"Жаншерик" поэмасынын 4 - бөлүгү
Сүйүү баркын кетиришкен көптөрү,
жалган сезим бүркөт жалын кептери.
Жаншериги үчүн бирок алардын
жок эч сендей кайгы,азап чеккени.
Сүйгөнүнө жанын арнап койгондор -
азыр эмес, эски доордо болгондой.
Азыр кара сүйүшкөндөр арасын:
өзүмчүл көп, керт баштарын коргонмой.
Эзелкилер кандай сүйгөн бир - бирин?
Эмкилерчи? Эсеп - кысап дилгири.
Мансап, байлык,машинеси, үй болсун... -
"махабатка" чырмап койгон тирлигин.
Акындарчы? О курусун жалганчы -
жалын сөзүн бүркүп койсо алданчу!
Жанын жеген "акын" аттуу толтура
жаш жүрөктү алдоо үчүн карганчу.
Сүйүү сезим шилекейдей чачырап,
"сүйүү доору " келди жаным, заты жок.
Жаншериктик эмне экенин билишпей,
жандап ээрчип жүргөндөрдүн жаты көп.
Сүйүшкөндөр так калтырып жүрөктө,
баштарына сыноо келген мүнөттө:
безеп тилин каргап - шилеп, уу чачып,
бет карашпай ажырашып жүрөт ко.
Жаңы доордун "махабаты" курусун,
эски доордой табуу кыйын дурусун.
Жек көрүшкөн үй - бүлөдө бир - бирин
жетелешкен " жаншерик " көп түрү шум. Апрель, 2024.