Динара Бейшеналиева: Тирүү туруп өлүктөй жашоо кыйын

  • 04.04.2023
  • 0

Масмын мен, бу дүйнөңдө соолукпаймын

Кээде мага угуп эле жүргөн сөздөр ачылып кетет. Көзүмдү умачтай ачышат. Мен ал сөздү угуп эмес, көрүп калам...

“Жакшылык, сооп иш жашап калат” дешет. “Бар болуунун өзөгү” дешет. Көз ирмем күндөр учат. Көз ирмелген сайын жакшы болуу кыйын экен...

Билип, билбей көңүлүңүздү оорутуп алсам, кечирим сурайм, окурманым...

Түбөлүк жашап калуу – жакшылыктан экенин көрдүм...

*   *   *

Азганак, алакандай жалганыңда,
Айландым куш тилинин арманына.
Эркинде эргип жүргөн жанды эле Сен,
Мас кылдың – бул денеге салганыңда.

Агаргаар, агаар, кетер жалганыңда,
Айландым кум ырлардын арманына.
Учалган уч-кыйырсыз жанды эле Сен,
Мас кылдың – тар дүнүйө салганыңда...

Күндөрүм. Күндөр, күндөр шайланышкан.
Түн-дүбүрт шараптарга байланышкан...
Оорусам жаным эмес, жаздык да мас,
Жаннаттай жай баракат айланышкан...

Ордоңдо оомат тилеп, оолукпаймын.
Оромол, бир байлам бир жоолуктаймын.
Бирок мен сүйдүм кум, куш, Өзүңдү анан...
Масмын мен, бү дүйнөңдө соолукпаймын.

Айыккандар айыгар өлүп гана

Ал мыктыбы, мыкты эмеспи билбейм, бирок бу калем деген неме экөөбүз тээ бала кезден бери биргебиз. Кээде аз жазып, кээде саз жазып, түз жазып, ийрелеңдеп, айтор, келатыры мени менен. Кээ күнү биз эски досторчо отуруп алып, өткөн ар бир күнүбүздү эстеп чыгабыз. Көйнөгүм бир шкаф. Бирок бир жакка кийейин десең түзүгүн таппай, суй жыгылам. Жылдарымды карасам да ошол көйнөктөрүм сыяктуу тура... Жок, күндөргө ыраазымын. Күндөр мага ыраазыбы деген кеп...

Ар күнүмдү тизем көз алдыга.Тизсе болот экен, бир ууч күн да. Бир туруп, оо качанкы мен, жашап эле келе жатам деп алам өзүмчө. Аялдардын бир, он муунун көрдүм бер жагы. Жаңы басып жүргөнүмдө эшиктин астына жалаң ак жоолукту алдыга байлап салынган кемпирлер келчү эле. Алар бат эле бир жакка көчүп кетишкенсип, жоголуп кетишти. Беш жашка чыгып калганда жоолукту аркасына байлангандар келчү эле, алар да жок болуп кетишти. Кийинкилер жоголушту. Анан кийинкилер...Бирок ошонун бары биригип, бир ууч экен...

Баарыбыз чокуга чыгып баратырбыз. Бирөө кыя жол менен. Бирөө тескей, бирөө күнгөй, бирөө сай менен, бирөө шагыл таш менен...

Чоку көк мелжийт. Аман чыгып барыш үчүн ууну жеп албашың керек. Эң биринчи арам, адалга көңүл бурасың. Бир топ баргандан кийин акылыңды тунукташың керек болот. Себеби, ысык, суук, караңгы, жарык деген бар.Чочусаң, туура эмес кадам шилтесең, коркконго кош көрүнөт болуп, караган-бутактын түбүнөн чыга калган жырткычка жем болосуң. Же жыгылып, томолонуп, тээ күкүктөп агып жаткан сайга барып түшөсүң.

Элеңдей бербей, көкүрөктү бир жерге токтотуп, ишеним, сабырды бек тутуп, чыдамкайлык, көрөгөчтүк менен баса беришиңди талап кылат бу жолдор. Ошондо, саамга тынып каласың. Саамга тынып калганыңда капкара түн дегениң жылдыздары менен кооз көрүнүп, жырткыч дегениң көзү алаңдаган бир байкуш жандык экенин баамдайсың... Таң атайын деп, таң агарып калган сыяк... Оо, чоку каякта, сен каякта... Чоку дегениң жети катар жердин эле биринчи чаңы экенин, сен ошол биринчи чаңда жүргөн эле чаң өндөнгөн бир жан экениңди көргөндө унчукпаган Көктү карайт экенсиң. Карайт экенсиң да, күлөсүң... Чекеңди топуракка тийгизгенден башка арга жок...

Аалам ушул, айлампа, шарапкана.
Алкымыңды агытар, шалактама.
Кулаганда кургуйга, өөдөлөбөй,
Кудай дээрсиң, жалынып Жаратканга.

Делбетаппыз, жер үстү – оорукана.
Дене – топо, жаралган оорупкана.
Тирүү туруп өлүктөй жашоо кыйын,
Айыккандар айыгар өлүп гана.

Жалган дүйнө

Кыргыздын улуу эл экенин ар бир сөзүнөн, салт-санаа, адеп-ахлагынан таап, таң калып, сүйүнүп да келем. Адамга болгон, жашоого болгон, жаратылыш, тоо-таш, дегеле барга да, жокко да сый мамиле менен караганын кадырлачу бийиктик. Байыркы даанышман эл экени макал-лакап, акыл-насаат, көөнөрбөс көкүрөк дөөлөттөрүндө жатыры. Ар бир макал-лакабы узун сабак кеп кылганга арзыйт. Бирок бүгүн жалган дүйнө деген кебине учкай токтолгум келди. Учкай дегеним, бул жалган дүйнө кеби, бул акыйкат кеби өмүр-өлүмдү боюна сиңирген боюнча ырдалып, изделип келсе да бир тал канаты ачылбаган болумуш экен...

“Өңгө – жалган, өлүм – ак” деп койгон ата-бабам бир ооз. Ушул кепти айтып, уул-кызын чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, улуу-кичүүнү сыйлаганга, барды бар кезинде баркына жеткенге тарбиялаптыр. Бүгүн болсо жалган дүйнөнүн жалгандыгын, опасыздыгын илим да ырастап турган сыяк...

Илим:

Эгер визуалдык кабыл алуубузду алсак, көрүү учурунда жарык бөлүкчөлөрү (фотон) нерседен көзгө түшүп, линза аркылуу торчого багытталып, нейрондор аркылуу мээнин арткы бөлүгүнө жеткирилип, көрүү процесси ошол жерде өткөрүлөт. Ал эми мээнин ичи чылгый караңгылык. Анын жарык менен түздөн-түз байланышы мүмкүн эмес. Байланыша да албайт.

Ошол көрүү, угуу, даам, жыт сезимдерин мээ рецепторлор жөнөткөн электрдик сигналдар түрүндө гана кабыл алып, тааныйбыз. Мындай болду, мээбиз өмүр бою биздин сыртыбызда болгон оригиналдуу зат менен түздөн-түз байланышта болгон эмес. Биз ошол электрдик көчүрмө менен гана жашап, чындык деп эсептеп, жаңылыштыкка кабылабыз.

Философ Жорж Баркли:

“Биз объектилерди көрүп, аларды мээбиз чагылдыргандай сезгенибизден улам гана бар экенине ишенебиз. Бирок биздин кабылдоолорубуз мээбизде жүргөн ойлор гана...”

Чындык биз үчүн кол менен кармап катуу, жумшагын баамдаганда же укканда гана болот. Ооба, реалдуу дүйнө деп ошону тааныдык. Андай болсо түштү эмне дейбиз? Түштө да көз менен көрүп, угуп, кармап көрүп, бутубуз менен бир нерседен жанталашып качабыз. Бирок ошол учурда колу, бутубуз кыймылсыз, көзүбүз уйкуда жаткан болот. Буга карабастан, түштөрдө болуп жаткан окуяларды болуп жаткандай көрүп ыйлайбыз, сүйүнөбүз. Ошол убакта дене төшөктө кыймылсыз. Ойгонгондон кийин гана биз көргөн нерселер жөн гана элес экенин түшүнөбүз. Жогорудагы аныктоолорго таянсак, чын деп таанып турган ушул жашообуз да түш сыңары бир элес...

Дин:

“Өлүм келип ойготкуча, ойгон”

Кубатбек Жусубалиев:

“... Акыйкатка жетиш үчүн дервиштик канчалык маанилүү экендигин эч кимиңер түшүнбөдүңөр...

... Мухаммед пайгамбардын бир сөзүн вы забыли. Ал: “Биз кичүү жихаддан, улуу жихадга өтүшүбүз керек”- деген. Сага окшогон бирөө “о, Алланын Элчиси, улуу жихад деген эмне?” деп сураганда “бул адамдын өзүндөгү пасчылыкка, айбанчылыкка каршы улуу күрөш” деген...

Эң улуу акындар – бул суфий акындары болгон. Кыргыздар буларды кал сопу деп коюшкан. Суфизм дүйнөгө өтө көп нерсени, эң ириде эң улуу акындарды берди. Мейли, ал мисирдик болобу, мейли, индиялык, мейли, биздин Орто Азиялык болобу, алардын баары улуу акындар болушкан. Руми, Аттар, Хафиз, Навои, Ахмад Яссави, Махмуд Кашкари, Индияда болсо Кабир...

Что бы делал без них этот бедный, несчастный мир? Этот жалкий, глупый, невежественный мир?...”

Дин:

"Акыйкат" арабдын "хакыйкат" сөзүнөн келип, чындык, ак (Хакк) дегенди түшүндүрөт.

Кудайдын бир ысым-сыпаты "Хакк" (Аль-Хакк, Ал-Ак. Д.Б.) "Акыйкат", ”Ак” сөзүнүн түпкү мааниси – Кудайды таануу.

Кыргыз кайтыш болгон адамды “Акка моюн сунуптур” деп коёт. Кудайга моюн сунуптур дегени. Демек, тирүүсүндө сунбаса, өлүп моюн сунмак бар.

Куран:

“Аллах-свет небес и земли...“ (Он управляет небесами и землей и наставляет на истинный путь их обитателей. Он Сам является Светом и Он скрыт за светом. Книга Аллаха и Его руководство тоже являются светом от Него)

(Ан-Нур, 35-аят, из 64, перевод смыслов корана Абу Адель)

Дин: 
Окумуштуулар да көзгө көрүнүп турган ааламдын түбү нурдан пайда болгондугуна, ал адам акылы жеткис Жогорку Күч экенине, чексиз экенине токтолушат...

Илим:

Дене да материя. Бүт материалдык дүйнө түштө болбогондой эле чыныгы дүйнөдө да жок. Жан бар...

Жеңижок акын:

Каерде калбайт алтын баш,
Дүнүйө жалган илинбейт.
Жүзгө чыккан менен да
Бир күнүңчө билинбейт...

Куран:

“...Ему принадлежит все, что покоится днем и ночью, и Он – Слышащий, Знающий...” (Сура “Аль-анам”,6:13)

Барпы акын:

Бул дүйнөдө ким калган?
Баарын жалмап, шыпырган,
Сен экенсиң, шум жалган!..
Күн менен Түн алмашып,
Өтүп келген эмеспи....

Куран: “Дүйнөлүк жашоо жөн гана көңүл ачуу жана оюн. Ал эми Акыркы Турак – чыныгы жашоо. Алар муну билишсе кана”

(“Жөргөмүш” сүрөөсү, 29: 64)

*   *   *

Молдо Нияз:

“Бу жалганчы дүнүйадан,
Өлүп барсаң бир күнү,
Паришта кирет суракка,
Жобобуну бербесең,
Жаның калаар фракка,
Жан Эгем койгон муаккил,
Жалынсаң койбойт буякка,
Жан күйөрдөн айрылып,
Жайланасың шуякка...”

*   *   *

Жалгандыктын өзүндө укмуштуудай тереңдик катылган сыяк. Философиясы – ошол жалгандыктан түбөлүктүүлүктү табуу. Ата-бабабыздын жолу менен антка бекем, сөзгө турктуу болуп, ууру кылбай, ушак айтпай, ата-эне, эл-жерди сүйүп, өлүм барын унутпай, Кудайды таанып, өлө турган дүйнөдөн өлбөстүккө жетүү окшоду...

*   *   *

Курган жүрөк жерде калып кетпе деп,
Миң-миң кушка күндө тытып, жем кылдым.
Үзүмдөрү чымчыктарга уя, күү,
Уя, күүнү, Күн дооруна тең кылдым…

Акак сүйүүм жерде калып кетпе деп,
Актыгына кең асманды бел кылдым.
Чеги болсо ааламыңдын, кадамдын,
Чексиз сүйүүм, бир Кудайга тең кылдым…

Кушту көрсөң, жан көрбөсөң үлпүлдөк,
Эй достум, эй, карабай кой кептерим.
Карек көрбөй, кагаз көрсөң жаны жок,
Эй достум, эй, кармабай кой дептерим…

(“Ак” китебинен алынды)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз