Курт Воннегут: Харрисон Бергерон (конкурска №31)

  • 26.08.2023
  • 15157

ОКУЯ

Курт Воннегут: Харрисон Бергерон (конкурска №31)

2081-жыл эле. Дүйнөдө акыры теңчилик орноду. Адамдар Кудайдын, анан мыйзамдын алдында гана тең болбостон, башка мүмкүн болгон бардык жагынан бирдей болуп калышты. Эми эч ким өзүнөн башкалардан акылдуулугу, чырайы, күчтүүлүгү же шамдагайлыгы менен өйдөсүнө албайт. Мындай теңчилик Конституциянын 211, 212, 213-беренелерине киргизилген түзөтүүлөрдүн, Кошмо Штаттардын Башкы Хендикапперинин[1] агенттеринин чычканга кебек алдырбаган кыраакылыгынын шарапаты эле.

Кандай кылган менен дүйнөдө мурдагыдай эле өйдө-ылдый өкүм сүрүп турду. Айталы, апрелдин жаз айы болбой калганы элдин башын маң кылды. Так ошол сааттуу айда Башкы Хендикаппердин кишилери Жорж менен Хейзел Бергерондун он төрт жаштагы уулу Харрисонду алып кетишти.

Бул мүшкүл Жорж менен Хэйзелди анчалык деле түйшөлткөн жок. Хейзел чолок акылы менен кирди-чыкты ойлончу. Ал эми акыл-эси ортодон жогору болгон Жорждун кулагына чак радио кулакчын бекитилген. Аны чечип салууга мыйзам жол бербейт. Радио өткөргүч жалгыз гана өкмөттүк радио толкунга кошулган. Ар бир жыйырма секунд сайын өткөргүчтөн чаңкылдап чыккан доош Жорж сыяктуу акылдуу адамдардын мээсин кагып, оюн онго чачыратып турчу.

Жорж менен Хейзел телевизор көрүп жатышат. Хейзелдин жаагынан ылдый жаш куюлат, бирок эмнеге ыйлап жатканы эсинде жок.

Телевизордун экранынан балериналар көрүндү.

Кагылган коңгуроодон улам Жорждун ойлору дүрбөлөңгө түшүп, айгайлаган үндөн үрккөн каракчылардай чачырады.

– Сонун бийлешти, – деп үн катты Хейзел.

– Аа? – деди Жорж.

– Жакшы бий экен, – деп жооп берди Хейзел.

– Ии, – ооз учун кыбыраткан болду Жорж. Анан бийчилерге көңүл бурганга аракет кылды. Чындыгында алар жакшы деле бийлей алышкан жок – алардын ордуна ким болсо да ушундай бийлемек. Кебездей жеңил кыймылдарын, бышкан бүлдүркөндөй үлбүр эриндерин көргөндөр өздөрүн көрксүз сезбеши үчүн бийчилердин моюндарына бытыра толтурулган тулуптар илинип, беттерине чүмбөт тагылган эле. Жоржго бийчилерди башкалар менен салыштырбай эле койсо болмок деген бүдөмүк ой келди, бирок оюн аягына чыгарбай, радионун чуулдагы жула качты.

Жорж бети-башын тырыштырды. Сегиз балеринанын экөөсү да ошентти. Хейзел муну байкаса да, радио кулакчын такпагандыктан, кандай доош чыгып жатканын Жорждон сураганга аргасыз.

– Кимдир бирөө сүт бөтөлкөсүн балка менен талкалап жаткандай угулат, – деди Жорж.

– Ар кыл үндөрдү уккан чындап кызыктуу болсо керек, – деди Хейзел саал ичи күйгөнсүп. – Бардыгын кылдат ойлонушкан, зериккидей эмес киши.

– Ал жагы бар, – деген болду Жорж.

– Бир гана, эгер мен Башкы Хендикаппер болсом, эмне кылмак элем билесиңби? – деди Хейзел.  Чындыгында Хейзел Диана Муун Глемперс аттуу Башкы Хендикапперге абдан окшош болчу. – Эгер мен Диана Муун Глемперстин ордунда болсом, диндин урматына жекшемби сайын коңгуроо кактырмакмын.

– Эгер жөн гана коңгуроонун доошу чыкса, ким болсо да ойлоно алмак, – деди Жорж.

– Үнүн катуу чыгарса, бардык маселе чечилет эле, – деди Хейзел. – Менден мыкты Башкы Хендикаппер чыкмак.

– Кимден болбосун жакшы чыкмак, – деди Жорж.

– Ченемди менден жакшы билген ким бар? – деди Хейзел.

– Туура, – деген Жорждун оюна эреже дегенди билбеген абактагы уулу Харрисон келди. Дал ушул учурда башындагы жыйырма бир бытыранын бири анын оюн кан буугандай токтотту.

– Ошондой де! – деди Хейзел, – кыязы, баягы дүӊгүрөмөӊ окшобойбу?

Жорждун өңү купкуу болуп кетти, мууну калтырап, кызарган көзүнүн четинде жаш кылгырды. Сегиз бийчинин экөөсү чекелерин кармаган бойдон студиянын полуна жыгылышты.

– Өңүң кубарып кетти, чарчаган окшойсуң, – деди Хейзел. – Мойнуңдагы дорбоңду жаздыкка коюп диванга бут суна турсаң. – Ал Жорждун мойнуна кулпуланган кырк жети кило бытыра толтурулган тулупту айтып жаткан. – Тулубуңдан арыла турчу, сен экөөбүз бир аз теңдеш болбошко да макулмун.

Жорж тулупту колу менен салмактап көрдү.

– Мага билинбейт, – деди ал. – Ага көнүп деле калдым. Денемдин бир бөлүгү болуп калды.

– Акыркы күндөрү каржалып кеттиң, – деди Хейзел боору ооруп. – Түбүн акырын тешип, тоголок коргошундан азайтып коёлу.

– Ар бир чыгарылган тоголокко эки жыл түрмө, ага кошумча эки миң доллар айып пулу да бар, – деди Жорж. – Мындай соодалашууга макул болчу мен эмес.

– Жумуштан келгенден кийин бир азын алып коёсуң, – деди Хейзел. – Айтайын дегеним – сен бул жерде эч ким менен атаандашкан жериң жок. Жөн гана эс алып жатасың.  

– Эгер ушинтип андан кутулууга аракет кылсам, – деди Жорж, – анда башкалар да ошону кылышат, ага бөркүмдөй ишенем. Ошол эле саатта баары бири-бирине атаандашкан караңгы доорго кайтмакпыз. Күткөнүӊ ушулбу?

– Андайды желкемдин чуӊкуруна ыраа көрбөйм, – деди Хейзел.

– Ап-баракелде, – деди Жорж. – Эл мыйзамдын көзүн жазгыра  баштаса, коомго кандай коркунуч келерин ойлодуӊбу?

Хейзел бул суроого жооп таба албаса дагы, Жорж ага жардам бериштен алыс болчу – сиренанын ачуу үнү чыкыйын көзөп жатты.

– Баары канабайран болмок, – демиш болду Хейзел.

– Эмне болмок? – деп оозу бош сурады Жорж.

– Коом, – деди Хейзел ишенимсиз. – Биз ушул жөнүндө сүйлөшүп жаттык беле?

– Аны ким билсин? – деди Жорж.

Телеберүү күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурады. Маанилүү кабар келип түштү. Кабар эмне жөнүндө экени адегенде түшүнүксүз болду, диктор бардык дикторлор сыяктуу эле сүйлөө жагынан кемтилгеси олуттуу болучу. Толкунданган диктор жарым мүнөттөй “Айымдар жана мырзалар” деп айтканга далалат кылды.

Акыры окуй албасына көзү жетип, баракты бийчиге берди.

– Кандай азамат, – деди Хейзел дикторду мактап, – аракети бар – мунун өзү чоң кадам. Ал Кудай бергендин баарын кылууга аракет кылды. Бул үчүн айлыгын жогорулатыш керек.

– Айымдар жана мырзалар, – деди балерина кагазды окуп жатып. Ал өзгөчө сулуу болсо керек, кийген жийиркеничтүү беткабы агы ак, кызылы кызыл нурдуу жүзүн, айнектей көзүн далдаалап койгон. Токсон  килограммдык эркекке чак келген кенеп каптарынан ал бардык бийчилердин мыктысы, тал чыбыктай ийилгени, акак тиштүүсү, кыйгач каштуусу экенин оңой баамдоого болот.

Өзүнүн мукамдуу чыккан үнү үчүн кечирим сураганга аргасыз болду –бул үнгө көп аялдар көз артмак. Үн эмес эле көөдөндүн тереңинен  сызылып чыккан керемет обондой угулат. Болушунча заарканткан үн менен кайра окуганга киришти.

– Кечиресиздер...  – деди ал кырылдаган үн менен, – Бир нече саат мурда түрмөдөн он төрт жаштагы кылмышкер Харрисон Бергерон качып кетти. Ал азыркы өкмөткө каршы кутум уюштурган деген шек менен тергөөдө кармалып турган. Ал тулуп менен кемечтелген эмес, сейрек акыл-эске, кара күчкө эгедер,  коркунучтуу кылмышкер.

Экранда Харрисон Бергерондун полиция бөлүмүндөгү сүрөтү пайда болду, алгач башы ылдый караган тескери жагынан, анан капталынан, акыры түз турганы көрсөтүлдү. Тордун бери жагына тулку бою менен тартылган фотосүрөттө Харрисондун эки метрден ашык бою дароо байкалат.

Харрисондун кебетеси аспаптар илинчү алты баканды элестетет, өзүнчө эле Хэллоуин. Мындай оор кенеп каптарды башка эч ким кийген эмес. Харрисон чогоол чөптөй тез өскөндүктөн, Хендикаппердин кишилери жаңы чектөөлөрдү ойлоп тапканга үлгүрбөй калып жатышты. Кичинекей радио кулакчындын ордуна акыл-эсин чектеген зор кулакчын, анан быдырлуу айнеги калың сарапчы тагынып жүрүүгө аргасыз болчу. Көз айнек көрүүсүн начарлатып эле койбостон, жан чыдагыс баш оору алып келчү.

Салбыраган темир соот Харрисондун үстүн ныгыра басып турат. Адатта, күчтүү адамдарга кенеп каптар өтө кылдаттык менен жасалып, кынаптап илинет. Жонундагы жүз элүү килодой жүгү менен Харрисон басып жүргөн таштанды короодой.

Харрисондун келбеттүүлүгүн жашыруу үчүн  Хендикаппердин кишилери  мурдуна клоундукундай  кызыл резина топ тагып, кашын кырып,  аппак тиштерине орсок-терсек кылып кара кийме менен каптап таштаптыр.

– Эгер бул баланы көрүп калсаңар, – деди балерина, – кайталап айтам, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылбагыла.

Бир маалда илгичи жулунган эшиктин үнү угулду.

Телевизордон адаттан тыш кыйкырыктар, үрөй учурган үндөр чыкты. Экрандагы Харрисон Бергерондун сүрөтү жер титирөөгө кабылгандай ан сайын секирет.

Жорж Бергерон капыс каргашаны дароо боолголоду, мында таң калыштуу эч нерсе жок болчу – өз үйү бул күрүлдөккө алда курдай бийлеген жайы бар.

– Кудай ай, –  деди Жорж, – бул Харрисон болсо керек!

Бул ой түрмөгү Жорждун аң-сезимине байырлаганга үлгүрбөстөн, кулагындагы аппараттан чыккан чаңкылдактан бута атым учуп кетти.

Жорж көзүн кайра ачса, Харрисондун сүрөтү жок болуп, экранда чыныгы Харрисон пайда болду.  

Студиянын ортосунда клоундукундай олдоксон, кыйчылдак чүмбөтчөн өзүнүн кара чечекей уулу турду. Колунда – допшосу менен жулунган эшиктин туткасы. Балериналар, техниктер, музыканттар, дикторлор өлүмдү күткөндөй анын алдында тизе бүгүп турушат.

– Мен силердин императоруӊармын! – деп күрүлдөдү Харрисон. – Угуп жатасыңарбы? Мен императормун! Баарыңар мага кың дебестен баш ийишиңер керек! Айтканым – айткан, дегеним – деген!

    Ал буту менен жерди бир тепти эле, студиянын дубалы титиреп кетти.

    – Кебетемди карагыла! – деп кыйкырды Харрисон. – Азыр тытмаланып, чолоңдоп аксап, азап чегип турганыма карабастан, жер жүзүндө жашап өткөн бардык башкаруучулардын эң кудуреттүүсү менмин. Эми менин кандай өзгөрөрүмө өзүңөр күбө болгула!

Харрисон эки тонна үч жүз кило жүккө туруштук бергидей соотту илип турган кайыш курларды ным кагаздай оңой эле үзүп салды.

Үстүндөгү соот быт-чыты чыга жерге күр деп түштү.    

Харрисон башындагы туулганы бекиткен кулпуга баш бармагын салар менен кулпунун кулагы куураган жалбырактай чачырап кетти. Кулакчыны менен көз айнегин дубалга бир чаап, анын да эсебин тапты.

Ал резина мурдун жулуп ыргытты, күн күркүрөгүнүн кудайы Тор өзү эси чыккыдай адам эл алдында турду.

– Император айымымды тандайм мен! – деди ал тизе бүккөн элди карап. – Ким өйдө турууга батынса, ошол айым өз жары менен тактысын кошо тандайт!

Арадан бир аз убакыт өткөн соң талдай солкулдаган балерина ордунан турду.

Харрисон кыздын кулагындагы кулакчынды жулуп алып, этияттык менен мойнундагы жүктөрдү бошотту. Акырында беткабын чечти.

Кыздын ажары күндүн көзү уялгыдай көз тайдырган сулуу, ары назик эле.

– Эми, – деди Харрисон кыздын колунан кармап, – элге бий деген сөздүн маанисин көрсөтөлүбү? Музыка! – деп буйрук берди.

Музыканттар аспаптарына кайра жабалакташты, Харрисон аларды да тулуптарынан ажыратты.

– Жакшы ойногондон тартынбагыла, – деди аларга, – мен силерди барон, герцог, граф кылам.

Музыка ойноду. Адегенде аспаптар демейдегидей обондон алыс, үнү бошоӊ чыгат. Анан Харрисон эки музыкантты отургучтарынан сууруп алып, дирижёрдун таякчасындай булгалай баштады. Оркестрди күүлөп жатып уккусу келген обонун ырдады. Анан музыканттарды отургучтарына койду.

Музыка кайра башталды, бул жолкусун оркестр алда канча жакшы ойноду.

Харрисон менен император айым жүрөктөрүнүн согушун музыканын ыргагына дал келтирүүгө аракет кылгансып, кунт коё угуп жатышты.

Экөө буттарынын учуна тура калышты.  

Харрисон чоң колдору менен кыздын ичке белинен имере кармап, ага өзүнүн куш канатындай жеңил экенин туюуга жардам берди.

Күтүлбөгөн кубанычтын, сулуулуктун күчү аларды оргумадай көккө серпип, өлкөнүн гана мыйзамы эмес, физиканын да мыйзамы быт-чыты чыкты.

Улам айланышат, тегеренишет, чимирилишет, бир туруп тизелеп жерге бүгүлүшөт.

Алар айдагы эликтей элиришти.

Студиянын бийиктиги кеминде он метр болчу, экөө секирген сайын шыпка улам жакындай беришти.

Экөөнүн көздөгөнү шыпка эриндерин тийгизүү болду. Көздөгөнүнө жетишти.  

Сүйүү, чексиз каалоо менен экөө тартылууну жеңип, шыптан бир карыш аралыкта ​​абада бир саамга калкып, узакка-узакка өбүшүштү.

Дал ошол маалда студияга онунчу калибрдеги кош ооз мылтык көтөрүп Диана Муун Глемперс Башкы Хендикаппер кирди. Ал машааны эки жолу басканда, император менен император айым жерге жетпей өлүм тапты.

Диана Муун Глемперс мылтыгын кайра октоп, музыканттарды мээлеп,  онго чейин санаганча тулуптарды кийүүнү буйруду.

Мына ошондо Бергерондордун телевизору көрүнбөй калды. Хейзел эмне болгонун билгенге күйөөсүнө кайрылды, бул учурда Жорж сыра алып келгени ашканага кирип кеткен.

Жорж колуна сыра көтөрүп кирип келди, радиосигнал берилгенде башын кармап отуруп калды.

– Ыйлаган түрүӊ бар, – деп собол таштады Хейзелге.

– Бир аз, – деп жооп берди ал.

– Бир нерсе болдубу? – деп сурады.

– Так айта албайм, – деп жооп берди аялы. – Телевизордон кейиштүү бир нерсе көрсөткөндөй болду.

– Эмне эле? – деп сурады Жорж.

– Башым адашып калды, – деп жооп берди аялы.

– Кайгылуу нерселерди көп ойлой бербе, – деп кеңеш берди Жорж.

– Ойлобойм деле, – деп жооп берди Хейзел.

– Азаматсың, – деп мактап койду Жорж. Бети-башы бырыша түштү. Башын татыратып аткан мылтыктын үнү жей баштады.

– Ии, сеники дагы кармады окшойт, – деп боору ооруду Хейзел.

– Эмне дедиң, кайталачы, – деп кобурады Жорж.

– Ии, – деп кайталады Хейзел, – баягыӊ дагы кармады окшойт.

 

 

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

 

[1] Хендикаппер – автордун символикалуу түрдө тандап алган кызмат орундун аталышы. Тескөөчү, башкаруучу, сөлпү маанилеринин топтому.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз