Бодо Шефердин "Жеңүүчүлөрдүн мыйзамдары" китебинен:
11-Мыйзам: Кыялданыңыз жана кыялдарыңызды ишке ашырыңыз
Бир күнү беш жашар кызы эртең менен апасынын төшөгүнө чуркап келип суроо берди: "Апа, чоңойгондо ким болгуңуз келет?"
Апасы кызы өзү үчүн жаңы оюн ойлоп тапты деп чечти да, мындай деп жооп берди:
– Мен чоңойгондо эне болсом деп ойлойм.
– Сиз эне боло албайсыз, – деп нааразы болду кызы. – Сиз азыр эле энесиз. Сиз ким болгуңуз келет?
– Макул, мен мугалим болом.
– Туура эмес. Сиз буга чейин эле мугалимсиз.
– Кызым, кечир, бирок сага эмне айтарымды да билбейм.
- Апа, чоңойгондо ким болгуңуз келет, айтыңызчы. Сиз өзүңүз каалагандай адам боло аласыз да.
Апасы ошондо түшүндү. Бирок бул ой ушунчалык күтүүсүз болгондуктан, эч нерсе айта алган жок. Маанисиздей көрүнгөн бул маек ага кызынын көз карашында ал дагы эле өзү каалагандай боло аларын көрсөттү. Үй-бүлө, жумуш, күнүмдүк иштер, эки бала, көр тирлик – мунун баары ал үчүн күтүлбөгөн жерден маанисин жоготту. Анткени, кызы анын дагы эле кыялдана аларына, анын келечеги али аныктала электигине ишенет. Демек, ал өсүшү керек жана ал дагы көп нерселерди кыла алат.
* * *
Учурда сиз болуп жаткан кырдаал экинчи даражадагы мааниге ээ. Эң негизги суроо – келечекте кандай болууну каалайсыз. Жана кимдир бирөөлөрдүн сизге: "Бул мүмкүн эмес." – деп айтканы маанилүү эмес. Жашооңузда мындай деп айткан адамдар дагы көп болот. Эң негизгиси, бул сөздөрдү бир эле адам айтпашы керек, – ал сиз өзүңүзсүз.
Эч качан жашоо өтүп кетти деп ойлошуңузга жол бербеңиз. Кыялыңызды ишке ашырууга аракет кылбасаңыз, аны сиз үчүн эч ким аткарбайт.
Сиз түшкөн экинчи тузак анча ачык көрүнбөйт, бирок ал акырындык менен көптөгөн кыялдарыңызды жок кылат. Бул учурда кыялга берилүү орунсуз, азыр бул үчүн ылайыктуу учур эмес деген ой. Ишенип коюңуз, жаңы баштоолор үчүн идеалдуу убакыт жок. Жаңы иштерди кийинкиге калтырган сайын андан алыстай бересиз.
Катастрофа бул – жаңы башталыш
Ал тургай кырсыктар да бизди акыл-эсибизден ажыратпашы керек. Алдыдагы жашообузду маанисиз көрсөтүп, көңүлүбүздү көчкөн журттай калтырган ар кандай жаман иштер башыбызга түшүшү мүмкүн. Бул учурда, кээде кырсыктын өзүндө да келечек үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин түшүнүү керек.
Он жети жашар кыздын биринчи сүйүүсү ийгиликсиз аяктаган. Анын досу аны таштап кетти. Ага мындан ары жашоонун кереги жоктой сезилди. Анан күтүлбөгөн жерден анын көзү апасынын ваннадагы күзгүгө помада менен жазган: «Жалган пайгамбарлар кеткенде, чыныгы кудай келет» деген сөзгө түштү.
Өмүрүңдү ким менен өткөргүңүз келет – буркандар мененби же Кудай мененби? Сиз жарым-жартылай чечим чыгарууга даярсызбы? Бул суроолорго жооп берүү оңой эмес. Ал эми кээде жашоо өзү биз үчүн ушундай чечимдерди кабыл алганы жакшы. Биз көзөмөлдөй албаган нерселер болот. Мунун баары биздин аларга кандай мамиле кылганыбыздан көз каранды.
1914-жылы декабрда Томас Эдисон алтымыш жети жашка чыкканда анын лабораториясы толугу менен күйүп кеткен. Зыян үч жарым миллион марканы түзүп, ал болгону төрт жүз миңге камсыздандырылган. Бирок эң жаманы анын изилдөөсүнүн бардык жыйынтыгы күйүп кеткени болду. Бардык илимий материалдар, жазуулар жана эскерүүлөр жок болду. Анын бүткүл өмүрүнүн эмгеги жоголду.
Уулу Эдисонду лабораториядан алыс эмес жерден тапкан. Ал алыстан жалындаган отту карап турган. Ал эч нерсе болбогондой бейкапар болчу. Кыйроону карап жылмайып, аялын чакырып келүүнү суранды. Аял анын жанына чуркап келгенде, ал: «Карачы. Эми мындайды жашооңдо эч качан көрбөйсүң. Кырсык – бул чоң немат. Анткени, азыр биздин бардык каталарыбыз күйүп жатат. Эми Кудайга шүгүр, баарын кайра баштай алабыз”—деген экен.
Эгер сиз кырсыкка кабылган болсоңуз, бул сизге кайра баштоого мүмкүнчүлүк бар экенин түшүнүүгө жардам берет.
Бирок, жаңы жашоо баштоо үчүн кырсыкты күтүүнүн кереги жок. Анткени, сиз кыялдансаңыз болот. Сиз каалаган нерсеге айлана аласыз. Сиз өмүр бою максат коюуга жана аны аткарууга укугуңуз бар. Сиздин кызыктуу жашоого укугуңуз бар. Сиздин өткөнүңүз сенин келечегиңиздей эмес. Каалаган убакта каалаган жашооңузду түзө аласыз.
Сиз кыялданбай калдыңызбы?
Сизге бир гана өткөн учур эмес, азыркы учур да тузак даярдай алат. Күндөрдүн биринде бир киши үйүнүн ачкычын жоготуп алып, издей баштайт. Муну байкаган кошунасы ага өз ыктыяры менен жардамга келген. Ак ниеттүүлүк менен бардык бурчтарды карап, алтургай бадалдардын арасын аралап жүрүп, күтүлбөгөн жерден ачкычын жоготкон адам чырактан алыс кетпей, тынымсыз айланып жатканын байкады.
Таң калган аял ага башка жерлерди карап көрүүнү сунуштады,– акыры, ал ачкычтарды чырактын жанында эле жоготуп алмак эмес экендигин айтса, тигил: "Албетте, мен аны башка жерге түшүрүп алышым мүмкүн, бирок бул жер жарык болуп жатпайбы" деп жооп берди.
Өтө көп адамдар кыялдарынын аткарылышы алар азыр алектенип жаткан иштин түрүнө түздөн-түз байланыштуу деп эсептешет. Чынында, жашоонун мааниси такыр башка аймактарда катылган болушу мүмкүн. Балким, анын ачкычы сиздин өткөнүңүздүн бир жеринде катылгандыр. Бир кезде таштап кеткен жаштык кыялдарыңызды эстеңиз. Жана сиздин жашооңузду толугу менен өзгөртүүгө жетиштүү күчүңүз бар экенин түшүнүңүз.
Адамга дайыма телеберүүлөрдүн, театрдагы оюндардын программалары, транспорттук каттамдардын графиктери керек. Ал өз убактысын пландагысы келет. Бирок ага багытка караганда кыймылдын ылдамдыгы маанилүү болуп калганы күлкүлүү эмеспи? Өмүрүңүздүн жылдарын текке кетирип, кыялдарыңызды бузуп, мүнөттөрдү үнөмдөө коркунучтуу эмеспи? Анын баары ал кайсы тарапка баратканын ойлобогондуктан. Анткени ал бир күнү кечээки жана бүгүн өзүнөн такыр окшобогон башка адам болуп калышы мүмкүн экенин ойлогон эмес.
Сиз баарын нөлдөн баштасаңыз болот
Гилберт Каплан өзүнүн биринчи журналын жыйырма беш жашында негиздеген. Ал кадимки эле жумуш кылганды жакшы көргөн адам болгон. Он беш жыл бою ал журналды алдыңкы журналдардын бирине айландырып, анын тиражын бир топ көбөйткөн. Каплан күнү-түнү иштеген. Анан кыркка чыкканда капысынан сатып жиберди. Эмнеге андай кылды болду экен?
Бир күнү Каплан Малердин экинчи симфониясын угуп калды. Музыканын үнү аны таң калтырды. Сыйкырдуу музыка анын жан дүйнөсүндө көптөн бери уктап жаткан сезимдерин ойготту. Бирок мындан башка дагы бир нерсе бар эле: ал бул симфонияны башкача чечмелесе болорун, спектаклде бир нерсе жетишпей жаткандыгын түшүндү. Малердин өзүнө да уккандары жакпаса керек.
Ал басмаканасын сатып, дирижер болууну чечти. Айланасындагылардын баары аны жинди деп ойлошту. Анткени, ал буга чейин бир да музыкалык аспапта ойногон да эмес, дирижерлук кылган да эмес. Жада калса жакын достору да жинди менен мамиле кылып жатканына ишенишкен. Музыка эмне экенин билбеген ишкер капыстан кырк жашында дирижер болом деп ойлойбу?! Бул жөн эле күлкүлүү! Бирок Каплан сынды этибарга алган жок. Ал алдына мындан да бийик максат койду –Малерди ал ага чейин эч ким ойнобогондой ойнойт.
Анан окуй баштады. Ал мыкты дирижерлордон сабак алды. Ал кыялын ишке ашыруу үчүн тынымсыз эмгектенди. Бул эки жылдан кийин гана ишке ашты. 1996-жылы Гилберт Каплан Америка Кошмо Штаттарында классикалык музыка альбомун жаздырды, ал абдан ийгиликтүү болду. Ошол эле жылы, белгилүү дирижер катары, ал Зальцбургда классикалык музыка фестивалын ачты.
Кыялдар кантип орундалат
Биздин кыялдарыбыз жана максаттарыбыз – бул ар бир адамды өзүнө тартып турган жана бизди алардын аткарылышына жакындаткан магнит. Буга ишенүү оңой эмес экенине кошулам, бирок ар бир ийгиликтүү адам мени менен макул болот.
Ырас, бул үчүн маал-маалы менен бир аз кыялдануу аздык кылат. Сиз бардык ойлоруңузду ушул максатка топтошуңуз керек, ал жөнүндө дайыма ойлонуп, анын ишке ашарынан күмөн санабаңыз. Жөнөкөй трюк сизге бул жагынан жардам берет. Максатыңызга жеттиңиз деп элестетиңиз. Муну элестеткенден кийин, эмоциялык жактан ырахат алыңыз.
Ар бир жолу сиз өз оюңузду бир кыялга бурган сайын, сиз азыркы учуруңуз менен умтулуп жаткан чекитиңиздин ортосунда байланыш түзөсүз. Ар бир жолу бул кыялдын ишке ашарына болгон ишенимиңиз өсөт. Ал эми ишеним ийгиликке багытталган эффективдүү аракеттерге айланат. Пайда болгон өзүнө болгон ишеним ага алып баруучу жолдорду аныктоого мүмкүндүк берет.
Канчалык көп кыялдансак, ошончолук күчтүү болобуз
Норман Винсент Пил маселенин маңызын көргөн: «Көпчүлүк адамдар өзү эңсеп болгусу келген адам болуу үчүн өзүндө керектүү нерселердин бар экенине ишенгиси келбейт. Ошондуктан алар өздөрүнө татыксыз нерселерге ыраазы болушат». Бенжамин Дисраели да ушул эле нерсе жөнүндө мындай деп жазган: «Максатка жетүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салууга даяр адамдын эркине эч нерсе каршы тура албайт».
Эмне үчүн кээ бир адамдар айланасындагыларды алга жетелейт, башкалары салпылдап артта калышкан? Бир гана айырмачылык алардын жашоодо канчалык деңгээлде кыялдарына жетелегендигинде. Эки адам жолукканда, бекем чечим кабыл алып, аны ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштеп жаткан адам экинчисине таасир этип, аны өзү үчүн иштөөгө көндүрүү ыктымалдыгы жогору. Кыялыбыз канчалык күчтүү болсо, өзүбүз да ошончолук күчтүү болобуз. Сыягы, аалам өзү максаттуу адамдарга жардам берет окшойт.
Жашоодо кыялдарыңызды ишке ашыруудан өткөн кызыктуу эч нерсе жок. Кыялына чыккынчылык кылып, аны унуткан адам эң чоң көңүл калууга туш болот.
Маал-маалы менен жеңүүчүлөр бир саамга токтоп, өзүнө суроо беришет: «Мен кыялыма бара жатамбы же агым менен бара жатамбы?» Алар өз келечегин өздөрү долбоорлой аларын билишет. Алар өздөрүнө татыктуу жашоону жаратышат. Жеңүүчүлөр алардын өткөнү менен азыркысы алардын келечегинен таптакыр башкача экенин билишет. Анткени, бир эле түстө болсо да, ар бир адам башкаларга окшошпой, өзүнүн сүрөтүн тартат. Данте бир жолу: "Кичинекей учкундан күчтүү жалын тутанат" деп айткан.
Өзүң сүйгөн жашооңду жаша. Фрэнк Синатра ырдагандай: "Бирок мен муну өз жолум менен жасадым". Синатра өзү ырдагандай жашап, өзү ырдагандай өлдү. Ошондуктан АКШнын президенти анын жаназасында: «Ал муну өз жолу менен жасады» деп айткан.
Бизде ар дайым тандоо бар: же биз өзүбүздүн кыялдарыбызга ылайык жашайбыз, же башка адамдарга алардын кыялдарын ишке ашырууга жардам беребиз. Авраам Линкольндун апасы уулуна көзү өтүп баратканда: "Сен бир КИМДИР бирөө болосуң деп мага сөз бер" деп айткан. Анан апасына ушундай ант берди. Жеңүүчүлөр эптеп өмүр сүрүү үчүн убакыт өтө кыска экенин билишет.
Практикалык көнүгүүлөр
Бүгүн мен өзүмдүн жашоомдун устасы болом. Бул үчүн мен төмөнкүлөрдү кылышым керек:
1. Бүгүн мен өзүмө “эс алуу күнүн” берем, – жөн гана тынч отуруп, же жай темп менен басып, тынчтык таап, ички үнүмдү угам.
2. Жашоомдо акыркы жети жыл ичинде эмне болгонун эстейм. Кандай жаңы нерселерди үйрөндүм, эмне кылдым, канча акча таптым, канча жаңы адамдар менен тааныштым? Менин мүнөзүм кандай өзгөрдү, эмнелерди баштан өткөрдүм? Алдыдагы жети жылда мындан кем эмес башка нерселер болоорун билем.
3. Мен өзүмө төмөнкү суроолорду берем: Тагдырым өз колумда болсо ким болмок элем? Менин кыялдарым кандай? Жети жылдан кийин мен кандай адам болом? Мен бул тууралуу бардык ойлорумду жазам. Бул мага чындап эле эмне кылгым келгенин жана менин жөндөмдүүлүгүмдү аныктоого жардам берет.
4. Тандоо менде экенин кабыл алам. Каалаган учурда мен жашоомду өзүмө татыктуу кылып өзгөртө алам. Мен өз жашоомдун кожоюнумун жана бактылуу жашагым келет.
Которгон Абийрбек Абыкаев
12-Мыйзам . Ден соолугуңузга кам көрүңүз
Элестетиңиз, бир миллион долларлык күлүк атыңыз бар. Ага кандай мамиле кыласыз? Эмне тамак бересиз? Ага лимон ширеси кошулган арак, майонез кошулган фри же десертке шоколад мусс бересизби? Түшкү тамакка суу ордуна сыра, сулуунун ордуна каймак кошулган балмуздак бересизби? Сен аны дүлөй музыка угууга жана түнкү клубдарга алып барууга мажбурлайсыңбы? Түнкүсүн уктап калбашы үчүн ага тамеки чегүүнү үйрөтөсүзбү жана анын күркөсүнө телевизор коюп бересизби?
Албетте жок. Бирок эмне үчүн адамдар мындай мамилени өздөрүнө жасашат?
* * *
Ден соолук бул оорунун жоктугу гана эмес
Ден-соолукту кандай аныктайт элеңиз? Көпчүлүк адамдар: "Эгер мен оорубасам, анда мен деним сак" – деп ойлошот. Бирок ден-соолук оорунун белгилеринин жоктугунан алда канча жогору. Бул жогорку тонду, күч-кубатты, жашоонун сапатын жана шайдоот, сергек жашоо дегенди билдирет.
Дайыма ден-соолукту чыңдоо мүмкүн гана эмес, ошондой эле зарыл. Сиз жашооңузду жакшыртып, шайдоот жана кубаттуу боло аласыз.
Көптөгөн адамдар ден-соолугуна ооруй баштаганда гана кам көрө башташат. Алар катуу ооруну жана алсыздыкты сезгенде гана чара көрүшөт. Бирок, бул жерде, бардык нерселердей эле, негизги принцип иштейт: маанилүү нерселерге өз убагында кам көрбөсөң, анда эртедир-кечтир шашылыш чараларды көрүүгө туура келет. Ден-соолукка байланыштуу, бул денеге келтирилген зыянды жоюу керек дегенди билдирет.
Сиз эмне үчүн жеңүүчүлөр жөнүндө китепте ден-соолукка байланыштуу бөлүм бар деп ойлонуп жатсаңыз керек. Жеңүүчүлөр бул алардын аткаруусуна олуттуу таасирин тийгизерин билишет. Оору төшөктөн турууга мүмкүнчүлүк бербесе, дүйнөнү багынтуу кыйын.
Ден-соолук сиздин өзүңүздү кандай сезип жатканыңызга, канчалык мотивацияланганыңызга, жумушуңузга канчалык ынталуу экениңизге жана адамдарга канчалык харизматикалык жана жагымдуу экениңизге таасир берет.
Ден-соолугубузга кам көрүп, эмне жеп-ичкенибизге, кыймыл, аракетибизге көңүл буруш керек. Ден-соолук чың болгондо гана ийгиликке жетүүгө болот.
Аша чабуулардан алыс болуңуз
Азыркы учурда адам оптималдуу ден-соолукта болуу үчүн эмне кылуу керек же эмне кылуу керектиги жөнүндө көп айтылып, жазылып жатат. Бирок, ар бир организм курчап турган дүйнөгө өз жолу менен жооп берерин эске алуу зарыл. Бир адамга пайдалуу болгон нерсе экинчисине зыян. Биринчиден, биз өзүбүздү угушубуз керек. Экинчиден, ар кандай экстремалдык нерселер зыяндуу экенин билишиңиз керек. Бизге тең салмактуу жана акылга сыярлык жашоо керек.
Ошондуктан, мисалы, бир эле тамакты көп жегиче, анын ар кандай түрлөрүн аз-аздан жеген жакшы. Сиз узак убакыт бою белгилүү бир диетаны карманбашыңыз керек. Көбүнчө, белгилүү бир диетанын зыяндуулугун көп жылдардан кийин гана билебиз. Диета – бул мүмкүн болушунча бардык "жаман нерселерден" качуу эмес. Сиз жөн гана денеңиз жакшы жана аш болумдуу тамак-ашты жетиштүү санда кабыл алышы керек экенине ынанууңуз керек.
Денебиз бизге эмнеге муктаж экендиги жөнүндө ачык көрүнүп турган сигналдарды берет. Мисалы, мезгил-мезгили менен биз кандайдыр бир тамакты жегибиз келет. Мындай учурда тартынбай эле жей бериңиз, эч кандай ойлонбоңуз. Ар бир адам өнүгүүнүн белгилүү этаптарын жана фазаларын башынан өткөрөт. Демек, "жакшы" же "жаман" тамак жок. Жөн гана денеңдин айтканын ук. Ал эмнеге муктаж экенин өзү жакшы билет.
Биз көбүнчө унутуп калган принциптер
Жашоо кызыктуу өтүп, ырахат тартуулашы керек. Ар кандай тыюу салууларга, чектөөлөргө чыдай албайбыз. Бирок, кээ бир негизги принциптерди кармануу сунушталат. Бул сиздин жыргалчылыгыңызды жакшыртат жана жашоонун ырахатын көбүрөөк сезүүгө мүмкүндүк берет.
Жайыраак, кичине жана тынчыраак тамактаныңыз
Биз өтө көп жейбиз. Бирок керектелген тамак-аштын көлөмүн азайтуу зарыл. Бул ашыкча салмагы жок адамдарга да тиешелүү. Окумуштуулар бизге күнүнө жеген тамактын үчтөн бири эле жетиштүү экенин дайыма далилдеп келишет. Калган үчтөн экиси биздин күчүбүздү жоготот, анткени биз тамакты сиңирүү үчүн кетирген күч, башка процесстерге жумшаган күчтөргө салыштырганда өтө көптүк кылат.
Андыктан азыраак жеңиз, бирок жайыраак жеңиз. Тамакты жакшы чайнаңыз жана анын даамын татып көрүңүз. Ар дайым отуруп тамактаныңыз. Тамактанып жатканда, мүмкүн болсо, китеп окубаңыз жана унаада баратканда тамактанбаңыз. Тамактанып жатканда сиз жеп жаткан тамакка жана андан алган ырахатка толугу менен көңүл бурууңуз керек.
Табигый, таза тамактарды жегиле
Диетаңыздын мүмкүн болушунча көп бөлүгү (жок дегенде отуз пайызы) толук табигый ингредиенттерден турганына ынаныңыз. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк жегиле. Өзүңүзгө эксперимент жасап, кайсы тамактар сиздин денеңизге ылайыктуу экенин билиңиз. Мисалы, жаңы сыгылган ширелерди колдонуп көрүңүз.
Фаст-фуд (гамбургер, хотдог, пирогдор.жб.у.с. кургак тамактар) көбүнчө дене үчүн балласт катары кызмат кылат. Эгер баш тартууну каалабасаңыз, анын ордун ден-соолукка пайдалуу азыктар менен толтуруңуз. Кантты, кофени, малдын майын жана спиртти кыянаттык менен пайдаланбаңыз. Күн сайын көп сандагы зыяндуу заттарды жеген туура эмес.
Бирок аша чаап кетпеңиз. Көптөгөн «сергек жашоо образынын согушчан эрлеринин» өздөрүнүн дени сак экени деле анча көрүнбөйт жана алардын бактылуу жүздөрүн байкабайсың.
Көбүрөөк ичиңиз
Бул ичкилик дегенди билдирбейт. Мисалы, бир стакан сыранын курамында эки булочканын калориясы бар. Кечки тамактан кийин дагы сегиз булочка жейм деп ойлобойт болушуңуз керек, туурабы? Көбүрөөк ичүү керек дегенде, таза сууну түшүнөбүз. Бизге күнүнө эки-үч литр суюктук керек. Бул кофе, кока-кола же алкоголдук ичимдиктерди билдирбейт, анткени алар организмге суюктукту бергенге караганда көбүрөөк чыгарышат. Демек, ар бир чыны кофеден тышкары дагы эки стакан суу ичүү керек. Тамактануу учурунда эмес, тыныгуу учурунда ичкен жакшы, анткени суюктук сиңирүүнү кыйындатат.
Көптөгөн адамдар денесин жетиштүү суюктук менен камсыз кылууну унутуп коюшат. Алар ичимдик ичүүнү адатка айлантууга үндөшү мүмкүн. Мисалы, ойгонгондо, машыгууга барганда жана машыгуудан кайтып келгенде, жатар алдында ж.б.у.с. бир стакан суу ичүүнү эрежеге айландыруу керек.
Көбүрөөк кыймылдаңыз
Биздин денебиз бир жерде отурууга эмес, кыймылдаш үчүн жаралган. Ал күн сайын элүү-алтымыш километрди басып өтүүгө ылайыкталган. Албетте, тынымсыз кыймылдын кереги жок. Бул тамактанган күндөрү гана жасалышы керек. Күн сайын спорттук көнүгүүлөргө жок дегенде кырк мүнөт бөлсөк гана денебиз нормалдуу иштей алат.
Аэробдук спорттун түрлөрү организмге эң жакшы таасир этет. Ошол эле учурда жалпы көрсөткүчтөр, ички органдардын иштеши, зат алмашуу жакшырып, иммунитет жогорулап, адам өзүн бир топ кубатту сезет. Анын маанайы жана жандуулугу жакшырат.
Көптөгөн адамдар машыгууга убактысы жок деп ырасташат, бирок бул убакытты табуу үчүн сааттын жебелерин токтотууга аракет кылгандайэле угулат. Эгер сиз үзгүлтүксүз көнүгүү жасасаңыз, ишке көңүл топтооңуз бир топ жеңилдейт жана азыраак ооруйсуз. Ушунун аркасында убакыт утуп, жашооңуз толук кандуу болот.
Дайыма эс алып турууну унутпаңыз
Баарыбыз мезгил-мезгили менен эс алышыбыз керек. Жумуштан тез-тез тыныгуу алыңыз. Чарчаган сайын медитация көнүгүүлөрүн жасаңыз же он мүнөт эс алыңыз. Көчөгө чыгып, бир нече мүнөт басыңыз. Жай темптеги жагымдуу музыка угуңуз. Көзүңүздү жумуп, эч нерсе жөнүндө ойлонбой олтуруңуз. Эгер бул иштебесе, токой же деңиз жээги сыяктуу кооз, тынч пейзажды элестетиңиз.
Көптөгөн адамдар мунун баарын кылууга убактыбыз жок дешет. Чынында биз эс алуудан баш тарта албайбыз. Жумушта тыныгуу алып, туура эс алууну билгендер көбүрөөк жана эффективдүү иштешет.
Ышкыбоздор менен кесипкөйлөр ортосундагы олуттуу айырма узак мөөнөттүү стратегияны түшүнүүдө жатат. Кесипкөйлөр кыска мөөнөттүү ийгиликке жетүү үчүн өздөрүнүн узак мөөнөттүү максаттарын бузбайт. Эгерде сиз жумасына токсон беш саат иштесеңиз, анда жакынкы келечекте бул жумушта оң натыйжаларды алып келиши мүмкүн, бирок келечекте бул ооруну гана алып келет. Кофенин чоң дозасы сизди бир азга сергек кармап турат. Бирок муну менен сиз денеңизге өтө муктаж болгон эс алуудан ажыратасыз. Эгер сиз жакшы айыкпаган сасык тумооңуз менен жумушка барсаңыз, анда бул учурдагы долбоорго пайда алып келиши мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул жөн эле келесоолук.
Убактылуу жана кыска мөөнөттүү стратегия аркылуу узак мөөнөттүү маселелерди чече албайсыз.
Жеңүүчүлөр ден соолугуна кам көрүшөт жана кийинки милдеттерге жетиштүү энергияга ээ болушат. Профессионал велосипедчи үчүн ар бир ашыкча килограмм өргө чыгууда кошумча мүнөттү билдирет. Жеңүүчү өз ден-соолугуна кайдыгер мамиле кылуу, ал үчүн өндүрүмдүүлүктү жоготуу экенин билет.
Практикалык көнүгүүлөр
Бүгүнтөн баштап ден соолугума туура кам көрөм. Бул үчүн мага төмөнкүлөр керек:
1. Бүгүн мен эстүүлүк менен, башкача айтканда, азыраак жана жайыраак тамактанам. Тамакты жакшылап чайнап, жеген тамагыма көңүл бурам. Бүгүн мен рационума жашылча-жемиштерди көбүрөөк киргизем. Бир нерсе чайнагым келсе, өзүмө жаңгак, жемиш сатып алам.
2. Бүгүн мен бир нече стакан суу ичем. Тамактын алдында суу ичсем ашказанымды ашыкча тамакка толтурбайм.
3. Дене тарбия көнүгүүсүнө кеминде отуз беш мүнөт бөлөм. Эгерде мен чуркоону чечсем, өзүмдү катуу кыйнабайм. Чарчаганымды сезсем жай басам. Мен эч кимге эч нерсе далилдешим керек эмес. Эң негизгиси чуркоо мага кубаныч тартууласа болду.
4. Бүгүн мен жумуштан токсон мүнөт сайын тыныгуу кылам. Беш мүнөт таза абага чыгып, көнүгүү жасайм. Ушундан улам мен өзүмдү энергия менен камсыз кылып, жумушка көбүрөөк көңүл топтой алам.
5. Бүгүн мен жакшы дарыгерге барып текшерүүдөн өтөм.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR