Азис Несин: Адабият ышкыбозу

  • 04.04.2023
  • 0

АҢГЕМЕ

Мен жашаган үйдүн экинчи кабатына жаңы ижарачы көчүп келди. Анын буюмдарын бир жума бою ташып араң бүтүштү. Өзүңүздөр билесиздер, азыр заман башка. Азыркы үйдөгүлөр жанындагы кошунасын таанышпайт. Мисалы, биз жашаган үйдө сары чийкил айым эки жыл жашаган. Анын сойкукана кармап жүргөнүн ал полицияга түшкөндөн кийин гана гезиттерден билдик.

Мен жаңы ижарачылардын бирин да таанычу эмесмин. Бир күнү эртең менен кире бериште бирөө мени абдан сылык тосуп алды. Мен анын саламына жооп берип, жанынан өтө береримде, ал сөз баштап калды.

– Менин ысмым Мумин Экрем Озанер, – деп тааныштырды өзүн. – Мен сиздин үстүңүздөгү батирде жашайм. Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо кечинде кирип кетиңиз.

Ошентип Мумин-бей менен таанышып калдык.

Кечинде анын кызмачысы келди:

– Бей-эфенди сиздин келип кетишиңизди суранды.

– Кечиресиз, бирок бүгүн бош эмесмин, конокторум бар эле!

Ошондон бери күн сайын Мюмин-бей мени конокко чакырып турду. Албетте, барсам болмок, бирок андан кийин аны жооп иретинде чакырышым керек эле. А биздин буттары бошоп шалактаган эски төрт олтургучтан башка эч нерсебиз жок. Бейтааныш бирөөнүн алдында уят болгум келбеди!.. Күн сайын кечинде анын кызматчысы келип, ээсинин өжөрлүк менен жиберген чакырыктарын жеткирип турду. Мага аныкына барып кутулбасам күч менен өзүнө сүйрөп кетчүдөй сезилди...

Акыры бир күнү кечки тамактан кийин Мюмин-бейдикине бардым. Мен парадда тургандай тизилген заманбап тиричилик техникасы жөнүндө айтпай эле коёюн. Муздаткыч, чаң соргуч, радиола, кир жуугуч машине, буу казан анын үйүндө ардактуу орундарды ээлешиптир.

Мюмин-бей мени иш бөлмөсүнө алып киргенде, оозум ачылды. Дубалдын бетине полдон шыбына чейин орнотулган текчелерде жыкжыйма китептер тизилет. «Демек, бул адам тууралуу оюм жаңылыш окшойт», – деп ойлодум. Мен аны байлыгына чиренген байлардын биридир дегем.

– Мен акылдуу адамдарды жакшы көрөм, – деди ал.

Бир аз одоно сүйлөйт экен, бирок анын эмнеси жаман!..

– А сиз эмне иш кыласыз?

– Бир ишканада иштейм, — дедим.

Мюмин-бей өзү жазган ырларын окуй баштады.

– Кандай, сизге жактыбы? – деп сурады.

– Укмуш!..

Ал башка ырларын окуду. Анан ырларын бүтүрүп, аңгемелерине өттү.

– Аңгемелерим жакшырак чыгат, – деди кызыгуумду артыргысы келгендей.

Аңгемелеринен кийин пьесаларын алып чыкты. Мен тажай баштадым, аны алаксытуу үчүн колумду китеп текчелерине сундум:

– Мен көп жылдардан бери адабият жаатында алектенип келем, бирок мынчалык көп китеп чогулта алган жокмун.

– Бул текчелердеги китептердин баардыгы – белектер, – деп мактана кетти Мюмин-бей.

– Чын элеби? А кимдер белек кылышты?

– Мен бул китептерди жазган авторлордун бардыгы менен таанышмын… Алар мени сыйлашат, дайыма жаңы чыккан китептерин белек кылышат.

Мен таң калганымдан ордумда катып калдым.

– Сиз Фалих Рыфкы менен таанышсызбы? – деп сурады ал.

– Атын угуп жүрөм, –дедим. Ал текчеден бир китепти сууруп алды.

– Бул анын белеги…

Мен китепти колума алдым. Бул Фалих Рыфкынын "Зайтун багы" болчу.

– Мага эмне деп жазганын окуңуз.

Китептин титулдук баракчасында мындай деген жазуу бар эле: «Достугубуздун эстелиги катары урматтуу Мюмин Экрем мырзага, бир тууганың Фалих Рыфкы…”

Фалих Рыфкы чындап эле өзү жазганбы? Бирок ким билет!..

– Ал эми бул жерде Решад Нуринин белеги...

"Ырдаган куш" ... Мюмин Бейге урматым менен... Решад Нури.

– Мен соода менен алектенем, бул жазуучулардын баары менин досторум. Ал дагы бир китепти сунду.

– Ал эми бул – Рушен Эшреф Бейден...

Ал китептеги жазууну өзү окуду: "Иним Мюмин бейге терең урматтоо менен... Рушен Эшреф."

Якуб Кадринин «Чоочун адамы»... Халиде Эдиптин «Жүрөк сыздайты»... Алардын баарынын кол тамгасы бар. Кээде текчелерде начар жазылган кичинекей китептер да жолуга калып жатты, бирок алар да арноо жазуулары менен экен.

Китептерди карап отуруп, капысынан өз романымды көрүп калдым. Ал кезде мен дайыма каймана ат менен жазчумун! Титулдук барагын ачтым, анда: «Урматтуу Мумин Экрен-бей-эфендиге... Урматым менен Хасан Йукта» деген жазуу бадырайып туруптур.

Ачуум келди.

– Хасан Йукти билесизби? – деп сурадым.

– Эгер таанбасам, анын китеби бул жерде болмок беле, жаным?.. Ал кечээ эле келип кеткен.

Мен ордумдан турдум.

– Эртең кечинде мен сизди үйүмдөн күтөм!.. – деп коштошуп чыгып кеттим.

– Тынчыңызды алам! – деп жооп берди ал.

Чынында эле эртеси кечинде ал "тынчымды алды". Мен бул жигитти уят кылуу үчүн бир амал ойлоп таптым. Кофе ичкен соң мындай дедим:

– Албетте, сиздикиндей көп болбогон менен, менде да кол тамгалары менен китептер бар.

– Абдан жакшы... Кандай китептериңиз бар?

Мен текчеден Мольердин Ахмед Вефик Паша которгон китебин алдым. Аны Мюмин-бейге бердим.

–Ахмед Вефик Пашанын мага эмне деп жазганын окуп көрүңүзчү? Ал китептеги жазууну окуду:

– «Сүйүктүү уулум Хасан бейге... Ахмед Вефиктен.»

– Бул Ахмед Вефик Паша үчүнчү аскер корпусунун командири беле? — деп сурады конок.

Жооп бергендин ордуна Найма жазган тарых томдугун алып чыктым. Мүмкүн көлчүккө отуруп калганын түшүнүп, уялып калар деп ойлогом.

– Найма мага эмне деп жазганын караңызчы: «Сүйүүнүн белгиси катары менин жупуну эмгегим. Урматым жана өзгөчө ыраазычылыгым менен, сиздин кулуңуз Найма».

Мен Мюмин бейдин жүзүн карап турдум. Ал унчукпай китепти карады. «Калпы чыгып калганын түшүндү окшойт» деп ойлоп, өзүм ыңгайсызданып кеттим.

– Бул Наймаңыз сырттан кофе алып келип саткан жок беле? – деди ал күтүлбөгөн жерден.

Мен сүйлөй албай калдым. Эгер мен оозумду ачсам, анда бул алдамчыга жаман болмок.

– Белгилүү инсандардын чыгармалары барбы?..

Мен китепке колумду сунсам, Фауст чыгып калды.

– Мына Гёте! – Караңызчы, “Менин Хасанчикиме” деп кол коюп берген.

– Автордун аты ким деп айттыңыз?

– Гёте...

Мюмин алаканы менен жаагын таянып бир аз ойлонуп калды.

– Гёте... Гёте... Гёте... – деп бир нече жолу кайталады. – Аа, эсимде, бул жигит бир аз убакыт автомобилдерди сатуучу «Додж» фирмасынын дилери болгон.

Киши өлтүргөн кылмышкерлер жасалган кылмышын моюнга алып, эң коркунучтуу жерине жеткенде: "Мындан ары эсимде жок" дешет. Андан ары эмне болгону да эсимде жок.

Мен полиция бөлүмүндө эсиме келдим, колумда Шекспирдин жыртылган тому. Мюмин Экрем бейдин ар кайсы жери канап көгала болуптур.

– Мен бул бейбаштын үстүнөн арыз жазам, – деп мен тарапка башын ийкеди.

– Эмне болду? Силерге эмне болгон?.. – полициянын комиссары мага кайрылды.

Мен Шекспирдин портрети түшүрүлгөн китепти сундум.

– Бул сакалчан ким? — деп сурады комиссар.

– Шекспир!

– А!.. Демек, чет элдикпи?..

– Англис!

– Ал эмне иш кылат?

– Акын...

– Ал кайда жашайт? Бул адам менен качан жана кандай максатта тааныштыңыз?

Мен Мюмин-бейге кайрылдым. «Мени кармаңыз, мени бекем кармаңыз!» деп сурандым андан…

Комиссар жанындагы эки полицейге башын ийкеди.

– Буларды саясый полицияга алып баргыла, биз мындай иштерди карабайбыз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз