Кыйынчылыкта сабыр кылуу, жыргалчылыкта сүйүнүү жарашат
- 16.08.2024
- 0
Синопиялык Диоген – байыркы грек философу, ( болжол менен б.з.ч. 412 – б.з.ч. 323) Антисфендин окуучусу.
***
Жакырчылыктын өзү философияга жол ачат. Философия сөз менен ынандырууга аракет кылганыңды жакырчылык иш жүзүндө кылууга мажбурлайт.
***
Жаман адамдар өз кумарына кожоюндарына баш ийген кул сыяктуу баш ийишет.
***
Кайбатчы жапайы айбандардын эң каардуусу, кошоматчы бакма жаныбарлардын эң коркунучтуусу.
***
Жогорку даражалуу кызматкерлерге отко жасагандай мамиле кыл: аларга өтө жакын да, алыс да турба.
***
Досторуңа кол сунганда муштум түйбө.
***
Чаңкоосун суу эмес, шарап менен кандырган адам малдан да акылсыз.
***
Философия жана медицина адамды айбандардын эң акылдуусу, төлгөчүлүк менен астрология эң алаңгазары, ырым-жырым жана деспотизм эң бактысызы кылды.
***
Мен дүйнө жаранымын.
***
Мен мурдума чаң киргенде гана чүчкүрөм, болбосо чүчкүрбөйм.
***
Жашоодо ыракат жок болсо, анда жок дегенде кандайдыр бир маани болушу керек.
Мигель де Сервантес Сааведра (испанча: Miguel de Cervantes Saavedra; 1547 - 1616) - дүйнөгө белгилүү испан жазуучусу жана жоокери. Ал дүйнөлүк адабияттын эң улуу чыгармаларынын бири – “Ламанчалык куу Идальго Дон Кихот” романынын автору.
***
Кырсыкты бекерчилик менен да, жалкоолук менен да оңдоо мүмкүн эмес.
***
Байлык бул – байлыктын өзүнө ээлик кылууда эмес, аны максатка ылайык пайдалана билүүдө.
***
Латын тилин билүү кээ бир адамдардын эшек боюнча калуусуна тоскоол болбойт.
***
Коркок жандардын жан-дүйнөсүндө бакытка орун жок.
***
Улуу адамдар улуу боорукерликке жөндөмдүү.
***
Адамдардын жашоосунда алар өз убагында токтошу керек болгон бакыттын да, атак-даңктын да чеги бар; андан ары өтүшсө, азапка жана жек көрүүлөргө дуушар болушат.
***
Кандай илимде, кандай искусстводо болбосун, эң мыкты мугалим — тажрыйба.
***
Бактысыздыктан чыгуу үчүн тагдыр ар дайым эшик калтырат.
***
Сүйүүнүн алдында эң тайманбас эриндер кымтууга келбей, айтылуга зарыл нерселер айтылбайт.
***
Дүйнөдө өлүмдөн башкасынын баарын оңдоого болот.
***
Ар бир адамга кылган ишине жараша баа берилген оң.
***
Ар бир ыр сыяктуу эле ар бир комедиянын өз кезеги, өз учуру болот.
***
Ойлонбой сүйлөө – мээлебей аткан сыяктуу.
***
Кайгы ооруган адамдын тилин байлап коюшу да, агытып жибериши да мүмкүн.
***
Акылсызга жакшылык кылуу – деңизге чакалап суу кошкон менен барабар.
***
Баатыр жүрөктөргө... кыйынчылыкта сабыр кылуу, жыргалчылыкта сүйүнүү жарашат.
***
Жакшы иштерди эч качан кечиктирбе: кандай гана кечиктирүү болбосун, ал акылсыздык жана көп учурда коркунучтуу.
***
Сүйүүнү жеңүүнүн жалгыз жолу – андан качып кутулуу.
***
Эгерде жалтылдагандын баары алтын болсо, алтын кыйла арзан болмок.
***
Чындык менен жаша – бул эң жакшы насаат.
***
Зордук эч качан эрдикке шерик боло албайт.
***
Абийириңе ылайык жаша, адамдар каалаганын айта берсин.
***
Атасынын сиңирген эмгегинин баласына тиешеси жок.
***
Куугунтук жеп дубалга такалган мышык жолборско айланат.
***
Оорулуу ичкенден баш тартса эң жакшы дары да жардам бербейт.
***
Тарых – кылган иштерибиздин казынасы, өткөндүн күбөсү, бүгүнкүгө үлгү жана сабак, келечекке эскертүү.
***
Ар бирибиз – өз кылган ишибиздин кулубуз.
***
Баш ооруса, бүткүл денең кыйналат.
***
Тагдырдын дөңгөлөгү тегирмендин барасынан да тез айланат, кечээ эле көктө жүргөн нерселер азыр чаң.
***
Ким күрөшкө даярданса, аны жарым жеңишке жетти деп бил.
***
Кандай тагдыр болбосун чыныгы сүйүү туруштук берет.
***
Жалган тарыхчыларды жасалма акча жасагандар сыяктуу өлүм жазасына тартуу керек.
***
Жүрөккө так түшкүчө, бетиң кызарганы жакшы.
***
Сүйүүнүн көз айнеги керемет, ал аркылуу жез - алтындай, жакырчылык - байлыктай, от тамчылары берметтей көрүнөт.
***
Көп сөз адатта уйкуңду келтирет.
***
Күч менен сүйө албайсың.
***
Убакыт унуткарбаган, өлүм айыктыралбаган бир дагы оору жок.
***
Мактоо мактаган адам жакшы болгондо гана жакшы.
***
Чындык кээде ийилет, бирок эч качан сынбайт жана суу үстүндөгү май сыяктуу калптын үстүндө калкып чыгат.
***
Көрө албастык ар дайым кичинекей нерселерди чоң, эргежээлдерди - дөө, шектенүүлөрдү чындык катары көрсөткөн дүрбү менен карайт.
***
Адамга шайтан салган эң коркунучтуу тузак – бул адамга атак-даңкына барабар акча, акчасына жараша атак-даңк алып келер китеп жаза алам деген ойго ишендирүү.
***
Сөз — таш сыяктуу: ыргытсаң, кайра аны артка кайтара албайсың.
***
Өзүн өзү мактоо адамдын баасын түшүрөт.
***
Бардык окурмандарды канааттандырар чыгарма жазуу эч мүмкүн эмес.
***
Өз оорусун билүү жана айыктырууга даяр болуу – айыктыруунун башталышы.
***
Ыйман жолу өтө тар, жамандыктын жолу кең жана кенен.
***
Өлүм назиктикке караганда күчкө көбүрөк ээ, ал такыр тайсалдабайт.
***
Арак ичкен адам сыр сактабайт, милдеттин аткарбайт.
***
Чынчылдык – эң жакшы саясат.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR