга кол салаар алдында бөрүнүкүндөй көзү күйүп, көңүлү көтөрүлүп турган жигиттин көкүрөгүнө жеңил санаа коно калып, кайра учуп кеткендей болду.

- Чалдын иш баштаардагы айта жүргөн шерт сөзүнүн бири болсо керек, - деп Жигит өзүн өзү жооткотту.

Бир аптадай чогуу жүрүп ачык сөз, ашык акыл айтпаган бул чалдын биринчи жолу “уулум” деп кайрылганы Жигиттин бейтааныш кишиге болгон тоңдоосун жүрөгүн жылытып, ичин ысытты. Чал менен Жигиттин арасы баштагыга караганда да ата-баладай жакындай түшкөнсүдү.

*     *     *

Жигит бейкапар жайылып жаткан жылкыларды Көк-Кыянын оозун көздөй акырын-жай аяк өйдө сүрүп айдаганда, баштаак бээлер алдыга озуп, башкалары алардын артынан ээрчип жакшы эле жөнөп беришкен. Айбан да болсо адамдын оюн түшүнөт эмеспи, кула кашка айгырдын үстүндө үзөңгүсүн чирене тээп бөлөк бирөөнүн жылкысын өз жылкысындай “айт! айт!” деп айбат көрсөтүп, колундагы жылаан боор кайыш шапалагын баш өйдө шуулдатып тегеретип, аба тилип шакылдатып, демиктирип айдай баштаганын жактырбаган үйүр ээси Күрөң кашка айгыр адегенде топ жылкы менен тегиз шек-шыбаасы жок кетип бара жатып эле, жылкылардын асты чаар арчага чыга берерде кош кулагын жапырып, башын чулгуп, агып бараткан жылкынын арасынан алдыга атып чыгып, бейкүнөө бээлерди чаңын асманга чыгарып омуроолоп артка кайрып, моюн толгогон бээлерди кууп барып жонунан, соорусунан тиштеп, кула кашка айгыр менен Жигиттин өкүмдар бийлигинен, кулдугунан бошотуунун аракетин көрө баштады. Калың жапалак арчанын ачык аралында ары да жылбай, бери да жылбай тегеренип туруп калган жылкыларды Жигит жылаан боор шапалагы менен айбат көрсөтүп абаны тилип шакылдатып, жон талаштыра чаап-чаап алса да биринин кош аягына биринин башы тыгылып, шыкалган жылкыларды өргө карай сүрөп айдай албай эси экиге, айласы алтыга бөлүндү. “Ай, иттин айгыры, кашайган кара баскырдын бээлери” деп тегеренип калган, топтошуп калган бээлерди көжөлүп өйдө сүрсө, ала жаздан бери айгырсынып, эрсинип, асый бээсин да, байтал бээсин да чарк имерип, жытын жыттай сиңирип, аңгырап-шаңгырап кишенеп, асман чапчыган алдыңкы буттары менен айдалысын кучактап, чатындагысын көчүгүнө казык каккандай житире кагып, байтал бээнин бели ийилип, оозу аңырдай ачылып, асый бээлер жанжери жыргап, тоо көтөргөндөй үстүнө очоюп чыгып алган Күрөң айгырды көтөрүп, жарым саат өтпөй көчүгүн такап “дагылап...”, ар биринин даңкайган жамбашына ашкан сайын, ак карлуу тоонун ашуусун ашкансып, башы айланып, өпкөсү көөп, көзү караңгылап куяр уругун куйчу жерине куюп жиберип күн тынымын, түн уйкусун бөлүп, бирин кырдан, бирин коктудан, бирин тектирден, бирин торпудан токтотуп, алкынган үмүткөр айгырдын келечек тукуму ар бир бээнин жатынында өсүп жатса, ак саргыл Жигит менен Кула кашка айгырдын колдон талашкан арам оюна чыдабаган Күрөң айгыр өз үйүрүн коргоп будуң-чаң салбаганда кантет?!

Күрөң айгыр чынында эле колдогусун оңойлук менен жулдурбаган өкүм айгыр экен. Биринин көтүнө биринин башы тыгылып, чукчуңдап-чунаңдашып, жөөлөшүп, тепкилешип, ары да жылбай, бери да жылбай, айланып, тегеренип калган жылкыларды аралай чаап, ызы-чуу түшүрүп, жогору качканын жон ылдый, өйдөлөп алганын өтөккө кубалап, кош таноосу дердеңдеген Кула кашка менен кара жини кара башын чыңалткан Жигиттин азабын аттай жегизди.

Кантсе да кара күчүнө ишенген айбанга караганда адам акылына салып жеңет эмеспи, топтошкон жылкылар туш келди чачырап качканда Жигит ар бир жылкынын астын тосуп чапкылап жан үрөбөй, Күрөң айгырдын чамасы жетпей, бөлүнүп кеткен жоон топ жылкынын гана артынан түшүп, адатынча шашылбай жай бастырып, ээрдин кашында кулак сабынан илинген четин калтегин оң колуна оңдой кармап, качан гана Күрөң кашка дабыратып кууп алган бээлерин артка таштап, Жигит айдаган бээлерге жете келгенде капталынан качырып барып, Күрөң айгырды как төбөгө “каңк! каңк!” эткизип эки-үч ирет калтек менен таамай тартып жибергенде көзүнөн от чагылышып, туяк астындагы жер оодарылып барып  оңолгондой кош тизелеп сүрдүгүп жыгылып барып туруп кетти.

“Ишиң бүттүбү Күрөң кашка?!” деп көзүнүн чаары чыгып, жаалы кайнаган Жигит эсине толук келип-келалбай турган Күрөң кашканы керилип туруп сооруга чапканда, жан айласы кыйын эмеспи, түйүлүп аттап-буттап секирип өргө качты.

Жигит бириндеп-чачылган жылкыларды чогултуп, Көк-Кыяны көздөй айдаганда жүрөгүнүн курчу майтарыла түшкөн Күрөң кашканы канчалык каны кайнап, ичи ысып, көкүрөгү өрттөнбөсүн, өнө боюнан шайы кетип, өмүрүндө биринчи жолу өзүнүн үйүрүн башкара албай, тээ агарган боз үйдө жал-жая жеп, сөөктөн чыгып күчүнө кирген күзгү кымыран кымыздан кылкылдата жутуп, бейкапар жаткан жылкычылар угуп калаар бекен, билип калаар бекен, жардамга келээр бекен деген илгери үмүттө, адаттан тыш бир башкача шаңгырап жалооруган үн менен  кишенегенине бул жолу Жигиттин жини келген жок. Тескерисинче Күрөң айгырга болгон сугу артты. “Чал эмне десе ошо десин”, уялбай-этпей эле мен ушул айгырды алам!” дебесемби деп өзүнө-өзү бекем шерт коюп келатты. Колунан бирөө жула каччудай кайра-кайра ким-бирөөгө эскертип жаткандай “Күрөң айгырды өзүм алам” деп ичинен миң кайталап, сыртынан көз багып, сүйүп карап, ичи эзилип, анда-санда “айт! айт!” деп жөөлөшкөн жылкыларга тап берип, баштагыдан көңүлдүү, сергилең тартып сапар улады.

Кеч күүгүмдө Көк-Кыянын оозун карай тоо боору менен жылып бараткан калың жылкынын арасында эсеңгирей түшкөн Күрөң кашка айгыр баштагыдай кайратына кирип, күчүнө толо албаса да, бир аз чыйралып, айгырдык ар-намысы кайра козголуп, калың жылкынын бирде бул четине, бирде тигил четине аралай чаап, улам көнгөн жайытынан алыстаган сайын, Көк-Кыяга жакындаган сайын добулбас ургандай, коңгуроо каккандай зоо жаңыртып шаңгырап кишенеп, калың жылкыны капталдата кубалап бөтөн бирөөнүн бийлиги менен зомбулугуна каяша айткандай, моюн толгоп өзү артка качайын десе үйүрүн кыя албай, үйүрүн куткарайын десе шайы жетпей, койкоңдогон мойнундагы Күрөң кашканын таанымал башы сереңдеп, өпкөлөп ыйлаган баладай кайгылуу коңгуроо үнү шаңгырап, калың жылкынын селинде агындыдай агып баратты.

Көк-Кыянын чубатмасына чыга бергенде казактын жылкычыларынын кажылдашып сүйлөшкөн үндөрү, иттердин мурункудан күчөп асылып үргөнү кеч күздөгү салкын абанын илеби менен желип-жортуп даана угулуп турду. “Казактар туюп калган экен” деп Жигиттин шаштысы кеткенсип тар, таштак жолдо тикенек баскансып кыбырап чубаган жылкыларды шапалагын аба жарып шакылдатып, “айт! айт!” деп демитип, шыкап, сүрөп айдады.

“Чалдын жагдайы кандай болоор экен?” деп Жигит Чалды бир тууганын, бир боорун эстегендей эстеп, “Аман кайткай эле!” деп жараткандан тилек тилеген болду.

Бардык тескери жумуш кыйын кезеңде, кысталыш учурда күчөйт эмеспи. Чубап бараткан калың жылкынын орто ченинде бараткан карагер бээ дал ушул тар жер, тайгак кечүүнү күткөндөй асты жар, үстү зоо чубатмадан өпкө кагып түтөгүп баспай калса болобу. Карагерден астыдагылары алдыга кетип, карагердин артындагылар жылбай туруп калышты. “Атаңгөрү, кандай кылсам?!” деп Жигит Кула кашканы асканы жарып чыккан жапалак арчанын бутагына байлап, бээлер шыкалып жылбай калган чубатма кыя жолдун четин бойлой жүгүрүп, карагер бээге жетери менен сабы таяк канжар бычак менен как сооруга малып-малып алганда, кара кочкул кан соорусунан көккө сийип, күйүккөн карагердин күүгүм баскан көздөрү умачтай ачылып, карайлаган кара жанына кайдан-жайдан күч кирип, чочуп-үрккөндөй түйүлүп чуркап, алдыга бөлүнүп кууш капчыгайдын оозунан жайык жерге чыгып бараткан топ жылкынын арасына кире качат.

Көк-Кыяны ашып өтүп, күңгөй тоонун узун коктусуна түшүп баратканда бери болгондо эки-үч жыл туу калган таман казы асый бээнин экөө түтөгүп баспай калганда, үйүр бээге көзү күйүп ойноктоп салып-уруп келаткан Кула кашканын тизгинин буруп, колундагы таяк сап канжар бычак менен экөөнү тең алмак-салмак сооруга малып-малып алганда, түтөгүп баспай калган баягы эки бээ түпкүчтөй болуп түйүлүп, алдыга атырылды. “Ата-а , акылыңан айланайын Чалым, таяк сап канжарыңды колума карматпаганда жалаң таман казы семиз бээлер жолдо калып, кара кесек этке какап өлмөк экенбиз ээ” деп өзү менен өзү тамашалашып, Жигит Чалды алкап келе жатты.

Көк-Ойроктун ак карлуу тоолору ай жарыгына чагылышып көрүнгөн сайын Жигиттин кысылган көкүрөгү бошоп, көңүлү жайлап, анда-санда мурдунун учу менен кыңылдап ырдап, жаш алган жарын эстеди. Бажырайган көздөрүн, иймейген кара кашын, жаздыкка төгүлгөн кундуздай кара чачын, колу тийсе “дүрр” этип жыйрыла калып, жалынычтуу сөз айтса кош кареги жумулуп, балкып-ээрип, аппак, кебездей назик денесин кыса-кыса кучактагысы келип, азыр эле сүйгөн жарына түптүз учуп-күйүп жөнөөчүдөй “чү, жаныбарым!” деп алдындагы ойноктогон Кула кашканы дембе-дем теминип коет.

Жигит Дөрөнүн Туюк-Төрүнө таң сөгүлүп жер агарганда келди. Айдоо жеп ачкарын боло түшкөн жылкылар малдын тиши тийбеген күңгөй беттин сеңселген бетегесине адаттан тыш “жата калып” жабышып оттоп, бир орундан жылбай дымып эле калышты. Жигит ак көбүк атып тердеп келген Кула кашка айгырдын ээрин албай, белин бошотуп, ооздугун чыгарып отко койду. Бейкапар жайылып жаткан жылкыларга көз салып, капталдап жатып уйкуга кетти. Жигит күн шашке болгондо ойгонду. Чалдан алигиче дайын жок. Жигит адатынча бел курчоосуна чейин чечинип, жердин жети катмарынан кайнап чыккан бөйрөк булактын мөлтүр кашка суусуна жуунуп сергип, куржундагы бышкан эттен алып чыгып бир аз өзөк жалгады. Күңгөйү томуктай ташы жок апай бет, тескейи каланган карагай – жарыктык Көк-Ойроктун күздөгү көркү ачылып турган кези экен. Оң жагы Ысык-Көл, сол жагы казак. Жер болбосоң кое кал деп Жигит Дөрөнүн дал чокусунда олтуруп жер соорусу Көк-Ойрокко чын дилинен жалынып, күздүн мемиреп тийген күнүнө жымырап жылуулук соргон далысын кактап, батышты карай биринен сала бири пастап олтурган тоолордун ийри-муйру кырлары менен ак жалтыр мөңгү учтарын маашырланып карап олтурду.

Күн чак түштөн ооп, тескей тоолорго ала көлөкө түшө баштады. Чалдан алигиче дайын жок. Жигит чындап эле тынчсыздана баштады. “Куугунчу казактар Чалды жыга чаап салыштыбы? Эгер андай болсо артыман эбак эле куугун жете келет эле, Чал мынчалык неге кечикти? Же Чалды казактар, казактарды Чал жайлап салып, мен бул жерде кур бекер эле Чалды күтүп отурамбы?” деген күлүк ой менен жеңил санаа Жигиттин мээсин айлантып, “бол эми козгол, өзүң ойлонуп, өзүң чеч” дегендей шаштысын ала баштады. Чалды да күтпөй, куугунун да күтпөй, мынабу бейкапар жайылып жаткан жылкыларды куюндатып айдап олтуруп Чоң-Кеминдин оң бөйрөгүндө жаткан элиме жетип барсам, казактын калың жылкысын жалгыз айдап чыктымбы, же бир жолбун Чалдын жардамы менен айдап чыктымбы, кимдин кандай иши бар? “Аман-соо болсо эбак келет эле, ушул соо болбой калды көрүнөт” деген ойго улам убакыт өткөн сайын ишеними тереңдеп, жумшак эттен жасалган адам пендеси эмеспи, алты күн моюндашып жүрүп тозотто калган Чалдын бар-жогуна карабай калың жылкыга өзү ээлик кылып айдай качсамбы деген азгырык ой көңүлүн ээлеп, жанатан бери оюнда кири жок Чалдын келишин чын-дили менен күткөн ниети, эми Чалдын таптакыр эле келбей калышын тилей баштагансыды. “Чалдын иши бүттү, келбей калды” деген чечимди так кесе чыгаралбай, кете берсемби, күтө турсамбы деп эки анжы ойдо турганда капилет Боргул ууруну эстеди. Жигиттин маңдайынан муздак тер чыга түштү. Бул чал Боргул болуп калышы толук ыктымал деген ойго кайрадан ооп, канча күн болсо да күтөм дегендей өзүнө өзү катуу шерт койгондон кийин гана көзүнүн агына толо түшкөн кызылы тарап, анда-санда ачылып кетчү ороодой аңырайган напсиси кылдай ичкерип, жаны жай ала түштү...

*     *     *

Кеч күздүн кыска күнү кылкылдап батып баратты. Чалдан дайын жок. Кандай болбосун күтүү керек. Жигит түнөгөнгө дайынданды. Күрөң айгырды кууп жүрүп сыйыртмак салып кармап, таман карагайды жээктеп аккан өзөн суунун боюнда ысыгыңа да, суугуңа да моюн бербей көгөрүп өскөн алысын чөпкө аркандап, сары сойгоктон учуп өлбөсүн деп үйүр бээлерди коктуга айдады. Күрөң айгырга ишенүү кыйын. Көзүң мындай болсо, күнбү, түнбү үйүрүн алдына салып көнгөн жерине айдап кетиши турулуу иш. Эң коркунучтуусу Күрөң айгыр, андан кийинкиси ит-куш...

Жигит минип жүргөн Кула кашкасын да аркандады. Болбосо чатак. Бөтөн жерден келген бээлерге көзү түшүп, көкүрөгү ысып турган Кула кашка түнү менен ызы-чуу түшүрүп, көтөн зордукка салса токтогон бээлердин бирин-экинин бузуп жибериши ыктымал.

Жигит алдыга токулгасын жая салып, башына ээр-токумун жаздап, үстүнө бөктөрүнүп жүргөн ичигин жамынып, өйдөгө, Чомойдун ташынын түбүнө жатты.

Жарыктык Көк-Ойрок демейде бул мезгилде күздүн кара шамалы менен шыргалаң муздак жааны, кара жини кармаганда боройлоп келчү ак тозоң кары жаап, калтыратып-титиретип малды жылуу ыктоого, адамды жылуу үйгө кубалап кирчү эле, Жигит менен Чал жолукканы тоо башына томуктай булут конбой, желп эткен жел жүрбөй, күн мемиреп, жер чымырап адаттан тыш жылуу болду.

Жигит адатынча түн бир оокумга чейин уктай албай Чалды ойлоп жатты. “Келет эле, эмне кечикти? Колго түшүрүп алып кетиштиби? Же жарадар болуп жатып калдыбы? Колго түшсө, куугунчу келет эле. Жарадар болсо аты келет эле. Өлүп...” деп баратып андан аркысын ойлонгусу келбей кетти.

Бу Чал оңой чал эмес. Келет. Келгенде да кандай келет? Жөн келбей, жыга чапкан жылкычылардын минги аттарын кошо жетелей келет эмеспи. Көрөсүң го, келет” деп бирөөгө далилдеп ишендирип жаткандай, өзүн өзү ишендирип, өзүнө өзү дем кайрат берип көпкө уктай албай жатты...

Жигиттин уйкусу жаман. Жалаң ушул уйкунун айынан далай ирет колго түшүп, жанчылып да, жанчып да зорго дегенде кутулуп чыккан. Уйкуга да чыдамы күчтүү. Бир жума күнү-түнү уктабай жүр десең кирпик какпай, кадимкидей сергек, чыйрак жүрө берет. Анан уйкунун кезеги келгенде башына,  жамбашына бодур таш төшөп койсоң да үч күн, үч түн былк этпей уктайт.

Боргулдун да уйкусу катуу эле, ал дагы жумалап уктабай жүрүп, бир чыгынып уктаганда үч- төрт күн күнү-түнү ойгонбой уктап коёр эле – деп касиетинен кагылайын Малик атанын айткан сөзүн кез-кез эстеп, жигит ичинен  өзүн-өзү Боргулга окшоштуруп, Боргулга салыштырып компоюп калаар эле.

Жигит  Малик атанын Боргул жөнүндө айткан дагы бир аңгемесин эстеди.

“Ысык-Көлдүн күңгөй тоолорун жойлоп, андан Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосуна ооп, “жер чалып”, “мал чалып” жүрүп  өзү ыргайдай, аты торгойдой арыктап жедеп чаалыгып-чарчап баспай калганда казак менен кыргыздын чегине – Ашуу-Алматы белине барып түнөйт. Көп өтпөй бир күн уктаганбы, эки күн уктаганбы, үч күн уктаганбы, ким билсин, ошо кызуу уйкуда жатканда экөө шоңшоюп орус мылтык асынган, бирөөсү жөн-жай салт атчан казактын албан-субандай үч жигити Боргулду жаткан жеринен тургузбай баса калып кармап алышат.

-Ата-а жаман казактын маңка жигиттери төшүмө отура калып муунтканы жүрбөйбү. Бир силкинсем үчөө үч жакка көмөлөнүп барып, жерге оонап тура калышты. Үчөөнү үч жакка жыга чабат элем, шоңшойтуп көтөрүп алган орус мылтыгынан чочубадымбы, - деп эскерчү экен кыраан Боргул.

Казак менен кыргыздын арасында атагы таш жарган Боргул деген ким экенин дардактаган үч жигит билген-билбегенин ким билсин, кыргыздарга кайра-кайра малын чаптыра берип жедеп көкөйүнө көк таштай тийген казактар кыргыздын кимиси болбосун колубузга тийсе туткунга алып, эси-көөнүнөн чыккыс кылып жазалайбыз деп жаалы күчөп жинденип жүргөн казактардын көктөн издегени жерден табылганга сүйүнгөндөн сен кимсиң, кайда жүргөн немесиң деп баш оорутуп сурак кылбай ордодо эл сурап олтурган кыйындарына “белек” кылып өткөзүп берүүнү көздөгөн үч жигит Боргулдун эки колун артына кайчылаштыра кайрып, кыл чылбыр менен чымырата байлап, жанагы шоңшойтуп асынган мылтыгы жок салт атчан жигиттин жээрде кашка атына Боргулду көтөрүп мингизишип, кара мата көрпөчөнү аттын соорусуна жая салып, ошол салт атчан жигит Боргулдун белинен бек кучактап артына учкашып алат. Алчактаган кара кашка айгыр минген жигит алдыга түшүп, Боргул минген жээрде кашканы чылбырынан жетелеп, күрөң кашка минген жигит алда кандай болот дегендей  акмалап артынан айдап алат.

Оңбогон жээрде кашка он эки чапса бир баспаган, басса да бураңдап түз баспаган карчыты кеткен, карылыгы жеткен чобур экен. Айдоого кетип баратса да, туткунга кетип баратса да Камбар атанын мыкты тукумун көрсө жата калып жанын бергенге даяр Боргул жээрде кашканы жетелеп төрт аягы жерге тийип-тийбей жеңил-желпи жетелеп бараткан кара кашка айгырга сугу түшүп: “Атаңгөрү мал эмес бекен!” деп муздак эрдин жылуу тили менен эки-үч ирет жаланып алганга жараган экен.

Чубай бастырган үч атчан төрт жигит казактын Алма-Арашан бөксө жайлоосуна келип түшөт. Жайлоо болбосоң коё кал! Жайлоонун төрү чер токой, ачыгы жайкалган көк шибер, кокту-колот, кайкы-бели, кыр-кыры кызыл-тазыл гүлү жайнаган бейиштин төрүндөй жер экен! Батыш-чыгышыңа, түндүк-түштүгүңө жер аттууну калтырбай толук жойлогон карышкыр Боргул, жолборс Боргул кайсы мезгил болбосун түнкүсүн өңүп, түнкүсүн мал чаап жүрүп ушул Алма-Арашан жайлоосун кеминде жүз жолу аңтарып-теңтерип, жүз жолу мал чаап кеткенде күндүзгү кооздугун байкабаган Боргул туткунга түшкөндө чар тарабына көз жүгүртүп суктанып карап атканын, тамшанып карап атканын карабайсыңбы!

Казактын бай-кедейи дебей чатырата ак боз үйлөрүн тигишип, желе-желе бээ байлап, казан-казан эт асып орозо айт майрамын өзгөчө шаң менен майрамдап жатышкан кези экен. Төртөө туш келген үй казактын кара кашка айгырын алчактата минген жалаяк ооз, жымшык көз, ынды кара жигиттин тааныш-билиши өңдөнөт:

--Ау арыстаным, олжолуу келдиңба! – деп үй ээси сары дуңгул жигит алдыларынан утурлай басып, аттарынан түшүрүп тосуп алат.

Боргулдун байлануу колун чечип эки жигит эки жагынан колтуктап жетелеп келип, көр-жер кийирген боз үйдүн туурдугун өйдөлөп түрүп жиберип, эки бутун сундуруп жалпак олтургузуп, жылаңач керегенин эки көзөнөгүнөн эки колун өз-өзүнчө ичкери кайрып кийирип, эки колун бири-бирине айкалыштырып кыл чылбыр менен кайрадан чымырата бек байлап салышты да, үй ээси менен келген жигиттер чатырайта тигилген алты канат ак боз үйгө – конок үйгө кирип кетишет.

Сыртта ачкасынан ичи кайрылып өзөгүн өрт чалган Боргул, кара тери кургасын деп үч бөлөк карагай мамыга байланган жээрде кашка, күрөң кашка, кара кашка үч айгыр, кайчылашып кара жерге сулап жаткан эки орус мылтык, меймандар келгенде бир жолу баш көтөрүп үрүп койгонго жарабай тумшугун төш жүнүнө катып уйкудан көзу ачылбаган карган көк дөбөт, кемегеде буусун көккө бүркүп шакылдап кайнап жаткан кара казан, конок үйдөн тыпылдап чуркап чыгып кемегенин отун ичкертип жаткан кара каш, кара көз, кымча бел сулуу жаш келин...

Конок үйдөгү үч жигиттин каткырыгы таш жарат. Кесеге мелт-калт куюлган ынак кымыздан кылк-кылк жутуп коюп, сырттагы байлануу олтурган сакоо кыргызды уктап жаткан жеринен кантип баса калып туткунга түшүрүшкөнүн биринен сала бири сөз талашып айтып жатканын кыраан Боргул үзүл-кесил кулак сыртынан угуп олтурат.

Боргулдагы бир касиет – нак душмандын колуна түшөбү, нак душмандын камоосунда калабы, чырылдап-чыркырап бейпайга түшпөйт, жалынып-жалбарып суранбайт. Өзүн адаттан тыш токтоо кармайт. Сүйлөбөйт. Суроо берсе кыска жооп берет. Кандай гана кыйноо болбосун чыдайт. Бошонуп кетүүнүн жолун издейт. Эмнегедир качып чыгаарына катуу ишенет. Башына балта чабылаарда да келечектен үмүт үзбөгөн кайышкан кашкөй кыраан...

Кымызга тойгон эрендер казандагы эт бышкыча төмөнкү конуштагы боз үйлөргө айттап барып келүүнү оң көрүштү окшойт, карагай мамыда аса байланган үч айгырды, кара жерде кайчылашып жаткан эки орус мылтыкты, уйкудан көзү ачылбаган картаң көк дөбөттү, тыпылдап камыр жууруп, эт бышырган кара каш, кара көз, кымча бел сулуу келинди, эки колу керегеге кайрып байланган Боргулду бир кудайга тапшырып жөнөп кетишет.

Боргулдун эки көзү ойдолоктоп жөн турбаган кара кашка айгырда, кайчылашып кара жерде сулк жаткан эки орус мылтыкта, байлануу колунун манжалары чыя байланган кыл чылбырдын учун издеп кыймылда... Анда-санда Боргул оң жагына бир ооп, сол жагына бир ооп копшолуп-оңдонуп олтургансып коёт. Оң жагына ооп копшолгону сол колунун манжаларынын бошоңураак тың кыймылдаганына, сол жагына ооп копшолгону оң колунун манжаларынын бошоңураак тың кыймылдаганына оңтой түзүп, кыл чылбырдын чунайган кыска учун илгенге аракет кылып жатканы. Башканын жолу кандай экенин  ким билсин, түпсүз көргө салсаң да тымпыйып тынч олтургансыганы менен жарыкка чыгуунун жолун издеп тынымсыз талыкпай издене берер адам ушул Боргул.

Чыя байланган кыл чылбырдын чунайган кыска учун кыбырап тыным билбеген эки бармагы менен соймоңдоп сойлогон эки сөөмөйү эбин таап, эптеп жатып манжа учуна илип алат. Манжага илинген кыл аркандын кыска учун оң жагына талыкпай бурап чыйралтып олтуруп чыя байланган түйүнүн карай күчтөп түртүп бошотуп, анан чубалган сол учун оңго бурап чыйралтып олтуруп, чыя байланган түйүнүн сол жагынан да күчтөп түртүп бошотуп, улам бир тарабын чыйралтып бурагандан бурап, бошоңдоткондон бошотуп олтуруп акыр аягы тамам болоор жерине жеткенде эки колун күч менен булкуп-жулкуп кыл аркандын толук бошобогон байлоосунан сууруп алат.

Келин чоң боз үйдөн чыгып кемегенин отун карайын деп тыпылдап чуркап баратканда:

--Ай катын! – деп Боргул жоон үнү менен “барк!” этсе, келин Боргул тарапты жалт карайт:

--Ойбай-ай! Бул неси?! – деп байланган колун бошотуп алып бейкапар олтурган Боргулду көрүп чок баскандай чочуп секирип кетет.

--Алдагы кайнап жаткан сорпоңон куй! – деп Боргул дагы бир жолу сүрүн салып “барк!” этсе алаңдап коркуп алган жаш келин боз үйгө чуркап кирип, жыгач кесе алып чыгып казандагы кайнап жаткан сорподон куюп келет.

Дагы кандай жакшылык жасап жиберип сурданган бул кишинин көңүлүн кантип жибитип жиберсем деген ойдо кыйпычыктап турган жаш келин:

--Акежан, баурсак жейсизба? – деп боору ооруган кишидей жалооруп караганда эртеден бери ичи эңшерилип жаңы эле ысык сорпого ээрди тийген Боргул боорсок эле эмес, жегенге жарагыдай эмне балакет алып келсең да баарын калтырбай мойсоп жеп жиберем дегендей арааны ачылган табит менен макул деп башын кандай ийкегилеп жибергенин өзү да сезбей калат. Ушул эле ишааратты күтүп турган жаш келин көз ачып-жумгуча жайма табакка үймө боорсок салып жетип келет. Сорпонун даамына караганда эт алешем бышкан кези экен. Ысык сорпого боорсоктон дөбөлөп салып шашпай ичип-жеп, эттин бышышын күтүп, бышкан эттен кардым тоё жеп анан аттансамбы деген азгырма ойго бир аз жетеленип барып, кайра айнып токтойт. Эттин канча убакта бышаар болжолун тиги үй ээси менен үч жигит да жакшы билээрин, “кой, эт бышып калды” дешип алар да келип калса, алар менен кызыл-жаян ок атышып, ойдон ойго, кырдан кырга куушуп олтурбай ушундайымда оңой-олтоң, жеңил-желпи кете берейин деген Боргул кара жерде кайчылашып жаткан эки орус мылтыкты алып бир ийинге салып, жаңкы жигиттердей шоңшойтуп асынып, карагай мамыда каңтара байланып турган кара кашка айгырдын чылбырын чечип, мамыдан четкерээк жерге жетелеп барып басмайылын бек тартып, ал эми жол берегөр дегендей ичинен тилек тилеп бир күбүрөнүп алып кара кашка айгырдын төгүлгөн кара жалынын бир тутамын аткый кармап, салаңдаган күмүш үзөңгүсүн  “үзө тээп” шамдагайлык менен шап минет да ийниндеги эки мылтыктын бир мылтыгын такымына кысып, экинчисин колуна алат. Өзү минип келген жээрде кашка чобурда кара кашканы кууп жеткидей шай жок. Жаманбы, жакшыбы денине дени тийишип туткунга түшкөндө өзү минип келди. Жээрде кашка чобур болгону менен жолу жакшы айгыр экен, мына минтип душман туткунунан кутулуп өз жерине аман-эсен кайтканы турат. Шорун шорлотуп атып салганда не пайда! Чобур да болсо өз күнүн көрө берсин. Балээнин баары аркы күрөң кашкада жатат. Куугун түшүп калса алдындагы кара кашканы такымдап кууп жөн кутултпай катуу кармаш алып келээрин түшүнгөн Боргул ат үстүнөн колундагы орус мылтыкты аса байланып турган күрөң кашканын как маңдайына мээлеп туруп басканда кайран күрөңдүн кайкайып кадыр күткөн намыскөй башы карагай мамыга “каңк!” этип бир чабылып, байлануу кыска чылбырга керилген баш-моюну кейкейип керилип тартылган боюнча алдыңкы эки буту бүктөлбөй, арткы эки буту бүктөлүп очорулуп отуруп калат.

Мылтыктын кара түтүн бүркүп “да-а-аң!” деген ачуу үнүнөн чочуп ойгонгон көк дөбөт жаткан ордунан атып турса, кемегенин оозунда күйгөн отту ичкертимиш болуп жер карап күйпөлөктөп олтурган жаш келин алты канат ак боз үйдүн ичине кире качат.

“Кана эми маңка казагым, колуңан келсе кууп жетип ал!” деп ээн тоону жойлогон карышкыр Боргул, жолборс Боргул эки мылтыкты ай далысына соройтуп асынып, жал-куйругу төгүлгөн кара кашканы алкынта теминип, өзүнүн боор эти менен тең бүткөн Көк-Ойрок жайлоосун көздөй, Ашуу-Алматы белинин аркы оюндагы Бөйрөк-Булакта арканын үзө албай анда-санда ээсин эстеп аңгырап-шаңгырап жол карап кишенеген кер кашка айгырын көздөй чапкан экен...”

“Буюрса Чал аман-эсен келет, көрөсүң го аман-эсен келет” деп Жигит бул жолу да Чалдын аман-эсен келишин Боргулдун туткундан кутулган окуясына байлап, үмүт улап, ырым кармап, өзүн-өзү жооткотуп, эмнегедир ичинен илеби кайтпаган сүйүнүчтүү маанай менен көзү жуумп уктап кетти.

Жигит күн аркан бою көтөрүлүп калганда чочуп ойгонду. Бээлер коктуда, Күрөң айгыр аркандалган жеринде жылбай оттоп жатканын көрүп жүрөгү ылдыйлай түштү.

Адатынча өзөндүн шыргалаң муздак суусуна бети-колун чайкап, Бүркүт-Уядан бышырып, куржундарга бөлүштүрүп салып алган жылкынын этинен бир аз өзөк жалгады.

Күндүз коркунуч аз. Бээлер коктуда, алысын чөптүн кызыгында. Күрөң айгыр аркандалуу... Жигит Чалдын дайнын билүүгө камынды.

Жигит кыр-кырлап кылчактабай, жалаң кокту-колот, жылга-жыбыт менен жүрүп, түш оой Көк-Кыянын чубатмасына жетти. Тээ төмөндө өзөндүн күркүрөп-шаркыраган дабышынан башка как эткен карга, кук эткен кузгун да жок. Казактын жылкычыларынын боз үйү да көрүнбөйт. Балким арылатып буйткага тиккендир деп ичинен түкшүмөлдөп койду. Кула кашканы жөө жетелеп Көк-Кыянын чубатмасынын бир топ жерине чейин барды. Жаңы түшкөн из да, жаңы чычкан жылкынын богу да жок. Жигит көпкө кармалбай Көк-Кыянын Көк-Ойрок тарабындагы күңгөй бетине ашып түшүп, Чалдын үйүнө – Бүркүт уядагы үңкүрүнө бет алды. Бардыгы баягысындай. Аюу талпак төрдө, таар төшөк төмөнүрөөк жерде, жан казан босогодо. Кемегеде жаңыртып жагылган оттун күлү көрүнбөйт. Үңкүрдүн тегерегинде жаңы түшкөн жылкынын изи, үңкүрдүн ичинде жаңы түнөп кеткен адамдын жыты сезилбейт...

“Бул кудай аткыр кексе чал кайда кеткен, эмне болгон деген санаа коштогон ой жигиттин чындап тынчын ала баштады. Жигит Бүркүт-Уядагы үңкүрдүн оозунда бир топко тымып олтурду.  “Кой, урушта туруш жок” деп баягы кер кашка менен кула кашканы шыргоолго таңып мөңгү ылдый аттырган чокуга чыксам Көк-Ойроктун казак тарап бети да, кыргыз тарап бети да алаканга салгандай ачык көрүнөт, соройтуп ат минбей жөө барайын деп кула кашканы орто жоон четинге аркандап, өзү чокуну көздөй жөө бет алды. Башта чал менен чыгып жүргөңдө чокуга чейинки аралык итапкан аралык экенин элес албаптыр. Жандаган шеригиң болсо жолдун узун-кыскасы, жердин алыс-жакыны анчейин сезилбейт окшобойбу, ал кезде ошондой болсо керек, бул жолу Жигит бир топко жол арбытып жөө басты.

Жигит чокудагы жарылган аскага жеткенде кадамын жайлатып, алды-артын кайрылып аңтара кадалып-тиктеп, анан туу чокунун түгөнгөн кырына чыкты. Казактын Сары-Күңгөй тоосу ачык тийген күндүн нуруна жүзүн тосуп мемиреп бейкут жаткан экен. Батыштан билинээр-билинбес күздүн салкын жели согуп, тоо коктусун бөлө жарып аккан көк кашка дарыянын шоокуму үзүл-кесил угулуп турду. Бул жактан да казактын чатырая тигилген ак боз үйү көзгө илинбеди. Көнө жүргөн, көрө жүргөн кымгуут турмуш башталды деп, казактар бир үйүр жылкысын алдырса да калганын аман сактап калалы деп кыргыздардан оолак ичкери көчө качса керек деген ойго келди жигит. Чал кайда кеткен? Арам өлсө карга-кузгун айланып чалыңдын сөөгү бул жакта деп айттырбай билдирип турат эле. Же казактардын туткунуна түшүп, казактар көчү менен кошо ала кетип, качан  канча малды ким менен уурдаганын айттырып алып, анан кыргыздар менен биротоло беттешкенге камдуу чыгалы деп камданып жатабы деген ойго да түштү.

Жигит бир топко туу чокуда Көк-Ойроктун түндүк-түштүгүн, батыш-чыгышын бир топко телмирип карап олтурду да, кайрадан артка тартты...

Жээрде кашка менен Бүркүт-Уядан жол кыскартып түшөйүн деп ат баспаган кум-шагылга кирип кетип, кула кашка экөө сороктоп, серектеп шагылга тыгылып, кумга тыгылып, кайрак ташка туягын алдырып, араң дегенде Көк-Кыянын бир таман чубатма жолунун тушуна жеткенде ат менен кошо эзилип-жанчылган Жигит кула кашканын үстүнөн түшө качып, кула кашканы булактын боюндагы алысын чөпкө аркандап, кайрадан бир аңтарып-теңтерип Көк-Кыянын ичин жакшылап карап келейин деп жөө-жалаңдап Көк-Кыяга жөнөдү.

Дагы эле баягы көрүнүш. Көк-Кыянын чубатма таман жолунда адамдын да, аттын да басып өткөн изи, минген аттын жаңы чычкан кыгы да жок. Оңбогон чал кайда кетти? Чын эле туткунга түшүп калганбы?

Чал, чал дегеним менен ал чал оңой чал эмес, туткунга түшсө эбин таап качып келет деп Малик ата айтып берген туткунга түшкөн Боргулдун окуясына байлап, Боргул бошонуп качкандай Чал да качып келчүдөй таттуу кыялга жетеленип, эртеден бери жер кыдырып, жөө кыдырып чарчап-чаалыкканына карабай, чалды жоктоп ыгы келсе да, келбесе да жер карап мүңкүрөй бербей, өз көңүлүн өзү көтөргүдөй жакшы ойлордун жетегинде келет...

Жигит эл орунга отурар маалда үйүр жылкы менен аркандалуу Күрөң айгырга чарчап-чаалыгып жетти. Күрөң айгырды жаңы орунга которуп аркандап, күн шашкеден түн ортосуна чейин чыкпаган тоосу, ашпаган бели, баспаган жолу калбай, кара терге түшкөн Кула кашка айгырды жалгыз карагайдын жоон бутагына таң ашырып аса байлап коюп, Чомойдун ташынын түбүндөгү жатагына бутун тарталбай бүк түшүп жыгылды.

*     *     *

Аба-ырайы бат эле бузулду. Асманды калдайган кара булут каптап, тоо чокуларына бозоргон туман түшүп, кокту-колот, жылга-жыбытта калган күздүн акыркы жылуу абасын күздүн ичиркенткен кара шамалы жалап-жуктап алеки саатта шабыратып кууп чыкты. Адегенде жолунан адашкан келгиндей дыбырап жаан жаап, жаан бат эле шыбыргакка, шыбыргак бурганактап жааган карга айланды.

Жигит адатынча чочуп ойгонду. Таң агарып калган экен. Кар тушарга жете жааптыр. “Бээлер эмне болду экен, бийик бетке чыгып кетишип, боо түшүп учкан жок бекен?” деген ой Жигиттин мээсине шак дей түшүп, жаткан жеринен атып туруп, бээлер жаткан коктуну көздөй кар малтап капталдай чуркады. Асманга учуп кеткендей бээ түгүл кара балакет да жок, из да жок, жымжырт. Жигит жин урган немедей коктудан коктуга, жылгадан жылгага, кырдан кырга чуркады. Жылкы айдагансып “айт! айт!” деп эки-үч курдай ызасына чыдабай кыйкырып да жиберди. Бышкырган, кошкурган, кишенеген үн да жок, дабыш да жок.

Жигит бир орунга тынч туралбай дагы өйдөлөп чуркады. Тонунун этеги бутуна чалынып, улам оорлоп жонун басканынан, тонун чечип ыргытты. Тебетейи да оорлогондо, тебетейин да чечип ыргытты. Ташка чалынып, караганга жеңин жулдуруп, колун тилдирип чуркады. Күчүгүн алдырган бөрүдөй кокту-колоттун, жылга-жыбыттын булуң-бурчунун бирин калтырбай итче шимшилеп үйүр бээни издеп чуркады. Башынан көк буу көтөрүлүп, бүткөн боюн кара тер басты. Жүрөгү лакылдап, ичи ысып чыкты. Кардан сугунду. Карга бетин жууду, колун жууду. Ызаланды. Ызанын ысык жашы көзүнө тегеренди. “Энеңди...” деди. “Атаңды...” деди. Бирок кимди? Өзү да билбейт. Карга оонады... Тер баскан денеси бир аз сууп салкындай түшкөнсүдү. Жаткан жеринен атып туруп Күрөң айгыр аркандалган таман карагайга чуркады. Күрөң айгыр да, аркан да жок.

“Ата-а, казактар жайлаган экен!” деген ой кетти. Түз эле Кула кашка байланган жалгыз карагайга чуркады. Жарыктык Кула кашка! Окуранып, бышкырып, кошкуруп, үстүндөгү токулгасы менен аман-эсен өз ордуна байланып турган экен. Жигит Кула кашканы  көргөндө чалкасынан кете жаздады. “Казактар эмес, казактар эмес! Казактар келсе өлүк болуп уктап жаткан өзүмдү да, аса байланган атымды да жайламак. Алар эмес, алар эмес!” деп ичи сыйрылып, тамагы айрылгыча аска-зоону жаңыртып кыйкырып-кыйкырып алды да: “Оңбогон кексе чал, өзүң жасаган экенсиң, өзүңдүн колуңан келген экен!” деп улам калыңдап жааган терең карга эт-бетинен кулап түшүп, же кара жинин чыгарып сөгүнгөнү, же ызасына чыдабай ыйлаганы билинбей, күбүр-шыбыр сөз сүйлөп, эки далысы бүлкүлдөп, көмкөрөсүнөн көпкө жатты.

Жигитти сооротоор да, көңүлүн жубатаар да киши жок, оо бир топто кара тери кургап, көкүрөгү сууганда туруп, аркы коктуда калган тонун, берки коктуда калган тебетейин “терип” кийип келип, Кула кашка байланган карагайга тушташ, катуу шамалдан тамыры тарбайып омкорулуп жыгылган куу карагайдын үстүнө көчүк басты.

Батыштан чыгышка дуулдап соккон кара шамал тып басылып, бурганактап жааган кар эми бапалактап, сампарлап жылуу жаай баштады. “Атаңдынгөрү, иттин чалы... Мен аны күтүп жүрсөм, издеп жүрсөм, ал мени бир үйүр бээге кошуп сыртыман кайтарып жүргөн турбайбы!”

Жигиттин кайрадан кара жини шакардай кайнап, көзүнүн агына кан толуп, таманынан төбөсүнө чейин чоюн темирдей катып чымырап, көкүрөгүнө тирелген ачуу жини муунтуп, ынтыктырып турду. “Иттин гана кексе чалы! Мен ага досумдай ишенбедимби! Атамдай ишенбедимби! Куусун карабайсыңбы. Изин да, жытын да таптырбай жуп кар жаар астында айдай качканын!... Мен аны кокту-колоттон, жылга-жыбыттан, Көк-Кыядан, Бүркүт уядан издегенимди, өзүм да чарчап, атым да чарчап куйругу чычайып баспай келгенин сыртымдан аңдып көрүп турду да, билип турду да. Бээлердин кетип баратканын, күрөң айгырдын кетип баратканын туюп-билген күндө да колунан эмне келет деди да! Ой-тоону кыдырып, айгырымдын алы жок, өзүмдүн шайым жок бүк түшүп жыгылганымды билди да. Изин да, жытын да жашырып кар жаар алдында жер карада айдай качканын карабайсыңбы кексе чалдын?!.” деп күйгүлтүккө түшүп, кара башын мыкчыды.

“Жок, бул Боргул эмес! Бул Боргул эмес! Боргулга кайнаса каны кошулбайт!” деп Боргул же Боргул эмес экенин так билбей туруп эле, Боргулга эмнеге болушуп баш чайкаганын өзү да толук түшүнө алган жок.

Жигит алдырган айгырына да, бээлерине да анчейин ичи күйгөн жок, алданганына ичи өрттөнүп күйдү.

“Атаңгөрү... кезегинде кенедей балага алдырган Майкулак кантти экен? Намысына, уятына, ызасына чыдабай үйүнөн чыкпай бүк түшүп жатып калгандыр” деп качанкы бир мезгилде өткөн Майкулакты эстеди. “Кечээ эле колунан жулдуруп, оозунан алдырган казагым кантти экен?” деп кадимкидей чогуу жок жоготкондой, бир тууганын эстегендей ичи эңшерилип, мууну бошой түштү. “Алдырган жаман турбайбы, жулдурган жаман турбайбы!” Бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой кайра-кайра башын чайкады.

Жигиттин башындагы кара көрпө тебетейи менен үстүндөгү кара ичиги сампарлап жааган карга агара баштады.

“Билип эле турам, Чолпон-Ата тарапка ашырып кетти. Кеч бешим Түпкө жетет, эртең таң ата Караколдун базарына кирип барат... Артынан кууюн десең кар калың, ашуу бек, айла жок” деп эки мүрүсүнө ок тийип, кош канаты шалдайган бүркүтчө отурган ордунан обдулуп-обдулуп алып тим болду.

“Ата-а Майкулак байкуш кантти экен?” деп Майкулакты дагы бир ирет эстеди. “Ал ал го. Кечээ күнү эле үйүр жылкысын алдырган байкуш казактарым кантти экен?” деп казактарга эми чындап боору ооруй баштады. “Алдырган жаман турбайбы, жулдурган жаман турбайбы!” деп каңырыгы түтөп, көңүлү аңтарылып, көкүрөгү муздап олтурган Жигиттин кар алдынан жарып чыккан байчечекей гүлүндөй жаңыдан баш баккан адамдык бир ыйык, ысык сезими ойгонду. “Алган, жулгандын айылынан” көңүлү көк таштай калып, “алдырган, жулдургандардын айылына” боору ооруп, жүрөгү ооруп, каңырыгы түтөп олтурганы эле өзгө эмес, өзү үчүн да чоң жаңылык, чоң жышана экенин алдыртан туюп, таштай каткан боору бошоңдоп, дүгдүйгөн дени жумшарып, как эткен каргасы жок, кук эткен кузгуну жок ээн тоонун этегинде олтурган ордунан козголбой көпкө олтурду.  

Касиеттүү Көк-Ойроктун аяк-башын акка чулгап бапалактап жааган кар дагы эле тынбай жаап жатты...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз