Жакырчылыктан атак-даңкка кеткен жол

  • 02.08.2021
  • 0

Мартин МакДонах 1970-жылы Лондондо теги ирландиялык мигрант үй-бүлөдө туулган. Атасы курулушта иштесе, апасы пол жуугуч болуп иштеген. Ата-энеси Лондондо бир топ жыл иштеген соң атасынын туулган жери – Голуэйге (Ирландия) биротоло кетүүнү чечишет. Бирок балдарынын келечегин ойлоп, уулдары Жон менен Мартинди Лондондо калтырып кетишкен.

Ошого Жон менен Мартин он алтыга толгонго чейин жумушсуздук боюнча жөлөкпул менен жашап күн кечиришет. Он алты жашында мектепти таштап, 1986-жылдан 1993-жылга дейре акча табуунун айласында Лондондо ар кандай соода түйүндөрүндө, ишканаларда ар кайсы жумуштарда иштеген.

Агасы Жон жазуучулук боюнча алектенип баштаганда, Мартин да ага атаандашуу иретинде, бир жагынан гонорардын жардамында жан багуунун айласында өз алдынча чыгармаларды жазуу боюнча изденип баштайт. Кийин агасы АКШдагы кинематография жаатында окууга өтүп кеткенде, бир туугандар арасындагы достук атаандашуу Мартин МакДонахты чыгармачылыкка биротоло кирип кетүүсүнө түрткү болот. Алгачкы жыйырмага жакын чыгармасын ар кандай белгилүү адабий журналдарга жөнөтүп, адабий журналдар чыгарма талапка жооп бербейт деген жүйөө менен артка кайтарышкан.

Мындан улам жазуучу драматургия тармагы анын эң жактырбаган тармагы экендигине карабастан, өзүн ушул жанрда сынап көрүүнү чечет. Ага атак-даңкты «Дүйнөдө жок сулуу» (The Beauty Queen of Leenane, түз которгондо «Линейнден чыккан сулуулуктун ханышасы»)  аталыштагы дебюттук чыгармасы алып келген. Пьеса жарыкка чыгар замат, окурмандардын, драматургия боюнча адистердин көңүлүн өзүнө дароо буруп, драматургия жаатындагы «Evening Standart» жана «Тони» сыйлыктарына жеткирген. Андан соң «Дүйнөдө жок сулуу» чыгармасы дүйнөнүн бардык негизги тилдерине которулуп, сахнада коюлган бул пьеса бир жумалап чоң аншлаг менен өтөт. Бул пьесанын арты менен дүйнөдөгү көптөгөн театр ишмерлери, продюссерлер акчага маарып алышкан десек да жарашат.

Мындан улам жазуучуга драматургия жана кино тармагында иштеген продюссерлерден кызматташуу боюнча сунуштар түшүп, жазуучу баш-оту менен ушул тармактарда иштеп, ал тарабынан жазылган драма жана кино сценарийлердин негизинде тартылган иштер биринин артынан бири ийгилик алып келе баштайт.

Андан ары жазуучунун «Ишишмаан аралындагы мунжуга», «Жаздык-адам»,  «Коннэмарадан баш сөөк», «Жетимсиреген Батыш» чыгармалары удаама-удаа драматургия жаатында атак-даңк алып келген. 1998-жылы Австралия жана АКШдагы театрларда коюлган дебюттук чыгармасы – «Дүйнөдө жок сулуу»  драматургия тармагындагы «Тонинин» (Tony Award) алты сыйлыгын утуп алат. Андан ары «Инишмор аралындагы лейтананка» пьесасы 2002-жылы комедия жанрдагы чыгармалар үчүн «Oliver Award» сыйлыгына татыктуу болгон.

Кийин жазуучунун кино сценарий багытында жараткан эмгектери дал ушундай эле көптөгөн сыйлыктарды жеңген. Сценарист жазуучу гана эмес, кино тармагында продюссердик ишти да аркалаган.  Кино жаатында жазуучунун жетишкендиктери:

1. Алты атар мылтык – кыска метраждуу фильм боюнча «Оскар» сыйлыгы, 2006-жыл;

2. Эббинг, Миссури чек арасындагы үч жармаңке тактай - кино жаатындагы «Алтын глобус» сыйлыгы, 2018-жыл;

3. Брюгге тереңине чумкуу - кино жаатындагы «BAFTA» сыйлыгы, 2009-жыл;

4. Эббинг, Миссури чек арасындагы үч жармаңке тактай -  кино жаатындагы «BAFTA» сыйлыгынын үчөөсүн утуп алган, 2018-жыл.

Жазуучунун кино тармагында жараткан башка эмгектери да ар кайсы сыйлыктарга көрсөтүлүп, жылуу сын-пикирлер менен коштолуп келүүдө. Учурда 51 жаштагы жазуучу-драматург, кино сценарист, продюссер Мартин МакДонах бүгүнкү күндө чыгармачылыктын туу чокусунда иштеп жаткан маалы.

«Дүйнөдө жок сулуу» чыгармасы тууралуу

Жазуучу өзү Лондондогу теги ирландиялык үй-бүлөдөн чыккандыктан, бул чыгармасын мигранттык жашоонун негизинде, сүйүү темасына арнап жазган. Белгилүү драматургдардын пикирине таянсак, жазуучу бул чыгармасында болгону төрт каармандын катышуусунда бүгүнкү дүйнөнүн моделин бере алган. Бүгүнкү күндө дүйнө күндөн-күнгө радикалдашып, мамлекеттер адамдык баалуулуктарга караганда, өзүндөгү милллионер-миллиардер ишкерлердин саны, экономикалык кубаты, аскердик коргонуу күчү сыяктуу жалаң гана «кубаттуу күчтөрү» менен гана мактанып калган маал.

Дүйнөдө саясий-экономикалык интеграция ылдам жүрүп, адамдык баалуулуктарга көбүрөк басым жасалбаса, бул бара-бара коомдо таш боордукту пайда кылары бышык (санкциялардан улам экономикалык кризис, анын арты менен келген кылмыштын толгон-токой түрү ж.б.у.с.). Чыгарманын дүйнөгө кеңири тарап кеткени да ошондон, б.а., ар бир адам бул чыгарманы окуган соң кайсы бир деңгээлде мындан өзүн жана өзүн курчаган коомду көрө алат. Качан гана адамдык баалуулуктарга анча маани берилбей калганда, коом ичинде негативдүү иш-аракеттер күчөйт. Бул тууралуу Рюноскэ Акутагава (“Расёмон дарбазасы”) жана Федор Достоевский (“Кылмыш жана жаза”) сыяктуу бир катар жазуучулар жогоруда белгиленген чыгармаларында баяндап кетишкен.

Бул жерде таш боордук Морин аттуу кырк жаштагы кыздын өз апасына жасаган мамилеси менен ачып көрсөтүлсө, ошол эле учурда апасынын кызына болгон куйту мамилеси баяндалат, б.а., бүгүнкү күндүн жашоо образы. Апасы кызын жиндиканага жатып чыккан адамга теңеп, менин тамак-ашымды кылып, өлгүчө караса болду деп эсептейт. Кызынын тагдырын ойлоп да койбойт. Жиндиканага эмнеден улам жатып чыкканы да апасын түк кызыктырбайт. Коомдогу диний чөйрөнүн айрым өкүлдөрүнүн куйту, кыйтыр, караңгы мамилеси да коомду тазарткандын ордуна коомду күндөн-күнгө чиритип, агрессияны күчөтүп жатканы чыгармада кыйытылып кеткен.

Чыгарманын жүрүшү Ирландияда өтөт. Ирландия көп жылдар бою өз алдынча өнүгө албай, мунун натыйжасында ирландиялык жаштар Англия менен АКШга мигрант катары кетип, кара жумуштарда иштөөгө аргасыз болушкан. Мигранттык жашоо образы күндөн-күнгө Ирландияны оор тегирмен ташындай жерге ныгырып басып келген. Акырында ирланд элинде 1990-жылдары башталган улуттук жапырт ойгонуу гана Ирландияны бул апааттан сактап калган. Ирландия Евро Биримдикке кирип, АКШдан келген инвестицияны максаттуу, натыйжалуу пайдалануу жолуна өтөт. Өлкө эң акырында илим-билимге баш-оту менен таянып гана бул кризистен чыгып кетсе болорун түшүнгөн. Натыйжада, АКШдан жана Евро Биримдиктен берилген инвестициялар өлкөнүн илим-билимине көбүрөк жумшалып, чет өлкөгө кара жумуштарга эмес, билим алуу үчүн кетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп баштайт. Ирландия мамлекети Сингапур жана Малайзия сыяктуу экономикалык секирикти кыска убакытта жасап, АКШ жана Евро Биримдикке кирген шериктеш өлкөлөр Ирландиянын бул көрсөткүчүнө «Кельт секириги (жолборсу)» деген даражалуу наам берген.

Даярдаган Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз