Стефан Цвейг: Эльдорадонун ачылышы

  • 12.10.2021
  • 0

Адамзат тарыхындагы олуттуу бурулуштар” түрмөгүнөн: Тарыхый көз ирмемдер

(И. А. Зутер, Калифорния, январь 1848-ж.

НОВЕЛЛА

ЕВРОПА. ЖАКПАЙ КАЛГАН АДАМ

1834-жыл. Америкалык пароход Франциянын Гаврынан Американын Нью-Йоркуна баратат. Кемедеги жүздөй бакыт издеп чыккандардын ичинде Иоганн Август Зутер да бар. Ал отуз бир жашта, Базельге жакын Рюненбергде төрөлгөн, өзүн европалык мыйзам сакчыларынан океан бөлүп салар мүнөттү чыдамсыздык менен күтүп жатат. Банкрот, ууру, аферист аялын үч баласы менен таштап салып, жасалма документтер менен Парижде анча-мынча акча таап, жаңы турмуш баштаганы жолдо баратат. 7-июльда Нью-Йоркто түшүп, эки жыл ар кандай жумуш менен алек болду: таңгактоочу, аптекар, тиш догдур, ар түрдүү дары-дармек сатуучу, ичимдик саткан жай кармады. Акыры, бир аз ирденгенден кийин мейманкана ачты, бирок аны бат эле сатып ийип, мезгилдин күчтүү чакырыгына баш ийип Миссуриге жөнөп кетти.

Ал жакта жер иштетип, кыска эле мөөнөттө чакан байлык топтоду, эми кам санабай тынч тиричилик өткөрсө болчудай. Бирок үйүнүн алдынан кайдадыр шашылган, аягы бүтпөй эле убап-чубаган эл өтөт – аң териси менен соода кылгандар, мергенчилер, солдаттар, бакыт издегендер, - алар батыштан чыгып кайрадан батышка кетишет, анан ошол “батыш” деген сөз эмнегедир аны арбап алды. Бардыгына белгилүү эмеспи – биринчи учу-кыйыры көрүнбөгөн, сан жеткис бизондордун үйүрлөрү жүргөн, анда-санда эле алыста чаап бараткан кызыл жүздүүлөр (индеецтер) болбосо, күндөп, жумалап жүрсөң да эч бир адам жолукпай турган прерия; андан соң аркайган, бийик, адам өткүс тоолор, андан кийин гана белгисиз өлкө, Калифорния, ал тууралуу эч ким эч нерсени деле так билбейт, жомоктогудай бай экендиги тууралуу укмуштарды айтып жүрүшөт; ал жакта дарыяда суу ордуна сүт, бал агат экен, эмне кааласаң бардыгы бар, - бирок алыс, өтө эле алыс, жаныңды оозуңа тиштеген тобокелчилик менен гана жетүүгө болот.

А Иоганн Август Зутердин тамырында авантюристин каны ойноп турат. Жериңди иштетип, тынч жашообу! Жок, бул аны кызыктырбайт. 1837-жылы өзүнүн бардык көр-жерин сатып, экспедиция жабдыды – араба, ат, өгүздөргө ээ болуп Индепенданс фортунан чыгып, Белгисиздике жол тартты.

КАЛИФОРНИЯГА САЯКАТ

1838-жыл. Өгүз арабада созулуп жаткан ээн такыр, баш аягы көрүнбөгөн мелмилдеген талаа, тоолорду кезип Тынч океанга карай Зутер менен кошо эки офицер, беш миссионер, үч аял келатат. Үч айдан кийин октябрь айынын акырында, Ванкувер портуна келип жетишти. Офицерлер Зутер менен мурда эле ажырашкан, миссионерлер ушул жерде калмай болушту, үч аял болсо жолдун кыйынчылыгына чыдабай каза болуп калышкан.

Зутер жалгыз калды. Аны да ушул жерде, Ванкуверде кал деп кызмат сунуштап бекер эле убара болушту, “Калифорния” деген сыйкырдуу сөзгө арбалып калган адам эч бирине көнбөдү. Эски, какжырыган жел кемеде океанды кесип өтүп Сандвич аралдарына, андан соң чоң кыйынчылык менен Аляскадан өтүп, Сан-Франциско аталган, кудай да эсинен чыгарып койгон жердин жээгине келип түштү. Бул жер титирөөдөн кийин өнүгүп кеткен, миллиондогон калк жашаган азыркы биз билген Сан-Франциско шаары эмес. Жок, кийин жаңы континенттин эң бай бөлүгүнүн бири болгон, Мексиканын унутулуп, эл кетип калган эч ким тааныбаган провинциясы – Калифорниянын борбору эмес, бул миссионер-францискандар ушундай атаган балыкчылырдын жарды айылы болчу. Испандык колонизаторлордун чарбасыздыгы бардык жагынан байкалып турат: туруктуу бийлик жок, козголоңдор улам кайталанат, жумушчу күчү, көлүк мал жетишпейт, иш билги, уюштургуч адамдар жокко эсе.

Зутер ат жалдап алып, жагымдуу табигатуу Сакраменто өрөөнүнө түшүп келди; бул жерге ферма же чоң ранчо эле эмес, бүтүндөй мамлекет курса болорун бир көрүп эле аныктады. Эртеси ошол жердин жүдөңкү борбору Монтерейге келип, губернатору Альверадого аймакты өздөштүрүү планын сунуштайт. Аны менен кошо аралдардан бир нече полинезиялыктар келди, кийин шартка жараша дагы алып келет, бул жерге турак жай куруп, Жаңы Гельвеция деген колония негиздегиси бар.

- А эмнеге “Жаңы Гельвеция”? – деди губернатор.

- Мен швейцариялыкмын жана республикачыл болом, - деп жооп берди Зутер.

- Болуптур, эмне кылсаңыз, сиздин эркиңиз, сизге он жылга концеция берем.

- Ал жакта иш кандай бачым бүтөрүн байкадыңызбы. Эски Дүйнөгө[1] салыштырмалуу, цивилизациядан миңдеген миль аралыкта турган аймакта энергиясы ашып-ташыган адамдын колунан көп иш келет экен да.

ЖАҢЫ ГЕЛЬВИЦИЯ[2]

1839-жыл. Сакраменто дарыясынын жээгин өрдөп кербен жай барат. Алдыда атчан, мылтык асынган Иоганн Август Зутер, аны улай эки-үч европалык, алардын артында кыска көйнөкчөн жүз элүү полинезиялыктар, отуз өгүз арабада тамак-аш, үрөн, курал-жарак, элүү жылкы, жүз элүү качыр, уйлар, койлор, акырында чакан арьергад – Жаңы Гельвецияны багындыруучу армия ушул. Жол кеңири жайылган өрт аркылуу ачылат. Токойду кыйгандан көрө өрттөп жол ачкан жеңил. Өрттүн толкуну алдыга узары менен дарактардын түтүнү өчө электе эле ишке киришишет. Склаттарды куруп, кудук казып, жер айдоо талап кылбагандыктан, жер тилбей эле үрөн сээп, түмөндөгөн малына кашар куруп атышты. Кошуна жерлерден, миссионерлер кеткен колониялардан акырындык менен эл келип, көбөйүп жатышты.

Ийгилик ойлогондон да ашып түштү. Биринчи жолу алты эселеп түшүм алышты. Кампалары эгинге толуп, мал башы миңдеп саналат, кыйынчылыктар да болбой койгон жок, маал-маалы менен колонияга кол салган жергиликтүүлөргө каршы туруш, көп күчтү жана убакытты талап кылды. Жаңы Гельвеция гүлдөп өнүккөн аймакка айланды. Каналдар казылып, тегирмендер салынып, соода борборлору ачылууда, дарыяда кемелер кыйма-чийме; Зутер жеке эле Ванкувер, Сандвич аралдары эмес, Калифорния жээгине токтогон бардык кемелерди тейлейт. Ал азыр дүйнөгө белгилүү калифорниялык керемет жемиштерди өстүрө баштады. Франциядан жана Рейнден жүзүм көчөттөрүн алдырды эле, бул жерде абдан жакшы өнүгүп, бир нече жылдардан кийин ушул алыскы жердин кең аймагын кулпурган жүзүмзар каптады. Өзүнө кенен үй, ыңгайлуу, бардык шарты бар ферма курду; анын үйүндөгү Плейель маркасындагы рояль Парижден бери жүз сексен күндүк жол басып; буу машинасын Нью-Йорктон бардык континент аркылуу алтымыш өгүз тартып келди. Англия жана Франциянын ири банктарында анын наамына эсеп ачылган,ушул эми кырк беш жашында, атагы алыска угулган чакта, мындан он төрт жыл мурда аялын үч баласы менен белгисиз тарапка таштап кеткенин эстеди. Аларды өзүнө, өз королдугуна чакырып кат жазды, ал өз кудиретин сезип жатат – Жаңы Гельвециянын кожоюну, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, ошондой эле болсун. Андан да Америка Кошмо Штаты Мексикадан кароосуз калган аймакты тартып алгандан кийин бардыгы бекем да, ишенимдүү да болду. Дагы бир нече жылдан кийин Зутер дүйнөдөгү эң бай адам болот.

КАРГАШАЛУУ КҮРӨК

1848-жыл. Күтүлбөгөн жерден эле Зутерге жыгач уста Жемс Маршалл кирип келди. Толкундалып алган, жулунуп киргенине караганда, маанилүү сөзү бардай. Зутер таң калды: кечээ эле аны жаңы тактай тилүүчү завод курулуп жаткан өзүнүн Коломадагы фермасына жиберген, анан мына, суроо-сопкутсуз эле кожоюндун алдында турат, колу калтырап, бөлмөгө түрткүлөп кирип эшикти жапты да, чөнтөгүнөн бир ууч кум алып чыкты. Арасында сары бүртүктөр жылтылдайт. Кечээ жер казып жатып, ушундай кызык металлдарды көрүп, алтын го деп ойлотур, бирок тегерегиндегилер аны шылдыңдап күлкүгө алыптыр. Зутер кооптоно түшүп кумду алып жууп көрдү; чын эле алтын экен, эртең Маршалл менен фермага бармай болду. А жыгач уста – алтын оорусунун биринчи курмандыгы, жакында бул оору бүт дүйнөнү каптайт, таңды күтпөй эле жамгырга карабай түнү менен кайра кайтты.

Эртеси полковник Зутер Коломага келди. Каналды тосуп кумду изилдей башташты. Грохотту[3] толтуруп жеңил чайкап койсо, жылтылдаган алтындын күкүмдөрү кара тордо калып жатты. Зутер өзү менен келген аз сандагы европалыктарды чогултуп, алардан тактай тилген завод курулуп бүтмөйүнчө бул тууралуу эч кимге ооз ачпоо убадасын алды. Ойго чөмүлүп фермасына кайтты. Эбегейсиз мүмкүндүктөр тууралуу ойлоп жатат. Мындай болгон эмес, алтын мындай оңой табылары, жер түбүнө жашынбай ачык эле үстүндө жатат деген, - мурда болуп көргөн эмес, андан да ал – Зутердин жеринде! Он жыл бир түнгө татыбай калды, мына эми ал дүйнөдөгү эң бай адам.

АЛТЫН ООРУСУ

Эң байбы? Жок, бул дүйнөдөгү эң кедей, бардыгынан ажыраган кайырчы адам.

Бир жумадан кийин алтын тууралуу бардыгы билип калды. Бир аял – ай ушу аялдар! Бир таанышына алтын тууралуу айтып, бир нече бүртүгүн берип коюптур. Мына анан чуу башталды. Зутердин кызматчылары ошол замат ишин таштап, темир усталар көөрүгүн унутуп, малчылар малын таштап, жүзүмчүлөр жүзүмзардан качып, солдаттар мылтыктарын ыргытып, бардыгы жинди болгондой грохот, чылапчын көтөрүп тактай тилинүүчү завод курулуп жаткан жерде алтын жууп жүрүшөт. Уйлар саалбай кырылып, букалар кашааны бузуп эгин талааларын тепсеп, тапталган жашылча чирип, сыр заводдор иштебей, кампалар урап жатат. Чоң кожолуктун калыптанган ыргагы бузулду. Алтын тууралуу кабар телеграф зымдары аркылуу бүт дүйнөгө тарады. Шаарлардан, гавандардан эл келе баштады, матростор кемелерин, кызматкелер кызматын таштап; арабада, жөө, атчан – алтын менен ооруп калган адамдар аягы көрүнбөгөн колонна болуп алтын көксөп, батыштан чыгышка чегиртке баскандай басып келатат. Эч кимге баш бербеген, күчтүүнүн гана күнү тууган, револьверден башка бийликти тааныбаган, зордукчул, ажаан ордо гүлдөгөн колонияны басып кирди. Бардыгы алардыкы, эч ким бул зөөкүрлөргө каяша кылганга даабайт. Зутердин малын союп, кампаларын бузуп үй куруп жатышат, айдоо талааларын таптап, машиналарын уурдап алышты. Зутер бир эле түндө итке минген кедейге айланды, ал Мидас падышадай болуп өз алтынынан өзү жапа тартууда.

Алтын деп жан талашкан жарыш улам күчөдү. Кабар бүт дүйнөгө тарап, Нью-Йорктон эле жүз кеме келди, Германия, Англия, Франция, Испаниядан 1848, 1849, 1850, 1851-жылдары сансыз авантюристер агылды. Көпчүлүгү Горн тумшугун айланып өтсө, шашмаларына бул жол өтө узак көрүнүп, кооптуу болсо да кыска – Панама кысыгы аркылуу жолду тандап жатышты. Эптүү бир компания шашылыш түрдө ал жерге темир жол кура баштайт. Алтынга жетүүчү жолду эки-үч жумага кыскартканга миңдеген жумушчулар безгектен каза болду. Континент аркылуу планетанын бардыгынан, ар тилдүү элдин агымы токтобой, Зутердин жерин суроо-сопкутсуз казышууда. Өкмөттүн мөөрү менен бекиген акт боюнча Зутердин менчиги болгон Сан-Франциско аймагында жомоктогудай тездик менен жаңы шаар курулуп, келгиндер Зутерге тиешелүү жерди үзүк-үзүк кылып бири бирине сатууда. А анын “Жаңы Гельвеция” аталган королдугу аты өзгөрүп, сыйкырдуу Эльдорадо – алтын аймак атала баштады.

Зутер кайрадан банкрот, эмне кыларын билбей, ушул кайдан-жайдан пайда болгон ажыдаарды карап эси ооп турат. Башында кайрадан байыш үчүн достору, шериктештери менен алтын каза баштады эле, алар таштап кетишти. Ошондон кийин алтын чыккан аймакты таштап, ушул каргыш тийгир дарыядан, анын алтыны бар кумунан оолак болгону тоого жакын, өзүнүн алыскы фермасы “Эрмитажга” кетти. Аялы бой жеткен үч баласы менен ага ошол жерден жолукту, бирок жол азабы себеп болдубу, көп узабай аялы кайтыш болду. Ошентсе да ал эми жалгыз эмес, балдары бар, эми төртөө, Зутер кайрадан ишке киришти. Балдары менен бирге талыкпай аракет кылып, жердин керемет түшүмдүүлүгүнөн пайдаланып кайрадан ирденип, жөн жатпай дагы бир чоң планды ойлонуп жатты.

ПРОЦЕСС

1850-жыл. Калифорния Америка Кошмо Штаттарынын курамына кирди. Алтын менен ооруп калган бул аймакка байлык менен кошо, акыры, тартип орной баштады. Анархия ооздукталып, мыйзам күчүнө киргендей.

Мына ошондо Иоганн Август Зутер өз талаптарын көтөрүп чыкты. Ушул Сан-Франциско шаары турган жер мызам боюнча менин менчик жерим дейт ал. Штаттын өкмөтү каракчылар тоноп кеткен менин чыгымымды, мал-мүлкүмдү төлөп бергенге милдеттүү; ага тиешелүү жеринен алынган бардык алтындан анын үлүшүн беришсин.

Адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй процесс башталды.

Зутер анын жерин ээлеп алган 17221 фермерге доо коюп, мыйзамсыз басып алган жерден чыгып кетүүлөрүн талап кылды. Калифорния штатынын өкмөтү анын жолдорун, көпүрөлөрүн, каналдарын, плотиналарын, тегирмендерин ээлеп алганы үчүн чыгымын толтуруп, жыйырма беш миллион доллар төлөсүн; федералдык өкмөт жыйырма беш миллион доллар, андан тышкары алынган алтындан анын үлүшүн берсин. Ушул иштердин бардыгын жүргүзүүгө улуу баласы Эмилди Вашингтонго укук боюнча билим алууга жиберди: жаңы фермаларынан түшкөн бардык кирешелерди ушул процесс жеп коюуда.

Төрт жыл бул иш бир мекемеден экинчи мекемеге көчүп жүрдү. Акыры, 1855-жылдын 15-мартында чечим чыкты. Калифорниянын жогорку бийлик өкүлү, сатылбаган чынчыл судья Томсон: “Зутердин өз жерине болгон укугу толук мыйзамдуу жана талаш туудурбайт” деген чечим чыгарды.

Ошол күнү Иоганн Август Зутер көздөгөн максатына жетти. Ал дүйнөдөгү эң бай адамга айланды.

АКЫРЫ

Эң бай адамбы? Жок. Ал дүйнөдөгү эң жарды, жеткен бактысыз, самтыраган кайырчы болуп калды. Тагдыр кайрадан кастарын артып, өлгөндөй сокку урду. Сот чечими Сан-Францискодо маалым болору менен штаттын бардыгын жеринде тополоң жүрүп кетти. Он миңдеген адам жеринен айрылып калуу коркунучу бар жер ээлери, тополоң убагында талап-тоноп алганга көнгөн зөөкүрлөр, көчө таптаган бекерпоздор, жөн эле селсаяктар кошулуп ээ-жаа бербеген күчкө айланды. Алар соттун имаратына басып кирип, өрттөп салышты, өлтүрөбүз деп судьяны издеп жүрүшөт; жаалданган топ Зутердин бардык жетишкендиктерин талкалашты. Улуу баласы зөөкүрлөрдүн курчоосунда калып атынып өлдү, экинчисин кармап алып кыйнап өлтүрүштү, кичүүсү качып, жолдо чөгүп өлдү. Жаңы Гельвецияны өрт курчады: Зутердин фермаларын өрттөп, жүзүмзарын таптап, коллекциясын, акчаларын тоноп алышты. Зутер өзү бул алааматтан араң качып кутулду. Бул соккудан кийин ал кайрадан калыбына келе алган жок. Байлыгынан кол жууду, аялы, балдары өлдү, өзүнүн акыл-эси да мурдагыдай эмес, айный баштады. Айнып калган акыл-эсинде түйүлгөн бир эле нерсе: мыйзам, адилетүүлүк, процесс.

Узак, жыйырма жыл бою самсаалаган, жарым эс чал Вашингтондогу сот имаратынын жанында темселеп жүрдү. Ал жердеги мекеме кызматкерлеринин бардыгы ушул майланышкан сюртук, жыртык өтүк кийген, өзүнүн миллиарддарын талап кылган “генералды” жаземдебей таанышат. Ошондой байкуштан акыркы тыйы – пенсиясын соруп, соттук териштирүүгө шыкактаган, уят, адамкерчилик, намыс дегенден кудай айтпаган адамдар – адвокат имиштер табылат экен.

Ага эми акчанын кереги жок, аны селсаякка айландырган, балдарынынын өлгөнүнө себеп болгон, бардык турмушун талкалаган алтынды жек көрөт. Өз чындыгын гана далилдегиси келип, жарым эс адамдын өжөрлүгү менен тырышып алган.

Ишти дуулдаган чуу көтөрүп улам жаңырткан ар кандай шылуун шарлатандарга ишенип сенатка арыз, конгресске дооматын киргизди. Зутерге маскарапоздукундай генерал мундирин кийгизип, кешиги жок байкушту бир мекемеден экинчи мекемеге, бир конгрессменден экинчи конгрессменге сүйрөп жүрүштү. Ошондой убарада байкуштун жыйырма жылы, – 1860-жылдан 1880-жылга чейинки оор мезгили өттү. Мекеме кызматкерлеринин шакабасына, көчөдөгү балдардын шылдыңына айланган Зутер: “Мен дүйнөдөгү эң бай аймактын, зор өлкөнүн экинчи борбору, байлыгы күн эмес, саат сайын көбөйгөн шаар турган жердин эгесимин” - деп Капитолийди сагалайт.

Тажатма сурамчыны капарына алышпай күттүрө беришти. Анан эле бир күнү түштөн кийин конгресстин эшигинин алдында жүрөгү жарылып бул дүйнөдөгү жамандык-жакшылыктын бардыгынан кутулду. Кызматкерлер чөнтөгүндө мураскерлер үчүн адамзат тарыхындагы эң чоң байлыкты ырастаган документтери бар, кайдагы бир тилемчинин сөөгүнөн шашыла арылышты. Ушул күнгө чейин Зутердин мурасынан өз үлүшүн талап кылган небере, чөбөрө чыккан жок.

Сан-Франциско, ушул кеңири аймак бүгүнкү күнгө чейин бөлөк адамдын менчиги болгон жерде турат, ушул күнгө чейин мыйзамды капарына албоо улантылууда, бир гана Блэз Сендрардын[4] калеми бардыгы эстеринен чыгарып койгон Иоганн Август Зутерге - улуу тагдырды жашап өткөн адамдардын бирден бир укугу болгон, кийинкилер биле жүрсүн деген эстеликти калтырды.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Эски Дүйнө – Евроазия, Европа мамлекеттери маанисинде.

[2] Швейцария маанисинде

[3] Грохот – майда бүртүкчөлөрдү бөлүп алуучу калбыр.

[4] Блэз Сендрар – (1887-1861) швейцария жана франциялык жазуучу.  “Алтын” деген романдын автору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз