Ясунари Кавабата: Мейиттин жүзү

  • 22.05.2024
  • 0

АҢГЕМЕ

- Кире кой, каралдым. Курганымдын абалын көрдүңбү? Бечара кызым сени бир көрүп алсам деген арманы ичинде кетти!

Кайнене күйөө баласын бөлмөгө коштоп кирди. Аялдын жасатын тегеректеп турушкан бир нече адамдын баары ага жалт карашты.

- Арман күн, ай! Мончоктой кызымдын жатканын карасаң, – кайненеси мейиттин жүзүнөн шейшепти акырын сыйрып алды.

Бир маалда күйөө бала оозунан ушул сөз кантип чыгып кеткенин өзү да аңдабай калды:

- Тура турсаңарчы. Аны менен жалгыздыкта коштошуп алсам болобу? Мени жалгыз калтырып бир азга чыгып тура аласыздарбы?

Өлгөн аялдын ата-энеси жана бир туугандары күйөө баланын бул сунушун түшүнүү менен кабыл алышты. Баары акырын агылып тышка чыгып кетишкен соң, сырткы эшик бек жабылды.

Ал жубайынын үстүнө жабылган шейшепти сыйрып алды.

Жубайынын өлүм алдындагы жан азабын жүзү айтып тургансыйт. Жаагы карышып, жарым ачылган оозунан маңдай тиштери арсайып көрүнөт. Жүзүндө өлүмдүн эчак салган изи бар. Жансыз кирпиктерге кареги жабышып калгандай да, кабагында тирүүлүктүн кыпындай белгиси жок.

Ал жубайынын жүзүн тиктеген бойдон бир топко дейре нес абалда селейип олтурду. Андан соң калтыраган колдорун өлүктүн жүзүнө акырын сунуп, ачылган оозун абайлап жаап койгусу келди. Колун тартып алар замат күчтөп жабылган жаагы кайра шалак дей түштү. Ал мейиттин оозун кайра жапты. Мындан эч майнап чыккыдай эмес. Ага карабай аялынын ачылган оозун бир нече жолу абайлап кайра жапты. Мындан болгону аялынын оозун тегеректеп түшкөн бырыштар кадимкидей жоголуп кеткенсип, колунан кандайдыр бир сүйүүнүн учкуну чачырап жаткансып алаканы кызып чыкты. Анын жүзүнөн өлүмдүн беткабын сыйрып салгысы келип, кызыган алаканы менен мейиттин жүзүн бир нече жолу шашпай аярлап сылап чыкты.

Анан жүзү кадимкидей жумшара түшкөн жубайынын мейитин тиктеп дагы бир топко дейре селейип олтурду.

Сырттан кайненеси менен балдызы кирип келди.

- Поездде жол жүрүп чарчаган чыгарсың, балам. Биртке өзөк жалгап, анан бир аз эс алсаңчы, – деп күйөө баласын көрүп ичи эңшериле түшкөн кайненеси сүйлөп баратып, мейиттин жүзүн көрүп чочуп кетти: – Ой!... Бул эмнеси, ботом?!

Өлүү жаткан кызынын тамылжып нурдана түшкөн жүзүн көргөн кайненеси эмшеңдеп ыйлап бирдемелерди айтып жатты:

- Адам жаны баарыбыз үчүн белгисиз табышмак. Бечара кызым сенин келишиңди күтүп, өлсө да жанын оозуна тиштеп жаткан тура курган. О, Кудай! Сен тиктеп койсоң, жүзү тирилип кеткенсип кадимкидей кулпура түшкөнүн карасаң. Асылкеч жарыңды бир көрүп, арманың сууп калгандыр, каралдым кызым. Жакшы жат эми, Ай кызым... Тынч укта эми, бал кызым...

Эжесинин тириле түшкөнсүгөн каректерин жоодур көздөрү менен карап турган карагат көз балдызы муну укканда, эчкирип ыйлап жиберди.

1925 – жыл

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз