Космосту, чокуларды жана асманды эң биринчи багындырган айымдар

  • 01.02.2021
  • 0

Юнко Эверестке биринчи чыккан айым

1975-жылдын 16-майында Юнко Табей Эвересттин чокусуна жетип, аны багындырган биринчи айым болуп калды.

Англис адабияты факультетин аяктаган соң, Юнко Табей Жапонияда алпинистердин аялдар клубун уюштурган. Санаалаш-пикирлештери менен Юнко улам бир жаңы чокуларды багындырган. 1970-жылы Аннапурна 3 чокусуна тарыхта экинчи жолу болуп жаткан чыгууга катышкан жана дүйнөгү эң бийик чоку Жамалунгмага чыгууну кыялданган.

Аял киши дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгарына эч ким ишенген эмес, анын үстүнө бул максатка жетиш үчүн, аны чокуга чыгуу үчүн уруксат алуу, экспедицияга камданууга каражат табуу (бул иште ММК жардамга келишкен) сыяктуу машакаты көп тоскоолдуктар күтүп турган болчу. Даярдык көрүү үчүн 1400 күн сарпталса, 130 күн экспедициянын өзүнө кеткен. Чокуну карай чыгып бара жатышканда жапондуктардын лагерин көчкү басып, Юнко баш болгон бир топ спортсмендер жаракат алышкан. Канчалык азап-тозокторго кабылса да, алар акыры чокуга чыгып барышкан.

Юнко Табей 44 жолу аялдар экспедициясына катышкан. 2001-жылы 62 жашында Музтанг-Ата чокусуна чыккан. Азыркы учурда Токиодо үй чарбасы менен алек.

Раймонда де Ларош (Элиза Леонтина Дерош) — эң биринчи учкуч айым

1910-жылдын 8-мартында Франциянын Аэроклубу аялдардын ичинен биринчи жолу учакты айдоого укук берүүчү күбөлүк катты Раймонда де Ларош аттуу айымга тапшырган. Де Ларош карапайым үй бүлөдөн чыккан, бирок актриса болуу менен “урматтуу каймана атты” тандап алган. 1909-жылы ал авиатор Шарль Вуазен менен таанышат. Уламыштарга ишенсек, ал аэропланды жерде эле айдап көрүүгө уруксат берген, бирок ал анын айтканын укпай учакты асманга көтөрүп учуп чыккан экен. Дагы бир аз убакыт өткөн соң француз айымы Гелиополис менен Аэроклубдун ортосунда болгон мелдешке катышып, өзүн көрсөтө алган.

Күбөлүктү алгандан төрт ай өтүп-өтпөй эле ал учакты жерге кондуруу учурунда мурду сынып, мээси чайкалган. Эки жыл өзүн калыбына келтирген соң, кайрадан учак кыйрап Шарль Вуазен каза болуп, ал жаракат алган. Кийинки жылдары “учуучу цирк менен Европада” оюн көрсөтүп жүргөн, ал эми биринчи дүйнөлүк согушта француз армиясында айдоочу болуп кызмат кылган (ал кезде аялдарга учууга тыюу салынган). 1919-жылы Де Ларош аялдардын арасындагы эки жолу рекорд коюуга үлгүргөн. Анын бири бийиктикке көтөрүлүү боюнча, экинчиси алыс аралыкка учуу боюнча эле, бирок эки айдан кийин учагы менен кыйроого учурап каза болгон.

Клеанор Зедерштрем (Штиннес) — автомобиль менен жер шарын айланып чыккан биринчи айым

Жер шарын автомобиль менен айланып чыгууну эң биринчи жолу Клеанор Штиннес айым ишке ашырган. Ал бул жүрүшкө“Адлер” деген автомобиль менен Франкфурта-на-Майнеден аттанып чыккан.

Клеанор белгилүү немис өндүрүшчүсүнүн кызы болгон, ал 1924-жылдан 1927-жылга чейин 17 турнирдик мелдештердин жеңүүчүсү болгонго үлгүргөн жана Европадагы эң мыкты айдоочулардын бири. Ал 1927-жылдын 25-майынан  1929-жылдын 24-июнуна чейин кинооператор Карл Аксель Зедерштрем менен жер шарын айланып чыккан. Маршуруттун узундугу 47000 чакырым болгон.

Саякаттан кийин ал “Автомобиль менен эки дүйнөнү аралап” деген китеп жазган, ал китеп боюнча ушундай эле аталыштагы фильм тартылган.

Ал саякаттан кийин Зедерштрем менен баш кошуп, Швециянын түштүгүндө айыл чарбасы менен алектене башташкан.

Валентина Терешкова — биринчи космонавт айым

Үч сутка ичинде Валентина Терешкова Жер шарын 48 жолу айланганга үлгүргөн. Учуп жүргөндө программа туура иштебей, корабль туура эмес траекторияга түшө баштаганда, аны оңдогонго жетишкен, ОКБ-1дин  башкы конструктору Сергей Королевдун өтүнүчү менен бул купуя сырды 30 жыл эч кимге айтпай ичинде сактаган. Доктордун айтканына караганда Терешкованын ден-соолугу космоско учуп келгенден кийин жакшы абалда болгон, бирок Королев “менин көзүм тирүүсүндө космоско бир дагы аял учпайт” деген экен.

Валентина Терешкова кийин космонавттардын отрядында кызмат кылуусун уланткан, ал эми Аба аскерлеринин инженердик академиясын бүтүргөн соң техникалык илимдердин кандидаты, профессор деген наамдарды алып, элүүдөн ашык илимий эмгектерди жазган.

Валентина Терешкова космоско учкан биринчи айым гана болбостон, советтик аялдардын арасынан биринчи жана акыркы жолу сүрөтү монета бетине түшүрүлгөн аял. 1963-жылы конкурска катышпастан эле “Ааламдын айымы” титулун алган.

Кыргыз ССринин Кемин районундагы Тегирменти айылынын Карл Маркс орто мектебинин директору Калыйча Чоробаева 1964-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк аялдар конгрессине катышып, андан соң кыргызстандык аялдардын арасынан биринчи жана акыркы жолу Валентина Терешкова менен Быковдун үйлөнүү тоюна катышып, аны менен белек-бечкек алышкан аял болгон (котормочудан).

Элен де Пуртале — Олимпиада оюндарынын биринчи жеңүүчүсү

1900-жылкы Олимпиадалык оюндарга аялдар да катышууга укук алышкан, ошол  олимпиаданын аялдар арасындагы биринчи жеңүүчүсү Элен де Пуртале болгон.

Элен Америкадагы белгилүү ишкердин кызы болгон. Ал бала кезинен эле ата-энеси менен бирдикте парус боюнча спортко катышып жүргөн. Граф Эрман де Пурталеге баш кошкондон кийин, ал швейцариялык графиня болуп калган. Күйөөсү Эрман дагы яхта менен машыккан спортсмен эле. Париждеги Олимпиадага катышууну чечкен соң, ал командасына аялы менен жээнин кошуп алган экен. Ошентип алар Сенадагы эки сааттык мелдеште жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болушкан.

Элен күйөөсүнөн 40 жылдан ашык жашап,  Женевада 77  жашка чыгып каза болот. Олимпиадан кийин спорттогу башка ийгиликтери жөнүндө маалымат жок.

Мария Склодовская-Кюри — Нобель сыйлыгын алган биринчи аял

Мария Склодовская-Кюри Нобель сыйлыгын алган биринчи аял жана аны биринчи жолу эки жолу алган лауреат болгон.

Кюри бала кезинен жакшы окуган, мектепти аяктаган соң ден-соолугуна байланыштуу бир жыл билим ала албай калган. Ошол учурда Россия Империясынын курамына кирген сүйүктүү Польшасында аялдардын билим алуусу кыйын болчу.  Кээ бир маалыматтарга таянсак, аялдардын жогорку курсун аяктаган, андан кийин 24 жашында Парижге, Сорбоннадан химия жана физика боюнча билим алуу үчүн барат. Ал жакта ал Сорбоннанын тарыхында биринчи аял-мугалим болгон. Кийинчерээк физика жана химия илимдери боюнча окумуштуу Кюриге турмушка чыгып, экөө биргелешип радий жана полоний деген элементтерди ачышкан. Биринчи Дүйнөлүк согушта Мария медиктерге жарадарларды дарылоодо рентген нурларын кантип пайдаланууну үйрөткөн.

Мария Кюри дүйнөдөгү 85 илимий коомдордун мүчөсү болгон, Нобель сыйлыгынан башка 20 ардактуу наамдарды, 6 медалды жана Уиллард Гиббистин сыйлыгын алган. Эки кыз төрөгөн, бир кызы – Ирен Жолио-Кюри – химия боюнча Нобель сыйлыгын алса, а экинчи кызы Ева Дениза Кюри – пианинодо мыкты ойногон белгилүү музыкант жана жазуучу катары таанылган. Кюри 67 жашында өнөкөн нур оорусунан каза болгон.

Эллен Своллоу Ричардс — биринчи мугалим айым

Эллен Ричардс университетте сабак бере баштаган биринчи айым болуп калды.

Ал Вассардан билим алууга каражат топтоо максатында бир топ жыл иштеген. Андан кийин Массчусет технологиялык институтунун бакалавры болуп кирип, бирок университеттин жүргүзкөн саясатынан улам докторлук даражага жете алган эмес. Кийин Массчусет университетинин тоо-кен иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Роберт Ричардск менен баш кошуп, анын жардамы аркасында ЖОЖ менен ыктыярчы катары кызматташа баштаган. Элен аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөштө алдыңкы катарда болуп, жыл сайын студент кыздардын укуктук жактан коргоо программаларын түзүү үчүн  1000 долларды бекер берип турган.

1881-жылы Элен Ричардс Марион Тэлбот жана аялдар колледжинин он беш бүтүрүүчүсү менен бирдикте америкалык аялдардын ассоциациясын негиздешкен, 125 жылдан бери ал ассоциация аялдардын укугун коргоп келе жатат.

Ричардс андан тышкары санитардык химия лабораториясын жетектеген, анын изилдөөлөрү көлмөлөрдөгү суунун булганышы боюнча көйгөлөрдү чечүү жана сууларды тазартуу курулуштарындагы иштерди жакшыртууга байланыштуу болгон, ал эми үй турмушунда химияны колдонуу боюнча иштери үй кожойкелеринин сүйүктүү китепчелерине айланган.

Мирей Балестрази — Интерполду жетектеген биринчи аял

Интерполдун эң биринчи жолку аял президенти 2012-жылы бул кызматка келген француз айымы Мирей Балестрази.

Балестрази байыркы адабият боюнча билим алып, байыркы тилдердин бакалавры даражасын алган. Франциянын полицияларды даярдоочу Улуттук мектеби аялдарды кабыл ала баштаганда, ал ага кирип окуу курсун аяктаган соң, 21 жашында комиссар болгон. Андан кийин сот полициясынын Борбордук башкармалыгында бандитизм менен күрөшүү бөлүмүн жетектейт.

Ага атак-даңк ал искусство чыгармаларын уурдагандар менен күрөш жүргүзгөн Борбордук бюрону жетектеп турганда Жан Батиста Коронун төрт картинасын издеп табуу боюнча операцияны ийгиликтүү аяктагандан кийин келген. 1993-жылы ал Аяччодогу полициянын биринчи аял жетекчиси болуп дайындалган. Андан соң Балестрази улуттук полициянын башкы инспектору жана Интерполдун Европадагы Аткаруу комитетинин вице-президенти болуп иштей баштады.

Маргарет Бурк-Уайт — согушу чагылдырган биринчи аскердик-журналист аял

Маргарет Бурк-Уайт Нью-Жерсиде туулуп өскөн. Колумбия университетинде  герпетология боюнча окуп жүргөн кезинде фотографияга кызыгып, аны үйрөнө баштайт. 1929-жылы Бурк-Уайт Fortune журналынын редакторунун жардамчысы кызматын ээлейт. Бир жылдан кийин ал СССРдин өнөр жай ишканаларына батыштан келген биринчи фотограф болгон. Андан соң аны Life. журналында иштөөгө чакырышат. Ошентип, америкалык айым тарыхта биринчи аял-фотожурналист болуп калган.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышында Бурк-Уайт Россияда жүргөн. Ал СССРдеги жападан жалгыз чет элдик журналист эле. Кийинчерээк Маргерет америкалык согуш күчтөрүн Африкада, Италияда, Германияда коштоп жүргөн, Индия менен Пакистандын ортосундагы чыр-чатактарды өз эмгектеринде кенен чагылдырган.

Бурк-Уайт эки жолу эрге тийген. 67 жашында Паркинсон оорусунан каза болгон..

Антье Якелен — дүйнөдөгү биринчи аял-архиепископ

Дүйнөдөгү эң биринчи аял-архиепископ Антье Якелен Швецияда 2014-жылы шайланган. Буга чейин бир канча өлкөлөрдө епископ кызматына жеткен аялдар болгон.

Якелен өзүнүн балалыгын Германияда өткөзгөн, ал эми 22 жашында Швецияга көчүп барган. Ал жерден ал теология илимин изилдеп, үйрөнгөн. Андан кийин АКШда көп жылдар бою илимий иштер менен алектенет. Чиркөөдөгү кызмат кылуусун 1980-жылы Стогольм епархиясында кызмат кылуу менен баштаган. 2007-жылы аны Уппалдагы Кафедралдык чиркөөгө епископ кылып шайлашкан. 2014-жылы Якелен Уппсалынын Архиепискобу жана Швед чиркөөсүнүн башчысы болду. Бүгүнкү күнгө архиепископ Кудайга болгон ишеним менен эволюциянын ортосунда карама-каршылык жок экендигин далилдеген төрт эмгек жаратты. Андан тышкары ал Twitter-де, светтик темалар боюнча талаш-тартыштарга активдүү катышып келет.

Булак: interesno.cc

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз