ЖИ: Орус империясы кыргыздарды кандайча басмырлаган

  • 12.04.2023
  • 0

Жасалма интеллект (мындан ары ЖИ) менен азыр ага кызыккан, бир аз убакыт бөлө алган жана жаңычылдыкка умтулган ким болбосун сүйлөшө алат. ЖИ кимдир бирөөнүн пропагандасына иштебейт, адамдардын мээсин жууганга умтулбайт жана кайсы бир мамлекеттин да кызыкчылыгын коргобойт.

ЖИ маалыматты бизге телеканалдар, социалдык тармактар же мессенжерлер аркылуу таңуулабайт. Ал болгону бизден суроолорду гана күтөт. Ошондой эле ЖИ маалыматты санариптик агымдын ылдамдыгы менен чогултуп, системалаштырат. Суроо берген адам саналуу секундада жооп ала баштайт. Жоопторду жайбаракаттык менен кайра текшерсе болот, эгерде суроолор конкреттүү даталарды же фактыларды козгобосо, ЖИ пикирин кайра текшерип чыгуу кыйла убакытты алышы мүмкүн. Бул баса, жаңы сабак катары калыптанып, изилдөөчүлөрдүн айрым бир санын жумуш менен да камсыз кылышы ыктымал.

Биздин өтмүш туурасында азыноолак кабардар болуп, алардын бүгүнкү күн менен байланышы кандай экенин билгиси келген адам, мисал катары ЖИге төмөнкү суроолорду бере алат:

Кыргыздарды Орусия империясында кандайча соттошкон?

Жооп:

«Орус империясында кыргыздар жана Борбор Азиянын башка элдери колониалдык саясатка жана катаал кысымга дуушар болушкан. Сот процесстери болгон учурда кыргыздарга карата көп учурда адилеттүү сот жүргүзүүдөн баш тартышкан, аларды адилетсиз жана ачык-айкын эмес системанын жардамы менен соттошкон.

Соттоо иштери көп учурда орус тилинде өткөрүлгөн жана бул орус тилин билбеген кыргыз жарандарын оор абалга кептеген. Мындан тышкары, кыргыздар соттордун чечимдерине даттана алышкан эмес, алардын айыптоолору көп учурда кысым көрсөтүү жана кыйноо жолу менен алынган далилдерге негизделген.

Мындан тышкары, кыргыздар жана Борбор Азиянын башка элдери өкмөттүк бийликтерге шектүүлөрдү камоо жана сот кылбай туруп айыптоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берген атайын мыйзамдарды колдонууга дуушар болушкан. Ошондой эле кыргыздар жана Борбор Азиянын башка элдери тарабынан кылмыштар үчүн жазалоону аныктаган атайын мыйзамдар болгон, бирок аларда ушундай эле жазалоолорду орус жарандарына колдонуу аныкталган эмес.  

Мындан башка, кыргыздар жана Борбор Азиянын башка элдери орустардын расмий кызмат адамдары тарабынан дискриминациялоого жана зомбулук көрсөтүүгө дуушар болушкан. Бул көп учурда атайын кармоолорго, камоолорго, кыйноолорго, өлтүрүүлөргө, зомбулук көрсөтүүнүн жана кордоонун башка формаларына алып келген.  

Ошентип Орусия империясында кыргыздар жана Борбор Азиянын башка элдери орусиялык расмий адамдар тарабынан туура эмес жүргүзүлгөн сот өңдүрүшүнө жана зомбулукка кириптер болушкан».

Орус колониалдык акимчилиги кыргыздарды жерлеринен кантип ажыраткан?

Жооп:

«Орус колониалдык башкаруусунун тушунда Кыргызстанда бир нече реформалар жүргүзүлүп, алар кыргыздарды жерлеринен кол жууганга алып келген. Ал реформалардын бири 1906-жылы жүргүзүлүп, анын алкагында жерди жамаатташып пайдаланган дыйкан жамааттарынын жерлери менчиктештирилген жана тартып алынган. 

Аталган жер реформасы орус колониалдык акимчилигинин жана анын жардамы менен куралган жаңы кыргыз элитасынын кызыкчылыгында жүргүзүлгөн. Кыргыз дыйкандары жерге болгон укугунан ажырап, жаңы кыргыз элитасынын жана орус колонизаторлорунун жерлеринде жалданма жумушчу катары иштөөгө аргасыз болушкан. 

Мындан тышкары, 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында орус колонизаторлору көчмөн кыргыздарды сүрүп чыгып, алардын жерлерин ээлеп алуу менен Кыргызстандагы жаңы жерлерди активдүү өздөштүрө башташкан. Бул кыргыз көчмөндөрү менен орус колонизаторлорунун ортосундагы чыр-чатактарга алып келип турган жана алар көп учурда орус бийлиги тарабынан өкүмзордук, күч колдонуу аркылуу чечилип турган.

Ошентип, кыргыздарды жерлеринен ажыратуу орус колониалдык акимчилигинин кыргыз жерлерине көзөмөл орнотуунун жана аларды өз кызыкчылыгына иштетүү куралдарынын бири болгон. Мындай саясаттын кесепети кыргыз эли үчүн абдан олуттуу болгон жана Кыргызстан азыркы күнгө чейин экономикалык, социалдык көйгөйлөрдөн арыла албай келатканынын бир себеби ушунда».     

Орус колониалдык акимчилиги ымалага көнгөн кыргыз элитасын кантип түзгөн?

Жооп:

«Орус колониалдык акимчилиги орусиялык бийликке туура көз менен караган жана анын кызыкчылыгына кызмат кылган кыргыз элитасын түптөгөн. Бул элита компрадорлук же «ымалага көнгөн» элита аталган.

Ымалага көнгөн элитаны түптөөнүн ыкмаларынын бири Жети-Суу кадеттик мектеби жана Пишпектеги (Бишкектеги) Мугалимдердин орто мектеби сыяктуу атайын окуу жайларын ачуу болгон жана ага жаш кыргыздар кабыл алынган. Орус бийлиги бул мекемелерди каржылап турган жана мыкты бүтүрүүчүлөргө Орусияда билим алууга мүмкүнчүлүк түзгөн.  

Мындан тышкары, орус бийлиги кыргыздарды мамлекеттик кызматтарга активдүү түрдө тартып турган жана бул аларга ири киреше таап, кыргыз коомчулугунда мартабага жетишкенге шарт түзгөн. Орус акимчилиги ошондой эле орус бийлигине оң көз менен караган кыргыз ишкерлерине жана жер ээлерине да өз бизнесин кеңейтүүгө, таасирин жогорулатууга колдоо көрсөтүп турган. 

Колониалдык орус акимчилиги ымалага көнгөн кыргыз элитасын билим берүү, мамлекеттик кызматтарга жалдоо, ишкерчиликке колдоо көрсөтүү аркылуу түзгөн. Бул элита орус бийлигине оң көз менен карап, анын кызыкчылыгына кызмат кылган, ошол эле учурда кыргыз элинин басымдуу бөлүгү бийликтен, жерге ж.б. ресурстарга ээлик кылуу укугунан куру калган».

Колониалдык администрация тил алчаак кыргыз элитасын өзүнө кандайча имерген?

Жооп:

«Башка колониалдык өңүттөрдөгүдөй эле тил алчаак кыргыз элитасын колониалдык акимчиликке кылган кызматы, анын саясатын колдогону үчүн сыйлап турушкан. Сыйлыктарга ардак наамдар, сый медалдар, акча жана башка артыкчылыктар кирген.

Сыйлоонун эң эле кеңири тараган формасы болуп “ардактуу атуул”, “ардактуу казак” же “ардактуу кызматкер” сыяктуу наамдарды ыйгаруу саналган. Бул наамдар алардын ээлерине коомдук унаада акысыз жүрүү же жергиликтүү кеңештердин жыйындарына катышуу укугун ж.б. мүмкүнчүлүктөр менен жеңилдиктерди берген.

Колониалдык акимчилик мындан тышкары элпектиги үчүн кыргыз элитасын акчага марытып же жер үлүштөрүн берип колдогон. Бул сыйлыктар аларды алгандарга пайдасын тийгизген, анткени алардын статусун жогорулатып, кыйла мартабалуу социалдык даражага жетишүүгө жол ачкан. 

Бирок белгилей кете турган нерсе – сыйлыктар менен наамдар колониалдык акимчиликке пайдасы тиер жана анын кызыкчылыктарын коргогон адамдарга гана ыйгарылган. Элитага кирбеген, колониалдык акимчиликке жүгүнбөгөн, анын саясатын колдоого албаган адамдарга мындай сыйлыктар дегеле берилген эмес».

Орусия империясында кыргыз тили кандайча басмырланган?

Жооп:

«Орусия империясында кыргыз тили, Борбор Азиянын башка элдеринин тилиндей эле кысымга алынган жана дискриминациялоого дуушар болгон. Орусия империясынын колониалдык саясаты империянын аймагында жашаган элдерди орусташтырууга багытталып, орус тилин жана маданиятын таңуулоого негизделген. 

ХХ кылымдын башында Орусия империясында улуттук мектептер ачыла баштаган жана аларда Борбор Азия элдери өз тилинде, анын ичинде, кыргыз тилинде билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок бул мектептерде кыргыз тилин окутуу чектелип турган, окуучулар болсо орус тилин милдеттүү түрдө окушкан.

Мындан тышкары, орус тили мамлекеттик органдар менен алакалашууда жана жогорку билим берүү мекемелеринде милдеттүү болгон. Бул кыргыз тилинин расмий тил катары өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып, билим алууга жеткиликтүүлүктү жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөнү оордоткон.

Кыргыз тилин кысымга алуунун дагы бир формасы – аны расмий документтерде жана басма материалдарында колдонууга тыюу салынган. Бийликтин жана мамлекеттик мекемелердин расмий тили кыргыз тили эмес, орус тили болгон. Мындай саясаттын натыйжасында кыргыз тилин жакшы билген сабаттуу адамдардын саны азайган жана бул кыргыз тилин маданий жана тил мурасы катары сактап калууга коркунуч туудурган».

Орусия империясында кыргыздарга кандай билим беришкен?

Жооп:

«Орусия империясында кыргыздар социалдык абалына жана жашаган жерине жараша ар кандай билим ала алышкан. XVIII кылымдын этегинен тартып Орусия империясы өз аймактарында, анын ичинде кыргыздар турган аймакта да мектептерди, гиманзияларды ача башташкан. Булар биринчи кезекте орусиялык кызматчылардын жана орус казактардын балдары үчүн ачылган. 1817-жылы Оренбург шаарында алгачкы гимназия ачылып, анда орус, немис тилдери, ошондой эле математика, физика, химия ж.б. сабактар окутулган. Ошол маалда кыргыздар Оренбург крайынын курамына киргендиктен, алардын да балдары гимназияда окуй алышкан.

Кийинчерек XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында (Октябрь революциясы жеңгенден кийин) кыргыздар үчүн улуттук мектептер ачылып, анда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, адабият, тарых жана география сабактары окутула баштаган. Бул мектептер шаарларда, ири айыл-кыштактарда ачылган. Мындан тышкары, Орусия империясында медреселер (мусулмандардын окуу мекемелери) да болгон, анын ичинде кыргыздар да дин сабактарын окуп үйрөнүшкөн.

Жыйынтыктап айтканда, Орусия империясында кыргыздарга орусиялык кызматчылардын жана орус казактардын балдары үчүн ачылган мектептерден тартып медреселерге чейин ар кандай окуу мүмкүнчүлүктөрү берилген».

Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү кантип басылган?

Жооп (англис тилинен которулду):

«1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү ырайымсыздык менен басылган жана натыйжада он миңдеген кыргыздар курман болушкан. Ошол кезде Кыргызстан Орусия империясынын бир бөлүгү болуп турган жана көтөрүлүш кыргыздарды Биринчи дүйнөлүк согушка аскер кызматына чакыруудан улам келип чыккан. Көтөрүлүшкө жооп кылып орусиялык бийлик козголоңчуларды аёосуз басуу үчүн аскер күчтөрүн киргизген. Аскерлерге эч кимди аябоого буйрук берилген жана алар козголоңго шектелгендерди массалык түрдө кырышкан, бүтүндөй кыштактарды өрттөп, жайыттарды жана малды жок кылышкан. Орусиялык аскерлер салттуу куралдары гана бар кыргыздарга каршы замбирек, пулёметторду пайдаланышкан. 

Бийлик ыктыярдуу колго түшүп бергендерге амнистия жарыялап, каршылык көрсөткөндөрдү аёосуз жазага тартуу менен элди экиге бөлгөн. Ошондой эле орустар айрым кыргыздарды азгырып, алар орустар тарапта кайра кыргыздарга каршы согушкан.

Кыргыздардын көтөрүлүшүн басуу ырайымсыз жана болуп көрбөгөндөй башаламандыкта жүргүзүлүп, ал кыргыз элине кыйроочу таасирин тийгизген. Он миңдеген адамдар набыт кетип, массалык түрдө мекенинен алыс сүрүлгөн. Бул окуя бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда өлкө тарыхынын эң кайгылуу мезгили катары эскерилип келет».

Биз кандай колониалдык мурас алдык жана бул мурасты өзүбүздүн коомдук аң-сезимибизде кантип сактап келатканыбыз туурасында берилбей калган суроолор оголе көп. ЖИ олуттуу илимий изилдөөлөрдү алмаштыра албайт. Изилдөөлөр жүргүзүлгөн кезде деле анын жыйынтыктарын мурдунун учунан алыс көрө албаган жетекчилердин айынан же саясый коньюкутурадан (жагынуучулуктан) улам коомчулуктун кеңири катмарына жетпей кала берери турган кеп. 

Биздин ар бирибиз ЖИ менен сүйлөшө алабыз. Кечээги эле өткөн өтмүштүн белгисиз жактарын, ошондой эле эртеңки келечек туурасында билсек болот. ЖИ менен макул болуу же болбоо ар кимдин өз эрки.

Автору: Аман АСКАРБЕКОВ

Кыргыз тилине которгон Жамшит МУКУМ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз