АҢГЕМЕ
Бир күнү кечинде короодогу кумда ойноп, апамды күтүм олтурдум.
Ал көпкө чейин келбеди, балким, дагы эле институтта жүрөбү, же дүкөнгө кайрылганбы, а балким автобус күтүп аялдамада турабы, билбейм. Биздин кошуналарыбыз бардыгы жумуштан эчак эле келишкен, алар эмдигиче балдары менен олтуруп алып сыр, булочка менен чай ичип олтурушат болуш керек, а менин апам алигиче жок...
Мына, үйлөрдө жарык жандырылып, радио музыка ойноп, асманда сакалчан абышкага окшогон кара булут сүзүп барат...
Курсагым аябай ачты, а апам дагы эле жок, эгерде апамдын курсагы ачканын билсем, жердин түбүндө болсо да ошол замат жүгүрүп жетмекмин, аны кумда ачка, капалантып олтургузуп коюп жүрө бермек эмесмин деп ойлодум.
Ошол кезде Мишка келип калды. Ал мага:
— Салам! – деди.
Мен дагы ага:
— Салам! – деп жооп бердим.
Мишка жаныма олтуруп, менин самосвал машинемди кармалап кирди.
— Ого! — деди Мишка. — Кайдан алдың? Буга кум салса болот турбайбы ээ? А эмне өзү төгөбү? А бул бурагычыбы? Ойноп турайынбы? Ой сонун турбайбы? Бир күнгө берип турасыңбы?
Мен ага мындай дедим:
– Жок, бере албайм. Бул атамдын белеги.
Мишка бултуюп таарынып калды. Кеч кирип, мурдагыдан да караңгы боло баштады.
Мен апамдын келип калганын көрбөй калбайын деп, дарбазадан көзүмдү алган жокмун. Ал дагы эле жок болчу. Рожа эжени жолуктуруп, ошону менен кечке бабырашып турса керек. Мени унутуп калды да. Мен кумга жата кеттим.
Мишка кайрадан мага кайрылды:
– Машинеңди бересиңби?
– Бербейм дебедимиби?
– Мен сага бир Гватемала менен эки Барбадос берейин, алмаш.
– Барбодосуң самосвалга тең келмек беле.
– Анда мен сага сууга түшкөнгө дөңгөлөк берейинби?
– И-ки, аның жарылып калбады беле?
– Сен аны чаптап аласың.
Мен таарына кеттим:
– Аны менен кайсы сууда сүзмөк элем? Экинчи күндөрү ваннада сүзөйүнбү?
Мишка кайрадан тултуюп таарынып калды, анан бир аздан кийин үн катты:
– Мейли, эмесе! Менин эрдигимди билип ал! Мэ, ал!
Ал бир куту ширенкенин кутучасын берди.
– Ачып көр, ачып көр, – деди Миша, – ачсаң көрөсүң!
Мен кутучаны ачып, адегенде эч нерсе көргөн жокмун, андан кийин тээ, алыстан кип-кичинекей жылдыздай жаркырап күйгөн жашыл отту көрдүм, жана ал жылдызды өзүм колумда кармап тургам.
– Бул эмне, Мишка, – дедим шыбырап, – бул эмне?
– Бул жаркырак коңуз, – деди Мишка. – Ал тирүү.
– Мишка, – дедим мен. – Менин самосвалымды аласыңбы? Мэ, башы бойдон ал! Жаркырак коңузду мага бер.
Мишка менин самосвалымды алып, кубанган бойдон үйүнө чуркап кетти. Мен жаркырак коңузумду алып, ага кечке суктанып, көзүмдү албай карап жаттым: ал жомоктогудай жапжашыл болуп, алаканымда турса да, кайдадыр бир алыс жакта туруп алып жарыгын чачып жаткансыйт... Мен аны караган сайын жүрөгүм түрс-түрс кагып, ыйлагым келип, каңылжаарым түтөп кетти.
Ошентип көпкө олтурдум. Айланам жан жок жалгыз элем. Мен дүйнөдө эмне болуп жатканы менен ишим жок болчу.
Анан апам келди, мен аябай сүйүнүп, экөөбүз үйгө кирдик. Бублик жана сыр менен чай ичип олтурганда апам сурады:
– Кандай, самосвалың жактыбы?
– Мен аны алмашып жибердим.
– Кызык! Ордуна эмне алдың?
– Жалтырак коңуз! Мына ал бул кутучада. Жарыкты өчүрүңүзчү!
Апам жарыкты өчүрүп, бөлмө караңгы болгондо, экөөбүз жаркыраган жашыл жылдызды карай баштадык.
Анан апам жарыкты жандырды.
– Чындыгында эле, – деди ал, – Жомоктогудай экен! Бирок кымбат баалуу самосвалды кантип ушул бок коңузга алмашып жибердиң?
– Мен сени көпкө чейин күттүм,—дедим, – аябай тажап кеттим, а бул жалтырак коңуз, дүйнөдөгү самосвалдардын баардыгынан жакшы.
Апам мени көпкө сынай тиктеп, суроо узатты:
– Анын эмнеси жакшы?
– Сиз кандайча түшүнбөйсүз?! Ал деген тирүү! Ал тирүү анан жаркырап турат!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR