– О Чыке, арыбаңыз...
– Бар бол!
– Качан жолугабыз? Убактыңыз кандай?.. Качан чай ичишебиз?..
– Убактым деле бар, бирок жолугушпагыла, кафе-ресторандарга барбагыла деп атышпайбы...
– Ха-ха-ха... – Чыкем менен былтыркы каргашалуу жылда эң акыркы үн алышканыбыз ушул болду телефондон.
Куйкумдуу сүйлөгөн Чыкемдин “жолугушпагыла, кафе-ресторандарга барбагыла деп атпайбы” дегенине боорубуз эзилип каткырганбыз телефондун эки учунан. Ковид күчөгөн күндөрдүн алдында сүйлөшкөндөгүбүз болчу. Ошондон көп күн өтпөй бейтааныш бирөө телефон чалып калды:
– Үй дарегиңиз кандай?.. Чыныбай Акунович сизге бир аманат тапшырды эле, ошону жеткирип берейин дегемин...
Көрсө элде азык-түлүк апааты башталганда Чыкем мени ойлогон окшобойбу... Ошондогу мага жөнөтүп жиберген аманатын ойлоп, ичим өрттөнөт азыр. Жүрөгүм таарылат... “Акун” компаниясынын атынан ун-пун жөнөтүп жибериптир үйүмө.
Анан эле бир күнү маалымат каражаттарында Чыкемдин сүрөтү жайнап кетсе болобу! Эх, аттиң – суук кабар! Өнө боюм дүр дей түштү. Жер муштап күрсүнүп бүтө элек кезде, дагы бир асылдан ажырап калдыкпы – Чыкем ай, Чыкем, эскайран!
Чыкемдин алдында эле элибиз кандай гана жоготууларга жер муштап отуруп калбады! Кандай гана асыл инсандар биринин артынан бири узай берди! Биринин топурагы сууй электе экинчиси, үчүнчүсү... онунчусу... Топурак сууй электе, көкүрөк сууй электе, көз жаштар кургай электе эле биринин артынан бири кеткен асылдарды жоктоо тирүүлөрдүн азабы турбайбы!
Коронавирус айынан ал күндөрү кадырлаш, санаалаш адамдар менен бетме-бет көрүшпөй, телефондон эле амандык сурашкан апааттуу күндөр келбедиби. Жакшы көргөн адамдарың менен көзмө-көз көрүшө албай калган күндөрге кептелбедикпи! Ажал туш-туштан тооруп, ар бир кадамыбызда ажал аңдып турган күндөргө кабылбадыкпы! Телефонду чукуласаң: тааныш-билиштердин ысымдары көзгө урунат. Арасынан Чыныбай Турсунбеков, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Чубак Жалалов, Бүбүкан Досалиева, Болот Шер, Тилек Мураталиев... И-ий койчу, жүрөк сыйрылат.
Телефондогу тизмелерди өчүрүп салганга азыр да кол бара элек. Баарын эле өлүмгө кыйбайт экенсиң. Тирүү жандай сакталып жүрө беришсин дедим да, жүрөккө жакын адамдардын номурлары ушул күнгө чейин телефонумда сакталуу... Тирүүлүктө жакын адамдардан ажыраткан 2020-жылдагы каргашалуу күндөр-ай!.. Телефондон эмес, жүрөгүмдөн өчүрүп сала алгыс кадырыбыз өтүшкөн асылдарым! Жаткан жериңер жайлуу болсун түбөлүк! Силер жазданып жаткан топурактан чанагы жарылып гүл өнүп чыксын, көк-жашыл шибер чөптөн кыртыш калыптансын.
Ар бириң кыргыз коомунда кыртыш байлап, ар бириңдин өз ордуңар бар эле. Гүлдөй назик жүрөгүңөрдөн чыккан жакшылык иштерди айтып түгөтө албастырбыз эми...
* * *
Чыкем үйгө берип жиберген унубуз көпкө жетти. Ошол ундан одүйнө кеткендердин көбүнө үйдөн жыт чыгарып, куран багыштаган болдук. Чыкем берип жиберген ак ун турган тушка көзүм кадалган сайын, жүрөк сыгылып жүрдү. Өзү жөнөткөн ундан өзүнө арнап боорсок бышырдык, куран окудук. Чыкем экөөбүз кафе-ресторандардын биринде чогуу отуруп жебей калган напсибиздей туюлуп жүрдү мага акыркы жөнөткөн аманаты... Адатынча куйкумдуу сүйлөгөн Чыкем “мага куран окутуп коёрсуң” деп атайы эле аманатка жөнөтүп жибергендей туюлуп жүрдү бурчта турган ак уну...
* * *
Чыкем экөөбүз 90-жылдардан бери ага-инидей элек. Бирде таарынышып, бирде табышып алчубуз тез эле. Чыгармачылык алакабыз үзүлбөдү. Көп жакшылыгын көрдүм. Жашырганда эмне: батирден батирге көчүп жүргөн күндөрүм болду жашоодо. Тартыш турмушта жүдөй түшкөнүмдө барар кишим, таяр кишим эле Чыкем. Ошондо да ит кыялымды карматчумун Чыкеме: адабия өндүрүш эмес экенин, бизнес эмес экенин колкоо кылчумун ага. Коколой башым менен келбегенимди айтып, өзүмө жардам сураганым аз келгенсип – ыраматылык болуп кеткен устатым Алым Токтомушев менен таланттуу акын Алик Акималиевдин китептерин Чыкеме док уруп атып жарыкка чыгарганыбызчы...
Өндүрүш ишин өйдөлөтүү үчүн өзү кредитке батканын айтып, карызы кыстап турса да эркелигибизди көтөргөн киши эле кайран Чыкем... Акын-жазуучунун далайы анын эрке балдарынан бетер куру кол кетчү эмес эшигинен. Тагдырына таарынган жетим-жесирлер бир жагынан, айылдаштары, тааныш-билиш калемдештери, курсташтары бир жагынан тооруп, Чыкебиз эмне кыларын билбей ойдолоктоп: жардамчыларын, бухгалтерин чакыртчу. Алары кабак-каштарын түйүп, баландай жерге кредитти төкпөсө мөөнөт аяктап калганын; өздөрүнүн өндүрүшүнө акча тартыштыгын айтып баштаганда Чыкебиз:
– Анда чай-пайыңардан койгулачы меймандын алдына, – дечү да, алдыбызга таттысын жайнаттырып, ысык чайын берип отуруп, кайсы бир мөөнөтү келгенде жардам берерин айтып узатчу. Ошондо да болгон чөнтөгүн аңтарып атып: – Эч болбосо моногу күнүмдүк расходума деген акчаны алып тургула, – деп узатып калар эле эскайран Чыкебиз, эл багар Чыкебиз.
* * *
Өндүрүш жаатындагы мээнетин, эбегейсиз чыгымдарын билип туруп деле “адабиятка жардам кылуу сиздей чынжырлуу байга кыйынбы?” деп жүк артканымды кантейин “РухЭш” сайтында адабий конкурстарды уюштуруп баштаганымда.
Бир курдай Чыкем экөөбүз Европадан келатып Стамбулдун аэропортунан кезигишип, көпкө сырдаштык.
– Чыке, – дедим бир далай отуруп зериккенде, – буюрса, “РухЭш” сайтынын ити чөп турган заман. Көрөсүз, адабияттан кызылдай акча түшө турган күн келди. Мен эми сизден өткөн бизнесмен болом. Себеби элдин курсагы тоюнуп, адабиятка болгон муктаждык жаралды. Эми сиз экөөбүз өнөктөштүк менен улуттук адабиятты жолго коёр долбоорум бар. Ошону ишке ашырбайлыбы, – дедим.
– Көрүп атам, окуп атам келечектүү иш баштаганыңды. Бирок кайра эле мага жүк артканы турат окшойсуң э?.. – адатынча борсулдап күлдү.
– Ооба, сизди кайра эле саап баштайын деп атам...
– Ылайым эле адабият, маданият кирешелүү булакка айланса кана. Мен да колдойм ишиңди, – деп калды.
– Саясатка барам деп миллиондогон акчаларыңызды шайлоолорго короттуңуз. Акы бети эмне болду – кайра башыңыздан ылдый жугунду куйган жалган жалаанын курмандыгы болдуңуз. Андан көрө адабиятка инвестиция жумшаганыңыз мөмөсүн берип жүрбөсүн, – дегенимди кош колдоп, Чыкем экөөбүз келечектүү ишибизди бышыктап алганыма ичимден кудуңдап калгамын.
– Анда Бишкекке жетели, экөөбүз чай ичишип, долбооруңду колдоого алам, – деген бойдон бир самолётто чогуу келгенбиз.
Ошондон көп өтпөй Чыкем экөөбүз КТРКнын түз эфиринен дүйнө адабиятын кыргыз тилине түп нускадан которгон конкурсту үзгүлтүксүз улай берерибизди атпай-журтка жар салганбыз. Ал күнү чай ичише албадык. Түн жарымы болгондуктан тарап кеттик. Жакында чай ичишебиз деген бойдон тарадык...
Ошол бойдон бирге отуруп чайыбыз да ичилбей калды. Улуттук адабиятты өнүктүрүү боюнча кыялдарыбыз да ишке ашпаган бойдон калды. Чыкемдин телефон учунан: “... жолугушпагыла, кафе-ресторандарга барбагыла деп атышпайбы...” деген күлкүсү гана кулагымда калды...
* * *
Ал киши менен далай интервьюларды уюштурдум. Адабият айдыңында мыкты акындардын сабында жүргөн Чыныбек Турсунбеков адабият илиминде да, котормо өнөрүндө да улуттук адабиятыбыздын казынасын байытчу эмгектерин калтырып кетти. Түрк тилинен кыргызчага которгон мөл-мөл чыгармалары өзүнүн авторлук чыгармасындай өрнөктүү тексттин үлгүсү болуп калды. Колума тийгендерин гезит-журнал, “РухЭш” сайтына жарыялап келдим.
Өзү да “РухЭш” сайтынын ишмердигине тилектеш, санаалаштыгын билдирип, улуттук адабиятты байытуу багытында: дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилине түпнускадан которуу боюнча жарыяланган конкурсубуздун байге фондуна өз чөнтөгүнөн жүз миң сом бөлүп берген. Ал жолку конкурсубуз жыйынтыкталып, кийинкиси токтоп туру...
Көрсө бу жашоонун өксүгүнө устатым Алым Токтомушевдин каңырыгы бекер түтөгөн эмес тура минтип:
Тиленип тийбей калган бата сыңар,
Тирелип ар кай жерде жатасыңар.
Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем,
Кудайдын тизмесинин катасы бар!
О`Шакир
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR