Жаңыл Мырзалы: Эл сөзүнө эмес, келин көзүнө караган кайнене

  • 19.07.2025
  • 3337

АҢГЕМЕ

– Келчи, кызым, дасторкондо сага өз колум менен куюп берер чайым бар, — деди кейненеси бу жолу.

Айгүл далистен суу куюп келип, кайненесинин жанына ыктай отурду. Кайненеси аны келин дебейт, кызым дейт дайыма. Айгүл да бул үйдүн босогосун аттаган күндөн эле өзүн бөтөн сезген жок.

Кемпир унчукпай отурганын баамдаган Айгүл кайненесине жадырай карады.

– Апако-ов, эмне ой басып калды сизди? – өз апасынын боюна асылгандай асылды кайненесинин бооруна башын жөлөй.

– Жүрөгүмө так салган эски заманымды эстесем… – Кайненеси үшкүрүнүп улады кебин. – Сенин жашыңда өз кайненемдин заар үнүнөн коркуп, көзүн карап сүйлөй албаган келин экенимди эми ойлосом, кеп өзүмдө тура...

Айгүл унчукпай тыңшады. Өз тагдыры да жүрөгүнө так салды го...

Айгүл анда университетти бүтүп, айылдагы ата-энесине барган күнү эле коңшу айылдын жигиттери аны ала качып кетишкен. Чоочун үйдүн босогосун аттаганда эле «таш түшкөн жеринде оор» дешип, башына жоолук салган катын-калачтар туш-тушунан жулмалап, күч менен отургузушкан көшөгө ичине.

Байбичелерге ыйбаа көрсөтүп, кары адамдарга баш ийип көнгөн кургур аргасыз чыдап, баары убактылуудай көрүнгөн. Чоочун бүлөгө башымды байлап бербейм деп аргасыз дымыган. Ата-энем артыман кууп килишер деген үмүтү да таш капты. Кудалар мурда эле убадалашып, Айгүлдүн шаардан келер күнүн күтүп жүрүшкөн тура көрсө… 

Чыдап жашап жүрдү. Жашоо жанына батты. Өзүн эч ким түшүнбөгөн дүйнөдө баарын өз ичине катып жашоо оорлоду… Бир күнү өжөр чечимге келди да, айтпай-дебей шаарга жашыруун качуунун аргасын тапты. Баса берди. Ошондон кийин гана ал өзүнө кезигип, өз бактысын тапты: адам кейпинде жашоону каалаганы үчүн… Аскарды ошондо жолуктурду. Анын көздөрүнөн таң каларлык жылуулукка кабылды. Айгүл өзүнө тең адамды дал ушунча жыл күткөн...

Сейил бакта кечкурун Аскар сөз баштады бир күнү:

– Айгүл, адам өмүрү кайталанып берилбейт. Сенин өткөн турмушуң – сенин күнөөң эмес. Өткөнгө өкүнбө. Мага азыркың кымбат.

– Мен сага татыксыз болуп калсамчы… – Айгүл муну биресе чочулоо, биресе Аскарга болгон ыраазычылыгы үчүн айтты.

– Сен эмес, мен сага татыктуу болсом экен. Үй-бүлө курууга татыктуу адам болсом дейм...

Айгүл эмне жооп кайтарарын билбеди. Болгону көзүнөн жаш эмес, жылуулук агызды Аскардын жоон билегине. Экөө ошентип баш кошуп калышты.

Айгүлгө бул кайнене ошентип буюрду.

– Апа, мен сизге ыраазымын.

– Кызым, садагаң кетейин... билип жүр, – деди кемпир келинин маңдайынан сылап: – Сен мага жат эмессиң, жаным менен бирге бүткөн жалгыз баламдын өмүрлүк жарысың. Болду… Мага андан башка эч нерсе артык эмес. Экөөңөр маңдайымда кош данектей ажырагыс болгула. Оомийин! – Кайнене менен келин бактылуу жашоо үчүн бата кылышты…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз