Жүрөгүмдү балдарга берем
Адам болуу кыйынбы? Боорукердик жана адамгерчилик темасы көптөгөн авторлордун аңгемелеринде орун алган. Алардын арасында В. Сухомлинскийдин таалим-тарбиялуу аңгемелери да бар. Окурмандарга советтик новатор-педагог Василий Сухомлинскийдин мыкты аңгемелерин жана жомокторун сунуш кылабыз.
В.Сухомлинскийдин тарбиялоо принциптери дагы деле актуалдуулугун жогото элек. Бул улуу инсандын аңгемелери, жомоктору адамзатка адептүүлүк, боорукердик, сулуулук деген түшүнүктөрдү ачып берет. Алардан көптөгөн маанилүү суроолорго жооп таба аласыз.
Эмне үчүн "рахмат" дешет?
Эки адам токойдо бара жатышкан–чоң атасы жана небереси. Күн ысык эле, алар суусай башташты.
Жолоочулар булакка жакындашты. Булактын мөлтүр кашка суусу шылдырап агып жаткан. Алар эңкейип, суудан ичип суусундарын кандырышты.
–Рахмат, булак" деди чоң ата. Бала күлүп койду.
– Булакка эмне үчүн “рахмат” дедиңиз? – деди небереси. – Баары бир булак сөзүңдү укпайт, ыраазычылыгыңды түшүнбөйт да.
– Ошондой дечи, бирок... Карышкыр ичсе, «рахмат» айтпайт. А биз карышкыр эмеспиз, адамбыз. А адамдар эмне үчүн "рахмат" дейт билесиңби? Ойлонуп көр, бул сөз кимге керек?
Бала ойлонуп калды. Анын убактысы көп болчу. Жол узак эле...
Булбулдан уялып
Кичинекей кыздар Оля менен Лида токойго барышты. Бир топ убакыттан кийин алар көк чөпкө отуруп, тамактанышмай болушту. Баштыктан нан, май, жумуртка алып чыгышты. Кыздар тамактарын жеп бүтүшкөндө, алардан алыс эмес жерде булбул сайрай баштады. Керемет ырга сыйкырланган Оля менен Лида кыймылдагандан коркуп отурушту. Бир кезде булбул сайрабай калды. Оля тамак-ашынын калдыктарын, кагазга чогултуп, бадалдын түбүнө ыргытып жиберди. Лида жумуртканын кабыгын, нан күкүмдөрүн гезитке ороп, баштыгына салды.
– Эмнеге таштандыны салып алдың? – деди Оля. –Бадалдын астына ыргытып жибер. Токойдон бизди ким көрмөк эле. Карап турган эч ким жок.
– Мен уялдым... булбулдан уялдым, - деп жооп берди Лида акырын.
Чоң эне эс алып жатат
Кичинекей Галинка мектептен келди. Эшикти ачып апасына көңүлдүү бир нерсе айткысы келди. Бирок апасы сөөмөйүн ээрдине такап Галинкага шыбырады:
– Тынч, Галинка, чоң энең эс алып жатат. Түнү бою уктаган жок, жүрөгү ооруп чыкты.
Галинка акырын үстөлдүн жанына басып келип, портфелин койду. Түшкү тамакты ичип, үй тапшырмасын окууга отурду. Чоң энесин ойготпоо үчүн китепти этияттап ачып, шабырттатпай акырын окуп жатты.
Эшик ачылып, Галинканын досу Оля кирип келди. Ал үнүн бийик чыгарып:
– Галинка, уксаң...
Галинка ага апасы сыяктуу сөөмөйүн оозуна такап, шыбырады:
– Тынч, Оля, чоң энем эс алып жатат. Ал түнү бою уктаган жок, жүрөгү ооруп жатыптыр.
Кыздар столго отурушуп, шыбырашып сүйлөшүп сүрөттөрүн карап жатышты.
Чоң эненин жумулган көздөрүнөн жаш тамчылап кетти.
Байбиче ордунан турганда Галинка:
– Чоң эне, уктап жатып эмнеге ыйладың?
Чоң эне жылмайып Галинканы өөп койду. Анын көздөрүнөн кубаныч жаркырап турду.
Отунга ким барат?
Айылдын четинде үч уулу менен жесир аял жашачу. Эки уулу бойго жеткен, узун бойлуу, сымбаттуу, сулуу, балдар. Ал эми үчүнчүсү – өспүрүм Юра – кичинекей, арык, камыштай ичке бала.
Кыш болчу. Калың кар жаап, түндүктөн соккон шамал согуп, күн суук. Апасы – өзү менен сүйлөшүп жаткансып, бирок балдар уккандай кылып кобуранды:
– Күн суук, балдар. Бирок отун калбай калды... Отунга ким барат?
Улуу уулдары унчукпай, баштары салаңдатышып жер карап, мештин жанында укмаксан болуп үргүлөп калышты.
–Мен барып отун алып келейин, апа – деди кичүү уулу.
– Аяздан коркпойсуңбу? – деп сурайт апасы улуу уулдарына көз жүгүртөт.
–Жок, мен коркпойм – деп жооп берет уулу кийинип жатып.
– Мейли, коркпосоң барып кел, Юра, – деди апасы аны белинен бекем бууп, уулун өөп койду.
Юра кетти. Ошол замат үй ичи ушунчалык тыптынч болуп калды, дүйнөдөгү бардык жандыктар угуп, ойлонуп жаткандай: эмиэмне болот болду экен? Ал тургай короодогу шамал да басылды. Эки улуу баласы башын көтөрүп, апасын карап:
– Биз да токойго барабыз, апа.
– Баргыла, балдарым, – деп шыбырады кубанганынан көзүнө жаш келген эне.
Сары чымчык эмне үчүн ыйлап жатат?
Айылдын четинде бир үйдө аялы менен күйөөсү жашачу. Алар эки балалуу болушкан – уулу Миша жана кызы Оля. Миша он жашта, Оля тогуз жашта эле. Үйдүн жанында бийик, бутактуу терек өсчү.
– Кел, терекке селкинчек жасайлы–деди Миша.
–Ой, селкинчек кандай жакшы! – Оля сүйүнүп кетти.
Миша терекке чыгып, бутактарга жип байлады. Миша менен Оля селкинчек тээп жатышты. Балдар селкинчек тээп жатканда алардын жанында сары чымчык тегеренип учуп, чырылдап жатты.
Миша мындай дейт:
– Биздин селкинчек тээп жатканыбызды көрүп сары чымчык жыргап жатат.
Оля өйдө карап дарактын бутагындагы сары чымчыктын уясын көрө койду, уяда балапандар чыйпылдап жатышкан экен.
– Сары чымчык кубанган жок, ыйлап жатат – деди Оля.
–Эмнеге ыйлап жатат? – Миша таң калды.
– Эмнеге экенин ойлонуп көр – деп жооп берди Оля.
Миша селкинчектен секирип түшүп, сары чымчыктын уясын карап калды: Ал эмнеге ыйлап жатат болду экен?
Таш
Шалбаада жайылып өскөн эмен дарагынын түбүндө көп жылдар бою шылдырап агып чыккан булак бар эле. Суусап келген адамдар анын тунук, муздак суусунан ичишип суусундарын кандырышчу. Жолоочулар булактын жанындагы эмен дарагынын түбүндө көлөкөлөп эс алып жатышчу.
Бир күнү бир бала эмен дарагына келип калды. Ал ойногонду жакшы көрчү. Ошентип, ал ойлоду:
«Бул ташты алып булакка ыргытсам эмне болот? Катуу чулп дейт болуш керек!
Ал бир ташты алып, булакка ыргытып жиберди. Чулп эткен катуу дабыш чыкты. Бала кылган кылыгына кубанды да, андан ары чуркап кетти. Ал өзүнүн кылыгын бат эле унутуп калды.
Таш булактын түбүнө түшүп, анын көзүн жаап, суу чыкпай калды. Ошону менен булак соолуду.
Булактын айланасында чөп чыкпай, эмен дарагы куурап калды, анткени жер астындагы суулар башка жакка агып кеткен эле.
Булбул да куураган эмен дарагына уя салбай калды. Ал башка шалбаага учуп кетти.
Булбулдун ыры угулбай, баягы жапжашыл болуп турчу шалбаа такырга айланды.
Көп жылдар өттү. Бала чоң ата болду. Күндөрдүн биринде ал бир кездеги жашыл шалбаа, жайылып өскөн эмен дарагы, салкын булак аккан жерге келди.
Шалба, эмен, булбул, булак жок. Кумдуу талааны буруксутуп шамал уюлгуп жаткан экен.
"Бул жерге эмне болгон?" – деп ойлоду чоң ата.
Терезенин астындагы эмен
Жаш токойчу токойго чоң үй куруп, терезенин астына эмен дарагын отургузат. Жылдар өтүп, токойчунун балдары чоңоюп, эмен дарагы өсүп, токойчу карыды. Анан көп жылдардан кийин,токойчу чоң ата болгондон соң эмен дарагы өсүп олтуруп терезени жаап калган. Бөлмөдө сулуу аял–токойчунун небереси жашачу.
–Эмен дарагын кый, чоң ата, –дейт небереси, –бөлмөгө жарык кирбей калды.
–Эртең эртең менен баштайбыз–деп жооп берет чоң ата.
Таң атты. Чоң атасы үч уулун,тогуз небересин чакырып, сулуу небересин карады:
–Жүргүлө балдарым, даракты башка жакка көчүрөбүз.
Анан пайдубалдын алдын каза баштады. Анын артынан үч уулу, тогуз небереси жана сулуу небереси кошо кетти...
Кыз жана ромашка
Күнөстүү таңдын биринде кичинекей кыз жашыл талаага ойногону чыкты. Бир маалда бирөөнүн ыйлаганын угат.
Кыз тыңшап, ый жолдун четинде жаткан таштын астынан чыгып жатканын түшүндү. Таш өтө чоң эмес, коёндун башындай, бирок абдан катуу эле.
– Таштын астында ким ыйлап жаткан ким?–деп сурады кыз
– Бул менмин, Ромашкамын – деген алсыз үн угулду. – Кыз, мени бошотуп койчу, таш салмагы менен тумчуктуруп салмай болду...
Кыз ташты алып ыргытып жиберди да, Ромашканын назик, кубарган жана уйпаланган сабагын көрдү.
– Рахмат сулуу кыз, – деди Ромашка боюн түздөп терең дем алып. – Мени Таштын эзүүсүнөн куткардың.
– Таштын астына кантип түшүп калдың? – деп сурады кыз.
– Таш зулум мени алдады, –деп жооп берди Ромашка. – Мен ромашканын кичинекей уругу элем. Күзүндө жылуу жер издедим.Таш зулум мага баш калка берип, сууктан, ысыктан сактайм деп убада берди. А мен Күндү көргүм келгенде, ал мени аз жерден өлтүрүп коё жаздады. Мен мындан кийин сенники болгум келет, кыз.
Кыз Ромашкага келип, Күндү чогуу тосуп жүрүштү.
– Сенин гүлүң болуу кандай жакшы, кыз! – Ромашка бул сөздү көп айтчу.
– Токойдо же жолдун четинде өссөң кандай болмок? Анда эч кимдики болбойт белең? – деп сурады кыз.
– Анда мен кайгыдан өлмөкмүн, – деди Ромашка акырын. Досу жок гүл болбойт. Алар ар дайым бирөө менен болот.Тигил жердеги Кызыл кызгалдак – ал Күн менен дос.
Күн чыккан сайын ага шыбырайт: «Сен меникисиң, Кызыл кызгалдак». Мен бул шыбырды Күн чыгып, кызгалдак гүлүн ачканда угам. А тигил Көк гүл Жазгы шамалдын досу. Ал ар күнү эртең менен Көк гүлгө биринчи келип, аны ойготуп: «Ойгон!» деп бетинен сылайт. Гүлдөр бирөө менен дос болбосо жашай алмак эмес.
Кооз сөздөр жана кооз иш
Талаанын ортосунда кичинекей алачык бар эле. Алаба–ырайы бузулган учурларда адамдарга калканыч катары кызмат кылчу.
Күндөрдүн биринде жайдын ортосунда асманды булут каптап, жамгыр жаай баштады. Ошол убакта токойдо үч бала бар жүргөн. Алар өз убагында жамгырдан жашынып, жамгырдын токтошун күтүп олтурушту. Бир маалда алар алачыкты карай чуркап келе жаткан он жаштар чамасындагы баланы көрүштү. Алар анны таанышчу эмес, бала кошуна айылдан болчу. Жонунан суу өтүп,титиреп үшүп калыптыр. Жамгырдан качып, кургак кийимчен отургандардын улуусу:
–Иним, жамгырда калып калганың жаман болду, ооруп калбасаң болду...
Экинчи бала да кооз, аянычтуу сөздөрдү айтты.
–Мындай аба-ырайында ачык талаада калу коркунучтуу болсо керек. Сага боорум ооруп жатат...
Ал эми үчүнчүсү унчуккан жок. Ал унчукпай көйнөгүн чечип, үшүп-титиреп турган балага берди.
Кооз сөз сулуу эмес. Кооз иш – сулуу.
Жакшылыкты баалай бил
Чоң атасы Андрей небереси Матвейди конокко чакырган. Чоң атасы небересинин алдына бал куюлган чоң идишти, ак токочторду койду:
– Бал же, Матвейка. Кааласаң кашык менен же, кааласаң токочко сыйпап же. Матвей ак токочторду балга малып, бурдап-бурдап сугунуп жатты. Ушунчалык көп жегендиктен дем алуу да кыйын болуп калды. Ал терин аарчып, үшкүрүнүп сурады:
– Айтчы, чоң ата, бул эмненин балы– липаныкыбы же гречканыкыбы?
– Эмне болду? – деп таң калды Андрей чоң ата. – Мен сени гречка балы менен сыйладым, неберем.
– Липанын балы болсо даамдуу болмок, – деди Матвей оозун чоң ачып эстеп. Курсагы тойгон соң уйкусу келип жаткан.
Чоң атанын жүрөгү кысылып чыкты. Ал унчукпай калды. А небереси суроосун улантты:
– Токоч кандай ундан жасалган, жаздык буудайданбы же күздүктөнбү? Андрей чоң атанын өңү кубара түштү. Анын жүрөгү катуу ооруп чыкты.
Дем алуусу кыйындап, көзүн жумуп, онтоп жиберди.
Адамга салам айт
Атасы менен кичинекей баласы токойдо баратышкан. Айланада жымжырттык өкүм сүрүп, алыстан тоңкулдактын тыкылдаганы, токойдун арасындагы шарылдаган суунун шары гана угулуп турду.
Бир маалда баласы таяк кармаган байбиче аларды көздөй келе жатканын көрдү.
– Ата, чоң апа кайда баратат? – деп сурады уулу.
–Көрүү, жолугушуу же узатуу үчүн,– деп жооп берди атасы. Биз аны менен жолукканда салам айтабыз, – деди атасы.
– Эмнеге салам айтышыбыз керек? – уулу таң калды. Биз аны тааныбайбыз да.
–Жолуканда ага салам айт, анан эмнеге экенин көрөсүң. Мына чоң эне да келип калды.
– Саламатсызбы, – деди уулу.
– Саламатсызбы, – деди атасы.
–Саламатсыңарбы, –деди байбиче жылмайып.
Уулу таң калып жатты: айлананын баары өзгөрүп кетти. Күн ого бетер жаркырап тийип, жумшак жел дарактардын башын кыймылдатып, жалбырактар күн нуруна кирингенсип ары-бери ойноп, желпилдей баштады. Бадалдарда канаттуулар сайрай баштады – алардын үнү мурда угулган эмес. Баланын жан-дүйнөсү жайнай түштү.
– Эмне үчүн мындай болду? – деп сурады уулу.
– Анткени адамга салам бербедикпи, –деп жылмайып койду атасы.
Адам болуу кыйын
Балдар бир күн бою токойдон кайтып келе жатышкан. Үйгө барчу жол айылдан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан өрөөндөгү кичинекей айыл аркылуу өтчү. Чарчаган балдар айылдын четиндеги үйгө араң жетишти. Алар суу сураш үчүн ошол үйгө кайрылып, эшигин кагышты.
Үйдөн бир аял, анын артынан кичинекей бала чуркап чыкты. Аял кудуктан суу алып, чаканы короонун ортосундагы столдун үстүнө коюп, үйгө кирип кетти. Балдар суу ичип, бираз олтурушту. Кайдадыр бир жактан күч пайда болуп, эс алып калышты!
Алар ал үйдөн чыгышып, бир чакырымдай узап калган кезде, Марийка эстей койду:
–Биз жанагы суу берген апага рахмат айтпай калган турбайбызбы. Анын көздөрү алая түштү.
Балдар токтоп калышты. Чынында эле, алар рахмат айтууну унутуп коюшкан.
–Ооба, унутуптурбуз... деди Роман, –болуптур, андан эч нерсе деле болбойт. Эмгиче аялбизди унутуп калса деле керек. Ушундай кичинекей нерсе үчүн кайра бармак белек?
–Кантип эч нерсе болбосун – деди Марийка. – Өзүңдөн уялбайсыңбы, Роман?
Роман күлүп койду. Уялбаганы билинип турду.
–Силер каалабасаңар барбай эле койгула, – деди Марийка, – мен кайра барып, ал апага ыраазычылыгымды билдирем...
–Эмнеге? Айтчы, эмне үчүн мындай кылышыбыз керек? – деп сурады Роман... – Кантсе да биз чарчадык...
– Анткени биз адамбыз...
Ал бурулуп, айылды көздөй басты. Баары анын артынан жөнөштү. Роман жолдо бир мүнөт туруп, үшкүрүнүп, тигилерди ээрчип жөнөдү.
«Адам болуу кандай кыйын...» деп ойлоду ал.
Суу тамчысы
Июлдун ысык күнү болчу. Мектеп окуучуларынын тобу бийик эмен дарагынын түбүндөгү кудукка жакындап келишти. Алар саякаттан кайтып келе жатышкан. Балдар аябай суусашкан эле. Ал эми кудук канчалык жакындаган сайын, ошончолук ылдамдап басышты.
Ошол убакта кудуктун башка тарабынан чоң энеда келе жатты. Ал да алыстан аябай чарчап, чаңкап келе жаткан эле. Чоң эне да, окуучуларда бир убакта кудукка жетишти.
Кудуктун үстүндө бир чака муздак суу бар экен. Балдар аны тегеректеп, кезектешип суу ичишти. Ал эми чоң энени чет жакка түртүп салышты. Ал эмен дарагына барып, даракка жөлөнүп капалуу турду.
Окуучулар суусундарын кандырып алышып, андан ары жакка кетишкенде байбиче аларды капалуу карап, башын чайкады.
Коркок бала
Жаңы окуучу Николай бешинчи класска жылдын ортосунда келди. Биринчи күнү эле баары анын уялчаак, алтургай коркок экенине ынанышты, аны биринчи партага отургузгусу келишкен, бирок ал баш тартты. Акыркы партага олтургузууну суранды.
Николай тырышчаактык менен окуп, үй тапшырмасын так аткарчу. Николайдын жооптору ушунчалык уккулуктуу болгондуктан, аны чакырганда класста жымжырттык өкүм сүрчү. Баары анын жообун уккусу келчи. Мугалимдер Николайды көп мактап: «Тапшырмаларды ушинтип даярдап, суроолорго ушундай жооп бериш керек» -- дешчү.
Бала мактоодон кызарып кетчү, анын өзүнүн акыркы катардагы партасына тез эле отургусу келгени көрүнүп турар эле.
Классташтары: «Жакшы окуучу. Жана жакшы жолдош. Сурасаң, ар дайым түшүндүрүп, маселени кантип чечүү керектигин айтып берет. Бирок абдан уялчаак, коркогураак..." деп айтышчу.
Бир күнү 5-класстын окуучулары мектептен кайтып келе жатышкан. Окуу жылы бүтө элек, май айы эле. Алар бир нерсени талашып келе жатышкан.
Көпүрөдөн өтүп баратышканда кыйкырык угулду. Төмөндө, көпүрөдөн анча алыс эмес жерде бирөө кыйкырып жатты. Дарыя кичинекей, бирок тез жана терең болчу. Кимдир бирөө чындап эле жардам сурап жатабы?
Балдар ойлонууга үлгүрө электе Николайдын кыйкырык чыгып жаткан сууга секирип түшкөнүн көрүштү.
Балдар көпүрөнүн тосмосун көздөй чуркашты. Николай кичинекей кызды карай сүзүп бара жаткан. Кыз сүзгөндү билбейт экен, айлампага түшүп кетиптир. Дагы бир аз болсо, кыз чөгүп кетмек.
– Менин көйнөгүмдөн карма! – деп кыйкырды Николай.
Кыз анын көйнөгүн кармады, Николай аны жээкке алып чыкты.
Чоң энени шылдыңдашты
Бир күнү балдар стадиондо топ ойноп жатышкан. Оюн кызыктуу, көңүлдүү болчу.
Стадиондун жанынан карыган кемпир өтүп бара жатты. Ал жакшы көрчү эмес, таягы менен жолду сыдырыпакырын басып бараткан.
Балдардын бири топту чоң энени карай тээп жибергенде топ кемпирдин таягына тийип, ал анын колунан ыргып кетти. Чоң эне эмне кыларын билбей, токтоп калды. Ал эңкейип, таягын издей баштады, бирок ал алыска учуп кеткен. Чоң эне аны кайдан көрсүн.
Балдар чоң энеси карап күлүп жатышты. Алардын эч кимиси кемпирге жакын келип, кечирим сурап, жардам берүүнү ойлогон жок.
Балдар күлүп жатышты, кемпир ыза болуп ыйлап турду. Ошол учурда дүйнөдөгү эң чоң жамандык болуп жатканы эч кимдин оюна да келген жок: адам адамды шылдыңдап жаткан.
Чоор жана шамал
Музыкант бакчадагы отургучта отурган. Ал чоордо ойноп жатты. Анын керемет добушун канаттуулар, бак-дарактар, гүлдөр угушту. Ал тургай Шамал бадалдын түбүнө жатып алып, чоордун черткенине таң калып тыңшады. Музыкант көк асмандагы күн жөнүндө, кичинекей ак булут жөнүндө, боз чымчык жана бактылуу балдардын көздөрү жөнүндө ойноду.
Күү токтоп, Музыкант чоорду скамейкага коюп, үйүнө кетти. Шамал бадалдын астынан көтөрүлүп, чоорго учуп, бар күчү менен үйлөдү.
Чоор чатырдын астындагы күзгү бороондой ызылдады. Шамал ого бетер кату үйлөдү, бирок чоордон үн чыккан жок – ызылдап, ызылдап тим болду.
«Эмне үчүн мындай? – деп ойлойт Шамал. «Мен эмен дарактарынын тамырын жулуп, үйлөрдүн чатырларын оңой эле аңтарып салам». Эмне үчүн чоор мага баш ийбейт–эмне үчүн обон чыкпайт?"
Күзгү токойдогу алма
Кеч күздө кичинекей эже-сиңдилер Оля менен Нина алма багында сейилдеп жүрүштү. Бул күн жаркырап тийип мемиреп турган күн болчу. Алма бактарынын дээрлик бардык жалбырактары түшүп, акырын бут астында шыбырттап жатты. Болгону жерде жана бак-дарактардын бутактарында анда-мында саргайган жалбырактар калыптыр.
Кыздар чоң алманын жанына келишти. Сары жалбырактын арасынан чоң кызыл алманы көрө коюшту. Оля менен Нина кубангандарынан кыйкырып жиберишти.
– Кантип сакталып калды экен? – Оля таң калды.
– Эми аны үзүп алалы – деди Нина.
Кыздар алманы үзүп алышты. Оля алманы өзү алгысы келди, бирок өзүн тыйып, сунуш кылды:
– Алма сеники болсун, Нина.
Нина да алма өзүнүкү болушун каалады, бирок Нина дагы мындай деди:
– Алманы сен ал, Оля...
Алма колдон колго өтүп жатты. Бирок ,ир кезде экөөнүн тең башына бир ой келди:
– Кел, алманы апама берели.
Экөө кубанып, толкунданып апасына чуркап барышты. Алар ага алманы беришти.
Эненин көзүндө кубаныч жаркырап турду. Апасы алманы кесип, кыздарына бөлүп берди.
Каз жөнүндө жомок
Жайдын аптаптуу күнүндө бир каз өзүнүн кичинекей сары балапандарын сейилдетип чыкты. Ал балдарына чоң дүйнөнү көрсөттү. Бул дүйнө жашыл жана көңүлдүү эле – алардын көз алдында чоң шалбаа жайылып жаткан. Каз балдардын жаш чөптүн назик сабагын үзүүгө үйрөтүп жүрдү. Сабактар таттуу, күн жылуу жана назик, чөп жумшак, жапжашыл дүйнө аларга чегиркелердин, чымчыктардын көптөгөн үндөрү менен ырдап жатты. Балапандар бактылуу эле.
Аңгычакайдан-жайдан кара булуттар пайда болуп, жамгырдын алгачкы тамчылары жерге түштү. Анан торгойдун жумурткасындай чоң мөндүрлөр түшө баштады. Балапандар энесине чуркап барышты, ал канаттарын көтөрүп, балдарын калкалады. Канат астында жылуу жана жайлуу экен, балапандар алыскы бир жерден күндүн күркүрөгөнүн, шамалдын үнүн, мөндүрдүн дабышын угуп жатышты. Алар атүгүл көңүл ача башташты: апасынын канатынын сыртында коркунучтуу нерселер болуп жатат, а аларга жылуу жана жайлуу.
Анан баары тынчып калды. Балапандар жашыл талаага бат эле баргылары келди, бирок энеси канатын көтөргөн жок. Балапандар талап коюп кыйкыра башташты: бизди чыгарыңыз, апа. Апасы акырын канаттарын көтөрдү. Балапандар чуркап чыгышты. Алар эненсинин канаттары жараланып, көптөгөн жүндөрү жулунуп кеткенин көрүштү. Апасы оор дем алып жаткан. Бирок айлана ушунчалык кубанычтуу, күн ушунчалык жаркырап жана назик нурун чачып турган, курт-кумурскалар, аарылар, чымчыктар ушунчалык сонун ырдашкандыктан: "Апа, сага эмне болду?" – деген суроо балапандардын оюнада келген жок.
Качан ганаэң кичинекей жана эң алсыз балапан энесинин жанына келип: «Апа, эмне үчүн канаттарың жарадар болду?» деп сураганда, ал акырын жооп берди: “Баары жакшы, уулум”.
Сары балапандар чөпкө чачырап оттоп жүрүштү, эне бактылуу болчу.
Эненин махабаты жөнүндө легенда
Апасынын жалгыз уулу бар эле. Ал укмуштуудай сулуу кызга үйлөнөт. Бирок кыздын жүрөгү кара жана ырайымсыз эле.
Жаш келин үйгө келгенде эле кайненесин жактырбай, күйөөсүнө: «Энең биз олтурган үйгө кирбесин, кире бериштеги бөлмөдө жашасын» дейт.
Уулу апасын кире беришке жайгаштырып, төркү үйгө кирүүгө тыюу салды... Бирок бул да келинге аздык кылат. Күйөөсүнө: «Үйдө энеңдин жыты да болбосун» деди.
Баласы апасын сарайга көчүрдү. Түндө гана апасы аба жутканы сыртка чыкчу. Бир күнү кечинде жаш сулуу гүлдөп турган алма дарагынын түбүндө эс алып жатып, кайненесинин сарайдан чыкканын көрдү. Аялы ачуусу келип, күйөөсүнө чуркап барды: Эгер сени менен жашашымды кааласаң, апаңды өлтүр, жүрөгүн жулуп, мага алып кел. Баланын жүрөгү солк деген да жок, аялынын болуп көрбөгөндөй сулуулугуна сыйкырланды. Ал апасына: "Жүр, апа, дарыяга түшүп келели" дейт. Алар таштак жээкти бойлой дарыяга жөнөштү. Апасы ташка чалынып жыгылып калды. Уулу: «Көзүңдү чоңураак ачып карачы. Минтип олтурсак дарыяга кечинде жетебиз” деп ачууланды.
Келип, чечинип, сууга жууна башташты. Баласы апасын өлтүрүп, көкүрөгүн жарып, жүрөгүн сууруп алды да, клендун жалбырагына ороп, артка кайтты. Колунда эненин жүрөгү титирейт.
Бир кезде баласы ташка чалынып, жерди сүзө жыгылды, уркуйган аскага урунуп тоголонуп түшкөн эненин ысык, кансыраган жүрөгүнөн шыбыраган үн чыкты: «Балам, тизеңди оорутуп алган жоксуңбу? Отуруп, эс ал, көгөргөн жериңди алаканың менен сүрт”.
Уулу ыйлай баштады, апасынын жүрөгүн алаканына салып, көкүрөгүнө кысып, кайра дарыяга келди да, жүрөгүн энесинин жарылган көкүрөгүнө салып, көз жашын төгүп жиберди. Аны эч ким өз энесиндей бүт жан-дүйнөсү менен, жанын да аябай сүйбөсүн жана сүйө албасын түшүндү.
Эненин мээрими ушунчалык эбегейсиз, эненин жүрөгүнүн баласын бактылуу көргүсү келген каалоосу ушунчалык терең жана күчтүү болгондуктан, жүрөгү жанданып, жарылган көкүрөк жабылып, эне ордунан туруп уулунун башын көкүрөгүнө кысып турду. Ошондон кийин уулу аялына кайрылып барган жок, аялын жек көрүп калды. Апасы да үйүнө кайтып барбады. Экөө талааны аралап жүрүп, кош дөбөгө айланышты. Күн сайын эртең менен чыккан күн дөбөлөрдүн башын алгачкы нурлары менен чайып, жаркыратып турат...
Туулган күнгө арналган тамак
Нинанын үй-бүлөсү чоң: апасы, атасы, эки бир тууганы, эки эжесижана чоң апасы. Нина эң кичинекейи, ал тогуз жашта. Чоң эне – эң улуусу; ал сексен эки жашта. Үй-бүлө тамактанып жатканда чоң эненин колу калчылдап турат. Баары ага көнүп калган, аны байкамаксан болуууга аракет кылышат. Кимдир бирөө чоң энесинин колун карап: эмне үчүн калчылдап жатат? – десе колу ого бетер калчылдайт. Ошондуктан чоң эне тамак жегенде кашыгы кошо калчылдап, дасторконго жеп жаткан тамагы чачырай берет.
Жакында Нинанын туулган күнү болмок. Апасы ошол күнү кызына арнап атайын тамак бермек болгон. Таттуу пирог бышырып, Нинанын досторун мейманга чакырууну чечишкен.
Айтылган күн да келди. Апасы ак дасторконун жайып тамак-ашын коё баштады. Нина ойлонду: Чоң энеси дасторконгочогуу отурат, колу калчылдап, тамакты чачыратып жейт. Достору шылдыңдашып, мектептегилердин баарына айтып барышат. Нина апасына акырын шыбырады:
– Апа, бүгүн чоң энемди дасторконго отургузбаңыз...
– Эмне үчүн? – апасы таң калды.
– Колу калчылдап... Үстөлдүн үстүнө чачыратат...
Апасынын өңү кубарып кетти. Ал унчукпай үстөлдүн үстүндөгү ак дасторконду алып шкафка жыйнап салды да унчукпай көпкө отуруп:
– Бүгүн чоң энең ооруп калды. Бүгүн тамак бербейбиз. Туулган күнүң кут болсун, Нина. Сага тилегим: чыныгы адам бол.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR