Айбек Абдылдаев: Барсбек

  • 11.08.2025
  • 813

Борборго саарлап жетишти. Он жети саат жол жүрүп, бели талып, желкеси уюп, күдүк ойлор ичин эңшерди. Анын үстүнө наристе баласын аяп, аны уктап кетсин деп өзү коомай отурган. Машинеден түшкөндөн кийин буту шилтенбейт. Кан жүгүрбөй калса керек. Чаар сумкесине отура кетти. Беш жаштагы баласы чала уйкулуу чылпак баскан көзүн ушалап, эки жакты чочулай карап коёт. Булар келгенде күн түнөрүп турду. Анан акырын тамчылар түшө баштады жогортон, оор тамчылар. Тарс, тарс этип жер сабап түштү.  

– Жазда барам, жазда күт, – деп жүрүп эми сааты чыкты.

Бул Жаңылай! Жалаң кыз төрөгөн апасы жаңылсын деп ушундай ысым коюптур. Бирок жаңылып кетпей мындан кийин дагы Бурулсун, Уултай, Үмүтай болуп, булардын үйүндө жети кыз жарык дүйнөгө келди. Эркек менен аялдын ортосундагы теңсиздикти бул ошол төрөлбөй туруп эле көргөн, жарык дүйнөгө келип келбей эле сезген. Ысымы курусун, катар төрөлгөн кыздарды уулга жаңылта албады, бирок бой жеткени турмуштан жаңылып эле басып жүрөт. Маскөөгө иштейм деп кеткен күйөөсү башкага үйлөнүп, буга телефон аркылуу талак бергенин кайнатасы менен кайненеси эле билет. Болбой эле кайын журтунда бир жылдай жүрдү. Анан Бишкектен тикмечи болуп иштеген курбусуна даттанган телефондон:

– Жаш өмүрдү азапка салганда не! Балаң менен чогуу эле кел, айлык жакшы. Кеңири басып, кеңири турасың!

Ошо сөзгө ишенип өмүрү буту баспаган шаарга он жети саат жол жүрүп келди. Төркүндөрүнө кайтып барууга болбос! Беш кызы менен жүдөп-какап олтурган апасын аяды. Уул төрөбөгөнү үчүн апасын сабап, күндө ичкен атасына батабы?!

– Чоң сааттын жанынан жолугабыз, – деген курбусу. Уйкусу келип, араң машинесин айдап келген айдоочу жигит мунун жүдөгөн кебетесин муздак гана тиктеп, айткан жерине эмес, шаардын башка жерине түшүрдү да:

– Ушул жол менен түз эле он беш минөттө жөө барсаңар саат көрүнөт. Болбосо тыгындан чыга албай бир саат жүрөбүз, – деп кетип калды.   

Уулу экөө ээрчишип келе жатат, бир топ басышты. Кайнатасы кургур кемпиринен жашырып берген 1700 сом акчасы бар чөнтөгүндө. Пенсиясын бүт берди кайран киши. Коштошордо небересинин бетинен өөп жатып жашып кетти:

– Мен өлгөндө топурак салып кеткиле, унутпагын!

Асмандан оор тамчылар кулап, көчөдө машинелердин ызы-чуусу. Ээрчишкен экөө шаардын күн чыгыш тарабын көздөй басып келатат. Чаар сумкесин сүйрөгөн келин, муштумдай баштыкка турсе-майкесин салып баласынын жонуна илип койгон. Бир оокумда, “Акыйкат”, “Адилеттүүлүк”, “Чындык кайда!” деп башаламан кыйкырган, топураган кишилер пайда болду көчөдө. Экөө аңкайып эле оозу ачылып туруп калды. Аларды жөөлөй түртүп, топурап өтүп кетишти. Жолдун аркы бетинен дагы ушундай башаламан кыйкырган кишилер, “кетсин эле кетсин” дешип шаардын күн чыгышы тарапка топурап өтүп кетишти. Жөө басып келип, чоң аянттагы кыжылдап, жүнүн жеген кишилерди көрдү экөө. Баягылар ушул жерге топтолгон экен. Микрофондон өкүрүп-бакырып, улам колун кезеп, чогулгандар сүрөсө, кайра катуулап бир киши сүйлөп жатты:

– Булардын абийири жок! Элди тоноп, тентитип мусаапыр кылды! – деди топ жара сүйлөгөн киши.

Ырас, туура айтат деп коштоп жибергиси келип Жаңылай оозун ачып тиктеп туруп калды. Ал киши мунун өзүн айтып, буга баары боор ачып карап тургандай болуп кетти. Котологон элдин арасындагы жалгыз мусаапыр өзү сыяктуу эреркеп кетсе, тооба! Чыгып сүйлөгөндүн баары улам безине сайып сүйлөп, Жаңылайдын тагдырын айтып аткандай...

– Үй-бүлө деген институт урап жатат, ушулардын айынан! Миграция эрди-катынды экиге бөлүп, балдар кыйналды!!!

Туптуура, ак сөз! Бир караса алдыга жүткүнүп, топко аралашып кеткен экен, жанында баласы жок. Алаңдап ары карады, бери карады, өпкөсү жарылып кетейин деди. Ыйлап алган Жаңылай, Барсбектеп бакырып, баласын издеп жөнөдү. Чындык издегендер аны ураан таштап жатабы же маспы дегендей карап коёт.

– Айланайын, балам жоголуп кетти, жардам кылчы! – деди арык студент жигитти колдон алып.

 –Эже, микрофонго барып айтыңыз дароо табылат, – деп колу менен көрсөттү микрофон тарапты.

Жаңылай алдынадагыларды тепбелеп эле өттүбү, кыскасы топ аралап алдыга жүткүндү. Эптеп топтун ортосуна жетсе, микрофон талашып мушташып жатышкан экен. Муну дароо эле четке ыргытышты.

– Айланайындар, балам жоголду, айтып алайын. Жардам, жардам эл-журт, – деп кыйкырды үнү чыгып чыкпай.

– Бу жерде келечек жоголуп жатат, кандай немесиң, кезегиңе кара! – деди семиз аял. Микрофонго жетпей тургандар көп экен. Өзүндөй жүдөгөн, түйтөйгөн келин муну илгиртпей түшүнгөндөй:

– Мелийсага кабарла, жүгүр! – деди.

– Аны каяктан табам, кокуй!

– Тээ четте эле турушат.

Эми топтон терлеп-булап, ала сумкесин таштабай сүйрөй чыгып, биринчи эле жолуккан милиция формасындагы жигитке кайрылып, ыйлап жиберди. Анысы чоңуна ээрчитип барды окшойт:

– Пок барбы бала менен митингге келип!

– Жоок, мен жаңы айылдан келдим. Биз жөн эле кетип баратканбыз!

– Сага кылмыш ишин козгоо керек, шалаакылык үчүн! – деп бакырды жанагы чоң милиция.

– Козгогула айланайындар, болгону баламы таап бергилечи...

– Эй, Чокубаев, балдарга айт! Таап, мага жетелеп келгиле, марш!

– Сен болсо, күтүп тур. Эне да сендей болобу, атасы кайда анын!

– Үйдө, үйдө калды, биз иштейли деп...

– Кыргыздын эркеги үйдө, аялы баласы менен иштейли деп талаалап жүрөт, неңдурайын!

Милициянын чоңу ызырынып басып кетти. Аянттагы күрү-гүү улам катуулап, ага кошулуп жамгыр да катуу жаап кирди. Милиция баланын каскасына оор тамчылар тийип, эки жакка чачырап кетет. Ал деле шүмүрөйүп баарынан тажагандай, аянтты кайдыгер карайт. Жаңылайдын өтмө катарынө өтүп, калчылдап, эки көзү эл чогулган аянтта. Барсбегин милициялар таап келип берет деп үмүттүү карайт. Бир оокумда митинг тарс жарылган көлдүн суусундай агып эле жөнөдү булар тарапка. Милиция туш келди качып, жамгыр эмес таш жаады. Башы катуу ооруганын билет, көзүн ачса – аппак шып көрүндү.

– Барсбек!!!

Баласын айтып кыйкырып жиберди эсине келер замат. Жанында ак халатчан дарыгер олтурган экен.

– Барсбек ушу жерде, кам санаба, – деди.

Көзүнөн жашы чууруп, оозуна сөз келбей, Жаңылай терезенин түбүндө алма кемирип мотурайып олтурган уулун көрдү.

Ооруканын далисинде башаламан ызы-чуу, аянттан ооруканага уңулдаган “Тез жардам” авто-унаалары тынымсыз каттап, жаздын жамгырлуу күнү ушундай алаамат болуп кетти. Аянтты түнү менен жамгыр жууганына карабай, кандын тагы ар жерде карайып турду. Жакшылык үмүт эткендердин жүрүшү ушундай болду, кагылыш менен коштолду. Ысык менен суук, ылай менен тунук чабышкандай эле... Бирок ким утуп чыкканы ар дайымкыдай эле түнгө жутулуп кеткен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз