О'Шакир: Жаншерик (3 - бөлүк)

  • 27.04.2024
  • 662

"Жаншерик" поэмасынын 3-бөлүгү

Алганымда кагаздагы тизмени:

баштык - үштүк, бал,сары май,сүзмөнү -

кол жазмаңды чопулдатып өпкүлөйм,

баары келет үйдөн ысык, муздагы.

 

Сен жыттанат үйдөн эмне жөнөттүң,

жыттап алып кээде ыйлайм, өрөпкүйм...

Жанымдасың көз ирмесем. Ойгонсом -

боппоз дубал. Жалгыз жаздык. Бөлөкмүн!

 

"Жарабайт, - дейм - муун-жүн бошоп ыйлаган!

"Жанам оттой. Рух айбат таап чыйралам.

Жаншеригим үчүн ушул жашоодо

жандүйнөмдү чачып кайра жыйналам.

 

Маанайы шат, жаркын мүнөз асылым,

аялзатсың сүйбөс эрдин жашыгын.

Мажүрөлүк жарашпаган жосун деп,

махабат бар менде ашып - ташыгыр.

 

Абак жашоо көрсөтсө да кыйланы,

сүйүү бизди жибек жиптей чыйрады.

Эркиндигим чектесе да канчалык,

эч суу кечпейт - бийлик мени тыйганы.

 

Айына бир зарыктырып бетме - бет

абак жайда жолугушуу чектелет.

Эзелтеден ушул экен кантели...

эркем, жаным, махабатты жектемек.

 

Уламышта бар Олжобай + Кишимжан -

өз доорунда символ болгон ысымдар.

Дал ошондой сүйүү эрки чектелген

жаңы тарых каарманыбыз кысылган... Апрель, 2024

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз