Манас ааламына аралашкан кыл чебер

  • 04.02.2024
  • 0

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадралиевдин 75 жылдыгына карата

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас ордени, “Манас ата” жана Түгөлбай Ата коомдорунун сыйлыктары менен сыйланып, Иран менен Түркия мамлекеттеринин искусство жаатындагы эң жогорку сыйлыгы  Алтын медалдарына арзыган  Жоомарт Кадыралиев эгер тирүү болгондо мына быйыл 75 жашка чыкмак. Жетимиш беш жаш. Аттиң...

Тагдырдын жазмышы экен, Жоомарт Кадыралиев жетимиш беш эмес жетимишке бир жыл жетпей  кете берди. Сары оору басып саргайып, дарт каптап дараметинен тайбады. Болгону, Ысык-Ата курортуна барды да ошондон ары  түбөлүк сапарын улантты.  Жүрөгү кармап... Неликтен?  Мурда-кийин “жүрөгүм” дегенин деле эч ким укпаптыр.  Билген  бир жан жок... Жокемди акыркы көргөндөр: шашып жүргөн дешет. Кайда шашты Жокебиз... Океандын ары жагындагы карындашы Айжамал меймандап кетиңиз деп чакырса, курорттон келгенден кийин баш-аякты жыйып барайын деген экен жарыктык. Баш-аягы жыйылбай калды. Кеткен бойдон кайрылып кайра келбеди.  Бул эми өткөн күн. Тарых. Жетимиш беш жылдык мааракеси республикалык масштабда өткөрүлсө болмок. Ал ошого татыктуу эле. Кыргызстандын намысын коргоп, кыргызга сөз тийгизбеген, элим дегенде, жерим дегенде ак эткенден так эткен кыргыздын намыскөй уулуна учурга  жараша урмат көрсөтүү маданият жаатын тейлеген төбөлдөрдүн парзы болчу. Айла канча. Бир жагынан таажы вирус такалап, экинчи жактан таланттарга сый-урмат аксап турганда кимди күнөөлөйбүз?

Кут даарыган кыргыз улуту байыртадан бери манасчыларды Манас баатырдын чоролору катары карап келишкен. Манасты жөн адам айта бербейт. Жараткан өзү берген Манастын касиетине таазим кылгандар, Жараткан берген кутту жана Манастан алган касиетти көтөрүп кете алган адамдар гана  айтышат дешет. Кыргыздын чыгаан  сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин 75 жылдыгын белгилеп жатып анын талантынын бир гана өңүрүнө токтолсок жетиштүү болор. Кыл чебер катары кыргыз сүрөт өнөрүндө ар тараптуу таланттын ээси болгон Жоомарт байкебиздин живописттерин, монументалдык эмгектерин санай берсек болот. А бирок Эл уулу, Эл сүрөтчүсү катары “Манас” темасында жараткан иштери Ж.Кадыралиевдин ысмын түбөлүк калтырып кетти. Улут сыймыгы, улут мартабасы - “Манас” эпосун көркөм сүрөт  ааламына оодарган  сүрөтчү-манасчы Ж. Кадыралиевдин өзү улут сыймыгы эмеспи.

Манас Ааламынын тереңине көз жеткис, кененине сөз жеткис, нарктуулугуна баа жеткис.  Жалаң ырдан бүткөн дүйнө. Ал дүйнөнүн адам тапкыс сыры бар, айтымы касиеттүү ыры бар. Бабалар айтып түптөгөн, айтылган сайын бүтпөгөн улуу дастан. Улуу дастанды улап, боёк сүртүмдөрүнөн курап, Байыркы мезгил менен Бүгүнкү күндү көгүш тондорго кынап, “Манас” баянын  биздин муунга мурастап кетирген Жоомарт Кадыралиевдин эмгеги элдин элесинде кала берери бышык.

Биздин түшүнүгүбүздө Кадыралиевдин Манасы бул өзүнчө феномен. Теңирден уюп түшкөн телегейи  тегиз Манас, элдин баары түшүнө бербеген купуя Манас, дүйнө теңди уютуп турган Манас касиет Кадыралиевдин жан дүйнөсүнө бүлүк салып Манас ааламына сүңгүп кирди. АСМАН-МАНАС-АСМАН – уулу-ыйык күч катары сүрөттөлгөн саптар бекер жерден чыккан эмес. Анын эң жогорку деңгээлдеги кереметтүү феномен экенин Жоомарт ага элден биринчи илгиртпей аңдап билди. Теңирдин нак өзү, көрөр көзү Манас экенин бири туйду, бири туйган жок. Евразия континетинин руханий турмушуна сиңип кеткен Манас феноменин Жоомарт ага өз жан дүйнөсү аркылуу жапакечтик менен өткөрө алды.

Оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк классикалык үлгүлөрүнүн катарынан орун алган  Манастын сакралдык маанисин байыртан бери кыргыз атадан балага оозеки түрдө өткөрүп келген эстафетасын кыл чебер кылдаттык менен түшүнгөн.  Жон териси менен сезген. “Манасты” бир нече жолу окуп чыгат. 1958-жылы чыккан варианттарынын бириктирилген төрт томдугун, Саякбай менен Сагымбайдын варианттарын терең талдаган, тыкыр изилдеген. КР УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илиминин доктору Раиса Кадырбаеванын “Манас” эпосу тууралуу жазган эмгектери менен таанышып, окумуштуу менен бетме-бет сүйлөшөт. 1986-жылы Манас жүргөн жерлер –Талас өрөөнүн бүт кыдырды. Нылды, Бакай-Тоо, Эчкилүү-Тоо, Манастын күмбөзүнүн эскиздерин жаратты. Айкөл Манастын образын жаратууга чейин талбай изденүүгө, мээнеттенүүгө туура келген. Ошондон кийин гана Манас бабабыздын кереметтүү образы жаралган.

Ырас, кыргыз сүрөт өнөрүндө “Манас” темасына кайрылгандар көп болгон. Ар биринин  өз алдынча көрө билүүсү бар. Театр сүрөтчүсү А.М.Тороповдон тартып, график Б.Жумабаевге чейин канчалаган кыл чебер  кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын океандай  мурасы “Манас” эпосуна кайрылышты. Белгилүү  сүрөтчүлөр  Т.Герцен менен Т.Курманов да кыргыз сүрөт өнөрүндө Манастын образын графика жанрынын болгон кереметине жараша чагылдыра алышкан. А бирок булардын көпчүлүгү эпостун алкагынан алыс узап кете алышкан эмес. Ж.Кадыралиев болсо Манасты башка өңүттөн алып калың журтка тартуу кылды. Анын живописи бул -- боёк дүйнөсүндөгү новаторлук. “Манасты” укканда ыйлабаган кыргыз калбайт”- дептир доордун залкар жазуучусу, кыргыз элинин сыймыгы улуу Чыңгыз Айтматов. Андай болсо Манастын образын жаратууда  Жоомарт ага кандай абалда болду экен? Мен билгенден Ж.Кадыралиевдин өнөрканасында Сагымбайдын, Саякбайдын Манас жөнүндө толук варианттары жыйылып турганын көргөн жайым бар. Жоомарт ага кээде туруп күңгүрөнүп “Манастан” үзүндүлөрдү жатка  айтчу. Бөтөнчө, Саякбай Каралаевдин “Манас” айткан пластинкаларын уккандан тажачу эмес. Мунун баары кыл чебердин чыгармачылыгына өз таасирин берди окшойт.

Асман менен  Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айын  менен күнүңдүн  бир өзүнөн бүткөндөй,
Алтын менен Күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй
Ай астында булуттун салкынынан бүткөндөй. (“Манас”эпосунан).

Мындан сырткары, Айкөл Манасты “көзү көлдүн быткылдай” -- деп да сүрөттөшөт. “Асман-Жердин тирөөсү бул – тартылуу күчү. Манас атабызда ушундай улуу күч, энергия, дух, дем, интеллект бар экен. Аурасы таза, бешенесинен нур төгүлүп турган адам... бул жерде өңдөрдүн, түстөрдүн кубулушун кылдат кармап, тандап, талдоо керек. Мына ушунун баарын сезимде жуурулуштуруп, анан гана Манас атабыздын образы чыгат”,- дейт Жоомарт ага. Ооба,  ошондой эле болду. Кыл чебер Манастын образын ар тараптан аңдап билип, ийине жеткире ийлеп туруп, жан дүйнөсүндө электен өткөрдү. Акыры барып “Бабалар баяны” деген темадагы полотнолорду жаратты. Баш аягы 40тай болот. Баары билинер-билинбес өңдөр менен берилген.  Мында кыл чебер “Манас” эпосундагы трагедия менен драматизмди бир бүтүн идеяга бириктирүүнү максат кылып алгандай. “Түш”, “Теңирден тилөө”, “Бата суроо”, “Баба Дыйкан менен Манас”, “Нардай чөккөн баатырлар”, “Кырк жигит”, “Аккула”, “Макел дөө”, “Баатыр Коңурбай”, “Жолдо”, “Алмамбет”, “Чоң Казат” жана башка чоң-кичине полотнолор Ж.Кадралиевдин көп жылдык түйшүгүнүн жыйынтыгы.

Жоомарт аганын монументалисттик маанайдагы сыпаттоосу өз жемишин берди. Таластагы “Манас ордо” тарыхий комплексиндеги үч катмарлуу узундугу 20 метр, бийиктиги 15 метр зор картина  Манас не деген гана керемет чыгарма. Кээ бирлер аны мексиканын чыгаан сүрөтчүлөрү Диего Ривера жана Давид Сикейростун чыгармалары менен үндөштүрсө, айрымдары атактуу орус сүрөтчүсү А.Ивановдун  “Христостун кайра элине кайтып келиши” деген эпикалык картинага салыштырышат.

Башка сүрөтчүлөр Манастын образын ачып берүүдө китеп графикасынын алкагында гана  алектенип, көркөмдөп сыпаттоо боюнча алган билимдин деңгээлинде ой жүгүртүп келишсе, Жоомартын Манасында кылым карытып эл оозундай айтылып жүргөн алп Манас чулусу менен сомдолуп боёк дүйнөсүнө сүңгүп кетет. Боёктордун ырааттуулугу алтын түспөлдөнүп бирде ачык, бирде күңүрт шоораттана бүдөмүк тартканын башында көп түшүнө бербептирбиз. Көрсө, тээ түпкүрдөгү Манас бабабыздын руху мына ушундай жол менен гана ачылат тура.

Асман менен Жердин тирөөчү кандай болду экен? Ай менен Күндүн ортосунан жаралган  нерсени кантип түшүнөбүз? Алтын менен күмүштүн ширөөсү неде уюган? Мунун баарын көрүүчүгө кантип жеткирүү керек? Жоомарттын  жоомарттыгы так мына ушул жерде кыттай уюп, канып жатат эмеспи. Ушул  өңүт, ушул ыкма, аны башкалардан айырмалаган новаторлукка түрттү. Башка сүрөтчүлөр аңдабаган, аңдаса да анчейин элес албаган нерселерди кыл чебер кылдат баамдап кыргыз жыттанган  көркөм сүрөт өнөрүнүн бир өңүрүн кылымдардын кыйырына кайталангыс мурас катары тартуу кылып кете берди. Жөн эле кеткен жок. Кыргыз деп ыйлап, кыргыз деп сыздап, өпкө-боорун чаап, Манастап ураан чакырып, атпай кыргыз журтуна гана эмес тиягы Алтайдан биягы Тибетке чейинки  байыркы кыргыз бабалар баскан жерлерде Манастын рухун жаңыртып кетти...

Сапалкан Арипов, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун ага илимий кызматкери.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз