Адабияттын ачкычын издегендер үчүн

  • 04.08.2025
  • 1352

Форумдун экинчи күнү катышуучулар үчүн жазуучулук жол тууралуу эркин жана ачык сүйлөшкөн диалог аянтчасы болду. Түрк жазуучусу жана акыны Мехмед Нури Пармаксыз кесиптештеринин алдында сүйлөп жатып, ар кандай искусство – бул оор жол, бардык күчүңдү жумшай турган иш деди. Анын айтымында, жазуучулар гана тынымсыз эмгек менен кылымдар бою жашап келе жаткан шедевр чыгармаларды жаратат.

– Түрк акындарынын бири Яхя Кемал Беятлынын: «Адам кыялдана алса гана жашайт», – деген сөзү канаттуу сөзгө айланган. Адегенде биз кыялданабыз, анан кыялыбызды ишке ашыруу үчүн жазабыз, иштейбиз. Эгер кыял жок болсо, эч нерсе жаралбайт. Бирок кыялдын жанында ар дайым эмгек бар, – деп белгиледи Түркиядан келген конок.

– Ыр жазуу үчүн илхам маанилүү. Бирок эмгексиз сөздүн сулуулугуна да, улуулугуна да жеталбайбыз.

Мехмед Нури Пармаксыз жазуучу адам үчүн билимди тынымсыз алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи:

– Жазуучу өзү окуган мурунку муундардын эмгектеринен турат. Эгер биз окубасак, алар эмне жөнүндө жазганын, эмнени сезгенин билбесек, кантип өз чыгармаларыбызды жарата алабыз?

Жазуучулар – эң мыкты окурмандар экенине Монголиядан келген белгилүү акын жана прозаик Гун Ажавын Аюрзана кошулду. Ал өз китептерин жазуу башка авторлордун чыгармаларын окуу менен параллель жүрөрүн айтты.

– 30 жыл мурун мен, Максим Горький атындагы Адабият институтунун студенти, Юрий Казаковдун «Жазуучунун эрдиги жөнүндө» эссесин окугам. Бул чыгарманын мааниси – жазуучулук – бул ар дайым жеке эмгек. Жалгыздык жана жазуу – бул биздин күнүмдүк жашоо. Биз өзүбүздүн түбөлүк жалгыздыгыбызды жеңүү, анда жашоо үчүн жазабыз, – деди Гун Ажавын Аюрзана.

Ал гений жазуучулардын бизди тартипке салар пайдалуу адаттарын айтып берди.

– Мисалы, Эрнест Хемингуэй күн сайын 500 сөз жазчу экен. Муну биринчи жолу укканда, ал жөн эле талантсыз, бирок эмгекчил адам деп ойлогом. Жаш акын катары мен үчүн күнүмдүк планды аткаруу өлчөөгө мүмкүн болбогон чоң эмгекти талап кылчу. Азыр Хемингуэйдин туура экенин түшүнүп жатам. Анын чыгармачылыгынан таасирленген Жек Лондон менен Марк Твен күнүнө 1500 сөз жазыптыр. Хемингуэйди үлгү туткан Стивен Кинг күнүнө 2000 сөз, ал эми Норман Мейлер 3000 сөз жазчу экен. Мен акын болуп баштагам, анан роман жаза баштадым. Хемингуэйден тартипти үйрөнүш керектигин түшүнүп турам, бирок дагы деле аны күнүмдүк адат кылалбай жатам.

Гун Ажавын Аюрзана жазуу – бул кыскартуу искусствосу деген Антон Павлович Чехов менен макул.

– Ырбы же аңгемеби, эгер керексиз нерселерди кесип таштачу жерлери болсо, аны сөзсүз жасашың керек. Ошондо гана ал чыныгы чыгарма болот. Чыгармаларымды кайра-кайра окуганда, жакпаган нерселерди таап, алып салам.

Натыйжада, романдын ордуна бир нече барак – кыска аңгеме калат, – деп бөлүштү ал. Сессияда сүйлөгөн Казакстандын эл жазуучусу Кабдеш Жумадилов ар бир автор биринчи кезекте өз Мекенинин жазуучусу экенине ишенет.

– Көптөгөн адабиятчылар өздөрүн таандык кылган "бүткүл адамзаттын адабияты", "бүткүл адамзаттын жазуучусу" деген формулировкалар мага түшүнүксүз. Өз маданиятынан, тилинен, өлкөсүнүн көйгөйлөрүнөн алыс адам акын да, жазуучу да боло албайт деп эсептейм. Биз өз элибизге кызмат кылып, алардын үмүт-тилегин угушубуз керек, – деп баса белгиледи.

Орусиялык акын жана эссеист Дмитрий Воденников сессияда өз кубанычын бөлүштү:

– Нур-Султан шаары мага ийгилик алып келди. Бул жерде жүргөндө менин китебиме «Жылдын поэзиясы» сыйлыгы ыйгарылганын билдим. Мен мындай кызыктай символикалык бурулуштарга ишенем. Демек, Казакстанга келип, ушул сыйлыкты алдым, – деди ал поэзияда убакыт түшүнүгү тууралуу сөз баштаар алдында.

Сессиянын тыныгуусунда сүйлөгөн Шри-Ланка, Непал, Малайзия жана башка өлкөлөрдүн катышуучулары Казакстан борборунун архитектурасына, инфраструктурасына суктанып, мындай форумдарды тез-тез өткөрүп туруу керектигин белгилешти. Бул Азия өлкөлөрүнүн бөлүнүп калган жазуучуларын жана алардын чыгармачылыгын бириктирет.

– Казакстан азиялык адабият борбору, бул тармактагы реформалардын борбору боло алат, анткени сиздердин өлкө көптөгөн жазуучулар үчүн жагымдуу, – деп пикирин билдирди Афганистан Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Реза Мохаммади. – Мен бул форумга катышканыма кубанычтамын. Бул жерде башка өлкөлөрдөн келген кесиптештерибиз менен бизге жалпы жана бардыгына түшүнүктүү тилде – жүрөк тилинде сүйлөшүп жатабыз.

Автор: Алия Майсеитова

Которгон: Абийрбек Абыкаев

Булак: https://kazpravda.kz/n/i-vdohnovenie-i-trud/?utm_source=chatgpt.com

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз