Эрнест Хемингуэй: Жөнөкөй собол

  • 22.02.2024
  • 1672

АҢГЕМЕ

Сыртта терезе бою тирелип жааган кар. Терезеден шоолдоп тийген күн нуру карагайдан салынган өжүрөнүн дубалына чапталган картаны жарытып, бийик көтөрүлгөн күндөн улам аппак кар баскан беттен андан бетер жарык мол келип турду. Өжүрөнүн ачык тарабынан траншея казылып, күн ачык күндөрү өжүрөнүн дубалы күн нурунан жарып, аны менен кошо аппак карлуу беттен чагылышкан жарыктан улам траншеянын ичи кенен тарта түшкөнсүйт. Марттын этеги. Майор дубал каршысындагы үстөлдө олтурса, анын адъютантты Тонани башка үстөлдөн орун алган.

Кардан көз уялтып жаркыраган жарыктан көздү калкалоо үчүн ар дайым кара көз айнек тагынып жүргөндүктөн, майордун эки көзүнүн айланасы агарып көрүнөт. Күнгө күйгөн бетинин калган бөлүгү кагжырап кургап, кургап калган бети андан бетер дагы бир сыйра күнгө жыдып, кызарган мурду барбайып, бетинин чоло жери калбай туурулуп кеткен. Кагаздан жүзүн бурбастан туруп сол манжаларын табактагы майга малып жиберип, андан соң туурулган жүзүн майлуу манжалары менен тегиз сүртүп чыкты. Табактагы майга манжаларын кылдаттык менен жука майлап туруп, майды кагжырап кургаган бешенесине, ээгине сүртүп, андан соң кызарган мурдуна шашпай май сүйкөдү. Бир маалда ордунан турду да, май куюлган табакты колуна кармаган бойдон өжүрөнүн чакан уктоочу бөлмөсүнө бет алды.

- Биртке куш уйку салайын, –деп адъютантка кайрылды кетип баратып. Бул аскердик бөлүктө адъютант офицер катары саналбайт. – Калганын өзүң жайларсың.

- Жарайт, жолдош майор, – деп жооп берди адъютант.

Адъютант отургучка чалкалай түшүп, оозун аңырдай ачып эстеди. Пальтонун чөнтөгүнөн кагаз тыштуу китебин сууруп чыгып, барактай баштады; андан соң китепти үстөлгө таштай салып, мүштөгүн тартты. Үстөл бетине эңкейип, мүштөгүнөн түтүндү бурулдата соруп китеп окуп кирди. Бир аз туруп китепти кайрадан чөнтөгүнө салып койду. Кагаз иштери толтура. Буларды бир жаңсыл кылбай туруп жыргап китеп окуй алгыдай эмес киши. Терезеден тийип турган күн тоого батып кеткенде, өжүрөнүн ичи күңүрт тарта түштү. Сырттан кирип келген жоокер аркы-терки кыркылган карагай отундан мешке калай баштады.

- Акырын, – деди адъютант, – Майор уктап жатат.

Кара тору келген жоокер Пинин майорго кызмат кылган ушердеги жетим жүгүрүктүн бири. Жоокер карагай отунду мешке акырын калай салып, эшикти акырын жаап, өжүрөнүн артын көздөй жөнөдү. Адъютант Тонани дале баш көтөрбөстөн кагаз иштери менен алек.

- Тонани, – аркы бөлмөдөн майор үн катты.

- Кулак Сизде, жолдош майор.

- Пининди мага жөнөтүп койчу.

- Пинин!– адъютант кыйкырды. Пинин бөлмөгө кирип келди. – Майор чакырып жатат.

Пинин башкы бөлмө аркылуу майор жаткан бөлмөнүн эшигине келди да, эшикти акырын тыкылдатты:

- Уруксатбы, жолдош майор?

- Кир да, эшикти жаап кой, – деген майордун үнү угулду.

Пинин анын маңдайына келгенде, жаздык ордуна кийим-кечеси салынган рюкзакты башына жазданып жаткан майордун күндөн жыдып, май сүйкөлгөн чуштуйган узун жүзү жоокерге кадалды. Майордун колдору төшөккө кымтылган.

- Канчадасың?– майор суроо узатты.

- Он тогузда.

- Сүйүп көрдүң беле?

- Эмнени, жолдош майор?

- Кыздар менен жүрдүң беле дейм?

- Кыздар менен далай жолу чогуу жүргөм.

- Жок, мен кыздар менен чогуу жүргөнсүңбү деп сураган жокмун. Кыз сүйүп көрдүң беле деп сурап жатам.

- Ооба, жолдош майор.

- Азыркы тапта сүйлөшкөн кызың барбы? Сүйлөшкөн кызыңа бир курдай кат жазганыңды деле көрбөдүм.

- Сүйлөшкөн кызым бар, – деди жоокер Пинин.– Бирок кат жазгым келбейт.

- Чын элеби?

- Чын.

- Тонани, – деди майор үнү бир калыпта, – Эмне деп айтканын уктуңбу?

Аркы бөлмөдөн эч кандай жооп болгон жок.

- Ал уккан жок, – деди майор. Анан жоокерге собол таштады: – Демек сүйлөшкөн кызың бар экени ырас?

- Ооба.

- Чүкөйтүп койсоң керек? – майор ага тике карады.

- Чүкөйтүп? – жоокер да ага жалт карады. – Ал эмне деген?

- Ммм, мейли...

Пинин мелтиреп жер тиктеди. Майор анын кара тору жүзүн, колдорун, бут учунан төбөсүнө чейин сыдырып тиктеди. Анан жылмайбастан туруп:

- Чындап эле ошондойбу? – деп дагы сурады да, үн-сөзсүз ага кадалды.

Пинин жер тиктеген калыбында үндөгөн жок.

- Чындап эле мындайды такыр ойлогон эмессиңби же болбосо...

Пинин жер тиктеген калыбында унчукпастан тура берди. Майор жазданган рюкзактан башын өйдө көтөрүп, жай жылмайды. Демин ичине терең тартып жеңилдей түштү: аскердик жашоодо нелер гана болбойт, энеңди... Анан жоокерге кайрылды:

- Азаматсың, Пинин. Сен алтын баласың. Болгону алактабай, өзүңө тың жүрсөң эле, эч ким мышыгыңды пыш дебейт.

Пинин ордунан былк этпестен тура берди.

- Коркпо, – деди колдору төшөктө кымтылган майор. – Мен сага тийбейм. Кааласаң өзүң кызмат өтөгөн кошуунга кайтсаң болот. Эгер менде калам десең, кудай жалгасын. Өлбөй, аман-эсен тирүү кайтышка сенде мүмкүнчүлүктөр көп болот.

- Менден Сизге бир нерсе керекпи, жолдош майор?

- Жок, – деди майор. – Баргын да, жумушуңду жасай бер. Чыгып баратып эшикти жаппай эле кой.

Пинин эшикти ачык калтырып чыгып кетти. Бөлмө аркылуу олдоксон басып сыртка чыгып бараткан жоокерди адъютант көз менен узатып карап калды. Кызарып-татарып басканы бир башкача, жанагы отун көтөрүнүп келгендеги жоокер жок. Аны артынан карап калган адъютант бир жылмайып алды. Пинин отун көтөрүнүп бөлмөгө кайра кирип келди. Мыкта илинип турган кара көз айнеги менен сыртына кездеме капталган аскердик туулгасын карап орундугунда жаткан майорго анын кирип келгени угулуп турду.

"Түгөнгүр десе,– деп ойлоду майор. – Мага окшогон кексени алдайм деп такыр ойлобо".

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз