О’Шакир: Жаншерик

  • 25.04.2024
  • 546

"Жаншерик" поэмасынын 1-бөлүгү

(поэма)

Көңүлдөгү аздегиме айландың,

Жөлөп турган күч экенсиң кайдандыр.

Сен бар үчүн темир тордун артында

Эч болгон жок кайратымдан тайган күн.

 

Жанып тайып дилимде шам жарыктай,

Жанымдасың күнү-түнү кайыптай.

Санаа, куса, убайымдын баарысы –

Экөөбүзгө сот жүктөгөн айыптай.

 

Экөөбүзгө тең буюрган жаза бул,

Экөөбүзгө бирдей кайгы, аза-муң.

Тартсын десе керек өкүм ээлери

Жаншериктер сагынычтын азабын.

 

Экөөбүзбүз ээн, мусапыр үйүбүз,

Экөөбүздүн үйдө кыял, дилибиз.

Жаншериктин бири тордун сыртында,

Жалдырап суз, зарлап сыртта бирибиз.

 

Ар бир мерте көргөндө сот залынан

Көңүл эзген көздөрүңө кабылам.

Сен үшкүрүп, мен күрсүнүп ичимден:

Түр көрсөтөм – сыртымдан шер кабылан.

 

А ичимде бук, сагыныч камалып,

Жүрөк таарыйт – эки-үч кадам аралык.

Ортодо тор. Кучагыма кысалбайм.

Көрүштүрбөс конвойлордон жададык.

 

Тексиз, таш боор, наадандыкка жеткен бу

Тергөөчүлөр изгиликтен кеткенби?..

Сүйүнүчтү ыраа көрбөс зулумдар,

Сүйүүбүздү жазалайлы дешкенби?!   Апрель, 2024

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз