Василий Сухомлинский: Айнек Киши

  • 28.01.2024
  • 0

ЖОМОК

Бир кичинекей баланын Айнек Киши аттуу оюнчугу бар эле. Бала аны абдан жакшы көргөндүктөн дайыма жууп-сүрүп, мөлтүрөтө таза кармаганга аракеттенчү. Ал айнектен жасалса да абдан акылдуу жана сезимтал болчу. Айнек Кишинин мындай бир өзгөчө касиети бар эле - баланын эмне ойлогонун дароо сезип, ошол сезимдерге жараша кубулуп турчу. Мисалы, бала жакшы ойлорду ойлосо туптунук жана таптаза болуп калчу. Ал эми жаман ойдо болсо кирдегенсип карарып кетчү.

Ал эмес “Эртең эжей сурабас, бүгүн сабак окубай эле коёюн, андан көрө көчөгө чыгып ойноп келе калайын”, - деген ойго жетеленсе да ал билип койгондуктан тунук өңү карайып кирдей түшчү, мындан улам бала сабак даярдаганы айласыз отурчу. Ошентип Айнек Кишинин тескөөсү менен бала класстагы эң жакшы окуган окуучуга, ата-энесинин сүймөнчүк уулуна айланат.

Бир күнү Айнек Киши бала эч кандай жаман ойлонбосо да карарып кетет. Эмнесинен жазганын түшүнбөгөн бала кетирген катасын издеп ары кетет, бери кетет, таппайт. Акыры ооруканага жаткан досуна барбаганын эстеп уялат, апасы берген чоң кызыл алманы көтөрүп досунун абалын сурап келет. Келсе Айнек Киши кадимкисиндей мөлтүр таза болуп калыптыр.

Ушинтип Айнек Киши баланы жакшы адам кылып тарбиялаптыр. Бул оюнчук баланын абийири болчу.

Силер да балдар, абийириңерди жаштайыңардан таза кармасаңар жакшы адам болуп чоңоёсуңар.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз