О'Шакир: Аккорд

  • 01.05.2024
  • 413

(Илимдин жаш ышкыбозу Жоомарт Карабаевге арнайм)

Дарак болот асманга тартылып зор -

шамал булкуп жулалбас тал чыбыктар.

Заман булкуп,жулкса бек туруштугу

керек коомдо карама - каршылыктар.

 

Күрөш бүтпөй күрөшүү өзүң менен -

көөдөнүңдөн аракет көз издеген.

Көрөгөчтүк калкалайт акыйкатты

көч улоо бул - үмүттү өчүрбөгөн.

 

Шамалына замандын жапырылган

куурайы көп адамдын жапырылган.

Кулпенделик курчаган өз чөйрөңдө

сен жаш муунсуң булактай атырылган.

 

Булак көзүн чаңдаткан кармаш заман,

булак көзүн бууй албай далбастаган.

Өз чыйрыңды издесең, Жоомарт бүгүн

жолуң бөгөйт алсыздар алдастаган.

 

Дарак болот асманга тартылып зор -

шамал булкуп жулалбас тал чыбыктар.

Заман булкуп, жулкса бек туруштугу

керек коомдо карама - каршылыктар. 25.04.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз