О'Генри: Акыркы жалбырак

  • 21.06.2024
  • 0

* * *

Вашингтон аянтынын батыш тарабындагы кичинекей кварталдын көчөлөрү башаламан болуп, бири-бири менен кесилишип, чырмалышкан тар жолдор аркылуу кыска тилкелерге бөлүнүп турчу. Бул жолдор кызыктай бурчтарды жана ийри сызыктарды түзөт. Кээ бирде бир эле көчө өзү менен өзү кесилишкен учурлар жолугат. Белгисиз бир сүрөтчү бул көчөнүн абдан баалуу касиетин табууга жетишкен. Ал сүрөттө боёк, кагаз жана кенеп үчүн карызын алганы бара жаткан дүкөнчү ошол эле көчөдөн өзүнө жолугуп, карызынын бир да центин албай, кайра кайтып бара жатканын көрөсүң!

Ошентип, искусство адамдары кокусунан Гринвич айылындагы түндүктү караган терезелери, 18-кылымда жабылган чатырлары, голландиялык мансарддары жана арзан батирлери бар өзгөчө конушту таап алышты. Анан Алтынчы авенюден бир нече калай кружканы жана бир-эки мангалды көчүрүп келип, «колонияны» негиздешти.

Сью менен Джонсинин студиясы үч кабаттуу кирпичтен жасалган үйдүн үстүнкү кабатында жайгашкан. Джонси Джоаннанын эркелетип айтылган ысымы. Бири Мэйнден, экинчиси Калифорниядан келген. Алар Вольма көчөсүндөгү ресторанда дасторкон үстүндө жолугуп, искусство, чачыраткы салаты жана модалуу көйнөктөр жөнүндөгү көз караштары толугу менен дал келгенин байкашкан. Натыйжада, жалпы студия жаралган эле.

Бул окуя май айында болду. Ноябрда колонияны дарыгерлер “пневмония” деп атаган бейтааныш оору тооруп, муздак манжалары менен тигил же бул адамга кол салып жүрдү. Бул канкор чыгыш тарапты бойлой, тайманбастык менен басып кирип, ондогон адамдарды курмандыкка чалып жаткан, бирок бул, кууш, мох баскан аллеялардын лабиринтинде анын кадамы бир аз чалыштай түштү.

Пневмония мырзаны эч кандай эр жүрөк кары мырза деп айтууга болбойт эле. Бирок Калифорниядан келген аз кандуулукка чалдыккан кичинекей кыз кызыл муштум, демди кысып муундурган бул москоол карыга татыктуу атаандаш боло албады. Ал аны көтөрүп чапты, Джонси сырдалган темир керебетте голландиялык терезенин торунан кирпичтен салынган кошуна үйдүн калың дубалын тиктеп кыймылсыз жаткан.

Бир күнү эртең менен бушайман болгон доктур агарып бара жаткан каштарын серпип, Сьюну коридорго чакырды.

– Анын бир мүмкүнчүлүгү бар... айталы, ондун бири дейли – деди ал термометрдеги сымапты силкип жатып. – Алибетте, өзү жашагысы келсе гана. Биздин бүтүндөй фармакопеябыз адамдар табыт жасаган ишкердин кызыкчылыгын көздөй баштаганда маанисиз болуп калат. Сиздин кичинекей айымыңыз эч качан айыкпайм деп чечти. Анын эмне кыялы бар болду экен?

– Ал... Неаполь булуңун боёк менен тарткысы келген.

– Боёк мененби? Болбогон иш! Анын жан дүйнөсүндө, ойлонууга татыктуу бир нерсе барбы, айталы, эркектер жөнүндө?

– Эркектерби? – деп сурады Сью, анын үнү ооз кыяктын үнүндөй сызылып чыкты. – Чын эле эркектер алар тууралуу ойлонууга татыйт дейсизби... Жок, доктур, анын андай кыялы жок.

– Анда ал жөн эле алсырап калган экен, – деп чечти дарыгер. Мен илимдин өкүлү катары колумдан келгендин баарын жасайм. Бирок менин бейтабым өзүнүн жаназасындагы сөөк коюу кызматынын унааларын санай баштаганда, менин дарыларымдын күчү элүү пайызга жоголот. Эгер сиз аны жок дегенде бир жолу ушул кышта кандай стилдеги көйнөктөр кийилерине кызыктыра алсаңыз, мен сизге кепилдик берем, анын айыгууга болгон мүмкүнчүлүгү ондон бирге эмес, бештен бирге чейин көтөрүлөт.

Дарыгер кеткенден кийин Сью устаканага чуркап кирип, жапон кагаз салфеткасы эзилгиче ыйлап алды. Анан ал чечкиндүүлүк менен көңүлдүү ышкырып, Джонсинин бөлмөсүнө сүрөт тактасын көтөрүп кирип барды. Джонси жууркандан араң көрүнгөн жүзүн терезе тарапка буруп жаткан. Сью Джонси уктап жаткан экен деп ойлоп, ышкырганын токтотту.

Ал сүрөт тактасын орнотуп, журналда жарыяланган окуяны тарта баштады. Жаш сүрөтчүлөр үчүн искусствого жол журнал аңгемелерин иллюстрациялоо менен башталат, алар аркылуу жаш авторлор адабиятка жол ачышат. Жарашыктуу шым кийген жана көзүнө монокл тагынган Айдахолук ковбойдун фигурасын тартып жатып, Сью бир нече жолу кайталанып акырын чыккан шыбырды укту. Ал шаша басып керебетке жөнөдү. Джонси көзүн чоң ачып алыптыр. Ал терезени карап: он эки, он бир, он, тогуз, сегиз, жети – деп улам токтоп, алсыз үнү менен артты карай санап жаткан экен.

Сью терезени карады. Санагыдай ал жактан эмнени көрдү экен? Болгону ээн, күңүрт короо жана жыйырма кадам аралыкта кирпичтен салынган тамдын калың дубалы. Тамыры чирип, сөңгөгү саргайган эски чырмоок кыш менен көтөрүлгөн дубалдын жарымына чейин оролуп алыптыр. Күздүн муздак жели чырмооктун сабагынын жалбырактарын үзүп, жылаңач калган бутактар эскилиги жетип четинен кемириле баштаган кирпичтерге жармашып алышкан.

–Ал жакта эмне бар экен, жаным? – деп сурады Сью.

— Алты, — деп улантты Джонси, үнү араң угулуп. Эми алар тезирээк түшө башташты. Үч күн мурун алар дээрлик жүзгө жакын эле. Санап жатып башым айланган. Азыр оңой болуп калды. Мына, дагы бирөө учуп кетти. Азыр бешөө гана калды.

– Эмнени айтып жатасың, эмненин беши калды, жаным? Сьюдиңе түшүндүрүп берчи.

– Чырмооктун жалбырагы... Акыркы жалбырак түшкөндө мен өлөм. Мен муну үч күндөн бери билем. Дарыгер сага айткан жокпу?

– Мындай болбогон сөздү биринчи жолу угуп жатам! – Сью кыйкырып жиберди. Эски чырмооктун жалбырактарынын сенин ажалың менен кандай тиешеси бар? А сен бул чырмоокту абдан жакшы көрчү эмес белең, эси жок кыз! Тантырай бербе. Бүгүн мага доктур сени жакында айыгып кетет деп айтты...кечирип кой, ал эмне деди эле?..Аа, ал сенин мүмкүнчүлүгүң ондун бири деген. Бирок бул Нью-Йорктогу ар бирибиздин трамвайда же жаңы үйдүн жанынан өтүп бара жатканда кырсыкка кабылып калуу мүмкүнчүлүгүнөн көп эмес. Андан көрө бир аз сорпо ичкенге аракет кыл жана Сьюдиңе сүрөттү тартып бүтүрүүгө уруксат бер, ал аны редакторго сатып, оорулуу курбусуна шарап жана өзүнө чочконун этинен жасалган котлет сатып алсын.

—Мындан ары шарап сатып алуунун кажети жок, – деп жооп берди Джонси терезени тиктеген калыбында. – Мына дагы бири түштү. Жок, мен сорпо ичпейм. Ошентип, төртөө гана калды. Мен акыркы жалбырак кантип түшкөнүн көргүм келет. Андан соң менин да ичээр сууум, көрөр күнүм бүтөт.

– Джонси, жаным, – деди Сью анын үстүнө эңкейип – менин жумушум бүткүчө көзүмдү ачпайм, терезени карабайм деп сөз бересиңби? Иллюстрацияны эртең беришим керек. Мага жарык керек, болбосо парданы түшүрүп коёт элем.

– А сен башка бөлмөдө тартсаң болбойбу? – деди Джонси жактырбагандай.

– Мен сенин жаныңда болгум келет, – деди Сью. – Анан калса, мен сенин бул  жалбырактарды карашыңды каалабайм.

– Бүткөнүңдө айтып кой, – деди Джонси кулап түшкөн айкелдей кубарган жүзүндөгү кыймылсыз көздөрүн жумуп, – анткени мен акыркы жалбырак кантип түшөөрүн көргүм келет. Мен күткөндөн тажадым. Ойлоно берип чарчадым. Мен өзүмдү кармап турган нерселердин баарынан бошонуп, ушу байкуш, чарчаган жалбырактардын бири сыяктуу ылдый карай учкум келет.

– Уктаганга аракет кыл, – деди Сью. – Берманды чакырып келишим керек, мен аны алтын издеген селсаяктын элесинде тартайын дегем. Бир мүнөткө жетпей барып келем. Мен келгиче кыймылдабай жат.

Карт Берман алардын студиясынын астындагы биринчи кабатта жашаган сүрөтчү болчу. Ал Микеланджелонун Мусасындай, сатирдин башынан эргежээлдин денесине тармал сакалы куюлуп түшүп турган, жашы алтымыштан ашып калган карыя эле.

Искусстводо Берман ийгиликке жетише алган жок. Ал ар дайым шедевр жазгысы келчү, бирок ал аны баштай элек эле. Бир нече жылдан бери бир кесим нан үчүн көрнөк-жарнактарды, кулактандыруулар ​​жана ушул сыяктуулардан башка эч нерсе тартканга убактысы жеткен эмес. Ал профессионал, моделдердин талап кылган кымбат акысына чарк-чамалары жетпеген жаш сүрөтчүлөрдүн айткан позасына туруп берип, бир аз акча тапчу. Ичкиликти көп ичкени менен келечектеги шедеври тууралуу кыялын унутпй жүрчү. Ал өзүн эки жаш сүрөтчү кызды кайтаруу үчүн атайын дайындалган тайманбас күзөтчү катары сезген карыя эле.

Сью Берманды астыңкы кабаттагы буруксуп арча мөмөлөрү жыттанган караңгы бөлмөдөн тапты. Бир бурчта жыйырма беш жылдан бери кол тийбеген полотно мольберттин үстүндө, шедеврдин алгачкы штрихтерин кабыл алууга даяр турган. Сью чалга Джонсинин оорулуу кыялы, анын жалбырактай жеңил жана морт жаны дүйнө менен болгон назик байланышы солгундап, алардан учуп кетеби деп коркуп жатканын айтты. Көздөрү жашылдана түшкөн Берман карыя, кыздын мындай келесоо кыялдарга алдыра баштаганын жактырбай кыйкырып жиберди.

– Эмне дейт! – деди ал үнүн катуу чыгарып. – Ыя, кокуй! Ушундай да келесоолук болобу, – чириген чырмооктун жалбырактары түшкөнү үчүн өлөт деген эмне! Мындайды биринчи жолу угушум. Жок, мен сенин акмак селсаягыңдын позасында туруп бере албайм. Кантип анын башын ушундай болбогон кептер менен толушуна жол бердиң? О, байкуш кичинекей мисс Джонси!

– Ал абдан оорулуу жана алсыз, - деди Сью, – оорунун кесепетинен анын башына ар кандай оорулуу ойлор кирип жатса керек. Абдан жакшы, мистер Берман – эгер мага жардам бергиңиз келбесе, анда туруп бербей эле коюңуз. Мындан кийин... Сизди жаман карыя... алжыган чал деп эсептейм.

– Бул нак аялдын ой жүгүртүүсү! – деп кыйкырды Берман. – Ким айтты, мени сүрөтүңө тартылгым келбейт деп? Бас, кеттик! Мен сени менен барам. Жарым саат туруп берсем жетеби. Оо, Кудайым! Мисс Джонсидей татынакай кыздын ооруй турган жөнү жок. Качандыр бир убакта шедевр жазам, ошондо баарыбыз бул жерден кетебиз. Ооба, дал ошондой кылабыз!

Алар өйдө көтөрүлгөндө Джонси уктап жаткан. Сью парданы түшүрүп, Берманга башка бөлмөгө кир дегендей ишарат кылды. Ал жерден алар терезеге барып, эски чырмоокту чочулоо менен карап турушту. Анан бири-бирин карап унчукпай калышты. Сыртта суук болчу, тынымсыз кар аралашып жааган жамгыр жаап жаткан. Эски көк көйнөк кийген Берман асканын ордуна коюлган оодарылган чайнектин үстүнө алтын издөөчү селсаяктын позасында отурду.

Сью эртеси эртең менен бир аз уктап ойгонгон соң, ылдый түшүрүлгөн жашыл пардадан бакырайган көздөрүн албай тиктеп жаткан Джонсини көрдү.

– Парданы аччы, мен көргүм келет, – деп шыбырады Джонси.

Сью унчукпай баш ийди.

Анан эмне болду дебейсиңерби? Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана түнү бою басылбаган катуу шамалдан кийин, кирпич дубалда чырмооктун бир жалбырагы дагы эле турган экен, – акыркы жалбырак! Сабагы дагы эле кочкул жашыл, бирок четтери кургап саргая баштаган

жалбырак жерден жыйырма фут бийиктиктеги бутакта өлөрманданып жабышып түшпөй турат.

– Бул акыркысы, – деди Джонси. Мен түндө эле түшүп калды го ойлогом. Шамал болуп жатпадыбы. Ал бүгүн түшөт, мен да өлөм.

– Кайдагыны айтпачы! – деди Сью чарчаган башын жаздыкка жөлөп. – Өзүңдү ойлобосоң да, жок дегенде мен жөнүндө ойлоп койчу! Мен кантем?

Джонси жооп берген жок. Сырдуу, алыскы сапарга чыгууга даярданып жаткан жанга дүйнөдөгү бардык нерселер жат болуп калат сыяктуу. Джонсиге аны жашоо менен, адамдар менен байланыштырган жиптер биринин артынан бири үзүлүп жаткандай сезилип, азаптуу кыялы барган сайын ой-санаасын ээлеп бара жаткан.

Кеч кирип, күүгүм киргенде да кирпич дубалдын боорунда сабагынан түшпөй турган чырмооктун бир жалбырагын көрүштү. Караңгы кирери менен түндүк шамалы кайра башталып, жамгырдын майда тамчылары терезелерди тынымсыз черткилеп, голландиялык жапыз чатырдан ылдый кулап жатты.

Таң атаары менен кайратынан жанбаган Джонси парданы кайра көтөрүүнү буйруду. Чырмоок жалбырагы дагы эле ордунда болчу. Джонси аны карап көпкө жатты. Анан ал газ плитасына тооктун сорпосун жылытып жаткан Сьюну чакырды.

– Мен болбогон эле кыз экенмин, Сью – деди Джонси. – Бул акыркы жалбырак менин канчалык жийиркеничтүү экенимди көрсөтүш үчүн гана бутакта калтырылган болуш керек. Өзүңө өлүм тилей берүү күнөө. Эми сен мага бир аз сорпо, анан сүт жана портвейн бере аласың... Жок: адегенде мага күзгү алып келчи, анан башымды көтөрүп жаздык жөлөп кой, мен сенин тамак жасаганыңды карап отурайын.

Бир сааттан кийин ал мындай деди:

– Сью, мен качандыр бир күнү Неаполь булуңун тартам деп ойлойм.

Түштөн кийин дарыгер келди, Сью кандайдыр бир нерсени шылтоолоп анын артынан коридорго чыкты.

– Мүмкүнчүлүктөрү жакшы – деди дарыгер Сьюдинин арык, калтырак баскан колун кысып.– Жакшы кам көрсөң ооруну жеңесиң. Мен ылдыйкы кабаттагы бейтапка барышым керек. Анын фамилиясы Берман. Ал дагы сүрөтчү окшойт. Пневмония ага да жеткен сыяктуу. Ал ансыз да карыган жана өтө алсыз адам, а оорунун түрү оор. Эч кандай үмүт жок, бирок бүгүн ооруканага жиберем.

Эртеси врач Сьюга:

- Курбуңуз кудай буюрса айыгат. Сиз жеңдиңиз. Азыр ага тамак-аш жана камкордуктан башка эч нерсенин кереги жок.

Ошол эле күнү кечинде Сью эч кимге кереги жок болсо да ачык көк түстөгү моюн оргучту берилип алып токуп жаткан Джонсинин жанына барып, анын башын жаздыгы менен кошо бир колу менен өйдө кылып кучактап, ага мындай деп кайрылды.

– Мен сага бир нерсе айтышым керек, сүйүктүүм – деп баштады ал. – Берман мырза бүгүн ооруканада пневмониядан каза болду. Ал эки гана күн ооруп жатты. Биринчи күнү эртең менен дарбазачы байкуш чалды бөлмөсүнүн полдо жаткан жеринен таап алыптыр. Ал эс-учун жоготуп койгон экен. Бардык кийимдери сыгып алма суу болуп, денесине жабышып, муздап калыптыр. Анын мындай коркунучтуу түнү кайда жүргөнүн эч ким түшүнгөн жок. Бөлмөсүндө күйүп турган чыракты, ордунан жылдырылган тепкичти, бир нече колдонулган кыл щеткаларды жана сары жана жашыл боектор эзилген палитраны табышты. Терезеден карачы, кымбаттуум, чырмооктун акыркы жалбырагын. Анын шамалга дирилдеп, кыймылдабай турганына таң калган жоксуңбу? Ооба, жаным, бул Бермандын шедеври – ал аны акыркы жалбырак түшкөн түнү тарткан.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз