Арабдар элди рухий кулга айлантуунун жөнөкөй жолун тандашкан

  • 06.04.2023
  • 13313

Учурдагы исламдашуу заманы күчөп баратканын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен казак элинин залкар акыны Мухтар Шаханов алдын ала туюшканбы, бул эки көсөм те бир кезде эле коңгуроо каккан сыяктанат… «РухЭш» сайты бүгүн Ч.Айтматов менен М.Шахановдун диалогу менен жазылган «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу китептин «Кумурадан чыккан баш сөөк же түрктөр тарыхына көзкараш» аттуу бөлүмүндөгү эң орчундуу жерин бүгүнкү окурман журтуна сунуштоону эп көрдү…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Бир эле кыргыз жана казак элдеринин маданиятына каршы акыркы 12-13-кылым бою төрт жолу чабуул жасалган. Аларды санап көрөлүк: биздин замандын 634-жылынан 710-жылга чейин араб халифатынын аскерлеринин Сирия менен Иранды, Иерусалим жана Афганстан, Орто Азия жана Византия, Армения жана Египетти жана Батыш Европанын бир бөлүгүн басып алышкан да ошол ээлеп алган жерлерине ислам динин, араб жазуусун жайылта баштаган. 715-жылы Түркестан аймагы да арабдарга баш ийип калат. Өзүнүн «Бухара тарыхы» деген китебинде тарыхчы Нархаши арабдардын аскер башысы Кутайбанын катаал мүнөзү жөнүндө мындай деп жазат: «Ал аскер кызматына жарай тургандардын баарын өлтүрүп, тирүү калгандарын туткунга алды. Кутайба мечиттерди куруп, отко сыйынышкан бу капырлардын китептерин өрттөдү».

Тарыхчы бул жерде кайра эч табылгыс, орду толгус маданий, адабий мурастар жок кылынганын жазып жатпайбы.

Улуу Бируни арабдар жер бетинен үч жүздөн ашуун шаарларды жана эл жашаган аймактарды тыптыйпыл талкалаганын, Амударыяны бойлоп кеткен бул аймакта шаарлар менен кошо эсепсиз байлыктар, адамдар жок кылынганын, алар менен кошо тил, дин, жазуу, каада-салттар да жок болгонун өкүнүч, кыжырлануу, өтө кайгыруу менен жазат.

Мухтар ШАХАНОВ: Элди рухий кулга айландырууну көздөгөн арабдар өтө жөнөкөй жана туура жолду тандап алышкан; адегенде өз дининен ажыратып, жазууларын жок кылышкан да, мусулман динине киргизе башташкан. Алар түрк руникалык жазуусу менен жазылган илимий трактаттарды, астрономиялык жана тарыхый хроникаларды, дегеле бүт тарыхка байланышкан китептерди жок кылышат. Мүрзөлөрдөгү таштарга оюлуп жазылган жазууларды да жок кылышып, таш эстеликтерге темирден оюлуп кадалган жазууларды да талкалашкан.

Ч.А: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген.

Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен деп болжолдоп отурмак эмеспиз. Качан, кайсы кылымдарда кыргыздар Енисейге көчүп барышып, кайра ал жактан качан көчүп келишти экен деген суроолорго баш оорутмак эмеспиз…

Мен табияттын өз закондору бар болгондой эле коомдун өрчүп, өнүгүүсүндө тарыхтын да өз закондору бар болсо керек деп ойлойм. Эки этностун, эки диндин күрөшү, эки башка динге сыйынышкан элдердин ортосундагы күрөш, кандуу согуш кандай болуп өнүкпөсүн, акырында баары бир табият, убакыт, тарых эртедир-кечтир аларды өз ордуларына коюп, биринен бири эч артык эмес экенин көрсөтүп, барабарлап коёт. Муну айтканымдын себеби, Чыңгызхан баштаган монгол жортуулунан мурда Батыштан Чыгышка карай «Крестчилердин жүрүшү» аталган бир нече жолку курал күчү менен элдерди басып алуу аракети болбоду беле. Кресчилердин жортуулу эки кылымга созулган, ал эми аларга каршы жооп иретинде жасалган жортуул кийин үч жүз жыл бою элдерди баш көтөртпөй, коркунучта кармап турбадыбы. Менимче, орто кылымдарда ушул эки жортуулдан ашкан кан төгүлгөн окуялар болбосо керек.

Ушул бири-биринен алыста жайгашкан аймактар орто кылымдарда да ар башка деңгээлде өнүгүшкөн эле 11-12-кылымдарда Чыгыш байыраак болуп, анын экономикасы, маданияты, илими жана адабияты ошол кезде катуу өрчүгөн. Чыгыш ренессансы – Кайра жаралуусу башталган. Чыгыш өлкөлөрүнүн байып, күчкө кирип, маданияты өрчүй баштаганы батыш феодалдарынын тынч уйкусун бузган. Чыгыштын бай, табышмактуу өлкөлөрү аларга алыстан бейиштей эле туюлган. Чыгыш жери батыштан королдорду да, герцогдорду да өзүнө азгырып, Жер Ортолук деңизинен, Чыгыш деңиздеринен аттарын сурарууну каалашкан. Бирок өзүң жалгыз жортуулга, саякатка да чыга албайсың. Европа элдерин басып алуучу экспедицияга көтөрүш керек болгон. Ал эми элди көтөрүш үчүн бир чоң себеп зарыл эле. Мындай себеп да тез эле табылат…

«Християндардын ыйык жери, ыйык шаары Иерусалим – Иисус Христостун сөөгү (Кудай уулунун сөөгү) коюлган табыт мусулмандардын тебелендисинде калды! Ошол табытты сактап калалы, адамдар!» — деп ураан ташташып, бул чакырык бүт Батыш өлкөлөрүндө чагылгандай жаңырып өтөт. Ошентип, эки жүз жылдан да ашык созулган, элдерге көп кайгы, азаптарды апкелген согуш башталган. Ал християндардын аскерлерине жол көрсөтүп турган.

Биринчи кресчилер жүрүшүн 1095-жылы өзү франциялык Рим Папасы Урман II баштаган. Ал өз тегерегине коңшулаш королдорду, синъорлорду, рыцарларды жана жөнөкөй аскерлерди жыйып алып, Кичи Азия менен Сирияны канга чөмүлткөн.

Француз королу Людовик VII баштаган экинчи жана үчүнчү жортуулдар, германдык жол башчы Конрат III баштаган жортуул эч кандай ийгиликке жеткен эмес. Б.а. жеңилүүгө дуушар болгон.

Төртүнчү «Кресчилердин жүрүшүн» Папа Иннокентий III жетектеп, элди жана аскерлерди жортуулга баштап чыккан. 1217-21-жылдарда «Кресчилердин жүрүшү» бешинчи ирет жасалып, ага немистер, венгерлер, англиялыктар, голландиялык рыцарлар биригишет да айоосуз кармаштардан кийин Дамаск жана Нил бойлорун баш ийдиришет. Бирок басып алынган жерлерди узак убакыт бою башкарып турууга күчү жетпей, алар Египетти калтырып кетүүгө мажбур болушат.

Алтынчы жортуулдар германдык император Фридрих II чоң армияны топтоп, чабуулду баштайт да, Иерусалимди талкалап, Дамаскка кирет. Бирок ал да мусулмандар каршы көтөрүлгөн согушка туруштук бералбайт. Артка чегинүүгө мажбур болот.

«Кресчилер жортуулунун» жетинчи жана эң акыркы сегизинчи жолкусун француз королу Людовик IX уюштуруп, өзү аскер башы болуп кол баштайт. Бирок Тунис жеринде холера болуп өлөт. Анын көп сандаган армиясы жетекчисиз калып, туш тарапка чачылып жок болот.

Мен муну төмөнкү себептерден улам айтып жатам. Гүлдөп өнүккөн же өрчүп бараткан өлкөлөрдү басып алуу максаты менен согуш ачкандар өзүн акташ үчүн диний идеяларды пайдаланышкан. Бирок андай адилетсиз согуш жана аны баштагандар баары бир акыры ошондой жеңилүүгө дуушар болушкан. Анын үстүнө табиятта дайыма баары бири бирине шайкеш келип, баарын табият өз ордуна коюуга умтулат меспи. Анан ошол «чыгышка болгон кресчилер жүрүшүнө» каршы жооп иретинде Чыңгызхандын жортуулу башталбадыбы.

Ошонүчүн мен тарыхта элдерин баарын теңдеп турган өз закону болсо керек деп жатпаймбы.

М.Ш: Биздин өткөн тарыхыбызга, маданиятыбызга, тарыхый аң-сезимибизге жасалган экинчи жортуулду Чыңгызхан өзүнүн эсеп жеткис ордосу менен ишке ашырган. Бирок алардын араб жортуулунан болгон айырмасы – монголдор жерлерди, элдерди басып алып, өз аймактарын гана кеңейтишкен. Бул алардын эң башкы максаты эле, а бирок алар идеологиялык күрөшкө көңүл бурушкан эмес. Россияны алар үч жүз жыл бою бийлеп турушса да орус элинин тилине, динине тийишкен эмес. Орус жазуусу, маданияты, християндык аң-сезими мурдагы бойдон калган.

«Ала-Тоо» журналы, 1996-ж.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз