Бек Тамырлан: Сологой

  • 13.03.2023
  • 2167

АҢГЕМЕ

Сологой кийин пионер болду, комсомолго өттү. Комсомолго өтөрү менен атеизм сабагын окутушту. “Кудай жок, – деди мугалим. – Кудайга ишенбей Лениндин осуяттарына ишенгиле. Атабыз Ленин дегиле! Динге эмес, коммунизм идеясына ишенгиле!” деген түшүнүктө билим алган Сологой мектептеги алдыңкы окуучулардан эле.

Ал бала күнүнөн тил угуп өстү. Болгон айыбы – сологой. Эмчектеги кезинен бери жерге өзү жөргөлөп баштаганда эле ата-энеси сологойлугун койдура алышпады. Буламыкты өз алдынча жегиси келген бала кашыкты шак эле сол колу менен алчу.

– Бу кандай неме… – ата-энеси наристенин сологойлугуна күлүп, кашыкты оң колуна карматса болбой чырдачу бала. Кайра эле сол колуна кашык алып, буламыгын апылдатып сугунганычы. Буга үйдөгүлөрдүн баары күлүп, баары таңгалчу. Күлүп жүрүп, акыры жайына коюшту.

А кийин кас-кас туруп, там-туң басканда да баягысы калбады. Эмне кармабасын – баарын сол колу менен алат, сол колсуз эч нерсеге эби жок кокуй болду бала. Азан чакырып коюлгандагы аты Эрмек болгону менен, Сологой атка конду. Үйдөгүлөр аны Сологой деп чакырганына баланын кулагы эбак бышкан.

Эмне иш кылбасын, иштин баарын сол кол менен жасайт. Атасы чала уста эле, сологой уулу да чоң уста болор жөндөмүн көрсөттү эрте жашынан. Атасынан балка талашып, мыкты сол колу менен кагат. Анысы ал, мектеп босогосун аттап, тамга тааныган күндөн эле калемди сол колдоп жазганын мугалими да, эне-атасы да койдура алышпай, жайына коюшту.

Бир класста отурган 27 окуучу бар, парталаш балдар-кыздардын баары оң кол менен жазышат. Жалгыз эле Эрмек оң колу менен жазганга үйрөнө албады. Ошентсе да ал мектепке барган күндөн баштап окуганды, жазганды эрте үйрөнгөн жөндөмдүү окуучулардын катарында эле. Өз алдынча көп аракет жумшап, оң колу менен жазууга аракет кылды, бирок мугалим доскага чиймелегендин баарын көчүрүп жазууга үлгүрбөгөн кургур кайра эле калемди сол колуна алууга аргасыз болор эле. Сол колу менен гана шыпылдатып тез жазат. Башкалардай оң колун иштеткенди билбеген кемчилиги үчүн парталаштарынан корунуп, уялчу кээде. Анын сологойлугун шылдыңдашчу балдар…

Үйгө келгенде өзүнчө бөлмөдө бекинип алып, эч ким көрбөгөн бөлмөсүндө калемди оң колдоп жазууга аракет кылып жүрдү, бирок өзүнүн кол жазмасын өзү окуй албай, тайраңдаган тамгалар көзүнө комсоо көрүнөр эле.

Баарынан да оң колу менен жазууга аракет кылган сайын тез эле начар окуучулардын катарына кошулуп калганычы. Ага болбой өжөрлөнүп, далай мерте мугалимдин үй тапшырмасын оң колу менен жазып барып, далай тил укту.

– Эмне деген кол жазма сеники?! – мугалими тилдейт. – Окучу өзүң!

Сологой Эрмек өзүнүкүн өзү окуп бере албай мукактанат.

– Мурдагы жазгандарың сопсонун эле го… Же үй тапшырманы бирөөгө жаздырып келдиңби? – мугалими ишенбейт. Буга намыстанган бала:

– Өзүм эле жаздым, агай, – деп өжөрлөнөт. “Мурда жазгандарым сопсонун болгон себеби, сол колум менен жазгамын”, – деп айткысы келет. Айталбайт. Тартынат. Шылдыңга кабылам деп ойлойт. – Өзүм жаздым, – дейт ооз учунан угулар-угулмаксан.

– Өзүң жазсаң, эмне өзүңкүн окуй албай?..

Муну уккан бала далай ызаланды. “Өзүңүз оң кол менен жаз дегениңизден…” деп айтканга оозу барбайт. Мугалимдин мындай адилетсиз мамилесине ызаланган бала оң колдоп жазгыс болду акыры. Мурдагы көнгөн адатынча сол колумдан өтөрү жок экен деди бейм, башкалардан уялса да, корунса да сологойлугун таштай албады…

Мугалим бир күнү Эрмектин дептерин барактап, класстагы окуучулардын баарына көрсөтүп мактады:

– Эрмектин жазганын карагылачы. Ар бир тамгасын бадырайтып, сулуу жазат. А силер эмне минтип жаза албайсыңар?..

Окуучулардын ар бири дептердеги кол жазмага суктанды. Эрмек гана “сол колум менен жазганым үчүн кол жазмам сулуу” дей албады.

Ошондон тарта Эрмек өзүнүн сологойлугунан уялбай, тескерисинче, парталаштары аны туурап сол колдоп жазууга аракет кылышты. Бирок эч бирөөсү Эрмектей жазганды үйрөнө албады. Эрмек оң колу менен жазууга көнө албагандай эле, аны менен парталаштар да сол кол менен жазууга көнө алышкан жок.

А биздин Сологой мектепте мыкты окуучу болуп чыга келди.

Атасы анда-санда комуз кармай коюп, күү чалгандардан эле. Комузду чала ойногон атасынын өнөрүнө Эрмек да кызыгып жүрүп, анын дагы бир жаңы өнөрү пайда болду: комуз черткенди тез эле өздөштүрдү. Атасы ага комузду оң колу менен көрсөткөнүнө карабай, Эрмек сол колдоп черткени төөчөлүк өйдө айырма эле.

Сологой баланын колундагы комуздун тили так чыкканын айт. Анын комузду шаңшыта черткенин уккандын баары Эрмекти мактап жүрүшүп, анын комузчулук өнөрү мектебине чейин тарады. Мектептеги салтанаттар Эрмексиз өтпөй калды. Мектеп боюнча салтанаттардын көркүн чыгарган Сологой комузчунун жөндөмүнө башкалар суктанып, далайы аны туурап сологой болууга аракеттенди, бирок алардын бири да биздин каармандын алдына чыга алышпады.

Эми айта берсек баяныбыз узун, окурман. Сизди жадатпай, кептин ток этер жерине жетели.

Сологой мектепти бүтүрүп, бир жылдан кийин советтик армияда милдетин өтөп келери менен коммунисттик империя ыдырап тарап кетти. Бир кезде бекинип намаз окуп, бекинип орозо туткандын баарына Кудай жол ачты. Мына анан көрүп ал, баягы атеизм коомунда жашаган элдин көбү мечитке каттап, айылда болсун, шаарда болсун… мечиттер жайнап кетти. Элдин шары менен биздин Сологой да мечитке каттачу болду. Каттаганы курусун, беш маал намазга жыгылгандар сологойлорду жактырбайт экен: шарыят боюнча сол кол менен даарат кылганың жарабайт дешти.

Динзарлардын айтымында, сол кол менен оозго тамак салганга болбойт имиш. Шайтан гана сол колу менен тамактанса болот экен. Айтор, мечитке келгендин ар бирөөсү сол кол менен кылган ишиңдин баары күнөөгө батырат дешти.

Демек, бала күнүнөн сологой болуп өскөн биздин каарман ошондо тунук наристе кезинен эле күнөөгө белчесинен баткан киши болуп калабы?..

Кыскасы, мечиттегилердин аңдыгандары эле Сологойдун сол колу болуп калды.

Даарат алаар күндөрдүн биринде чөгүндү алаарда көнгөн адаты калбай сол колун сунуп бараткан Эрмекти таксырлардын бири каарыса болобу:

– Сага канча айтыш керек? Оң кол кайда… оң кол?! Алла-тааладан корксоң боло!

– Алла-тааладан мен эмес, сен корк! – деди жаны кашайган Сологой. – Бул эреже сага окшогон эле таксырлардын чыгарганыдыр... Кудай оң кол, сол колдун бирин арам, бирин адал кылып жаратты дейсиңби? Кеп, жүрөгүм менен намаз окуганда! – деген Сологой да өзүнүкүнөн кайтпады.

– Астагфирулла! – деди көзү чакчайган таксыр. – Сол колуң – арам! Билип ал!

– Меники арам эмес. Сенин сол колуң арам болсо болгондур… Кесип сал андай колду! – Сологой да таксырдан тайманар түрү жок. – Кудай-таала сол колубузду эмнеге жаратты анда?

– Сол колду Кудай көчүгүбүздү сүрткөнгө жараткан, – деди тиги таксыр.

– Макул дейли, сол колду Кудай көчүк сүрткөнгө эле жаратса, демек, арам деп коёлу. Бирок сиз сол колду кантип жууп жүрөсүз? – Сологой ушул жерден сылык-сыпаа сүйлөөгө өттү. – Сол колуңуз сол колду өзү жууйбу? Оң кол менен сол кол бирин бири жууйт да, туурабы?

Так секирген таксыр кайра эле опулдады:

– Жуубагандачы?!

– Эми ушул жерден суроом бар сизге, таксыр, – деди Сологой. – Кылмышкерди актаган киши кылмышкер, күнөөкөрдү актаган киши да күнөөкөр, туурабы?

– Туура.

– Демек, көчүктү сүртүп жүргөн сол колуңузду жууган оң колуңузда деле мандем болуп жүрбөсүн...

Ушул жерден таксыр жооп таппай буйдала түшкөнүн көргөн Сологой, тигиге какшык кебин кайтарды:

– Кудай сизге алдагы сол колду көттү сүргөндөн башкага жөндөмү жок кылып жараткан болобу ошондо? Башка милдетти аркарса жарабайбы сол колго?..

– Кудайга шек келтирбе сен?

– Кудайга шек келтиргеним жок, сиз шек келтирип аткан жоксузбу? Ар бир мүчөбүздү Кудай-таала мээрим менен жаратканбы же кандай, молдоке… Эки колдун бирин арам, бирин адал иш үчүн жараткан болобу Кудай? Ушул жерин түшүндүрүңүзчү...

– Шарият боюнча сол колдун иши – шайтандын иши, – деген молдоке узун дамбалынын ичиндеги турсийин оңдомок болуп колун сойлотконун көргөн Сологой дагы күтүүсүз суроо берди:

– Мухамед пайгамбарыбыз турсий кийгенби, жокпу?.. Буга кандай карайсыз, таксыр?

– Кийбесе керек да… – деди ишенимсиз.

– А сиз эмнеге кийип жүрөсүз?

– Кийебиз да…

Эч жооп алалбады. Ошондон кийин биздин Сологой мечитти айланып өтчү болгон.

Ортодо далай жыл өттү. Башка тели-теңтуштары менен катар Сологой да очор-бачар үй-бүлө күтүп, кыз узатып, уул үйлөдү. 

Бир курдай мектепте бирге өсүп-чоңойгон Ыдырыска кабылып калды көчөдөн. Көңүлү чөгүп, маанайы суз. Анын көптөн бери чүнчүп кеткенин Сологой мурда да байкаган. Бирок анда да сөзгө тарта алган эмес, бу жолу кайдыгер мамиледе өтүп кете алган жок.

– Ыдырыс досум, ал-акыбалың түзүкпү? Алысташып кеткендейбиз негедир… Деги баары жайындабы?

– Кудайга шүгүр. Жүрөбүз… – Башка ооз ача турган түрү жок.

– Кел, көлөкөлөп отуралычы бир аз, – Ыдырысты колдон тартып, көк шиберге жетеледи. – Сен экөөбүз бирибизден бирибиз сыр жашырар жердебизби, досум. Чын сырыңды айты бир. Эмне?.. Үңкүйүп эле калдың кийин, жүрөгүңдү өйүп жүргөн эмне?..

– Кеп деле жок, – жер караган Ыдырыс сыр бергиси жок. Бирок анын жүрөгүн удургуткан көйгөй бардай туюлду.

– Бала күнүңдөн сендей шайыр киши жок эле, досум. Азыр такыр өзгөрүп кеттиң. Жоро-жолдоштордон да алыстап… Өзүңчө эле… Туюк мүнөз болбочу мынча.

– Башка жолу сүйлөшөлүбү? – Ыдырыс ордунан турууга камынды.

– Жок, тургузбайм, – Сологой Ыдырысты каруудан тыртып, күч менен кайра отургузду. – Кайда шашат элең. Отурсаң бир аз.

– Мечитке бараттым эле, кармабачы мени…

– Өмүрү мечитке барбаган жан элең, – деди таңгалган Сологой. – Бир кезде мечитке барганымды азил кылып жүргөн ким эле? – кара күчкө каткырымыш болду Сологой. – Мага күлүп жүргөн сен элең го…

– Эми сага айта турган кеп эмес меники, – Ыдырыстын көздөрүндөгү жылтылдаган жашты көргөн Сологойдун жүрөгү зырп этип алды. Теңтушунун мечитти карай жөн баратпаганын туюп, бир тууганын аягандай аяп турду ичинен.

– Эй сен… ал жакка жөн баратканың жок. Молдого айтчу сырыңды мага айтсаң эмне экен?.. 

– Сенин бир кезде мечитке барып жүргөнүңө күлгөнүмдүн себеби башка, а меники күлө турган иш эмес, – оор күрсүндү Ыдырыс.

– Эмне дейт? – жүрөгү “шуу” дей түшкөнсүдү Сологойдун. 

– Эч кимге айта турган деле кеп эмес меники.

– А мечитке кимге айтканы баратасың? Молдогобу?

– Кудайга.

– Кудай мечитте сени күтүп отуруппу?

– Кудайдын элчиси деген молдого айтар кеп меники. 

– Бала күндөн бирге өсүп, ишенимиңден калдым беле бир? Айтчы деги!

– Жок. Андай ойлобо, – Ыдырыс Сологойду далыдан таптады. – Сен эң ишенимдүү досторумдун бирисиң. Антип жаман ойлобо.

– Анда мага айтпаган ымандай сырыңды молдого ишенип айтканы бараткандагыңбы?

– …

– Мага ишенбесең…

– Андай жаман ой болбосун сенде. Молдого баратканым… баягы… бар эмеспи… эң улуу уулумчу… Ошону үйлөнтөйүн десем… – үнү мукактана түштү.

– Үйлөнт. Кеч болуп баратат аныкы. Жашы отуздан деле ашып калды окшойт.

– Ооба. Бирок анын ичине жин кирип кетип…

– Эмне!? – Сологойдун көзү чакчайды. – Кантип жин кирип кетет экен?

– Молдо айтты аны.

– Жин кантип кирип кетиптир?

– Билсем, молдого барат белем, – айласы куругандай шалдайган Ыдырыстын көзүнөн буурчак жаш тоголонду. – Кудайдын жазасыбы... – мурду шурулдаган Ыдырысты көмөкөйүндө бир нерсе муунткансып, үнү буулду.

– Молдого барсаң эле, жини чыгып кетет бекен? Ким аныктаптыр аны? Адамга жин кирип кеткенде эмне болорун билесиңби?

– Билбейм.

– Молдо эмне дейт анан?

– Канча какшасам болбой, уулум үйлөнбөйм дейт… Себебин сурасак… – Сологойдун ийнине башын жөлөгөн Ыдырыс өпкөсүн кагып ыйлап, жаш баладай сүлкүлдөдү.

– Себеби эмне экен?

– Уулум… кумсамын дейт.

– Кумса болсо эмне экен?.. Эй, бери… мени карачы! Мен бала күнүмдөн сологой экенимди баарың билесиң. Туурабы?

– Туура.

– Мени Кудай тубаса жаратыптыр ошентип. Бала күнүмдөн бери Кудай-таала мени эмнеге сологой жаратканына жооп таптым. Кокусунан. Кийин гана… Антропология деген илим бар экен, ошондон таптым жоопту. Оң кол, сол кол сыяктуу айрым адамдардын бир көзү экинчи көзүнө таптакыр окшобойт экен.

Сологойдун оозунан кудуреттүү колдоор сөз күткөндөй селдейди Ыдырыс.

– Сологой адамдар турмушта чанда гана кезигерин билесиңби?.. Биздин класста 27 окуучунун арасынан менден башкаңар, баарың оң кол менен жазып, оң кол менен иш кылчусуңар. А мен сологой болгонум үчүн мени баарың шылдыңдачу элеңер, – деп жылмайды Сологой. – Көрсө, лесбиянка, гей адамдар деле мен сыяктуу тубаса жаралат экен! Чанда бир адам сологой туулуп калгандай, демек, сенин уулуң кумса болуп туулган… Анын эмнеси бар? Кейип-кепчибе. Кудайдын кудуретине кубарыңдын акысы барбы?

Муну уккан Ыдырыстын өңү жарк эте ачыла түштү.

– Балама жин кирбептир да анда! – сүйүнүп кетти кургур. – Жин эмес дечи!

– Жин эмес! Уулуңдун тагдыры – миллион, миллиард адамдардын арасынан чанда кезиккен эле көрүнүш. Муну каалайсыңбы, жокпу – Кудайдын кудурети!

Ыдырыс соолугансып баратканда, Сологойдун айткандары соолуктуруп койду.

Чайыттай ачык асмандан жамгыр дыбырап, экөө үйдү карай шашылды.

– Чурка, суу болосуң! – деди алдыга озгон Сологой.

Экөө балалык күндөрүндөй кандай чуркашса, дал ошондой чуркап баратышты. Өткүндүн жамгыры тып басылды.

– Талааны карачы! – деди Сологой, алыста шоола чачкан Асан-Үсөндү көрсөтүп. – Табияттын түшүнүксүз сыры бул. Адам менен Жаратылыштын биз түшүнбөс түрдүүлүгү ушундай!

Март, 2023.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз