Сүрөт https://www.google.com/ булагынан алынды.
АҢГЕМЕ
Акико суу толтурулган чаканы буралган гүлкайыр гүлүнүн жанына коё салды да, кайналы астында жапыз өскөн бамбук жалбырактарын үзүп, арыдан бери кайыкчаларды жасай салып, кайыкчаларды чакадагы суу бетине таштады.
– Аай-иий! Кайыкчалар? Кандай сонун…
Чөгөлөй олтуруп аларга кызыгып караган балакай бой жеткен кызга сүйкүм жылмайды.
– Сонун кайыктар бекен? Сени акылдуу бала экен деп, эжең сага кайыкча жасап берген тура. Ии, ойно, садагаң кетейин.
Арыда турган балакайдын апасы ушинтип айта салып, үйгө кирип кетти. Бул Акикого болочок кайнене болор аял эле.
Болочок кайненеси Акиконун атасына бир нерсе тууралуу масилет салганы келгендей, муну байкаган кыз аларды жалгыз калтырып сыртка жөнөмөкчү болгондо, балакай чыргоолонуп ыйлап, Акико балакайды өзү менен кошо бакчага ээрчите чыкты. Балакай Акикого күйөө болор жигиттин эң кичүү иниси боло турган.
Балакай чакадагы сууга колун малып, болгон күчү менен толкун чакырып жатты.
– Эжеке! Бул деңиздеги атышуу! – кайыкчаларды бири-бирине кагыштырып жатып балакай шаңдуу кыйкырды.
Ары көздөй кеткен Акико жуулган жайкы кимоносун сыгып, кир жайган зымга илди.
Каргыш тийген согуш да бүттү. Бирок ага күйөө болор жигит кан майдандан кайрылып келбеди.
– Согушуп жатышат! Атышкыла! Кана, кана!...
Оюн кызыгына андан бетер баткан балакай чакадагы суу бетин болушунча чапкылап жиреп жатты, чачырандыдан бетинин чоло жери калбай суу.
– Мындай болбойт! – Акико аны токтотту. – Карачы, бет деген кантет.
– Эмнеге алар сүзбөй жатат, – балакай мостоё түштү. Чакадагы кайыкчалар кайдан сүзмөк. Болгону ары-бери чайпалып турушту.
– Туура айтасың. Жүрү, арыктагы сууга баралы. Кайыкчалар аккан сууда сүзөт.
Балакай кайыкчаларды колуна алды. Акико чакадагы сууну гүлкайыр түбүнө чачып жиберип, чаканы ашканага алып кирди.
Алар арыктагы сууга төшөлгөн өтмөк таштарга олтура калышып, Акико кайыкчаларды биринин артынан экинчисин сууга агыза баштады. Балакай сүйүнүчтөн кол чаап жиберди:
– Жашасын! Меники алдыда баратат!
Эң алдыда зымырап бараткан өз кайыкчасын жоготкусу келбеген балакай аны ээрчип арык бойлоп чуркап жөнөдү.
Акико калган кайыкчаларды ары-бериден сууга таштай салып, балакай артынан чуркашка камынды. Бирок ошол замат аксак буту эсине кылт этип, абайлап жай басып жөнөдү.
Кичинесинде жармашкан буттун шал оорусунан улам ал бир таманын жерге оңтойлуу коё алчу эмес: оң таманы кичирейип өспөй, оорубаган сол буту бир аз узундук кылат. Ошондон улам Акико түзүк секире албайт, узак басканга да жарабайт. Аксаганынан улам чүнчүп, өзү теңдүүлөргө аралашып кете албай жалгызсырап бой жетти.
Бир күнү ага куда түшүп келишпейби. Болочок күйөө жигит майданга кетиптир. Ошондо гана бир аз өзүнө келе чыйралып, кандай жол менен болбосун оң буттун кемтигин түзөшкө бел байлады. Оң таманына түз турушка аракет кылып эртеден кечке ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт. Бут кийими аягын өйкөгөнүнө карабай жаны тынбайт. Бирок согуш бүткөндө бул оюнан эмнегедир көңүлү сууду. Көнүгүүлөрдү жасабай калды. Кызыл ашыктан ылдый аягы бут кийимге өйкөлүп, күйүктөй одурайып тактар калды.
Балакай ага күйөө болор жигиттин бир тууган иниси эмеспи, ошого ага аксап басканын көрсөткүсү келбей, андан ушунчалык ыйбаа кылып, өзүн күчкө салып түз басып баратты. Көптөн бери минтип баса элек болчу.
Арыктагы суу үй артынан айланып агат. Арык бойлоп өскөн топ тикендин суу бетине малынган жалбырактуу сабактарына бир нече кайыкчалар сүзүп барып такалды.
Сүзүп бараткан кайыкчаларды көз менен узатып караган балакай жыйырма кадам арыда Акико ага жакындап калганын байкабады. Оюн кызыгына баткан балакай өзүн күчкө салып түз басып келаткан бой жеткен кызга көңүл деле бурбады. Ага күйөө болор жигитке куйгандай окшош балакайды көргөндө, Акико аны көкүрөгүнө моокум кана бир кучактагысы келип, эркине баш ийбеген белгисиз сезимге жетеленип баратты.
Ошол маалда балакайды апасы артынан издеп келип калбаспы. Акикого ыраазычылык билдирип, баласын жетелеп жөнөдү.
– Жакшы калыңыз, эже, – деди апасынын жетегинде бараткан балакай артка кылчайып.
– Жакшы бар.
«Балким мага күйөө болор жигит согуштан кайтпай калган же кудалашууну кайра токтотуу тууралуу масилет кылышкан шекил – деп ойлоду Акико. – Аксак кызга куда түшүү – согуш маалында элдин айласы куруп тургандагы иш болгон да».
Акико үйгө кирбестен, жаңы курулуп жаткан кошуна үйдү көргөнү жөнөдү. Буга дейре мынчалык чоң үй бул тарапка түшө элек болчу, ошого бул үйдү жолдон өткөндүн баары тиктеп өтөт. Согуш маалында курулушу токтоп, бир топ мезгилге дейре жыгач тактайлар жаткан аянтчаны тикен басып каралбай жатты. Азыр эми үй тездик менен курулуп баштады. Дарбаза тушка эки түп карагай эгилген.
Акико бул үйдү аябай кооз салынып жаткандыр деп элестеткен. Бирок үйдүн чоң терезелери ашыкча жерди ээлеп, бир караганда дубалы кыштан эмес, жалаң айнектен салынгансып үй ичи сыртынан муздак туюлат.
Коңшулар арасында бул үйгө кимдер көчүп келери тууралуу ар кандай күбүр-шыбыр кеп жүргөнү менен, бирок аныгын билген эч ким жок.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR