О'Шакир: 8 - март

  • 08.03.2024
  • 515

Бакыт тилеп кыялында эркектен -

башы чыкпас кыз-келин көп келтектен!

 

 Кууп жеткен соң сулууларды жигиттер -

куламагы о тез экен бийиктен.

 

Бойдок кезде эр-азамат шекилдүү

бозуландар мырзалыгын кетирди.

 

Көрүнгөндөр султан болуп кезинде,

көр пендеге айланышты эзилме.

 

Көрүнсө да тектүү, нарктуу баатырдай,

көп мырзалар желге учкан каакымдай.

 

Тапсак дагы бактыбызды аялдан

тагдырлары бирок кулдай, малайдай.

 

Туруксуз эр үй-бүлөлүк никеде -

Туу, Мекенди коргойбу бек...тикеден ?!

 

Аялзаты - курмандыкка жаралган,

азап, шорду тартып эски замандан.

 

Алсыздыгы - күч топтолуп жүрөктө,

ал кор экен күч жок үчүн билекте.

 

Согуш, майдан зар какшатып Энени,

соолуп көз жаш, азап тура жегени.

 

Кайсы доордо кандуу согуш токтоду -

кайтпас уулун, кайтпас эрин жоктоду?!

 

Бешик термеп, басып санаа, убайым

бейпилдикти тилейт кургур ылайым.

 

Адамзаттын санын улам толуктап,

акыбети - боздойт экен солуктап.

 

Омурткасы сыздап тууса наристе,

о анысы оён чыгат кан ичме.

 

Өзөгүндө тилеп аруу максатты,

өксүйт экен төрөп алып акмакты.

 

Ак бешикке бөлөсө да аруулап,

ал наристе эртең канкор - жан уулап...

 

Сен Аялзат дагы канча шорлойсуң?

 Сен өзүңдү өзүң качан коргойсуң?

                                         5-6 Март.2024.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз