АҢГЕМЕ
Таң агарып келе жаткан эле. Аялым терезенин жанында отурган экен. Таңды ушул жерде отуруп атырыптыр.
- Сен жаткан жоксуңбу? – дедим.
Жүткүндү. Бозоргон өңү терезенин жанындагы көлөкөгө окшоп кетти. Бирок бул көлөкөдө бирге жашаган жыйырма жылдан ашуун мезгилдин ар бир күнүнөн бирден үзүм бар эле.
- Азан айтылып жатат, - деп шыбырады.
Анын бул добушу мени ойго салды. Жан-дүйнөбүз кол жеткистей болуп, аялым Куранда айтылган бактысын кылымдардан бери бекер эле күтүп жүргөндөй сезилди.
Кыймыл-аракетинде, баскан-турганында муңайымдуу баш ийүү бар эле. Ашканага кирди. Аны түшүмдө көргөнсүп жаттым: меш менен самоорго көмүр салып, даарат алгандан кийин, жайнамазын жайып намаз окуду.
Терезеден кирген жарык үй ичин болушунча жарык кылды.
Бозоргон, тынч жана салкын убак. Төшөгүмдүн жылуулугу, белгисиз сезимдер, башаламан ойлордон качуу... Көзүм илинип кетиптир.
- Капырай…
- Эмне болду?
- Келди…
- Ии, мына, жакшы болбодубу?..
Бирок маселебиз бул эмес эле. Аялым менден бир нерсе күткөнсүп капаланып сүйлөндү:
- Эчтеке дебейсиңби, мунуң менен үчүнчү жолу болуп атат... Эмне кылабыз, ботом?
Мен кайдан билмек элем. Бирок ага:
- Эртең аны менен сүйлөшөм, - дедим.
Кайсы эртең?.. Асмандын көпкөк болуп калганы качан? Күн, жашоого мажбур кылган күнүбүз башталып жатат. Аялым туура айтат. Бул маселени чечиш керек. Уулум төшөгүнө жаңы эле жаткан. Ага бул жасап жаткандарынын баары үмүтсүз козголоң экенин түшүндүрүшүм керек эле. Төшөктөн секирип түштүм. Аялым чебелектей:
- Катуу кетпесең. Эмнеси болсо дагы...
Сөзүн уланта алган жок. Аны карадым. Көз карашынан жан дүйнөсү астын-үстүн болуп жатканын сездим. Байкуш менин агала чачтуу, убайым жеген жубайым десе...
Чыгып баратып ийниме күрмөмдү койду.
Уулубуздун бөлмөсү күн чыгыш тарапта эле. Терезелери чоң бакчаны карайт. Маңдайдагы үйдөн качкан күн нуру дубалдарды бираз апарманга боёп коюптур.
Уулум болсо уктап калыптыр.
Кийимдерин үстөл үстүнө ыргытып таштаптыр, пижамасынын үстүн кийгенге да чамасы келбесе керек. Анын жанындагы отургучтун четине көчүк бастым. Ичим бир кызык болуп жатты. Аны карай алганым жок, бирок ойлорумдун баары ал тууралуу эле. Мурдагы бир окуя эсиме түштү. Ал анда кичинекей, ич келте менен ооруп калды, эти ысып, жөөлүп жаткан. Ал муну азыр эстээр бекен.
Аяздуу февраль айында төрөлдү. Атамдын колуна берип жатып кызыктай сезип жаттым өзүмдү... Атын коёрдо сөздүктөрдөгү сөздөр калбай калгандай сезилген мага. Ага жаркыраган, ааламдык мааниге ээ бир ат коюуну каалагам. Акырында Өмөр деп койдук. Бул ат да ага жарашты. Аны тарыхта өткөн Өмөрлөрдүн бак-таалайына ылайык көрдүм.
Биринчи күлгөнү, биринчи тиши, туңгуч сөзү, апасын көздөй, жаш, сулуу жана бактылуу апакесин көздөй таштаган алгачкы кадамы...
Жетиге чыкты. Мектепке алпарган күнү ыйлаганын унутпайм. Үйүнөн башка жакты кичинекей жүрөгү кабыл албай турду. Бирок бул да турмуштун чындыгы эмеспи, ал бардык балдардай эле мектеп менен базардын ортосунда чуркап, күндөн күнгө алыстоого дуушар боло баштады.
Он төрткө чыкты. Алгачкы өжөрлүгү, көңүлсүздүгү... Биз менен тең сүйлөшкүсү келген, эч жеңилгиси келбеген ортогубуздун пайда болгонун көрдүк. Аялымдын сыймыктуу санаркоолору менен менин алгачкы күмөнүм аралашып турду.
Лицейди, андан кийин университетти бүтүрдү. Бул учурда аны дагы жакшыраак жашасын деп аялым тойдон калган үч бешибирлигин[1] сатты. Ал болсо, алгачкы жоопсуз махабатынын айынан депрессияга түштү, бизди да кыйнады.
Биз ага минтип ишенип, сыймыктанып калганда, жан-дүйнөбүз аны менен учу-кыйырсыз болуп жатканда...
“Сен бизден бөлүнүп кеттиң. Өтө жакшы көргөнүбүздө сенин жиниң келер эле. Мен муну түшүнөр элем. Сен өзүңдү бираз болсо да эркин сезгиң келер эле. Бирок апаң...
Мен билем. Сен бул бөлмөлөрдүн ушул жасалгаларын, ал эмес бул үйдү да жактырбайсың... Учканды үйрөнүп алган таранчынын баласына окшоп ойлоруңдун баары башка талдарда. Сен ойлогон нерселер, балким абдан жакшы болсо керек. Бизди тосо турган бөлмөңдү да унутпасаң керек, мен буга ишенем. Ушунчасы эле бизге... мага жетет. Бирок апаң... Муну сен сезесиң, анда-санда, кээде бир туугандарыңды кантип окута турганыңды, биз үчүн эмнелерди жасай турганыңды да айтасың. Бирок, бири-бирибизден жашырбай эле коёлу, сен буларды айтып жатканыңда үнүң титиреп, абийириңдин күрмөлүп кетиши, же андан дагы чарасыз калганыңдын азабы эмеспи?.. Бирок, сен кайгырба, сенин колуңан эмне келет, жашоо ушундай, эч нерсе кыла албайсың.
Мен сенин ичкиликтен эмне күткөнүңдү билем, көнүмүшкө айлантпашыңа да ишенем... Бирок апаң...
Анан мен сенин сырттан эмне издегениңди, үйдөн эмнеге качканыңды да билем. Балким бир сойку болушу мүмкүн. Менин аларга душмандыгым жок, ошентсе да... Бирок апаң... Байкуш аял бирөөнө жолугуп калбасын деп титирейт. Сен түндөсү жоголуп кеткениңде анын шектенүүлөрү жаркыраган көчөлөр менен казинолорду жомоктогу үңкүрлөргө айлантат.
Булардын баарынын эмне кереги бар, сен буларды билбей тургансыйсың... Мен бул нерселер сенин жүрөгүңдү кантип сыздатып жатканын билбейт деп ойлойсуңбу? Апаң, мен... Сен бизге караба. Болгон дөдөйлүктүн баары бизде. Биз сени бираз ооруп калса экен деп күткөн сыяктуубуз. Бизге эле тийиштүү бала кезиңдегидей калышыңды каалайбыз. Өзгөрүп кетишиңди такыр элестете албайбыз. Мына, азыр да сени бетиңе бурулуп карай албай турам. Анткени, ойлонууга эр жүрөктөнө албай туруп билебиз да, сенин уйкуң да өзгөрдү. Мурун сен бизди күтүп жаткансып уктачусуң. Ооба, азыр уй куң да өзгөрдү. Негизги өзгөрүүлөр уктаганыңда болду, сен уйкуларыңда бизден алыстадың”…
Башымды бурдум. Аны карадым. Карап жатып уктап калган колумду колдонгондой болдум. Бирок жан дүйнөм өзүнөн өзү жеңилдеп калгансыды. Көп жылдан бери издеген адамымды тапкандай болдум. Ышкыргым, кыйкыргым келди. Күн бетине тийбесин деп пардаларды тарттым. Меникине окшогон кара сакалдуу бетиңен өптүм да сыртка чыктым.
Чай ичип жатканда аялым бираз ойлуу эле. Мен кичинекей уулумдун чайына анын жаман көргөн лимонун жашыруун кошуп койдум.
Түрк тилинен которгондор: Салия ИБРАИМОВА, Сейитбек ИДИРИСОВ, Калмамат КУЛАМШАЕВ
[1] Бешибирлик – беш алтын лира наркында болгон түрк аялдарынын жасалгасы. Негизинен муну ага-тууган, жакшы санаалаштары тартуулайт.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR