О'Шакир: Кичинекей досторубузга табышмак

  • 28.03.2024
  • 697

Жандыктардын сөөгү эттин ичинде,

а бул жандын сөөгү эттин тышында,

Жонунан эч жырткыч тишин салалбайт,

жонун оюп, чукуй албайт кушуң да. (т.. ....)

***

Жер үстүндө үйү жок,

же бир жүнү,түгү жок,

же жырткычтай сүрү жок,

жерге житет жиги жок.

Кол,бут,тырмак,тиши жок,

тиши тургай тили жок.

Кол,бут,тырмак бар туруп

жанын багар ага окшош

жандыктардын бири жок,

бири тургай түрү жок.

Бутсуз,колсуз,жер тешет,

бу кай жандык жүгү жок? (с... .....)

***

Эмгекке салар бардык,

элетке керек жандык.

Ак кызмат кылса дагы

аты жок,бирок малдык. (....)

***

Чоң полотно- жумшак,назик,дилдирек.

Ага баары өз элесин чийдирет.

Күнү,түнү акы албай иштеген

табияттын сүрөтчүсүн ким билет? (...)

***

Төрт мезгил тууган жан тынбас,

үй жандык ачка калтырбас. (....)

***

Билимиңди тереңдетер булагың,

бизге үнсүз сабак берген мугалим. (.....)

***

Арттан кубалап,

алдыңдан жандайт.

Ээрчисе барбы- эч сенден калбайт.

Асманга житип,ал кээде алдайт. (...)

***

Бирде ширин,ачуу уу,

билбесең сыр катууну-

Балээсине каласың,

биле жүр андан качууну. (...)

***

Төртөө тең келишимдүү,тааныш сулуу.

Төртөө тең эмне экенин билбейт тыйуу.

Төртөө тең мода куубайт,эч картайбайт.

Билбейбиз кайсынысы кичүү,улуу. (... ... ... ...)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз