
Экинчи китеп
1. Жаңы күндү тосуп алганда күн сайын майда чырлар, ырайымсыздык, уятсыздык, алдамчы адамдар жана ач көздүккө баткан жандар менен жолугушарыңды билишиң керек. Бул адамдардын кылык-жоруктары жакшылык менен жамандыктын чыныгы табиятын билбегендиктен чыккан. Бирок мен жакшылыктын сулуулугун, жамандыктын уятсыздыгын, араздашкан адамдар менен мага каны, уругу, акыл-эс жана Теңирдин кудурети аркылуу байланыштуу экендигимди түшүнөм.
Мен алардын жүрүм-турумунан зыян тартпайм, андыктан алар да мени уятка калтырчу иштерге кыйбайт. Жакындарыңа нааразы болуп, алардан алыс кете албайсың. Биз бир максат үчүн жаралганбыз; кол менен буттай, каш-кирпиктей, үстүңкү жана алдыңкы тиштердей. Башка адамдарга каршы турууну табигатка каршы чыгуу катары кабыл алса болот, нааразычылык билдирүү же алыстоо – бул каршы турууну билдирет.
2. Мен ким болбоюн, мен материалдык денеден, дем алуудан жана аны башкарган маңызымдан, башкача айтканда, жан-дүйнөдөн турам. Китептерди ташта, көп кыйнала бербе, андан сага пайда жок. Эгер сен өзүңдү өлүктөй сезсең, анда денеңди унут. Ал – топурак, сөөк, канга толгон тамырлардын жана тарамыштардын жыйындысы. Дем алууга да көңүл бур. Ал эмне? Ал бир учурда чыгарылып, экинчи учурда кайра жутулган аба. Бул дагы жай, бирок туруктуу эмес. Ал эми үчүнчүсү, аны башкаруучу күч, ички дүйнөң. Ошондуктан мындай ойлон: сен эми акылың жетилди. Өзүңдү мындан ары кулчулукка бербе, коомго жат иштер менен алпурушпа, тагдырдан коркуп, өткөн-кеткенди ойлоп кыйналууну же келечекте эмне болот деп сары санаа болгонду токтотуп, жигердүү жашооңду улант.
3. Кудайдан келгендин баары – максаттуу, алдын ала ойлонулган. Кокустук аталган нерсе да жаратылышка каршы келбейт, тескерисинче, ал тагдырдын башкаруусу менен тыгыз байланышта. Баары бир булактан чыгат. Сен ааламдын бир бөлүгүсүң, ошондуктан бүтүндүктүн кызыкчылыгы үчүн жашооң керек. Ар бир жаратылыш бөлүгү үчүн бүтүндүктүн жаратылышы алып келген, аны сактап турган нерсе жакшы. Ал эми дүйнөнү сактап калуучу – бул өзгөрүүлөр, мейли, алгачкы элементтердин же алардын бирикмелеринин өзгөрүшү болсун. Муну негизги принцип катары кабыл ал, ошол жетиштүү. Китепке болгон ашкере кумарды таштап, нааразы болбой, момундук, чын ыкластуулук жана ыраазычылык менен кудайга жүрөктөн чыккан ыраазычылыгыңды билдирип өл.
4. Эстеп көрчү, сен бул ишти качантан бери кийинкиге калтырасың жана кудай берген мөөнөттүн канчасын пайдаланбадың. Өзүң кандай дүйнөнүн бөлүгү экениңди жана кандай башкаруучу күч алдында турганыңды түшүн. Сага берилген убакыт чектелүү, эгер аны курулай сарптап, жан-дүйнөңдү тазалаганга үлгүрбөсөң, убактың өтүп кетет. Сен да кетесиң, кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгүң болбойт.
5. Ар бир мүнөттү мырзалык, римдик чечкиндүүлүк менен колуңда бар нерсеге ишенимдүү, жогорку жоопкерчилик менен адилеттүү мамиле жасап, башка ойлорго алаксыбай ишке ашырууга аракет кыл. Эгер ар бир ишти акыркы жолу жасагандай жасап, акыл-эске салып, өзүмчүлүктөн, курулай кыялдан алыстап, чындыкка, адилеттүүлүккө умтулуп, жолуңдан чыккан ар кандай тоскоолдуктарды, жолдон чыгарган азгырыктарды жеңе билсең, тагдырдын чечимдерин кабыл алуудан баш тартпай иш кылсаң, бактылуусуң. Көрдүңбү, канчалык аз нерсени жасап, бактылуу жана кудайдай жашаса болот, анткени бул принциптерди сактаган адамдан кудай башка эч нерсени талап кылбайт.
6. Өзүңдү шылдыңда, кордо, жаным, бирок билип кой, мындан ары өзүңдү сыйлаганга мүмкүнчүлүк болбойт, анткени ар бир адамга бир гана жашоо берилген. Болду. А сен өзүңдөн уялган жоксуң, жакшы тагдырды башкалардын жан-дүйнөсүнөн издедиң.
7. Сени сырттан келген бир нерсе алаксытып жатабы? Ойлонуп көр, өзүңө дагы бир жолу жакшы нерселерди үйрөнүүгө убакыт бер, ийикке окшоп чимирилип жүргөнүңдү токтот. Ырас, окуянын башка жакка бурулуп кетишинен да сак болуу керек, акылсыз адам – бул жашоосун алсыраганча ар кандай иштер менен толтурса да, бүт күч-аракетин багыттай турган максаты жок, ошол эле учурда ал тууралуу ою да жок эмеспи.
8. Башка бирөөнүн жан-дүйнөсүнө үңүлүп, көңүл бурбасаң, бактысыз адамды байкабайсың. Ал эми өз жан-дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерди аңдабагандар сөзсүз балээге дуушар болушат.
9. Ар дайым бүтүндүн табияты кандай экенин, өз табиятың кандай экенин жана булар бири-бирине кандай байланышта экенин эстен чыгарба. Ошондой эле өзүң бир бөлүгү болгон табиятка ылайык сүйлөшүңө, иштешиңе тыюу салган эч ким жок экенин дайыма эсиңден чыгарба.
10. Феофраст, катачылыктарды салыштырганда, карапайым адамдарча салыштырса да, философиялык жактан, өз эрки менен ыракат алуу максатында жасалган күнөөлөр, аргасыздан же кайгыдан улам жасалган күнөөлөрдөн оорурак деп эсептейт. Оор кырдаалда адам акылынан бир аз айнып, өзүн жоготуп коёру айдан ачык эмеспи. Ал эми жакшы шартта кысымсыз туура эмес иштерге барган адам, ыракатка берилип, өз жоопкерчилигин толук сезбейт. Ошондуктан, философиялык көз караштан алганда, ыракатка берилип жасалган күнөөлөр оор, анткени ал адамдын ички табиятына каршы. Адамды акыл-эстен алыстатып, адилетсиздикке алып келет. Жалпысынан, бир адам таарынычтан улам ачууланууга мажбур болсо, а экинчисин каалоосу түз эле адилетсиздикке жетелеп жөнөйт.
11. Ар нерсеге, сүйлөшүүгө, ойлонууга, эртең эле өмүрдөн кетүүгө даяр адамдай мамиле кыл. Эгер кудай болсо, бул дүйнөдөн кетүү коркунучтуу эмес, анткени ал сени жамандыкка салбайт. Эгер кудай жок болсо же ал адамзаттын иштерине көңүл бурбаса, анда эмне үчүн кудайсыз, кудайдын кудуретисиз дүйнөдө жашашым керек? Бирок кудай бар, ал адамзат жашоосуна кам көрөт. Бардык нерсени ушундай кылып жараткан: баардыгы адамдын өзүнө байланыштуу, чыныгы кыйынчылыкка туш болобу же башка кыйынчылыктар болобу, ар бир учурда андан качуу мүмкүнчүлүгү бар.
Эгер адамды жаман кылбай турган нерсе болсо, анда адам жашоосу аны жаман кылышы мүмкүнбү? Билбестиктен же билип туруп, алдын ала коргонууга же кийин оңдоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, бүтүндүн табияты мындай катачылыкка жол берер беле? Эмне үчүн жамандык-жакшылык, жакшы адамдар менен жаман адамдардын башына бирдей эле түшөт? Мына, өлүм, төрөлүү, даңк, белгисиздик, оору, ыракат, байлык жана кедейчилик – булар жакшы-жаман адамдарга бирдей келип, эч кандай кооздук же уят нерсе эмес. Демек, бул жакшы да, жаман да эмес.
Баары кандай гана тез жок болот: жарык дүйнөдөн – денең, түбөлүктүүлүктөн – эскерүүлөр жана убагында дүрбөлөңгө түшүп кыйкырып жүрүшкөн ыракатка азгырган же азапка салган сезимди козгогон укмуш күндөр. Бул нерселер жек көрүндү, туруксуз жана өлүк! Адам баласы акыл-эси менен дүйнөнү таанып-билүүгө, сезимдерге алдырбоого, өлүмдөн коркпошу керек. Өлүм – жаратылыш мыйзамы, андан коркуу – балага тиешелүү. Адам Кудайга акыл-эси менен жакындайт, бул учурда анын жан-дүйнөсү таза жана тынч болушу шарт.
Акындын тили менен айтканда, "бардыгы жер астында" деген адамдар өздөрүнүн жан-дүйнөсүндөгү жакшы-жаманды айырмалабай, башкаларды сындап, кемчиликтерин издешет. Бул аянычтуу, анткени акыл-эсинин начардыгын көрсөтөт. Алар өзүнүн ички генийи менен байланышып, ага чын жүрөктөн кызмат кылуунун маанисин түшүнбөйт. Кызмат кылуу – ички дүйнөнү ар кандай кумарлануудан, нааразычылыктан таза кармоо дегенди билдирет. Кудайдан келген нерселер коркуу сезимин жаратса, адамдардан келгендер жылуу туугандык байланышты тартуулайт. Адамдын ички дүйнөсүн, акыл-эсинин деңгээлин түшүнүү, ошондой эле жашоонун чыныгы маанисин табуу өтө маанилүү. Жакшы-жаман нерселерди айырмалабагандар аянычтуу, анткени бул оору ак-караны айырмалабагандан эч айырмасыз.
14. Эгерде сен үч миң же отуз миң жыл жашасаң да, адам жашап жаткан убакыттан башка эч кандай жашоосун жоготпой турганын эсиңде сакта. Адам жашоо учурун гана жоготот. Учур чак бардык адамдар үчүн бирдей, бирок жоголгон нерселер ар кандай болушу мүмкүн. Биз жоготкон нерселер убактылуу, өткөндү, келечекти жоготуу мүмкүн эмес, анткени, колуңда жок нерсени жоготуу мүмкүнбү? Ошондуктан, эки маанилүү эң негизги нерсени эсиңде тут. Биринчиси, эч бир өзгөрбөгөн түбөлүктүү нерселер улам кайталанат, аларды жүз жылдан кийин, эки жүз жылдан кийин же чексиз убакыт бою карасаң да, баары окшош. Экинчиси, узак жашаган адам менен эрте өлгөн адам бирдей эле даражада жоготот. Учур чак дүйнөдө алардын жоготуп алчу жалгыз нерсеси, анткени биз ушунун гана ээсибиз, жоготкон нерселер ушул убакытка таандык. Ошондуктан, жашоо маңызы учурда, өткөндү же келечекти жоготуу мүмкүн эмес.
15. Мунун баардыгы — таанып билүүгө байланыштуу. Албетте, Киник Монимге жооп бергендердин айткандары туура, бирок бул сөздөрдүн маанисин чындыктын чегинде гана кабыл алса болот.
16. Адамдын жан-дүйнөсү алынын жетишинче денесинен бөлүнүп, жаракат алган кезде өзүн эң катуу кордукка салат, анткени бир нерсеге нааразы болуу — табияттан бөлүнүү дегенди билдирет, Ал эми табияттын башка бөлүктөрүнүн табият менен бекем байланышы бар. Жан-дүйнө ошондой эле кимдир бирөөнү жек көрүп, бирөөдөн жүз бурганда же душмандык кылганда кордукка кабылат. Бул ачууга алдырган жанга мүнөздүү. Жан-дүйнө кимдир бирөөгө жек көрүү, душмандык кылуу аркылуу да кордукталат, бул ачууга алдырган жанга мүнөздүү. Андан тышкары, жан-дүйнө ыракат же оорулуу болгондо да кордукка кабылат. Ал жалган, жасалма нерселерди айтуу же жасоодо кор болот. Максатсыз аракеттер же чечимдерди кабыл алуу да кордукка алып келет, ал эми акылдуу жандар өз ишин акылга жараша жана мыйзамдарды эске алып жүргүзүшү керек.
17. Адам өмүрү кыска, сезимдери бүдөмүк, денеси чирийт, тагдыры түшүнүксүз, атак-даңкы туруксуз. Жашоо өзү күрөш, бөтөн жерде жүргөн сыяктуу, өлгөндөн кийин баары унутулат. Бизге шерик болор жалгыз нерсе – философия. Ал ичибиздеги генийди мазактоодон коргойт, ыракаттан жана оорудан күчтүү, эч нерсени өзүм билемдик менен же жалган жол менен кылбайт. Башка адамдардан бир нерсе кылышын же кылбашын талап кылбайт, өз табиятын кабыл алууга жардам берет. Өлүмдү коркпостон тосуп алат, аны жөн гана элементтердин ажырашы катары карайт. Эгер баштапкы элементтерге түбөлүккө башка нерсеге айланып кетүү коркунучтуу болбосо, анда эмнеге бардык нерсенин өзгөрүшүнө кыйшык карайбыз? Бул жаратылышка ылайык, ал эми жаратылышка ылайык нерсе – жаман эмес.
Экинчи китептин аягы
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.