ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ИНСТИНКТ

АҢГЕМЕ-ПРИТЧА

(Мүдөөлөш иним Урматбек Жакшымбетовго арнайм)

I
Там түбүндө аптаптуу күндүн ысыгынан акактап тилин салаңдаткан ит жатты. Айлана жым. Теребелде чымчыктардын гана лаззат сайраганы угулат. Ит башын көтөрдү да алда неге бейпайлана кыңшылап, кайра тынч алгансыды. Тынч ала түшкөнү көпкө созулбады. Текетукаланып ордунан кайра турду. Кыңкыстап-кыңкыстап, улуй баштады. Чокчоюп отуруп Көк-Теңирге улуду. Теңир укту үндү. Жараткан күч да итке алкышын жаадырып, буйругун берди аткарууга.
Кумайык тукуму муну аткарбай коё албайт эле…
– Э башыңды жуткур! Чык… – үйдөн сыртка баш баккан зайып итке тап бергенине карабай, курган ит чамгарактан обочо барып улуганы күчөдү. – Эк, үнүң өчкүр, макулук… – деген заардуу зайып кирип кетти үйүнө.
II
Кара жер мына каймактанган. Жандыктар биринин артынан бири жарала баштады. Көк-Теңир кулагын түрдү айланага. Муңдуу ый эшитти алыстан. Кошок жаңырды. Адам-Ата, Ово-Эненин эми тукум улап келаткан балдарынын кошогу экенин туйду. Адам-Атанын бир уулу жардан кулап өлгөнүнө азадар пенделердин күйүтүн туйган жараткан күч ошол замат бир баласын кошогу муңдуу адам уулдарына жөнөттү. «Көңүлдөрүн жубатып кел, – деди. – Өлгөн жан жети күндөн кийин кайра тирилет».
Жараткан Теңирдин ал айтканы жолдо бараткан баласынын кулагынан агып түштү. Анын айтканы бул болду адамдарга: «Жер казып көмүп салгыла өлгөндү». Адамдар муну Теңирдин амири деп кабылдап, маркумду жерге беришти. Ошол күндөн тарта Адам тукуму өлө берди. Баласынан айттырган өзүнүн аманаты туура жетпегенине каарданган Көк-Теңир акма кулак баласын улуган итке айлантып таштады. «Улуп-уңшусаң да, үрсөң да бу жашоодо адамга кызмат кыл» — деди.
III
Дубал боорунда мылтык илинип турду. Үйдөгү эр бүлө ок-дарысын камдап отурган жай. Зайыбы үй тирилиги менен алек. Босого жактагы бешикте наристенин уйкусу бейпил. Сырттагы ит үйгө башбакты шимеңдеп. Көздөрү шайтандап тургансыды. Иттин ойноктогон көзү жаман эле.
Баланын чукуранган үнүн уккан эне бешикти терметерде – ит аны этектен тиштеп, сырт жакка тартты. Чаңырган катын итти сыртка кууду. Ордунан селт эткен эри босогого кирип келген итин көрүп чочуду:
– Бул эмне кутуруп калган? Чапчы баштан ары!
Ит сыртка кетенчиктеп барып, кайра үй ичине жутунду. Кыңшылап, шып эле бешикке жакындагысы бар.
Ит бешиктин туткасын тиштеп, сыртка сүйрөгөнүн көргөн эне кургур кайра бир чаңырды. Чебелектеп колуна урунган бут кийим менен итти бир урду эле: ал бир аз артына кетенчиктеп, бирок көп өтпөй ууру итке окшоп кайра башбакты. Босогодон илгерилери менен бешикти туткадан тиштеп, сыртка сүйрөсө болобу. Эрди-катындын эси чыкты будан. Эр бүлөнүн колу дубалда илинген мылтыкка жетти шап эле. Шашып калган неме бешикти сыртка сүйрөгөн иттин артынан аттап-буттап жөнөдү.
«Итке кутурма тийген экен» деди ою.
Бешикти сүйрөп бараткан бети түктүү айбан же бир мылтыктын кароолуна илинсечи. Ок чачма мылтыктын кароолун шыкаалаган үй ээси курокту баскандан коркту. Огу чачылма куралдын кароолуна илинген ит бешиктин бир капталын өзүнө далдоо кылып алды. Адашкан ок бешиктеги наристени мертинтип алса кантти?.. Айласы куруду мылтык мээлегендин…
Акыры мылтыктын «тарс» эткен үнү жаңырды. Теребелде куралдын үнү менен бирге айлананы чаң басты. Тынч жаткан кара жер ордунан мөңкүгөнсүдү. Силкинип-силкинип барып жай жайына келди да, силкинген жерден үйлөрдүн дубалдары кулап, кыштак ичи будуң-чаң түшүп жатып калды. Бозала коюу чаң көккө карай ызгыды.
– Э кудуретиңден кагылайын кудай! – Бурадарлар ар жерде келме келтирип үрпөйүштү.
– Биссимилла-биссимилла… – пенделер шыбыр-күбүр келмесин кайталап жакасын уучтады ар-ар жерде.
Колунда мылтык кармап селейген адамдын эч нерсеге акылы жетпеди. Айланадагы үйлөр мылтыктын «тарс» эткен катуу үнүнөн кулап түшкөнүн же кара жер силкингенин түшүнбөдү. Катыны болсо бешикке чуркап жетип, уйкудан эми ойгонгон наристесин чопулдатып өпкүлөй берди. Кудай-таалага жалынып, ымыркайы аман калганына тоба келтирди.
Эр бүлөсү ошондо гана эс учун жыйды белем, бешиктин жанында оозунан кан аккан итинин башын кучактап, өңгүрөп ыйлап жиберди…

Арыда болсо жер менен жексен болуп кыйраканы чыккан эски үйдүн чаңы асманга сапырылганы…

А Кумайык тукуму Көк-Теңир буйругун аткарууга улуп-уңшуса да, үрсө да – бу жашоодо адамга кызмат кылганы болучу…
2005-2017-ж.ж.