Сүрөт izbrannoe.com булагынан алынды.
Пикассо жөнүндө жазуу мага эмне үчүн кыйын деп өзүмдөн сурайм. Балким, ал төтөн атактуу болгондуктандыр, ал жөнүндө жүздөгөн китептер жазылгандыктандыр, анын ар бир эмгеги түгүл өнөрканасына, көгүчкөндөрүнө же иттерине, фуфайкалары менен кепкаларына узун-узун изилдөөлөр арналгандыктандыр.
Ийе, Пикассо жөнүндө анын жакын достору жана ага кокусунан жолуккан адамдар жеткилең же үстүрт, талантуу же чоркок жазылган сүрөттөмөлөрдү жазышкан. Ошон үчүн эле Пикассо тууралуу жазуу мага оор болуп жаткан жок, мен да башка калемгерлер тейде мурдатан белгилүү нерселер жөнүндө жазайын деп эчен жолу үстөл кучактап отурдум. Реактивдүү учактын күүлөнүүсүнөн көрө күзгү жамгырды сүрөттөп жазган кыйын экени талашсыз; бирок мен бул китепте көбүнчө мага дейре эчен эсе сүрөттөлгөн, алда канча ийги сыпатталган заттар жөнүндө айтып бергенге аракеттенем. Кыйынчылыктын жүйөсү башка – Пикассонун өзүндө.
Бир үлкөн сүрөткер бир жолу мага: “Пикассо – гений, бирок ал жашоону сүйбөйт, ал эми живопись жашоону тастыктайт”, – деп айткан. Анын сөзү Пикассонун адамдарды, жаратылышты, искусствону, жашоону бүт дити менен берилип сүйгөнү, анда өспүрүмдөргө мүнөздүү суктануу эч качан өчпөгөнү сыяктуу эле чындык; художниктин көптөгөн сүрөттөрү жашоонун ажайып сулуулугу эле эмес, адамга ысык дем берген жылуулугу, даамы, жыты жөнүндө да шарданалайт. Пикассо жөнүндө жазган адамдар сүрөткердин көз алдыбыздагы дүйнөнү таңкы сыдырым желдей тазартканга жана аңтар-теңтер оодарганга, табиятты да, адеп-аклакты да тарам-тарам кылып бөлгөнгө, тирүү жандарды быт-чыт кылып кыйратууга жанын карч уруп умтулганын белгилешет.
Бирөөлөр мындан сүрөтчүнүн күчүн, революциячыл жаңычылдыгын көрүшсө, башкалар өкүнүү же кыжырдануу менен “бүлүнтүүчү руху” жөнүндө сөз кылышат. (40-жылдардын этегинде биздин айрым сынчылардын Пикассо жөнүндө жазгандарын окуп, алардын бүтүмү – албетте, алардын каалоосуна каршы – Черчиль менен Трумэндин баасына дал келгенине таң калганмын. Үйрөнчүк художник Черчиль жана үйрөнчүк музыкант Трумэн козголоңчу Пикассону айыпташкан.) Мен өз жашоомдо Пикассонун кыйратуучу күчүн бир нече жолу сездим, сүрөткердин кыйратуучу кудуретине сүйүнүп, дем-күч алып, шыктанган учурларым да болду. Бул Пикассонунун биографиясындагы эмес, менин биографиямдагы факт. (Бүгүн Пикассонун кээ бир сүрөттөрү акылга сыйбас жосундай көрүнөт: анын кандай себептен сулуу аялдын жүзүн бузуп тартканга жөндөмдүү болуп жаралганын түшүнбөйм.)
Жаңыны жаратууга өмүрүн сайган, алтымыш жылдан ашык өмүрүндө жаңы дүйнөнү жараткан жана жаратып жаткан сүрөткер үчүн бир кыйла жеңил жолду – анархизмди артык көрбөй, же кайдыгер болбой, же скептик адамдын тонун кийбей, коркпостон коммунисттерге кошулган сүрөткерди кыйратуучу, бүлүндүргүч деп атоо калыстыкпы? Бул чындыкты да айтуубуз абзел: Пикассо өнөрканасында кубулуп, кайра жаралат, түрдүү “соттордун” эстетикалык сабатсыздыгына кыжырданат, митинг же жыйындардан жалгыздыкты артык көрөт. Ошол эле учурда, испан согушу кездеги шыктануусун, анын көгүчкөндөрүн, тынчтыктын тарапкерлери кыймылына катышканын, партбилетин, плакаттарын, “Юманите” гезити үчүн тарткан сүрөттөрүн жана башка көптөгөн иштерин кантип унутууга болот?
Өзүм көрбөгөн мормартр (“Бато-лявуар”) доорунда жана мен баяндап бергенге аракет кылган “Ротонда” доорунда биз жаш болчубуз, тентектик кылганды сүйчүбүз, түркөйлүгүбүзгө корстон элек. Ал эми Пикассо сексен жашына чейин кишини тамашалаганды сүйгөн азилкеч мүнөзүнөн жазбады. Ал бүгүн да фотографтар алдында дырдай жылаңач абалында туруп сүрөткө түшөт, мартабалуу конокторго түркүн жосун көрсөтүп тамашалайт, алиге чейин букалар менен таймаштын ышкыбозу. Анын “Сүрөткер жана анын моделдери” деген чоң литографиялык сериясы бар. Сүрөткер бирде Рубенсти, бирде картайган Матиссти эске салса, моделдери – жылаңач натурщицаларды же Веласкестин жана башка эски устаттардын персонаждарын эске салат; көпчүлүк учурда алардын арасынан жаш маскарапозду көрөбүз, ал Пикассого окшош (ал өзүн шылдыңдап күлөт, ошол эле маалда өзү менен сыймыктанат). Пикассону угуп отурган адам, ал тамашасын качан токтоторун билбейт; ал сыр алдырбай тамашалаганды укмуштуудай билет, олуттуу нерселер жөнүндө сүйлөгөндө тамашалап жаткандай туюлат.
Кээде менден “Пикассо” дегенди кантип туура айтканды: басымды акыркы муунга жасоо керекпи же акыркыдан мурдакы муунда жасоо керекпи, башкача айтканда, ал испанбы же французбу деп сурашат. Албетте, ал – сырткы кебетеси, мүнөзү, эмгектериндеги катаал реализми, чоктой ысык ышкысы, терең жана коркунучтуу ирониясы боюнча испан! Испаниядагы жарандык согуш анын үрөйүн учурду; балким “Герника” биздин замандын эң маанилүү полотносу болуп калат. Анын Сент-Огюстен көчөсүндөгү өнөрканасына качан барба, испан эмигранттардын аягы үзүлбөйт. Пикассо испандардан эч качан эч нерсе аябайт. Ушундай болгону менен, ойлончу башка маселе бар. Ал эмне үчүн бүт өмүрүн өз ыктыяры менен Францияда өткөрдү? Эмнеге ал үчүн Сезан улуу жана улуу бойдон калды? Эмне үчүн анын эң мыкты достору үч француз акыны: Гийом Аполлинер, Макс Жакоб, Поль Элюар? Жок, Пикассону Франциядан бөлүп ала албайсың.
Айрым адамдар күтүүсүздөн өзгөрүшөт, мындай өзгөрүүлөр калемгердин ишин жеңилдетет, анткени турмуш – үйрөнчүк драматург каалаган “өнүгүүгө зарыл” элементтерге ээ болот. Берегидей күтүлбөгөн кадамдарга алданган биографтар кишинин мүнөзүн көз жаздымда калтырган учурлар арбын. Акындарга же художниктерге арналган изилдөөлөрдө да ушундай өксүктөр жолугат: Маяковскийдин футуристтик мезгили, Блоктун некрасовдук мезгили, Маненин испанизм мезгили, Сезандын импрессионизм мезгили. Пикассонун да чыгармачылыгын мезгилге бөлүп караганга аракет кылышат. Анын ар эки-үч жылда живописте өзү жасаган ачылыштары менен сынчыларды таң калтырганы жана таң калтырып жатканы – ал үчүн баары жеңилдей көрүнөт.
Изилдөөчүлөр Пикассонун сүрөтчүлүк чыгармачылыгын көгүлтүр этап, кырмызы этап, негрлер этабы, помпей этабы жана башка түрдүү этаптарга бөлүшөт. Бирок бардык балээ – сүрөткердин алдагыдай бөлүүлөрдү күтүүсүздөн жокко чыгарганында. Маяковский 1922-жылы Пикассонун өнөрканасында болгондон кийин өз досторун “айтылып жүргөн айың кептер негизсиз, сүрөткер классизмге кайрылган жок” деп сооротот. Кызыгы, жаш Маяковский Пикассонун эмгектеринен эч кандай этаптарды тапкан эмес: “Анын өнөрканасында реалдуу көгүлтүр кырмызы жана эң байыркы антик стилиндеги сүрөттөрдөн тартып, каңылтыр жана зымдан жасалган конструкцияларга чейин жык-жыйма. Иллюстрацияларды караңыз: Серовдун кылкалеминен жаралган кыздын кудум өзү. Аялдын портрети орой реалисттик стилде тартылган жана скрипканы “жиликтеп” салган. Булардын баары жазуулары тастыктагандай бир жылда тартылган.” Маяковский “тепкич-тепкич” ыр жазган акын сонет жазууга кызыкпайт деп эсептеген. Ал эми Пикассо түрдүү эстетикалык концепцияларга көңүл кош мамиледе. Мен андай тез өзгөргөн, ошол эле учурда туруктуу, өз көз карашына терең ишенген адамды башка жолуктурбадым. 1958-жылы Каннда Пикассонун үйүнө акыркы жолу конокко барганымда, “бүтүн дүйнө таанылбагандай болуп өзгөрдү, өзүм да мурунку жашоомду түшүнбөйм, Пикассо болсо кырк беш жыл мурдакыдай эле!” деген ой тулку боюмду бийлеп алганын байкадым. Ушинтип ойлоп, Пикассодон ылдам эч ким алга кадам шилтебегенин билем.
Дал ушул жагдайдан улам, Пикассо жөнүндө сөз кылуу оор: эмне айтпагын, баары чын жана калп. Түрдүү өлкөлөрдөгү күбөлөрдүн берген анты окшош. Алардан адегенде “чындыкты гана” сүйлөөнү талап кылышат, андан соң алардын алдына аткарылгыс тапшырма коюшкан учурлар болот: “бардык чындыкты айтып бергин” деп.
Арийне, “айыпталуучу кылмыш жасадыбы?” деген суроону аныктоо зарыл болсо, күбөгө билген чындыгын айтуу оор эмес; бирок прокурор же адвокат эмне себептен айыпталуучу айыпка жыгылганын ийне-жибине чейин такып сураса, алар күбөдөн өтө эле көптү талап кылышат – ал не Шекспир, не Стендаль, не Толстой эмес да. Кээ бир калемгерлер Пикассонун өмүрү менен чыгармачылыгында карама-каршылыктар ого эле көп дешет. Бул – куру сөз. Голландия жөнүндө сапарнаамени түзүп жатып, бул өлкөдө ландшафт жана климат кандай экенин түшүндүрүү жеңил: тегиз, көк жашыл айдың талаалар, жайы жаан-чачындуу келип, анча ысык эмес, кышы жумшак. Бирок Советтер Союзунун ландшафты жана климаты кандай деген суроого бир нече фраза менен жооп бере албайсың. Кавказ тоолору менен тундраны, Крымдын шабдаалылары менен Түндүктүн бүлдүркөнүн (морошка) “карама-каршылыктуу“ деш эч кимдин оюна келбейт. Чоң мамлекеттер бар. Чоң адамдар да бар. Татаалдык кадыресе масштабга көнгөн адамдарга дайыма карама-каршылыктарга жык көрүнөт.
Пикассо менен таанышканда бет алдымда чоң адам турганын ошол замат түшүнгөм, жок, туура айтканда, сезгенмин. Бул согуш башталар алдында, 1914-жылы эрте жазда болгон. Мен “Ротондо“ кафесинде Макс Жакоб менен отургам; Пикассо бизге келип кошулган. Макс Жакоб ага мен жөнүндө айтып бере баштады, Пикассо үн чыгарбады, бир топтон кийин акындарды сүйгөнүн, ошондой эле орустарды жакшы көргөнүн айтты. Ал чын дилинен айтып жатабы же бул сылыктыктын ирониялуу формасыбы – түшүнбөдүм. (Пикассонун мыкты достору акындар болгонун жогоруда белгиледим; ал орустарды чынында эле жакшы көрөт, ал мага орустар испандарга окшош деп көп айтчу.)
Ошол жазда аукционго жаңы художниктердин эмгектери коюлуп, Пикассонун май боёк менен тартылган жана “кырмызы мезгилге” таандык чоң сүрөтү, жаңылбасам, 10 миң франкка сатылды. Ал белгилүү болуп баратты. (Андан бир кыйла мурда кээ бир сүрөт сүйүүчүлөр Пикассону “ачышты”. Алардын арасында москвалык коллекционер Сергей Щукин да бар эле. Щукин өнөрканага кирер замат мыкты эмгектерге көңүл бурганын Пикассо менен Матисс мага айтышкан.) Матисс ага мажес тартылган сүрөттөрүн бере салгандын амалын кылып, өзүндө калтырам деген сүрөттү көрсөтүп: “Бул ойдогудай болбоду... Эптемей болуп калды...” дейт. Бирок анын куулугу өтпөйт, Щукин акыр аягында “оңунан чыкпаган сүрөттү” тандайт. Щукин келип кеткенден көп өтпөй Матисттин өнөрканасына Иван Морозов келет: ал өз атаандашынын көркөм табитине ишенген, бирок сүрөттөрдү тандоону художниктердин ыктыярына койгон.
Москвалык ушул эки коллекционердин аркасы менен Эрмитаж жана Пушкин музейи он тогузунчу кылымдын экинчи жарымына жана жыйырманчы кылымдын башына таандык француз живописинин керемет топтомдоруна ээ. Башка өлкөлөрдө да Пикассону сүйүүчүлөр болгон. 1950-жылы чех акыны Витезслав Незвал мени Праганын четинде жашаган Винценц Крамарж деген карыя пенсионердин үйүнө ээрчитип барды. Анын үйүндө Пикассонун кубисттик мезгинин башталышында тартылган ажайып сүрөттөрүн көрдүм. Крамарждын айтымында, ал чөнтөгү жука жаштык курагында Пикассого жолугуу үчүн атайын Парижге барган; Пикассонун ысымы көпчүлүккө белгисиз кез, ошого чехке ондогон сүрөттөрүн текейден арзан берген. Крамарж жаш сүрөткердин талантына таазим эткен; Пикассодон ал эми гана бүткөн “Алма менен натюрмортту” тартканда модель катары колдонгон алманы сурап алган экен. Ал мага мумияланган ошол алманы көрсөттү. Экөөбүз Пикассого кат да жаздык.
Кыштын аяздуу күнү, 1915-жылдын башында Пикассо мени “Ротондого” жуук Шельшер көчөсүндөгү өнөрканасына ээрчитип барды. Өнөркананын терезеси Монпарнас көрүстөнүнө чыгат экен. Париждин көрүстөндөрүндө орус жана англис көрүстөндөрүндөгү поэзиядан укум жок, көчөлөрү түптүз, склептүү, мүрзөлөрүнүн үстүнө плита жаткырылган абстрактуу шаарларды элестетет. Өнөрканада бурулуп болбойт: анын ичи боз кендирге, кантондун кесиндилерине, тунукеге, зымга, жыгачка толгон. Бурчта май боёктун тюбиктери жыйылган, дүкөндө да мынчалык көп тюбик көрбөгөм. Анын себебин мындай деп түшүндүрдү. Көрсө, Пикассодо май боёк сатып алганга сары чака таппай, чөнтөгүн сыйпалап калган күндөрү көп болуптур, ошондуктан жакында бир нече сүрөтүн сатып, акчасына “өмүр бою жеткендей” май боёк сатып алган экен. Дубал бетине, сынган отургучтун ар кайсы бөлүктөрүнө, чылымдын кутусуна тартылган сүрөттөрдү көрдүм; Пикассо “сүрөт тартылбаган алакандай боштукту көрсөм эле, чыдабай сүрөт тартып ийем” деп түшүндүрдү. Ал эми айрым акын же художниктер чыгармачылык менен бир-эки ай алп урушкандан кийин, Пушкиндин сөзү менен айтканда, “муздак түш көрүп”, эч нерсе кылбай отуруп калышат; Пикассо өмүр бою тыным албай иштеди, азыр да жин тийгендей болуп иштөөдө. Анын кабарчыларды же фотографтарды кызыктырган апендиникиндей жоруктары – Пикассонун жашоосу эмес, анын танапис учурундагы көз ирмемдери.
Мен андан: “Туникени эмне кыласың?” деп сурасам, аны колдонгусу келгенин, бирок эмнеге пайдаланарын али билбегенин айтты. Ал колдонбогон материал жок да болсо керек. Ал өмүр бою окуду, үйрөндү: чеберчиликти жогору баалайт. Кырк жашында испаниялык кол өнөрчү Хулио Гонсалестен тунике темирди иштеткенди үйрөндү; алтымыш жашында литография техникасын, жетимиш жашында карапачылык өнөрдү өздөштүрдү.
Өнөрканасында негрлердин айкелдери жана бүгүн эмгектери менен дүйнөнүн музейлери сыймыктанган үйрөнчүк – художник Руссо “Бажыканачынын” чоң картинасы бар эле. Анри Руссо сүрөттө тынчтык конференциясын чагылдырган. Пикассонун мага түшүндүрүшүнчө, ынды кара айкелчилер баштын, дененин, колдун пропорциясын өзгөртүп жасашат, мунусу кишилерди көрбөгөндөн жана иштей албагандан эмес; алар жапон художниктериндей эле пропорцияны башкача түшүнүшөт, перспективаны да. “Эмне, Руссо “Бажыканачы” классикалык живописти эч качан көрбөгөн деп ойлойсуңбу? Ал Луврга тез-тез барып турчу. Бирок ал элден бөлөкчө иштегенди каалаган...” – деген Пикассо биздин заман батылдыкты, эркиндикти, кайраттуулукту талап кылганын башкалардан илгери түшүндү.
Ошондо ал отуз төрт жашта болгону менен жаш көрүнчү: көздөрү шок, өткүр жана түндөй кара, чачы да кара, колдору аялдардыкындай жупуну. “Ротондодо” кабагын чытып, телмиреп, үн чыгарбай отурган учурлары көп болду; көңүлү ачыкта жаркылдап күлүп, тамашалап, жоро-жолдошторунун айласын курутчу. Ал бир нерсеге убайым тартып жаткан адамдай көрүнчү, мунусун көрүп, көңүлүм жай алчу: аны карап отуруп, мени түйшөлткөн ойлор мага таандык илдет эмес, – казус, доордун өзгөчөлүгү экенин түшүнчүмүн. Мен мурда айткандай, Пикассо кээ учурда мага өзүнүн бүлүндүрүүчү күчү менен кымбат эле; аны биринчи дүйнөлүк согуш маалында ушундай билдим жана жакшы көрүп калдым. Ал доордо Пикассо “саясат” дегенге тиешеси бар нерселерге түк кызыкчу эмес. Эгер саясат дегенде, министрлерди алмаштырууну же гезит бетиндеги талаш-тартышты түшүнсөк, Пикассо, чындыгында эле “Матэн” гезитин ачканда, декларациялардан көрө анекдот окуганды артык көрчү. Бирок Февраль революциясына тиешелүү кабарларга сүйүнгөнү эсимде. Ошондо мага өзү тарткан сүрөттү белекке берген; ошо бойдон экөөбүз узак жылдар көрүшпөдүк.
“Достук сүйүү сыяктуу жакындыкты талап кылат; узак көрүшпөсө, достук мокойт” деп тегин жерден айтылбаган да. Пикассону сегиз–он жыл көрбөгөн убагым болду; бирок кайра кездешкенде – чоочун, өзгөргөн адамды бир да жолу көрбөдүм. (Ошондон улам өткөндү эстеп отурганда, мага бул сөздү 1941-жылы айтышы мүмкүн, 1956-жылы баланча деген деп так айта албайм.) Анын өнөрканалары күнү бүгүнкүдөй эсимде: Ля Боеси көчөсүндөгү заңгыраган буржуй батирге кокусунан эле эшигине башын тыгып кирип калган; Сент-Огюстен көчөсүндөгү качан курулганы белгисиз эски үйдөгү испандардын аягы үзүлбөгөн, көгүчкөндөрү жана кучак жетпеген полотнолору бар чоң өнөрканада Пикассо жүргөн жеринде өзү каалагандай уюштурган башаламандык өкүм сүрчү. Воллористеги каңылтырга, чопого, сүрөттөргө, айнек сакаларга, плакаттардын кесиндилерине, чоюн мамыларга толгон сарайлардын бир бурчунда ал өзү баш калкалаган күркөдөгү керебеттин үстүндө гезит, кат, фотосүрөттөр үйүлүп жатчу; Канндагы “Калифорния” аталган шаңдуу чоң үйдү балдарсыз, иттерсиз, үйүлгөн каттар менен телеграммаларсыз, кучак-кучак боз кендирсиз элестетүү мүмкүн эмес; ал үйдүн багында Пикассонун колодон куюлган эчкиси турчу.
Мен аны мурда эле тамашалап “шайтан” (чёрт) деп атагам. Бул орус ушул сөзүн француз оңой менен айта албайт, бирок испан тилинде “ч” тыбышы бар болгондуктан, Пабло жүзү жайнап: “Я – чёрт” дейт.
Эгер ал шайтан болсо, кудай менен дүйнөнүн түзүлүшү жөнүндө талашып-тартышкан, ага каршы моюн толгогон өзгөчө шайтан. Шайтан кадыресе куу жана каардуу. А Пикассо – ак көңүл шайтан.
Пикассонун чоң, татаал чыгармачылык жолун башкалардан оригиналдуу болууга жандалбас уруу, “буржуйларды таң калтыруу аракети”, модалуу деп эсептелген “измдерди” сүйүү деп атаган адамдар ошончолук эле баёо, түркөй же уятсызбы! Аны “жаңы форма издөөдө” деп жазгандарды окуганда күлкүсү келгенин Пикассо мага эчен мертебе айтты. “Менин издегеним жалгыз нерсе – эмне кааласам, ошону чагылдыруу. Мен жаңы форманы издебеймин, – табамын.” Ал бир мерте кээде сүрөт тартканы отуруп жатып, боз кендирдин бетиндеги картина кубисттик стилде болобу же нукура реалисттик болобу, билбейм – ал моделге жана художниктин ички абалына багыңкы деп айткан.
Валлористе Пикассого жаш, сулуу америкалык бийкеч модель болуп жүрдү. Ал бийкечтин ондогон портреттерин карандаш менен тартып, анан боз кендирге май боёк менен түшүрдү. Бийкеч биринчи сүрөттө көпчүлүк билгендей тартылгандыктан, реализмдин бир да жактоочусу сүрөткерди тиги-бу деп сындаганга жүйөө таппайт. Пикассо андан соң бийкечтин жүзүн ар кайсы бөлүккө бөлө баштады. Кейпи, модель ага периштеден кем калышпаган чырайы менен ачылды: сүрөткер анын мүнөзүн билдирген жышаандарды таап, аларды изилдеп, талдай баштады. “Жок, бул кубдун ичиндеги чочко”, – деп тамашага чалды бийкечтин онунчу портретине кадалып караган көрөрмандардын бири. Ал жана эле өзү суктанган сулуунун портрети кубисттик чочконун “биринчи портрети” экенин ойлогон да жок.
1948-жылы Вроцлав конгрессинен кийин экөөбүз Варшавада чогуу болдук. Пикассо менин портретимди карандаш менен тартты; мен эски “Бристоль” мейманканасынын бир бөлмөсүндө былк этпей отуруп бердим. Ал сүрөттү тартып бүткөндө: “Бүттүбү?” деп сурадым. Сеанс мага өтө эле ыкчам болгондой көрүндү. Пикассо күлүп: “Мен сени кырк жылдан бери билем...” деди. Менимче, Пикассо тарткан портрет мага аябай окшош (мен сүрөткө окшошмун десем туура болот) болгондон тышкары психологиялык жактан терең иштелген. Анын колунан жаралган бардык портреттер моделдин ички дүйнөсүн таамай ачат (кай бир учурда ашкере кылып салат). Илгери бир убакта Пикассого импрессионисттерди жакшы көргөнүмдү айтсам, мага карап: “Алар дүйнөнү өздөрү кандай көрүшсө, ошондой кылып тарткылары келген. Бул мени кызыктырбайт. Мен дүйнөнү өзүм ойлогондой кылып тартканды каалайм” деген.
Ооба, Пикассонун көпчүлүк сүрөттөрүн түшүнүү оор: ой жана сезим татаал көрсөтүлгөн, формалар кадим биз билгенге окшобойт. Пикассо менен А.А.Фадеев биринчи жолу Вроцлавда маектешкенде, аларга котормочу болуу мага буйруган экен.
Фадеев: Сиздин кээ бир сүрөттөрүңүздү түшүнбөймүн, муну сизге айтып койгонум оң. Эмне үчүн айрым учурда адамдарга түшүнүксүз форманы тандайсыз?
Пикассо: Жолдош Фадеев, айтыңызчы, сизди мектепте китеп окуганды үйрөтүшкөнбү?
Фадеев: Албетте.
Пикассо: Кантип үйрөттү эле?
Фадеев (чыйылдап күлүп): Бе-а-ба...
Пикассо: Мени да ушинтип окутушкан – “ба”… Аа, жакшы, сизди живописти түшүнгөндү үйрөттү беле?
Фадеев кайра кыткылыктап күлүп, сөздү башкага бурду.
Эгер Пикассонун чыгармачылыгы жөнүндө ой жүгүртсөк, анын живописти кандай өзгөрткөнү айкын көрүнөт. Импрессионисттерден кийин адамдар жаратылышты жаңы көз менен – Болонья мектебинин көзүлдүрүгү жок карачу болушту. Художниктер портреттерди, пейзаждарды, натюрмортторду жалаң натурадан тартышкан. Композиция академиялык багыттагы художниктердин монополиясына айланган. Алар баарынан да сюжеттен же, өздөрү айткандай, “адабият сымактыктан” коркушкан. Францияда чоң художник тарабынан тартылган акыркы композиция Гюстав Курбенин “Орнандагы жайга койуусу” болуп калды; ал сүрөт 1850-жылы тартылган. 1937-жылы, дээрлик жүз жылдан кийин Пикассо “Герниканын кыйроосун” жаратты.
Мен камоодогу Мадридден Парижге келер замат дүйнөлүк көргөзмөдөгү испан павильонуна барып, селейип калдым: “Герниканы” көрдүм. Андан кийин “Герниканы” дагы эки мертебе көрдүм: 1946-жылы Нью-Йорктогу музейде жана 1956-жылы Пикассонун ретроспективалык көргөзмөсүндө, – ар жолу биринчи көргөндөгүмдөй толкундадым. Пикассо келечекти кантип көрө билген? Испаниядагы жарандык согуш деле эски жолойдө жүргөн. Ырас, немис авиациясы согушту манёврлор менен жүргүздү, алар үчүн Герникага жасалган чабуул чакан операция жана биринчи сыноо болду. Анан экинчи дүйнөлүк согуш тутанды. Артынан Хиросима болду. Пикассонун сүрөтү – болочоктогу кыйракан алып келчү алаамат, атомдук катастрофанын ондогон Герникасы. Биз сүрөттөн быт-чыт болуп бүлүнгөн дүйнөнү, алаңгазарлыкты, жек көрүүнү, үмүтсүздүктү көрөбүз.
(Реализм деген эмне? Хиросима трагедиясын тартуунун аракетин кылып, жабырланган бирөөнүн же он адамдын жарааттарын сүрөткө түшүргөн художник реалистпи? Реалдуулук жалгыз эпиозодду эмес, трагедиянын мазмунун жалпылаштырып чагылдырууну талап кылбайбы?)
Пикассонун күчү терең ойду, чиелешкен татаал сезимди искусствонун тили менен көрсөтө билгенинде. Ал өсүпүрүм курагында сүрөттү дасыккан устаттай тарткан; анын линиялары өзү каалаган ойдун баарын берет, ал өз мүдөөсүн жаны каалагандай чагылдырат; ал живописке өмүрүн сайган, өзүнө керектүү түстү шыр таппаса, ачууланат, кыйналат. Бизде живопись – боёлгон эбегейсиз чоң фотографияга окшош болушу керек деген түшүнүк үстөмдүк кылган учурлар да болду. Ошо чактагы Пикассо менен ленинграддык жаш художниктин ортосундагы күлкүлүү аңгеме эсимде.
Пикассо: Силерде боёктун түрлөрү сатылабы?
Художник: Ооба, каалаганыңдын баары бар...
Пикассо: Кандай боёктор сатылат?
Художник (таң калып): Тюбикте...
Пикассо: Тюбиктин бетинде эмне жазылган?
Художник (ого бетер таңданып): Боёктун аты: “Жошо”, “Кочкул сары сиена”, “Ультрамарин”, “Хром”...
Пикассо: Сиз сүрөт өндүрүшүн рационалдаштырууңуз керек. Фабрикада боёктун кошундуларын даярдап, тюбиктердин бетине “кишинин жүзүнө”, “чачка”, “мундир үчүн” деп жазып койуу керек. Бул туура болмок.
Пикассо жөнүндө жазган айрым авторлор анын саясатка болгон кызыгуусун букалардын сүзүшүн сүйгөн жана кокусунан коммунист болуп калган апендинин обу жоктугу, кокустук катары көрсөтүшөт. Ал өзүнүн саясый тандоосуна дайыма олуттуу мамиле жасачу. Тынчтыкты жактоочулардын Париж конгресси ачылган күнкү анын өнөрканасындагы түшкү тамак эсимден чыкпайт. Ал күнү Паблонун кызы төрөлүп, өзү наристени Палома атаган (испан тилинде көгүчкөндү палома дешет). Үч адам: Пикассо, Поль Элюар жана мен отурганбыз. Биз адегенде көгүчкөндөр жөнүндө сүйлөштүк. Пабло художник атасы көгүчкөндөрдүн сүрөтүн көп тартканын, атасы тартып тажагандан улам ага көгүчкөндөрдүн таманын тарттырганын айтып берди. Анан сөзүбүз кайра көгүчкөндөр жөнүндө уланды; Пикассо аларды жакшы көргөндүктөн үйүндө үзбөй кармайт; ал күлүп, көгүчкөндөр ач көз жана мушташчаак канаттуу экенин, ошондуктан көгүчкөн кандай себептен тынчтыктын символу болуп калганына акылы жетпегенин айтып, көгүчкөндүн плакат үчүн өзү тарткан жүздөгөн сүрөттөрүн көрсөттү.
Ал тарткан көгүчкөнү дүйнөнү айланып учуп чыгарын билген. Пикассо конгресс, согуш, саясат тууралуу сүйлөп жатты. Ал айткан береги фразаны эстеп калдым: «Коммунизм менин художниктик өмүрүм менен тыкыс байланышкан...» Бул байланыш жөнүндө коммунизмдин душмандары ойлонбойт. Ал байланыш айрым коммунисттер үчүн табышмактуу көрүнөт.
Кийин да Пикассо Варшава конгресси, Вена конгресси үчүн бир нече көгүчкөндүн сүрөтүн тартты. Жүз миллиондогон адамдар Пикассону көгүчкөндөрү үчүн жакшы көрүп калышты. Текебердүү адамдар муну шылдыңдап күлүшөт. Кара санатайлар Пикассону жеңил ийгилик издеп көгүчкөндүн сүрөтүн тарткан деп күнөөлөшөт. Бирок Пикассонун көгүчкөндөрү, минотаврлары, эчкилери, акылман карыялары жана бийкечтери – бүтүндөй анын чыгармачылыгы менен байланышкан. Албетте, көгүчкөн – художник жараткан байлыктын бир күкүмү; Рафаэлди “Сикстин мадонасы” деген жалгыз сүрөтүнүн репродукциясын көргөн жана ал аркылуу билген эчендеген миллион адамдар урматташат; Шопенди адамды акыркы сапарга узатканда ойнолгон музыкасы аркылуу миллиондогон адамдар билишет, сүйүшөт. Текебер немелер бекер күлүшөт. Ырас, жалгыз көгүчкөн аркылуу Пикассону билүү мүмкүн да эмес, бирок мындай көгүчкөндүн сүрөтүн тартуу үчүн Пикассо болуу керек. Карапайым адамдардын Пикассо тарткан сүрөткө жана ага болгон сүйүүсү художникти таарынтканга катар чексиз толкундатат.
Биз экөөбүз 1949-жылы күздө Римде Тынчтык комитетинин жыйынында болдук. Шаардын эң чоң аянттарынын биринде өткөн митингден кийин карапайым адамдар жашаган көчөдө баратсак, жолоочулар бизди таанып, кичинекей траторияга алып киришип, шарап менен сыйлашты, кучакташты; аялдар балдарын Пикассо колуна алып, кармап койуусун суранышты. Бул киши ойлобос урмат-сый эле. Ооба, бул адамдар Пикассонун сүрөттөрүн көрүшкөн эмес, көрүшсө да көп нерсени түшүнүшкөн эмес, бирок алар Пикассонун чоң художник экенин, аларды колдоорун билишкен, ошон үчүн аны бооруна тартып кучакташкан.
Вроцлавдагы, Париждеги конгресстерде ал дайым кулакчынды башынан түшүрбөй, сүйлөнгөн сөздөрдү кылдат тыңшап отурду. Мага бир нече ирет ага кайрылууга туура келди: адатта эң акыркы мүнөттөрдө конгресстин же тынчтыкты коргоо боюнча кайсы бир өнөктүктүн ийгилиги үчүн Пикассонун сүрөтү зарыл болду. Башка иш менен алектенгениме карбай, өтүнүчтү такай аткарды. Пикассонун кээ бир саясый санаалаштары анын эмгектерин сындашкан же жактырбай четке каккан учурлар болду. Андай жагдайда өкүнүп, бирок ачууланбастан: “Үй-бүлөдө уруш-талашсыз болбойт...” – деп койчу.
Эмгектери Американын музейлеринде көз кубантып турганын билчү, бир мертебе Бүткүл дүйнөлүк Тынтык Кеңешинин өкүлдөрү менен Кошмо Штаттарга бармакчы болгондо, ага виза берилбеди. Башка нерсени да билем: Пикассо сүйүп урматтаган, ишенген өлкөдө да анын чыгармачылыгына тескери мамиле жасашкан. Бир ирет кездешип калганда, ал күлүп: “Экөөбүзгө муштум тийди го...” – деди. Андан бир аз мурдараак “Литературная газетада” менин макалам жарыяланган; албетте, макала живопись жөнүндө эмес, тынчтык үчүн күрөшкө арналган (бул 1949-жылы); макалада Батыштын эң акылдуу адамдары биз менен деп, алардын арасында Пикассону да атагам. Макаланын этегине түшүндүрмө берилип, Пикассонун чыгармачылыгындагы формалисттик элементтерди сындабаганыма өкүнүч айтылган экен. Франциянын антисоветтик гезиттери макаламдын этегиндеги редакциянын түшүндүрмөсүн гана көчүрүп басышты. Пикассо каткырып: “Капалануунун кереги жок, көздөгөн ишиң тегиз бүтпөйт”, – деди.
Пикассонун Советтер Союзуна болгон ишенимин эч нерсе өзгөртө албады. 1956-жылы күтүүсүз жагдайга абдыраган айрым достору нааразылык каттарынын, декларациялардын, билдирүүлөрдүн астына кол тамгасын кошууну сурап кайрылышканда, Пикассо кошулбады.
Анын 1956-жылдын күзүндө Москвада өткөн көргөзмөсү мени аябай кубандырды. Көргөзмөнүн ачылышына калайык кара таандай келди: уюштуруучулар эл аз болот деп кооптонушуп, чакырууну ашыкча көп тарткатышкан экен. Кирбей калабыз деп тынчсызданган көпчүлүк тосмолорду тоголотуп өтүп, каптап кирет. Музейдин корккондон өңү купкуу директору мага жүгүрүп келип: “Аларды тынчтандырыңыз, кимдир-бирөөлөр тепсендиде калат деп корком...” – деди. Мен микрофонго: “Жолдоштор, сиздер бул көргөзмөнү жыйырма беш жыл күттүңүздөр, эми шашпастан дагы жыйырма беш мүнөт күтүңүздөр...” – дедим. Үч миң киши күлкүгө батып, заматта тартип орноду. “Француз маданиятынын достору секциясынын” атынан көргөзмөнү мен ачмакмын. Кадимден түрдүү ырасмий салтанаттар мага зериктирме же күлкүлүү көрүнөт, бирок ал күнү мен мектеп окуучусундай толкундадым. Мага кайчы беришти, толкундаганымдан тасманы эмес, Паблонун артында турган көшөгөнү кесип жиберчүдөй болдум...
“Карама-каршылык...” Мейли, ушундай болсун: “Пикассонун эмгектеринде толгон токой карама-каршылыктар бар...” Бирок урунттуу учурларды эстейличи: Пикассонун биринчи эмгектери 1901-жылы көргөзмөгө коюлган, а мен бул саптарды 1961-жылы жазуудамын. Ушул алтымыш жылда карама-каршылыктар аз болдубу? Пикассо татаалдыкты, дүрбөлөңдү, үмүтсүздүктү, өз доорунун тилек-мүдөөсүн чагылдырды. Ал кыйратат, курат, сүйөт жана жек көрөт.
Мен жолдуу экенмин! Өз өмүрүмдө кылымдын жүзүн аныктаган кээ бир адамдар менен жолуктум. Туманды жана бороонду гана көрбөстөн, капитандын секисинде турган адамдардын көлөкөлөрүн да көрдүм. Өмүрүмдөгү эң чоң олжо деп Пикассону биринчи жолу жолуктурган алыскы жаз күнүн эсептейм.
Ал жөнүндө аз, чалды-куйду сөз кылдым. Бул китептин келерки баптарын жазчу болсом, Пикассого дагы көп кайрылам деп ойлойм.
Которгон Амирбек Азам уулу, Америка
(Илья Эренбургдун “Люди, годы, жизнь” (М., “Советский писатель”, 1961) деген китебинен алып которулду).
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...
Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR