(Абылжан эскерет)
Апенди эшегин минип, уулун учкаштырып, айыл аралап кетип баратса, аны көргөндөр бири-бирине: «Ой-ий, мына буларды карасаң, кичине эле эшекке экөө очоюп минип алышыптыр» – деп кобурашат. Ал сөздү уккан апенди уулуна: «Уулум, учкашып жүрүш элге жакпайт экен», – деп уулун түшүрүп, өзү эле минип кетип баратса, көргөндөр: «Ой-ий, мына буларды карагыла, баласын дегдеңдетип жөө бастырып коюп, өзү очоюп эшекке минип алыптыр», – деп сүйлөшүп жатышканын угушат да апенди: «Мындай жүрүш болбойт экен», – деп баланы эшекке мингизип өзү жөө басат.
Аларды көргөндөр: «Тигилерди карагыла, улгайып эле калган киши өзү жөө басып, чоңоюп калган баласын эркелетип, эшекке миңгизип алыптыр», – деп кобурашат. Ал сөздү уккан апенди баласын эшектен түшүрүп, эшекти жетелеп алып экөө тең жөө кетип баратышса, көргөн эл: «Буларды карагыла, эшегин аяп жетелеп, өзүлөрү жөө баратышат. Ой, апенди эшегиң чарчап калыптыр, көтөрүп алгыла!» – деп каткырышат.
Андай ачуу сөздөрдү уккан апенди: «Ач кулактан тынч кулак, эшеги жок эле кетеличи», – деп эшекти агытып, айдап жиберип, барчу жерине жөө кетишкен экен. Ошондон кийин эл арасында: «Эл айтканды жасай берсеңер, эшексиз каласың» деген сөз калган экен.
КИМИСИ МЭЭРМАН?
Өткөн бир мезгилде адам эне, карышкыр эне, коён эне аңгемелешип отурушуп: «Мен мээрман энемин», «мен мээрман энемин» дешип, өз ара талаша кетишкен экен.
Адам эне: Адамдан башка жаныбардын бардык түрүндө баласы өз алдынча жашоо даражасына жеткенден баштап энеси баласын, баласы энесин тааныбай кетишет. Мен болсо эч мүмкүнчүлүгүм болбой калганча баламдын камын көрүүгө, байкоодон чыгарбоого тырышам. Балам дагы өзүнүн жарык дүйнөгө келгендигин, ата-энесинин кандай түйшүктөр менен адамдык даражага жеткендигин эч качан эсинен чыгарбай, өмүр бою бапестеп багууну, өлгөндө да аруу жууп, ак кепиндеп жайына коюу, бардык зарыл болгон зыйнатын жасоо мойнундагы парыз деп түшүнөт.
Эне-бала мындай милдеттердин бир эле учурун унутуп коюшса «адам» деген наамдарына доо кетерин жакшы билишет. Ушундай жагдайларга байланыштуу менден мээрман эне жок деп эсептейм.
Карышкыр эне: Бала багуу боюнча менин аракетимден кыйкым таба албайсыңар. Бала болчу түйүлдүк курсагында пайда болгондон баштап анын чыйрак жетилип өсүүсүнө кам көрүүдөн талбайм. Алар жетилип, жарыкчылыкка келип, көзүн ачып тыңый баштагандан баштап карышкыр тукумунун жашоо ыкмаларын, эрежелерин үйрөтө баштайт. Карышкырдын тамагын таап жашашы жеңил иш эмес.
Тагдыр бизге аска-зоодо, аң-чөнөк, ийиндерде жашаган жандыктардан тартып, тээ адам багып, кайтарып жүргөн малдарга чейин жеп жашоону насип кылып буюрган. Кыязы, мындай жол менен тамактануу да жаратылышта тең салмактуулукту сактоонун бир ыкмасы болсо керек. Ушундай жагдайга байланыштуу адам баласы карышкыр тукумун бүт жандыктардын ичиндеги эң жек көргөн жаныбар катары карап, ыгы келсе өлтүрүп, жоготууга аракеттенет.
Мен бөлтүрүктөрүмдү өзүбүзгө насип болуучу жаныбарлардын эч бир түрүн, эч качан тукум курут кылбоого үйрөтөм. Андай иштерди адам эненин балдары гана жасашат. Алар насип болуучу жандыктын өз тукумуна келечекте да керек болорун ойлонбойт. Мен бөлтүрүктөрүмдү жашоо чөйрөмдө башка жаныбар менен, анын ичинде адам менен, кокус кошуна жашап калса, аларга эч зыян келтирбөөгө үйрөтөм. Ансыз, ал чөйрөдө тынчтыкта жашоо кыйынга турары шексиз. Бөлтүрүктөрүмдү кимдики болсо да жаш балдарын тийбөөгө үйрөтөм. Жаш балдарда эч кандай күнөө жок, бирөөгө жамандык кылууга үйрөнө элек эмеспи.
Бир жолу токойдун арасынан бала көтөрүп бараткан аялды кезиктирип калдым. Аялды ошол эле жерден жулмалап, жеп салдым. Баласына тиш салууга энелик абийирим жол берген жок. Жашаган үңкүрүмө көтөрүп келип, эмчегимди эмизип чоңойттум. Башка мендей мээрман эне билбейм.
Коён эне: Мен билген жаныбарлардын ичинен эң алсызымын, ошол себептен, душманы эң көбү мен болсом керек. Жырткыч канаттуулардын дээрлик бардыгы менин тукумумду көрсө кыя өтүшпөйт. Сүт эмизүүчү жырткычтар: карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, мадыл, ит сыяктуулар деле менин бөжөктөрүмдү көрсө соо коюшпайт. Бирок ошол көп душмандарымдын ичинен биз үчүн адам эненин балдарындай тойбос коркунучтуу душман жок. Бир ирет коён тукуму көп жашаган жерде эрте күздө калың кар түшүп, коёндор жакшы чуркай албай калганда бир эле киши ити менен келип жыйырмага жакын урпактарымды кырып, жайлап кеткени эсимде.
Ушинтип тукумубуз кыргынга көп учурагандыктан «бирин жеп жатса, бири калсын» деген ой менен көп-көптөн дагы төлдөйм. Кокус талаадан бөжөк көрүнсө: «Жетим калган бөжөктүр» деп өздүгүнө карабай эмизип, тоюнта берем. Андай камкордуктар болбосо коёндун тукуму эчак үзүлүп калмак. Бул өңүттө менин мээрмандыгымда, менин айкөлдүгүмдө чек жок деп санайм.
Чын эле булардын кимиси мээрман?
МЕНИН ИТЧИЛИГИМ
Талаада келинчегим экөөбүз колхоздун эгинин оруп жүргөнбүз. Түш мезгили болуп, кароолчунун алачыгынын жанына калтырган азыноолак азыгыбызды жегени келсек, бүт ит жеп кетиптир. Зээнибиз кейип, итке жинденип, аны чакырсам шыйпаңдап келди.
Кароолчунун лампасынын керосининен итке жаба чачып, ширеңке жандырып жиберсем иттин жону жалбырттап күйө баштады. Ит каңшылап, ойдолоп жүгүрүп, жандап өткөн куурай-чөптөрдү күйгүзө баштады. Дагы бир аз арыраак жүгүрсө талаадагы бышып турган эгинге өрт кетмек. Кудай жалгап ит жакын жердеги көлмөгө кире качты. Ошентип, эл-журтка шерменде болуудан, соттолуп, катуу жаза алуудан итим куткарды. Болжосом бизди бир күн ачка калтырган иттин иттигинен менин иттигим алда канча күчтүү болгон.
Эл: «Сабырдын түбү сары алтын» – деп бекеринен айтпайт тура.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR