О'Шакир: Абактан адабий репортаж

  • 18.04.2024
  • 466

(Белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыповго арнайм )

Сыртта шамал. Камерада көсөө жел.

Ачык эшик, ачык терезе.

Сыртта бийик дубал кашаалар.

Арестанттар кармайт орозо.

"Кудай үчүн, - дешет - бересе...

"Намаз окуйт алар күнү - түн,

күнү - түнү үзбөйт үмүтүн.

Дубаларын окуйт күбүрөп,

Кудай алар үчүн Омбудстмен.

"О Алла ! - дейт, жерге бүгүлөт,-

ырайым кыл. Чыгар үйүмө.

Адилетсиз сотту тыйгының!

Түрмөсүнөн бошот, о Алла!

Түнкү намазыма сый кылың!.."

 

Жаратканга ошол аксынган

дуба - тилек угуп таксырдан -

жатам күлүп, ичим эзилип,

ылажым жок " баа " деп каткырган.

 

Таксырлар көп абак жайда эчкирген.

Омбудсменден бетер арыз - муңдарын

ыйлап, өксүп Алласына жеткирген. 16.04.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз