Алан Александр Милн: Кадимки жомок

  • 28.08.2024
  • 0

Илгери-илгери бир падыша жашаптыр, анын үч уулу бар экен. Эки улуу балдары  жалкоо жана келесоо эле, бирок  эң кичүүсү  Келбеттүү, акылдуу эле. Аны туугандарынан башка, баары жакшы көрчү.  Эгер ал шаарды аралап өтсө, эл кылып жаткан ишин токтотуп, баш кийимдерин булгалап: «Жашасын ханзаада Келбеттүү жигит!» деп кыйкырышчу. Ал бурчтан бурулуп кеткенден кийин деле, алар кайра кайрылып келеби деп үмүт кылышып, үзгүлтүккө учураган иштерине кайтпай, баш кийимдерин булгалап: «Жашасын ханзада Келбеттүү жигит!» деп кыйкырууга даяр турушчу. Мына, аны шаардыктар кандай жакшы көрүшөөрүн көрдүңөрбү.

Бирок, тилекке каршы, падыша Келбеттүү жигитке караганда улуу балдарын жакшы көрүп, бардыгын таң калтырчу: падыша үч балалуу үй-бүлөдө, айрыкча үчөө тең эркек болсо, кичүү уулунан гана урмат-сый көрөрүн билбей коймок эмес, Өзү деле үй бүлөдө үчүнчү болчу. Бирок көкүрөк күчүгүнө мамилеси такыр башкача эле.  Мунун себеби,  Келбеттүү жигиттин эл ичиндеги кадыр-баркына ичи тарыгандыгы болуп жүрбөсүн?!

Хан сарайда графиня Карамел деген кемпир жашачу, ал кичинекей кезинде Келбеттүү  жигитти  тарбиялап өстүргөн. Ханыша  өлүм алдында жатканда графиня Карамел ага жаш ханзаадага кам көрүп, анын апасын жоктотпоого аракет кылаарын убада кылган эле. Чынында эле Келбеттүү жигит  аны менен жан-дүйнөсүнүн тереңинде жаткан сырлары менен бөлүшүп, андан кеңеш алып турчу. Бир күнү эртең менен, эртең мененки тамактан кийин, кымбаттуу туугандарынын мамилелеринен тажаган Келбеттүү жигит  ага: «Графиня, мен чечим кабыл алдым. Өз тагдырымды башка жактан издейм, хан сарайдан кетем” деди.

– Мен сенден ушундай сөз качан чыгат деп көптөн бери күтүп жүргөм, – деп жооп берди кемпир. – Мына бул сыйкырдуу шакекти ал. Дайыма чыпалагыңа кийип жүр, качан башыңа кыйынчылык түшкөндө шакекти айландыр. Келебеттүү жигит ыраазычылыгын билдирди да, шакекти чыпалагына кийип, аны текшерип көргүсү келип, шакекти айландырды. Бир көз ирмемде анын алдында сакалы белден келген эргежээл бүкүр чал пайда болду.

– Каалаганыңды айт, баарын аткарам – деп кырылдады ал.

Бирок ал учурда Келбеттүү жигитте  эч кандай каалоо пайда болгон жок, ошондуктан бир аз ойлонуп туруп, колун шилтеп койду: “Бара бер”

Чал таң калып карап койду да, көздөн кайым болду.

Эң сонун деп ойлоп, көңүлү көтөрүлө түшкөн. Келбеттүү жигит сапарга аттанды. Чак түш болгондо Келебеттүү жигит  калың токойго жетип, көлөкөдө бир аз жатып, эс алып алууну чечти. Аны бирөөнүн ыйлап жаткан үнү ойготту. Ыргып туруп, элүү кадамдай нары жакта, булактын жанында алаканы менен жүзүн жаап алып, шолоктоп ыйлап жаткан керемет сулуу кызды көрдү. Ал ага жакындап келип, жөтөлүп койду.

– Каныша – деди ал, ушундай калың токойдо канышаны гана жолуктурса болоорун жүрөгү менен сезип:

 – Эмне кайгыңыз бар. Жардам керекпи?

– Чоң рахмат мырза, – деп жооп берди сулуу кыз, – мен токойдо эч ким жок деп ойлогом. Бирок, сиз жолугуп, жардам кылам деп жаткан соң, жардамыңыздан качпайын. Менин...менин бир тууган агам бар...

Бирок Келбеттүү жигит бир туугандар жөнүндө сүйлөшкүсү келген жок. Ал кулаган даракка отурду да, кызыгуу менен кызды тиктеп калды.

– Менин оюмча, ал бул дүйнөдө сизден ажарлуу айым жок, – дед ал суктануусун жашыра албай.

– Чын элеби? – деди ал кылыктана жылмайып. Айтмакчы анын ысымы Татына болчу. 

Ал жигиттен жүзүн буруп тескери карады, булактын шылдырап акканынан башка добуш угулбай теребел жымжырт эле. Жигит сөздү эмнеден баштарын билбей оңтойсузданып, чыпалагындагы шакекти кантип айландырып алганын өзү байкабай калды “Мен сизди көрөр замат...” дей баштаганда:

– Эмне жардам керек? – деп күтүлбөгөн жерден алдына эргежээл чал тура калды.

– Эч кандай жардамдын кереги жок, – деди Келбеттүү жигит жактырбай. – Мени өз жайыма кой.

– Буйрук бериңиз, мен бардыгын аткарам.

– Андай болсо кетип кал.

Жаңы кожоюнунун таң каларлык кылыктарына көнө баштаган эргежээл чал жок болуп кетти.

Бул арада өзү менен алек болумуш болуп тетир карап олтурган каныша кайрадан ага карады:

– Жүрүңүз, мен эмне жардам кылышты көргөзөйүн.

Кыз аны колунан жетелеп ичке жол менен калың токойдун ортосундагы кичинекей аянтчага алып барды. Ал жерден ханзаада менен жанаша олтуруп, өзүнү башынан өткөзкөн кайгылуу окуясын баяндай баштады.

– Бул жерден он фурлонг [1 фурлонг 600 фут, 220 ярд же 201,17 метр] алп Блундербус жашаган сепил турат. Ал—каардуу сыйкырчы. Бир нече жыл мурун мен ага турмушка чыгуудан баш тартканым үчүн ал менин... агамды... кантип айтарымды да билбейм... ташбакага...колдору менен бетин басып кайрадан ыйлай баштады.

– Эмне үчүн таш бакага? – деп сурады Келбеттүү жигит. Бул жагдайда көңүл айтуу орунсуз экенин түшүндү, бирок унчукпай да коё албайт эле.

– Анысын билбейм, оюна келгенин жасаса керек. Айтсаң... Ташбака болуу анча деле жагымдуу болбосо керек ээ?

 – А эмне себептен ал ташбакага сиздин бир тууганыңызды айлантты? Мен эмнеге сизди айлантпай, аны айланты деп айтайын деп жатам...Ал шашкалактап сөзүн улады – андай кылбаганына мен алибетте кубанычтуумун.

– Рахмат –деп жылмайды Татына көз жашын сүртүп.

– Баары бир түшүнбөйм, эмне үчүн...

– Бир тууганымды ташбакага айлантканда көбүрөөк азап тартарымды ал билгендир, –деп түшүндүрүп жатып, ал канзааданы кунт коюп карай баштады.

Эки бир тууганы бар Келбеттүү жигитке анын айтканы түшүнүксүз эле. Анын жүзүндө таң калуунун издери пайда болду.

 – Ой, кандай себеп болгонунун эмне мааниси бар эле, – деди кыз үнүн бийик чыгарып, канзаада бир нерсе деп айтайын деп бара жатканда, – бул алптардын мээсинде эмне бар экенин ким билет? Мен билбейт экенмин.

– Келбеттүү жигит  анын колунан өптү. Ал башында оор кайгы турган ушундай керемет сулуу кызды суракка алып жатканын ойлой калып уялып кетти.

– Айтыңызчы, менден кандай жардам керек?

– Мен бир тууганым менен ушул жерден жолугушум керек эле. Ал дагы кечигип жатат, – деп үшкүрдү каныша. Ал мурда абдан так болчу.

– Бирок мен ага кантип жардам бере алам? – Келбеттүү жигит тактап сурады.

– Бул абдан жөнөкөй. Ага коюлган сыйкырды жок кылуунун жалгыз жолу – алпты өлтүрүү. Бирок, сыйкыр жети жылдын ичинде жок кылынбаса, ал түбөлүккө кала берет.

Анан башын ийип ыйлап жиберди.

– Ал эми жети жыл бүгүн күн батканда бүтөт.

– Түшүндүм, – деди Келбеттүү жигит ойлуу.

– Мына, менин бир тууганым, – деп кыйкырып жиберди Татына.

Аянчага зор Ташбака акырын жылып келе жаткан. Татына алдынан тосуп чыгып Ташбаканы моюнунан кучактап, анан канзаада менен бир тууганын бири-бирине тааныштырып, абалды түшүндүрдү.

– Абдан жакшы – деди Ташбака башын ийкеп. Сепилди оңой эле табасыз. Бул чөлкөмдө башка сепил жок, а Бландербас үйүндө болуш керек. Аны өлтүрсөңүз мени кандай бактылуу кыларыңызды сөз менен айтып бере албайм. Бирок...аны кантип жок кыласыз... акылым жетпейт...

– Мага жардам берчү жолдошум бар, – деп Келбеттүү жигит чыпалагындагы шакекти кармалап койду.

– Жакшы, башкаларга караганда сизге ийгилик жылмаярына үмүт кылалы.

– Башкаларга дейсизби?

– Келбеттүү жигит таң кала түштү.

– А сен бул тууралуу айткан жок белең?

– Эсимден чыгып кетиптир, – Татына бир тууганынын сөзүн жактырбагандай карап койду.

– Мейли, азыр майда-чуйдасына чейин айтып отура турган кез эмес, – деп макул болду Ташбака – Бирок, жолго чыгардан мурда сизге өзүнчө айтар бир ооз сөзүм бар. Ал четке жылып чыкты, канзада анын жанына келгенде анын кулагына шыбырады:

– Айтыңызчы, сиз ташбакалар тууралуу эмне билесиз?

– Көп деле билбейм, болгону...

– Балким алар эмне менен тамактанары тууралуу билип жүрбөңүз?

 – Жоок... билбейт экемин.

– Караң калгырдыкы, эмне үчүн баары эле билишпейт! Кай бирлери болбогон бир кеңештерди беришти. Эт жана боордон жасалган пудинг...креветка менен сендвич, майга куурулган токоч... Оо кудай! Креветка менен сендвич жеп алып таң атканча кыйналып чыктым. А тиги келесоо үйүндө өмүр бою ташбака кармаганын айткан!

– Чынын айтсам ташбакалардын диетасы жөнүндө сизди көбүрөөк билет го деп ойлогом.

–Андай акылдуу ойлорду башкалар да айтышкан – деди Ташбака какшык аралаш үн менен. Бландербас алдыма доска коюп, бор камдап алып ташбакалар эмне жээри, анын адаттары жөнүндө лекция өтүп, андан соң токойго коё берди деп ойлойсузбу? Жок андай эмес. Ал денемди өзгөртүп, а мээм менен жанымды мурдагы боюнча калтырды. Иче-кардым ташбаканыкы, ал аябай назик, бирок ойлонгонум адам сыяктуу болуп жатпайбы. Андай болбогондо ташбака боюнча калганга деле макул элем.

– Мен эч качан бул тууралуу ойлобоптурмун.

– Менден башка муну эч ким ойлонбойт. А мен андан башка эч нерсени ойлой албайм.

Ташбака унчукпай калды да, андан кийин ишенген адамына кайрылгандай сөзүн улантты:

– Азыр ром менен куурулган жумуртканы жеп көрөм. Эмнегедир бул деле ташбакаларга жакпачудай сезилет, бирок байкап көрүш керек. Сиз ром менен куурулган жумуртка ташбакаларга зыяндуу деп уккан жок белеңиз?

– Ал жөнүндө ойлоп башыңызды оорутпай эле коюңуз –деди ишенимдүү Келбеттүү жигит, – Кечке чейин адам кебетесине келип каласыз.

Ал ташбаканын жонунан таптап Татына менен барып башын ийип коштошту да жөнөп кетти. Жалгыз калганда канзаада ойлонуп отурбай шакекти айлантты. Ошол замат эргежээл чал пайда болду.

– Бүгүн дагы мурдакыдай элеби? – деп ал бурулуп кетүүгө камданды.

– Жок, жок. Токто. Бүгүн сенсиз иш бүтпөйт, –деп бир саам ойлоно түштү.

– Мага алптарды өлтүрө турган кылыч керек.

Көз имемде анын алдында кылыч жатты.Келбеттүү жигит аны жерден алып карай баштады.

– Бул чынында эле сыйкырдуу кылычпы?

– Биринчи эле чийин ажал алып келет, –деп ишендирди эргежээл чал.

Мизин бармагы менен текшерип көргүсү келип жаткан Келбеттүү жигит колун тез тартып алды.

 Эми кийгенде көрүнбөй калчу плащ бер.

–Мына, муну кийген киши душманына көрүнбөйт.

– Дагы...бир кадам шилтегенде жети милге жеткизкен өтүк... Рахмат. Бүгүнчө ушулар жетет.

Эргежээл көздөн кайым болду, Келбеттүү жигит бут кийимин чечип, бутуна сыйкырдуу өтүктү кийди, кылычын көтөрүп, плащын жамынып, Татынанын өтүнүчүн аткарууга жөнөдү. Бирок жүз кадам да шилтей элек эле, капысынан башына бир ой келип, токтоого аргасыз болду.

“Азыр турган жерим Блундербасс сепилинен он фарлонг алыстыкта ​​жайгашкан. Ал эми менин жети милдик өтүгүм бар... башкача айтканда, мен дээрлик жети жүз миль басып өттүм, а 1 миль 1609 метрге барабар. Демек, артка кайтыш керек,” – деп кадамдарын санап артка кайтып, кайра баягы токойго келип калды.

– Кандай, келип калыңбы? – деп сурады сүйкүмдүү ханбийке. – Сен аны өлтүрдүңбү?

– Жок, – Келбеттүү жигит күбүрөнүп койду, – азырынча жок. Мен... машыгып жатам. Көрдүңбү, – анын үнү ишенимдүү чыкты, – мен жаңы өтүк кийдим жана...

Татынанын муздак көз карашы аны майда-чүйдөсүнө чейин айтпай токтоого аргасыз кылды.

– Сизге ант берем, ханбийке, эми мен сага анын башын алып келмейинче кайрылбайм.

Ал сепилди көздөй жөнөп, бирок бул жолу да анын үстүнөн аша секирип өтүп кетти. Ал артка чегинип, кайрадан ханбийкенин алдында турду.

– Башты алып келдиңби? – деп сурады Татына.

– Мен... жолдон түшүрүп алсам керек, – Келбеттүү жигит өзүнүн бош колдоруна таң калгандай карап койду. "Азыр алып келем..." деп бир кадам басып, көздөн кайым болду.

Сепилдин ары алты чакырым жерде ​​ханзаада олтуруп алып, терең ойлонду. Күн батканга эки саат калды. Сыйкырдуу өтүк болбосо, сепилге жетүүгө үлгүрбөй калышы мүмкүн. Анын алдында турган милдет жөнөкөй эле: тең жактуу үч бурчтук чийип, анын негизи аны менен сепилди бириктирүүчү түз сызык болушу керек, каптал жактары анын эки кадамына барабар...Бирок мунун баары Евклидге чейинки мезгилде болуп жатпайбы.

Ошондой болсо дагы Келбеттүү жигит  максатына жетти. Бир кадам түндүккө, экинчи кадам түштүк-батыш тарапка, ошол жерден сепил абдан жакын эле, эки-үч фарлонгду өтүгүн колтуктап басып өттү. Ал дарбазанын алдына токтоду, билесиңерби, конокко байпакчан келүү ыңгайсыз, бирок өмүр менен өлүм маселеси чечилип жатса, этикетке түкүрүп коюга болот деген жыйынтыкка келди. Анын үстүнө алп аны баары бир көрбөйт да. Ошентип, сыйкырдуу чапан кийип, колуна сыйкырдуу кылыч алып Келбетүү жигит дарбазадан кирди. Бир саамга жүрөгү токтоп калчудай сезилди, бирок көзүнө элестей түшкөн ханбийкенин элеси ага кайрат берди...

Алп каминдин алдында тизесинин ортосуна бутактуу союлду кыпчып отурган экен. Келбеттүү жигит залга кирип келери менен ал артына бурулуп, таң калып бакырып жиберди да, жаңы келген немени жакшыраак көрүш үчүн эңкейип карап, чалкалай калып каткырып жиберди. Көлөмү менен айырмаланган көпчүлүк адамдардай эле ал боорукер болчу, бирок кээде өтө өжөрлүгү бар эле. Ташбака менен болгон бул окуя анын эң жакшы жана эң жаман жактарын эң сонун мүнөздөгөн.

– Эмне үчүн байпакчан жүрөсүң? – деп сурады ал Келбеттүү жигиттен. – Бул жерде уктап жаткан эч ким жок.

Ханзаада селее түштү.

– Сен мени көрүп жатасыңбы? – деп таң калып сурады ал.

– Албетте, көрүп жатам! Мен сепилиме байпакчан кирген адамды байкабай калат деп ойлойсуңбу? Бул боюнча эл арасында болсоң да сага көңүл бурмакмын!

–  Шүмшүк эргежээл! – Келбеттүү жигит жини келгенинен кыйкырып жиберди. Ал плащ мени душмандарымдын көзүнөн жашырат деп ант берген.

– Демек, биз душман эмеспиз, – деп жылмайып койду алп. – Сен мага жагып турасың. Сенде бир нерсе бар ...тартынбай сепилге кирип келгенин кара ... Мен бул көрөр замат пайда болгон махабат деп ойлойм.

– Демек, ал мени алдаптыр!

– Жок, жок, кеп анда эмес. Плащтын астындагы нерселер чындап эле көрүнгөн жок. Бирок денеңдин кээ бир бөлүктөрү ачык. Кандай күлкүлүү көрүнүп жатканыңды элестете да албайсың. Баш, эки бут, бир жуп чыканак...

Бирок Келбеттүү жигит куру сөздөн тажады. Сыйкырдуу кылычты кынынан сууруп чыгып, жараксыз плащын ыргытып жиберди да, ал Бландербусту качырып барып, кылыч менен балтырга чапты.

– Жеңиш! – деп кыйкырды ал кылычын башынан бийик көтөрүп. – Сыйкыр канышанын бир тууганынан алынып салынды!

Алп аны толук бир мүнөт карап турду. Анан күлкүдөн бүт денеси титиреп отургучка жөлөндү.

– Анын бир тууганыбы! – Демек, ушундай турбайбы... Анын агасы! – көзүнөн жаш аккыча күлүп, жерде оонап жатты. Ал күлө берди, күлө берди...күлө берди–  Анын бир тууганы имиш! Ооо... Мен өлүп бара жатам! Анын б-р-р-р! Анын б-б-б-б... анын б-б-б-б...

Келбеттүү жигиттин  башына чагылган түшкөндөй эле болду. Ал шакекти айландырды.

– Эмне керек? –  деди эргежээл кыркырап.

– Дароо үйгө кайткым келет.!.. көчөлөрүндө баары мени тааныган жана мени сүйгөн өз шаарыма тез жеткир!.

Бир сааттан кийин каныша Татына менен анын бир тууганы болуп чыкпаган ханзаада Удо бетме-бет сүйлөшүп турушту. Татынанын кыялдары түтүндөй тарап жок боло баштады.

– Сен өзгөрүп кетипсиң, – деди ал.

– Ооба, мен азыр таш бакага такыр окшобойм, – деп жооп берди Удо.

– Жети жыл мурун кандай болгонуңузду айтып жатам. Сиз абдан салмак кошуп алыптырсыз.

– Сүйкүмдүүм, сен үчүн деле убакыт да токтоп калбаптыр.

– Бирок, сиз мени күнүгө көрүп, сүйгөнүңүздү жашырчу эмессиз да.

– Эми... у... – Удо тайсалдай түштү.

– Демек сен мени сүйчү эмес белең?

– Билесиңби... албетте, мурунку келбетиме кайткым келчү, бирок сен... демекчи, биз... сен бири-бирибизди сүйөбүз деп ойлоп жүрдүң... сен, албетте, мага жардам берүүгө аракет кылдың...Ал эми азыр...

– Сен карып, чачың түшүп калыптыр. Буга чейин кантип байкабай калдым экен?

– Мен таш бака болгондуктан байкай алган жоксуң, – деп жооп берди Удо. Бирок Ташбакалардын жаш ченеми боюнча мен абдан жаш болчумун. Түшкөн чач жөнүндө айтпай эле коёюн. Ташбакада кайдагы чач?

– Менимче, – деди Татына акырын, сөзүн кылдат тандап, – акыркы бир-эки күндүн ичинде сен абдан өзгөрүп кеттиң.

Келбеттүү жигит үйүнө түшкү тамактын убагында кайтты. Эртеси эртең менен ал көчөлөрдү кыдырып, шаардыктардын кубануу менен учурашкандарынан ырахат алып жүрдү: аны шаардагылардын баары жакшы көрүшчү, жакындарынан башкасы.

Бландербус болсо сепилинде өлүп жатты. Анын сыйкырдуу кылычтан өлтүрүлгөнүн сиз да, мен да жакшы билебиз, бирок алптын өлүмү кызык уламыштын жаралышына себеп болду. Эгер кимдир бирөө кошунасына өзгөчө күлкүлүү тамаша кеп айтса, экинчиси: «Кой, токтот бул кебиңди! Мен азыр күлүп жатып өлүп калам! – анан көзүнүн жашын сүртүп, үшкүрүнүп кошумчалачу: Бландербус сыяктуу.

Которгон Абийрбек Абыкаев.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз