Сот алмашып, мөөнөт улам узарып,
соолутабы өксүү, эңсөө,кусалык?
Онлайн митинг түшүндүрсөм дайынын-
оор кылмышпы? Деги эмне айыбым?
Пикир үчүн көрмөкмүнбү абакты?
Пил кылуубу чиркейди да канаттуу?
Жаамы журтту тынч митингге чакырган-
жарашабы кылмыш издөө акындан?..
Эркин сүйлөп, эркин жашоо-кыялым.
Эл тарттыбы же ошонун зыянын?..
Нелер сынып, талкаланып күбүлгөн-
не далил бар шаарыбызда бүлүнгөн?
Айнек сынып же кыйроолор болуппу?
Аары, чымын, бир кумурска өлүппү?..
Күбө барбы, далил барбы-тапкыла!
Күнөөм тоодой болсо камап жаткыла!
Ууру, жемкор эмесмин го жеп-ичти,
үй камагын берип деле териштир!
Жарашабы урматтуу сот,өкүмүң-
жазаласаң адабият өкүлүн?.. 08.03.24.