Абак, сот, тергөө тажатты.
Акыйкат издөөм кажетпи?
Кадалган кабат кулпулар -
Кусадар кылды журтуман.
Сагынсам тоону калкагар,
түтөтүп коём арчадан.
Сагынсам күмүш булакты,
жамгырга түрөм кулакты.
Табият,сулуу иримдер -
туш - тушум сүрөт илинген.
Дубалга илгем гүлдөрдү,
жылытып турар дүйнөмдү.
Так көрсөм түрдүү чийилген,
тазартып сүйгөм үйүмдөй.
Бийикти дайым көргүдөй -
маңдайым тоолор, мөңгүлөр.
Бозоргон дубал тактарын
кооз сүрөт көрсөм, чаптадым.
Жан - теним жабыр кезимде,
жазылды далай " Эсимде ". [1]
Каалгыса көктө булуттар -
кусалык каптайт буюккан.
"Чык - чык " деп кара саат турат,
чыгарбас каалга жаап турат.
Досторду шарап кагышкан
сагындым. Эрк жок барышка... 17.04.24.
[1] " Жаштык түрмөктөр " поэмасы жана мемуар эссе жөнүндө сөз.