Диляра Тасбулатова: Адабий сынчы Василий тууралуу эки аңгеме

  • 06.10.2021
  • 3030

1. Адабий жолугушу

Ушул жайда апам ооруп калып, мен күн сайын ооруканага каттап калдым. Оорукананын короосундагы тамеки чегүүчү жерде эркектер отурат – бирөөнүн буту сынса, бирөөнүн колу, кайсы биринин башы таңылган. Алар менен сүйлөшө кетип, эртең өзүмдүн аңгемелеримди ала келип окуп берем деп убада берип койдум (китебим чыга элек эле).

Эртеси барактарымды көтөрүп алып жети кишилик палатага келсем, катуу жабыркаган бир эле киши калыптыр, жанында апасы олтурат.

- Менин угуучуларым кайда?

- Бардыгын кубалап чыгышты, - деди (кабагы бүркөө).

Апасын астейил карап акырын:

- Айыгып,чыгып кетишти...

- Айгып... чыгып... деп коёт. Айтканын кара. Арак ичкендери үчүн айдап жибришти. О, акмак! (Баласына тап берип калды).

Аңгыча палатага жарым жылаңач бирөө кирип:

- Алардын ордуна мына мени жаткырышты. Мен Василиймин (мен жака эңкейип, башын ийип койду). Меники, көрдүңүзбү – кабыргаларым сынган: кезек күтүп жаткан элем. Анан кезегим келип калбадыбы. Сизге ырахмат!

Мен таң калдым: менин кандай тиешем бар?

Анда Василий:

- Алар таң эртеңден эле азыр жазуучу айым келет, өзүнүн аңгемелерин окуп берет! - деп кубанып атышкан. Бул окуяга карата бөтөлкө алып коюшкан, бирок сизди күтпөй эле өздөрү ичип алышыптыр. Аңгыча башкы врач келип калып, мага бул жерде мастардын кереги жок деген го. Тигилер, азыр жазуучу айым келет эле, ошону белгилеп койдук деп актанышкан экен, башкы врач сөөмөйү менен чыкыйын көзөп, Донцова деген палаталарда чыгармаларын окуп жан бакпайт деп, баарын кубалап чыгыптыр. Мен деле ишенген эмесмин, а сиз чындап эле келип калбадыңызбы.

Инвалиддин энеси мени тиктеп:

- Сиз эмне, чындап эле ушул алкаштарга аңгемелериңизди окуп берем дедиңиз беле?

Мен башымды ийкедим.

- Аңгемелериңиз эмне жөнүндө? Булар сүйүү тууралуу окуяларды жактырышпайт...

- Жо-ок, сүйүү тууралуу эмес. Турмуш тууралуу десе да болот.

Инвалид керебетинен ошол замат сөзгө кыпчылып:

- Арак ичкендер тууралуу дебедиңиз беле?

Апасы ээрдин кымтып:

- Түшүнүктүү. Бардыгы бир шайка тура, - деди.

- Аңгемелериңизди мага таштап кетиңизчи. Мен китеп окуганды жакшы көрөм. Пикульдун китептеринин бардыгын окуп чыккам.

- Меники Пикулдукуна окшобойт.

- Ал билинип эле турат (инвалиддин апасы мени жаман көзү менен карап).

- Байкап көрөлү, - деди Василий, - эртең аңгемелериңизди кайтарып берем.

2. Пушкинге ич ооруйт

Эртеси апама кирип, анан Василийге барактарымды алганы бардым. Василий менен төмөндөгүдөй сөздөр болду.

“Иваныч беш бөтөлкө арактан кийин жөндөн жөн эле кабыргаларын кочерга менен сындырып койгон”. Василий мени салкын кабыл алды.

- Кандай экен? - дедим анын кебетесинен эле аңгемелерим жакпай калганын сезип.

- Чынымды айтсам, – деди Василий, - анча деле эмес. Анча жаккан жок. Пикуль жакшыраак жазат.

- Эми... албетте, мен Пикулга теңеле албай дечи, - деп макул болдум.

- Ошо да! – деп менин жөнөкөйлүгүмө сүйүнүп калды Василий. – Пикуль... ал жазганда... эми... деги эле... кандай айтсам экен?

- Бийик чыгармабы?

- И-и! Сонун жазат. Ар түрдүү атактуу адамдар жөнүндө, падышалар, башка тарыхта калгандар... А сиздики жөндөн жөн эле кабыргамды сындырган Иваныч сыяктуу алкаштар тууралуу экен. А сиздин Коляныңыз, деги эле болбогон эме көрүнөт (ошентип эле айтты, “болбогон эме” деп). Ага эмне керек? Түккө турбаган эмелерди былжырайт, Иваныч сыяктуу мушташпаганы эле болбосо... Философ, энеңди гана... Бул кимге керек, ушундайларды окуган? Мындайларга турмушта деле кадам сайын жолугасың. Мен айыл тууралуу кинолорду да жаман көрөм, болбогон эме! Баары ичип алып эле мушташа беришет: анын эмнеси жакшы? Мен механикмин, ишимде бардыгы сыйлашат, бир кездерде бригадир да болгом. Өзүм көп деле ичпейм, андай аша чапкандарды жаман көрөм... А сизде, маселен, кошуналар Пушкиндин туулган күнүндө жөндөн жөн эле мушташа кетишиптир. Мен ал эмес Пушкинге боорум ооруп кетти. Сиз жазган участкалык милийсага да боорум ооруйт, мен бардыгын кунт коюп окуп чыктым, мен ошондой тактыкты сүйгөн адаммын. Участкалык милийса туура айтат: Пушкиндин туулган күнүндө анча катуу эмес, же деги эле мушташпай коюшса болмок. Акмактар!

- Деги бир нерсе жактыбы, анан? – деп сурадым үмүт менен (мен какшыктап аткан жерим жок, жөнөкөй адам кандай түшүнгөнү мага маанилүү эле.

- Бир жери, - деди Василий ойлуу. Жанагы х... га тыюу салган министр. Мен үн чыгарып окудум эле бардыгы күлүштү (Василий терезенин түбүндөгү керебетти карап, шыбырап калды). – Лексеич оор операция болгон, жашы да улгайып...

Өзүнүн аты айтылып жатканда Лексеич ойгонуп:

- Министр жөнүндө – тупа-туура. Мына арак арзандады – бул жакшы, а сөз айтканга тыюу салганы – бу кандай? Туура жазылган! Муну конвертке салып туруп министрликке жибериш керек! Же түз эле Путинге! Эмне Путин сөгүнбөйт бекен? Сөгүнөт, сөгүнгөндө да кандай сөгүнөт. Өзүбүздүн жигит да!

- Ал көбүнчө каймана айтат, - дедим мен. - Бул сөздүн ордуна чоң атаңдын жыныс органы, кээде – чоң энеңдин деп.

- Укпаптырмын, - деди Лексеич токтоо, Путин үчүн кейип аткандай добуш менен.  - Чынында анын сөгүнгөнүн деле уккан эмесмин. Балким ал өз ара, өздөрүнчө турганда сөгүнөт чыгаар?

- Сизде Путин тууралуу аңгемеңиз барбы? – деп сурады  Василий.

- Бар, бирок мындай... сынтагып жаткандай... Тамаша сыяктуу. Жанагы, Зощенкодо бар го, Ленин сыя челекти жеген дегендей...

Василий тултуя түштү:

- Сыя челекти кантип жесин? Былжыраган кеп. Анын эмнеси күлкү. Ал киши мамлекетти башкарып жатат, а сиз шакаба чегесиз. Жакшы эмес.

Аңгыча медайым кирип:

- Жаткыла. Ыштаныңарды чечкиле. Укол салабыз. А сиз, айым, ким сыя челек жейт, ким жебейт - башка жерде айтыңыз (сөзүбүздүн акырын угуп калган экен). Оорукана – тамаша кылуучу жер эмес. Тамашаны үйүңүздө кылыңыз.

Депардье селсаяктарга каршы

“Белоруссиялык жатып ичерлер” (тунуядцы) деген (эмнегедир Депардье аларга каршы болуп, андайларга айыппул салган мыйзмды жактап чыгыптыр) чындыкка коошпогондой угулат экен, мисалы, “түрмөндүк суучул” (водолаз) дегендей.

- “Казак графомандары” деген сөз чындыкка жакын сыяктуу (деп койду апам мени кылыя тиктеп).

Которгон Марсел ИСАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз