Кыргызча

Кыйынчылыкта сабыр кылуу, жыргалчылыкта сүйүнүү жарашат

Синопиялык Диоген – байыркы грек философу, ( болжол менен б.з.ч. 412 – б.з.ч. 323) Антисфендин окуучусу.

***

Жакырчылыктын өзү философияга жол ачат. Философия сөз менен ынандырууга аракет кылганыңды жакырчылык иш жүзүндө кылууга мажбурлайт.

***

Жаман адамдар өз кумарына кожоюндарына баш ийген кул сыяктуу баш ийишет.

***

Кайбатчы жапайы айбандардын эң каардуусу, кошоматчы бакма жаныбарлардын эң коркунучтуусу.

***

Жогорку даражалуу кызматкерлерге отко жасагандай мамиле кыл: аларга өтө жакын да, алыс да турба.

***

Досторуңа кол сунганда муштум түйбө.

***

Чаңкоосун суу эмес, шарап менен кандырган адам малдан да акылсыз.

***

Философия жана медицина адамды айбандардын эң акылдуусу, төлгөчүлүк менен астрология эң алаңгазары, ырым-жырым жана деспотизм эң бактысызы кылды.

***

Мен дүйнө жаранымын.

***

Мен мурдума чаң киргенде гана чүчкүрөм, болбосо чүчкүрбөйм.

***

Жашоодо ыракат жок болсо, анда жок дегенде кандайдыр бир маани болушу керек.

 

Мигель де Сервантес Сааведра (испанча: Miguel de Cervantes Saavedra; 1547 - 1616) - дүйнөгө белгилүү испан жазуучусу жана жоокери. Ал дүйнөлүк адабияттын эң улуу чыгармаларынын бири – “Ламанчалык куу Идальго Дон Кихот” романынын автору.

***

Кырсыкты бекерчилик менен да, жалкоолук менен да оңдоо мүмкүн эмес.

***

Байлык бул – байлыктын өзүнө ээлик кылууда эмес, аны максатка ылайык пайдалана билүүдө.

***

Латын тилин билүү кээ бир адамдардын эшек боюнча калуусуна тоскоол болбойт.

***

Коркок жандардын жан-дүйнөсүндө бакытка орун жок.

***

Улуу адамдар улуу боорукерликке жөндөмдүү.

***

Адамдардын жашоосунда алар өз убагында токтошу керек болгон бакыттын да, атак-даңктын да чеги бар; андан ары өтүшсө, азапка жана жек көрүүлөргө дуушар болушат.

***

Кандай илимде, кандай искусстводо болбосун, эң мыкты мугалим — тажрыйба.

***

Бактысыздыктан чыгуу үчүн тагдыр ар дайым эшик калтырат.

***

Сүйүүнүн алдында эң тайманбас эриндер кымтууга келбей, айтылуга зарыл нерселер айтылбайт.

***

Дүйнөдө өлүмдөн башкасынын баарын оңдоого болот.

***

Ар бир адамга кылган ишине жараша баа берилген оң.

***

Ар бир ыр сыяктуу эле ар бир комедиянын өз кезеги, өз учуру болот.

***

Ойлонбой сүйлөө – мээлебей аткан сыяктуу.

***

Кайгы ооруган адамдын тилин байлап коюшу да, агытып жибериши да мүмкүн.

***

Акылсызга жакшылык кылуу – деңизге чакалап суу кошкон менен барабар.

***

Баатыр жүрөктөргө... кыйынчылыкта сабыр кылуу, жыргалчылыкта сүйүнүү  жарашат.

***

Жакшы иштерди эч качан кечиктирбе: кандай гана кечиктирүү болбосун, ал акылсыздык жана көп учурда коркунучтуу.

***

Сүйүүнү жеңүүнүн жалгыз жолу – андан качып кутулуу.

***

Эгерде жалтылдагандын баары алтын болсо, алтын кыйла арзан болмок.

***

Чындык менен жаша – бул эң жакшы насаат.

***

Зордук эч качан эрдикке шерик боло албайт.

***

Абийириңе ылайык жаша, адамдар каалаганын айта берсин.

***

Атасынын сиңирген эмгегинин баласына тиешеси жок.

***

Куугунтук жеп дубалга такалган мышык жолборско айланат.

***

Оорулуу ичкенден баш тартса эң жакшы дары да жардам бербейт.

***

Тарых –  кылган иштерибиздин казынасы, өткөндүн күбөсү, бүгүнкүгө үлгү жана сабак, келечекке эскертүү.

***

Ар бирибиз – өз кылган ишибиздин кулубуз.

***

Баш ооруса, бүткүл денең кыйналат.

***

Тагдырдын дөңгөлөгү тегирмендин барасынан да тез айланат, кечээ эле көктө жүргөн нерселер азыр чаң.

***

Ким күрөшкө даярданса, аны жарым жеңишке жетти деп бил.

***

Кандай тагдыр болбосун чыныгы сүйүү туруштук берет.

***

Жалган тарыхчыларды жасалма акча жасагандар сыяктуу өлүм жазасына тартуу керек.

***

Жүрөккө так түшкүчө, бетиң кызарганы жакшы.

***

Сүйүүнүн көз айнеги керемет, ал аркылуу жез - алтындай, жакырчылык - байлыктай, от тамчылары берметтей көрүнөт.

***

Көп сөз адатта уйкуңду келтирет.

***

Күч менен сүйө албайсың.

***

Убакыт унуткарбаган, өлүм айыктыралбаган бир дагы оору жок.

***

Мактоо мактаган адам жакшы болгондо гана жакшы.

***

Чындык кээде ийилет, бирок эч качан сынбайт жана суу үстүндөгү май сыяктуу калптын үстүндө калкып чыгат.

***

Көрө албастык ар дайым кичинекей нерселерди чоң, эргежээлдерди - дөө, шектенүүлөрдү чындык катары көрсөткөн дүрбү менен карайт.

***

Адамга шайтан салган эң коркунучтуу тузак – бул адамга атак-даңкына барабар акча, акчасына жараша  атак-даңк алып келер китеп жаза алам деген ойго ишендирүү.

***

Сөз — таш сыяктуу: ыргытсаң, кайра аны артка кайтара албайсың.

***

Өзүн өзү мактоо адамдын баасын түшүрөт.

***

Бардык окурмандарды канааттандырар чыгарма жазуу эч мүмкүн эмес.

***

Өз оорусун билүү жана айыктырууга даяр болуу – айыктыруунун башталышы.

***

Ыйман жолу өтө тар, жамандыктын жолу кең жана кенен.

***

Өлүм назиктикке караганда күчкө көбүрөк ээ, ал такыр тайсалдабайт.

***

Арак ичкен адам сыр сактабайт, милдеттин аткарбайт.

***

Чынчылдык – эң жакшы саясат.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Орусча

Комментарий калтырыңыз