Өмер Сейфеддин: Шиш така

  • 01.09.2024
  • 0

Хатиже айым эрте жесир калган бардар аял эле. Ал он үч жашында алтымыш жаштагы кишиге турмушка чыккандыктан “үлпөт” деген нерсени жек көрчү. Акылына уюган эркектин жийиркеничтүү, ыплас, жексур сөлөкөтүнөн арылганына 10 жылдай болгон. “Азыркы жаштар башка!” дегендерге:

- Кудайым-ай! Алар бир күнү карыбайт бекен? Ошондо алардын азабын ким тартат? –деп кыйкырып чыгат.

Анын эң башкы талабы – тазалык жана чынчылдык эле.

Кызматчысы Элени жана асырандысы Гүлтер менен бирге ар таңда Гөзтепедеги сарайын жышып-кырып, дарыканадай мизилдетип тазалашат. Ашчысы Мехметти күндө сакал-мурутун алууга мажбурлайт. Бечара болулук (жердин аталышы) жигиттин баштан-аяк ак кийишин талап кылат. Элени да, Гүлтер да Кудайдын жердеги периштесиндей пакиза, ары чынчыл эле. Эшиктери бекилбей, акчасы ачык жерде турчу. Айрыкча Мехметтин чынчылдыгына сөз жок. Ал сүйлөшүп жатканда көзүн ала качып, адамды тик карай алчу эмес. Хатиже айым сарайдан эч жакка чыкпагандыктан, кызматчыларын үстөкө-босток текшерүүдөн жадабайт. Ал дайыма бөлмөлөрдү кыдырып, бир чатырга чыгып, бир ашкананы көзөмөлдөй берчү.

- Мен сыяктуу болгула! Мен кимдир бирөө менен көрүшүп жатамбы? Силер да коңшулардын кызматчылары, батирчилери менен сүйлөшпөгүлө.Азыр адамга ишенүүгө болбойт, сагызгандай сак болгула! – деп эскертти. 

Бул кеп-кеңешти Мехмет да мээсине бекем түйдү. Короодогу ашканага коноктор, жердеш-пердеш, атүгүл чоочун мышыкда кире алчу эмес. Хатиже айым күнүнө, балким, он жолу түшүп, Мехметти казан башындажалгыз отурганын көрчү.Хатиже тазалыкменен чынчылдыктан тышкары бийик такалуу бут кийимдерди да жакшы көрөт. Ал сулуу, толмоч жана зарделүү аял. Бирок бою өтө кыска болгондуктан, үйдүн ичинде да узундугу бир карыштай така кийип жүрөт. Бир күнү буттары жанын кыйнай баштады. Ал буттарын эс алдырбай өйдө-ылдый тынбай чыгып-түшө берди. Акырында башы айланды. Чакырган дарыгери эч кандай дары берген жок:

– Бардык кыйналганыңыздын негизги себеби ушул такада, айым. Буларды чечип салыңыз. Анын ордуна жүндөн жасалган жумшак жана ыңгайлуу тапочка кийиңиз. Ишенип коюңуз, сен көр, мен көр тез эле өтүп кетет, – деди.

Хатиже айым дарыгер сунуштаган тапочканы алдырды.
Ал чындапыңгайлуу эле. Эки күндө башы айланганытарады. Тизеси менен балтырындагы оору басылды. Бирок денеси ордуна келгенден кийин, анын жан дүйнөсү катуу запкы чекти. Тогуз жылдык кишилери күтүлбөгөн жерден эки күндүн ичинде адепсиздигин көрсөтүштү. Ал Эленинин өз тиш щеткасы менен тишин жууп жатканын, Гүлтердин кампадагы кыям банкасын бошотуп жатканын көрдү. Ал эми Мехметти эт күнү болбосо да, куурулган котлеттердин бир бөлүгүн сугунуп жаткан жерден кармады.

- Кудайым, буларга эмне болгон? Үчөөнү кайсы кара теке сүздү? – деп жаны кашайды. Ал бир жуманын ичинде өз кызматчыларынын он бештен ашык кылмышынын үстүнөн чыкты. Айрыкча, Мехметтин коңшу пашанын аскерлери менен чоң табакка палоо жеп отурганын көргөндө каны кайнап, эмне кыларын билбей башы катты. Ал ошол күнү баарын кулпулап, ачкычын катып алды.

— Эми алар эмнени уурдаарын көрөлү? – деди. Чынында уурдай турчу деле эч нерсе жок. Эртеси бир аз кечирээк ойгонуп, ылдый түштү. Элени менен Гүлтерди ордунан тапкан жок. Ал ашкананы көздөй жөнөдү. Көзү ачык турган эшикке урунгандажүрөгү токтопкалайын деди. Мехмет мештин жанындагы кыска отургучта бир тизесине Эленини, экинчисине Гүлтерди мингизип, күрөктөй колдору менен экөөнү белденбек кучактап отурганын көрдү. Хатиже айым бул бетпактардын маскаралыгын көрбөө үчүн дароо көзүн жумду. Бирок кулагын жаба албагандыктан, эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын укпай коё алган жок.
Мехмет мындай деди:
- Гүлтер, эми момпосуй алып келбейсиңби?
Гүлтер:
- Баарын кулпулап койду, эми эмне кылышым керек!? – деп кейиди.
Мехмет Элениге кызыктай тултуңдап:
- Түндө эмнекелген жоксуң? Сени халва жасап күттүм!
Элени ага жооп катары:
- Бизкармалып калсак! Анан айым бизди кууп жибермек, – деди.

Ортодогу сөз барган сайын кызыды. Жүрөгү дүкүлдөгөн Хатиже айым көзүн ачпай, кулак төшөй берди. Гүлтер:
— Оо, бул тапочкалар! Биздин бардык ишибизди бузду. Аялдын басканы эч эле угулбай калды. Эмне кылсак да кармалып калып жатабыз. Мурда жакшы болчу. Баскан-турганын үйдүн үстүнкү кабатынан да угуп турчубуз – деди.

Кеп кызыганда, Хатижекызматчыларынын өзү көрбөгөн башка жосунсуз жоруктары тууралуу укту. Акырында чыдамы түгөндү. Ал көзүн ачып:
- Арамдар, уурулар, абийирсиз акмактар! Үйүмдөн азыр чыгып кеткиле! – деп кыйкырды. Тогуз жылдык ишенимдүү кызматчыларын дароо кууп чыкты.

Ашпозчу, кызматчы, үйгө канча адам алса да, баары бирдей уятсыз, ууру, адепсиз болуп чыгышты. Ал эки жыл бою адамгерчиликтүүсүн жолуктура алган жок. Жетиштүү байлыкка эгедер болуп, эч кандай көйгөйү жок болса да, бул кызматчы кайгысынан алсырап, соолуп баратты. Андай болбойт окшойт! Баягы туфлисин кайра кийди. Эми кызматкерлеринин уурулугун, жамандыгын, абийирсиздигин көрбөй турган болду.

Хадиженин жүзү кубарды. Чынында башы кайрадан айлана баштады. Бирок үнү угулбаган, такасыз бут кийимкийе турганын түшүнүп, дарыгерге кайрылган жок:
- Эч болбогондо азыр жүрөгүм тынч, – деди.

Түрк тилинен которгон Жолдубек КАЧКЫНБАЕВ

 

 

 

 

 

 

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз