Марк Аврелийдин эң мерчемдүү ой-толгоолору

  • 16.08.2025
  • 525

3-китеп мында >>>>

4-китеп

1. Ички дүйнөсү табиятка ылайык адам үчүн жашоодогу окуяларды иретке келтирүү оңой. Анткени ал бир нерсеге жабышпайт, максатына шашпайт жана күмөн санабайт. От алдынан чыккандын баарын жалмап жок кылгандай, ал дагы тоскоолдуктарды жеңип, алардан жаңы күч алат. Алсыз чырак өчүп калышы мүмкүн, бирок жалындаган от өзүнө жолуккан нерсени бат эле тутандырып, андан күч-кубат алат.

2. Бир нерсе жасасаң ойлонбой жасаба, искусство эрежелери менен жаса.

3. Алар ээн талаадан, чексиз деңиз жээгинен, бийик тоолордон жалгыздыкты издейт. Сен да ошондой жалгыздыкты каалайсың, бирок бул оңой эмес. Сен обочолонууну, тынчтык, бейпилдикти тилейсиң. Адам эң мыкты тынчтыкты өз жан-дүйнөсүнөн гана табат. Жан-дүйнөсүнө терең үңүлүп, ал жактагы иреттүүлүккө ээ болгондо, башаламандыктын жоктугун сезет. Ошондуктан, обочолонууга убакыт таап, жан-дүйнөңдү жаңыртуу маанилүү. Бул кыска, бирок терең мааниге ээ болушу керек. Ал сени тосуп алып, терс ойлоруңду жууйт. Чын эле сен эмнеге нааразысың? Элдин бузукулугунабы?

Жандуунун баары бири-бири үчүн жаралганын эсиңден чыгарба. Адилеттиктин өзөгү – сабырдуулук, ал эми жамандыкка каршы туруу – ыйык парзың. Көзүңдү ачып карачы, канчалаган адамдар кастыктын, күмөн саноонун, жек көрүүнүн жана тынымсыз чатактын кучагында жашап, акыры өлүмгө моюн сунуп, жок болушту. Эми токтол. Балким, сен ааламдын бир бөлүгү болгонуңа нааразысың? Анда оюңду тазала: же тагдыр, же атомдор бийлик кылат. Шаардай болгон бул дүйнөнүн мыйзамдарын терең түшүнүүгө аракет кыл.

Ден-соолугуң дагы деле сени ойлондурабы? Бирок бир ойду эске ал: эгер адам өзүнүн ички дүйнөсүн ачып, өзүнө таандык чыныгы күчтү тааныса, анда ал ыракат менен азап сыяктуу убактылуу сезимдерге алдырбайт. Анткени, сен өзүң деле билесиң, мындай терең аң-сезим дем алуунун өзгөрүшү сыяктуу майда-чүйдөгө алаксыбайт. Балким сени текеберчилик кыйнап жатабы? Бирок баары канчалык тез унутуларын, түбөлүктүн канчалык кенен, чексиздигин, бул сөздөрдүн канчалык бош экенин, биз көз каранды деген нерселердин канчалык туруксуз жана алдын ала айтууга мүмкүн эместигин көрдүң го. Ошондой эле мунун баарын чектеген мейкиндиктин канчалык чектелүү экенин байкадың беле?

Бүтүндөй жер шары да бир чекиттей, ал эми бул чексиз ааламдын кичинекей бир гана бурчу. Андан тышкары канчалаган ушундай айылдар бар, аларды кимдер, кандай сөздөр менен мактарын бил. Ошондуктан, келечекте бул тосмонун ичиндеги жалгыздыкты кандай кабыл аласың, билип ал. Баарынан мурда, сабырсыздык кылба, чыдамсыздыкка алдырба. Эркин бол, ар нерсеге кайраттуу, жөнөкөй адам, жаран жана өлүмдү тең тутуп жашаган жан сыяктуу кара.

Колуң жеткен жерде эки ойду дайыма жаныңда ала жүр, алар сага тез эле жардам берет. Биринчиси: заттын өзү жан дүйнөңө тиешеси жок, алар өз алдынча тынч. Сенин тынчсызданууң – бир гана ички кабылдооңдон келип чыгат.

Экинчиси: көргөн-билгениңдин баары эртең эле өзгөрөт, эч нерсе түбөлүккө ошол бойдон калбайт. Өзүң канчалаган өзгөрүүлөргө күбө болгонуңду дайыма эсиңде тут. Дүйнө – бул өзгөрүү, жашоо – бул кабыл алуу.

4. Эгер рухий байлыгыбыз жалпы болсо, анда бизди акылдуу кылган акыл-эс да жалпы. Демек, бизди аракетке же аракетсиздикке түрткөн акылыбыз да жалпы. Андай болгон соң, мыйзам да жалпы. Жаран болгондон соң мамлекеттүүлүккө ээ болобуз. Демек, дүйнө бир шаарга окшош. Анда айткылачы, бүткүл адамзат да кайсы мамлекетке таандык болушу мүмкүн? Ушул жалпы шаардан рухий, акылдуу жана мыйзам чыгаруучу принциптер чыгат – башка кайдан чыкмак? Мендеги жерлик нерсе сырттан берилген; нымдуу нерсе – башка булактан; рухий нерселер – кандайдыр бир башка булактан, ал эми ысык жана оттуу нерсе өз ички булагыңдан (анткени жоктон эч нерсе жаралбайт, бар нерсе жок болуп кетпейт). Демек, рухий принциптер да кандайдыр бир булактан келет.

5. Өлүм –төрөлүү сыяктуу эле жаратылыш сыры, табигый нерсе, ал ошол эле негизги элементтердин өз булагына кайтып келиши! Бул жерде уят жок: рухий жан үчүн бул тартипти бузуу эмес, анын маңызына толук дал келүү.

6. Адамдарда ушундай мүнөз болушу табигый. Ким муну каалабаса, ал анжирден шире чыгышын да күтпөйт. Жалпылап айтканда, эсиңде болсун: жакында силер да, бул да жарык дүйнө менен коштошосуңар, андан да аз убакыт өткөндөн кийин, силердин атыңар да унутулат.

7. Таарынууга жол бербе – "мен таарындым" деген сөздөн баш тарт; "таарынтты" дебе – таарынычтан арыл.

8. Өз деңгээлин төмөндөткөн жаман иштерди жасабаган адам, өз жашоосун да жаман кылбайт, өзүнө сырттан да, ичтен да зыян келтирбейт.

9. Пайда алып келген нерсенин табияты аны жасоого түрткү берет.

10. Болуп жаткан нерселер адилеттүү: кылдат карасаң, аны көрөсүң. Мен шайкештикти гана эмес, дал ошол адилеттүүлүк тууралуу – ар бир адамды эмгегине жараша баалоо керектигин айтып жатам. Ошондуктан, баштаганыңдай, бул нерсеге көңүл бур; эмне иш кылсаң да, адилеттүү адам сыяктуу аракеттен, ар бир адамды түшүнүүгө аракет кыл. Муну ар бир ишмердүүлүгүңдө сакта.

11. Сени таарынткан адамдын ою же ал сенин оюңдун ошондой болушун каалагандай эмес, жагдайды терең изилдеп, чындыкка негизделген чечимдерди кабыл алууга аракет кыл.

12. Эки нерсеге дайым даяр бол. Бири: элге пайда алып келүү үчүн бийлик менен мыйзамдын мааниси буюрганды гана жаса. Экинчиси: кимдир бирөө оңдоп же ишендирүү үчүн келсе, көз карашыңды кайра карап чык. Бирок ишендирүү атак-даңк, мансаптын азгырыгынан эмес, адилеттүүлүк, жалпы пайда же ушул сыяктуу бир ишенимдүү нерселерден чыксын.

13. Акылың барбы? Бар. Анда эмнеге аны колдонбойсуң? Ал өз ишин кылып жатканда дагы эмнени каалайсың?

14. Он күн өтпөй, сен азыркы учурда жаныбар жана маймыл деп эсептегендер үчүн кудайдай болуп каласың! Негизги принциптерге жана акылды сыйлоого гана умтул.

15. Миңдеген жылдарга эсептебей жаша. Ажал жакындап келет. Тирүү кезиңде, мүмкүнчүлүк бар кезде – жакшы бол.

16. Эгер адам жакындарынын айткандарына, кылгандарына же ойлоруна алаксыбай, өз иш-аракеттерине гана басым жасап, адилеттүү жана акылдуу болууга умтулса, ал көп убакытты текке кетирбейт. Мындай адам жакшы адамдардын кемчиликтерин издөөгө убакыт коротуунун ордуна, түз эле өз жолу менен алдыга жылууга шашылат.

17. Адамдын улуу аты муундар арасында сакталып, көзү өткөндөн кийин да эскерилип турса да, ал эскерүү убактылуу гана. Анткени аны эскерген адам да жакында өлөт. Андан кийин аны эскергендер да биринин артынан бири кетип, акыры анын эскерүүсү да унутулуп, эч ким эстебейт. Эгер эскергендер өлбөс болсо, алардын эскерүүлөрү да түбөлүккө калса, андан сага не пайда? Тирүү адам үчүн мактоонун өзү эмне үчүн маанилүү? Же сен башкача бир нерсени көздөйсүңбү? Анда неге азыр эле табият берген нерселерди, өзүң үчүн чындыгында маанилүү нерселерди эске албайсың.

20. Бирок чыныгы кооздук өзүнөн өзү жаркырап, тышкы мактоону талап кылбаган кемчиликсиз нерсе. Мактоо ага артыкчылык кошпойт, ал эми сын анын артыкчылыктарын кемитпейт. Мен бул нерсени табият же искусстводогу кооздукка да байланыштырам. Чыныгы кооз нерсе эмне үчүн дагы бир нерсеге муктаж? Ал түбөлүк мыйзамдарга, талашсыз чындыкка, бекем берилгендикке же кемчиликсиз чеберчиликке окшош. Мактоо эмнени кооздоп, жамандоо эмнени бузат? Изумрудду мактабай койгондон эле жаман болуп калабы? Алтынчы? Пилдин сөөгү, лира, кылыч, гүл, даракчы?

21. Кылымдар бою дүйнө салгандардын жанын аба кантип батырат? А жер кылымдар бою көмүлгөн сөөктөрдү кантип өз кучагына батырып келет? Бул жерде чирүү, ажыроо процесси өлгөндөргө орун бошотуп, жаңы жашоого шарт түзөт.

Ошол сыяктуу абага сиңген жандар да белгилүү бир убакытка чейин жашап, андан соң өзгөрүп, тарап, жок болушат. Алар ааламдын чексиз акыл-эсине сиңип, жаңы келген жандарга орун бошотушат. Жандардын түбөлүктүүлүгү тууралуу суроого, балким, ушундай жооп тапса болот.

Көмүлгөн сөөктөрдүн санын эле эмес, күн сайын биз жана башка тирүү организмдер жеген сансыз жандыктарды элестетип көрүңүз. Алардын канчасы өлүп, кандайдыр бир деңгээлде биздин денебизге сиңет? Бирок алар каякта? Канга айланып, аба же от аркылуу трансформацияланып, кайрадан эле ошол жаратылыш кучагына кайтышат. Жашоо сырын изилдөөнүн терең мааниси неде? Зат менен себептин ортосундагы байланышты табууда.

22. Жолуңдан адашпа: адилеттүүлүктү сактоодо жана кандай гана максатты көздөбө, акыл-эсиңди жоготпо.

23. Дүйнө, каалаганыңды бер, мен үчүн баары жагымдуу. Мага эч нерсе эрте да, кеч да эмес. Эгер сага ылайык болсо, табият, сен алып келген ар бир мөөнөт мен үчүн жемиштүү. Баары сенден башталат, баары сенде жашайт, баары сага таандык. Акын айткандай: "Кымбаттуу Кекроп шаары", мен дагы: "О, кымбаттуу Зевс шаары" деймин.

24. Эгер жан дүйнөңдө тынчтыкты кааласаң, анда азырак эмгектен. Бирок коомдук аң-сезимди эске алсаң, эң зарыл нерселерди гана жасасаң, андан да жакшы. Анткени, тынчтык жалаң эле аз иштөөдөн эмес, акыл-эстен да келип чыгат. Биз көбүнчө ашыкча сүйлөп, ашыкча иш кылабыз, ал эми алардын көбү чындыгында зарыл эмес. Эгер ушул ашыкча нерселерди азайтсак, эркиндикке, тынчтыкка жетишебиз. Ошондуктан, ар дайым өзүңдөн сура: "Бул чындап эле керекпи?" Эгер зарылчылык болбосо, анда аракеттериңди гана эмес, ойлоруңду да чекте. Ошондо иштериң да табигый түрдө азаят.

25. Байкап көрчү: татыктуу адамдын тагдыры жүрөгүңө жакынбы? Ал колунда болгонуна шүгүр кылып, адилеттүүлүктөн жана жан дүйнөсүнүн сулуулугунан ыракат алат.

26. Көрдүңбү? Эми мына буга көңүл бур. Өзүңдү эч качан тынчсыздандырба, жөнөкөйлүктү сакта. Эгер кимдир бирөө жаман иш жасаса, анда ал жамандык ага кайтып келет. Ал эми сага жакшылык келсе, анда бул сага гана тиешелүү эмес. Башыңа келген ар бир окуя – бул бүткүл дүйнөлүк тартиптин бир бөлүгү, алдын ала жазылган жана бири-бири менен байланышкан. Жалпысынан: жашоо өтө кыска, андыктан аны акылдуулук, адилеттүүлүк менен, чыныгы бакытты сезип өткөр. Чын дилиңден кубанычта бол.

27. Дүйнөдө эки гана абалды элестетүүгө болот: же бир калыптагы тартип өкүм сүрөт, же башаламандык басымдуулук кылат. Бирок кызык жери, бул башаламандык да өз ичинде кандайдыр бир тартиптин элементи катары каралышы мүмкүн. Эгер жалпы дүйнөдө толук башаламандык болсо, анда биздин жеке жашообузда тартип болушу мүмкүнбү? Булардын баары бир эле учурда жайылып, бөлүнүп, ошол эле учурда биригип жатканда, муну кантип түшүнүүгө болот?

28. Кара мүртөз, аял мүнөз, катуу, жырткыч, мал сыяктуу, баладай, акмак, көйрөң, шылдыңчыл, сүткөр, тиран – бул жаман адамдарга тиешелүү сапат.

29. Дүйнөгө жат адам – бул анын түзүлүшүн гана эмес, ичинде эмне болуп жатканын да билбеген адам. Ал жарандык аң-сезимден ажыраган, өзүн жалпы коомдон бөлүп караган адам. Акыл көзү менен өз мурдунан ары карай албаган сокур сыяктуу. Жашоого керектүүнүн баарынан ажырап, бир гана нерсеге муктаж болгон кедейдей. Ал дүйнөнүн денесиндеги жаракат сыяктуу, жалпы табияттан өзүн бөлүп салган. Ал болуп жаткан окуяларга нааразы, бирок ошол эле табият аны да жараткан. Шаар четиндеги жалгызсыраган адамдай, ал өз жанын башка акылдуулардан бөлүп, бир бүтүн экенин унуткан.

30. Бирөө кийимсиз философтонумуш болот, экинчиси китепсиз. Биринчиси, жарым жылаңач абалда: "Менде нан жок, бирок мен акыл менен иш кылам", – дейт. Экинчиси: "Менде билим жок, бирок акыл бар", – деп жооп берет.

31. Өзүң үйрөнгөн жөнөкөй ишти сүй, ошол ишиң менен канааттан. Калганын таштап, бардык жаныңды кудайга тапшыр. Адамдар арасында эч кимди өзүңө башчы кылба, бирөөнү кул кылба.

32. Өзүңдү Веспасиандын заманында жүргөндөй элестетсең, адамзаттын түбөлүк турмушун көрөсүң: алар үйлөнүшөт, балдарын чоңойтушат, оорушат, жарык дүйнө менен коштошот, согуштарга аттанышат, майрамдарды белгилешет, соода-сатык жана жер иштетүү менен жан багышат, жоомарттарды кемсинтишет, кыялдардын артынан чуркашат, башкалардын өлүмүн тилешет, бар нерсеге шүгүрсүз болушат, сүйүшөт, байлык топтоого аракет кылышат, консулдукка, жогорку бийликке умтулушат. Бирок бул жашоо азыр эч жерде жок. Троян дооруна көз чаптырсаң, дагы ошол эле жашоо, ал дагы тарых сандыгына катылып кеткен. Ушундай эле бүтүндөй элдердин тарыхый барактарын ачып көрсөң, канчалаган адамдардын тырышып, жан үрөп иштеп, акыры алгачкы элементтерге сиңип кеткенин көрөсүң. Айрыкча, өзүң билген адамдардын жашоосун байка, алар өз мүмкүнчүлүктөрүн эске албай, пайдасыз иштер менен алек. Чынында алар табият берген жөндөмүнө жараша жашап, ошого ыраазы болушу керек эле. Муну эстен чыгарбоо абдан маанилүү, анткени ар бир ишти өз баасы жана чеги менен кароо керек. Кичинекей ишке чоң күч жумшаба, бул туура эмес.

33. Илгери тааныш болгон сөздөр бүгүн илимде сейрек кездешет. Мурун даңкталган инсандардын ысымдары да унутулуп, Камилл, Цезон, Волез, Дентат сыяктуу ысымдар тарых барактарында гана калды. Андан ары Сципион менен Катон, андан соң Август, анан Адриан, Антонин... Баары өтөт, баары өзгөрөт. Легендага айланып, бара-бара тарых чаңында көмүлүп жок болот. Мен муну атак-даңкка жеткен инсандар тууралуу айтып жатам. Анткени карапайым адамдар көз жумгандан кийин эле дароо унутулат. Түбөлүккө сакталып калар нерсе барбы? Жок, баары убактылуу, баары жомок. Ошондуктан, аракет кылууга арзычу жалгыз нерсе – бул адилеттүү аң-сезим, коомдук ишмердүүлүк, эч качан жаңылбаган акыл-эс, бардыгы бир башталыштан, бир булактан жаралган деген түшүнүк менен жашоо. Анткени ушул сапаттар гана убакыт сыноосунан өтүп, түбөлүккө жашап калат.

34. Тагдыр жибин токуучуга ыктыярдуу түрдө тапшыр жана анын ишине тоскоолдук кылба.

35. Бардыгы бир күндүк, аны ким эстейт, ким эстебейт.

36. Биз курчаган дүйнө дайыма өзгөрүп, бир абалдан экинчи абалга өтүп жатканын байка. Ар бир нерсенин табияты – өзгөрүү, эскинин ордуна жаңыны жаратуу. Себеби, ар бир нерсе келечек үчүн урук сыяктуу. Урук жөнүндөгү түшүнүгүңдү кеңейт: ал жөн гана жерге же курсакка түшөт деген ойдон арыл.

37. Болбосо сен бүтүндүккө, тынчтыкка жана сырткы жагдайлар таасир этпеген абалга жетпей туруп өлөсүң. Бардыгына боорукер боло албайсың, чыныгы акылмандык адилеттүү иштерде экенин түшүнбөйсүң.

38. Жетекчилерди, алар акылдуу болсо да, байка. Алардын максаттарын жана эмнеден качып жатканын түшүн.

39. Башкалардын умтулуулары сага кайгы алып келбейт, сырткы өзгөрүүлөр да кайгыга себеп эмес. Анда кайгыңдын булагы кайда? Ал – өзүң тааныган нерседе. Ошондуктан, бул таанымга жол бербе, ошондо баары жакшы болот. Денеңди кесип, күйгүзүп жатышса да, муну байкаган ички дүйнөң тынч болсун. Ал муну жакшы же жаман деп баалабасын, анткени мындай нерсе жакшы адамга да, жаман адамга да болушу мүмкүн. Баарына бирдей тиешелүү нерсе табигый да, табигый да эмес.

40. Дүйнө – бир бүтүн, тирүү жан сыяктуу. Андагы бардык нерсе бир максатка умтулуп, бири-бирине себепкер, тынымсыз байланышып, биригип жаткандай туюлат.

41 Эпиктет айткандай: "Сен, өзүң менен кошо өлүк сүйрөп жүргөн жансың".

42. Өзгөрүүдө эч кандай жамандык да, жакшылык да жок.

43. Ал түбөлүктүү дарыянын "бийликчил агымы" сыяктуу. Бир нерсе пайда болуп, учуп кетет; агым аны өзү менен кошо алып кетет.

44. Биздин жашообуз, жазгы гүлдөгөн розалар же жайкы бышкан жемиштер сыяктуу, тааныш жана көнүмүш көрүнүштөргө толгон. Оору, өлүм, жалаа, чыккынчылык – мунун баары биз үчүн күтүүсүз эмес, алдын ала болор нерселер. Ошол сыяктуу эле аздыр-көптүр адамдарды кубанткан же кейиткен башка көптөгөн окуялар да жашоонун адаттагыдай эле көрүнүштөрү.

45. Ар бир жаңы окуя, мурункусунун табигый уландысы катары келет. Бул жөн гана кокустуктардын тизмеги эмес, окуялардын ортосундагы терең мааниге ээ байланыштар. Дүйнөдөгү бардык нерселер белгилүү бир логика менен жайгашкандай, болуп жаткан окуялар да жөн гана ырааттуулукту эмес, таң калыштуу мыйзам ченемдүүлүктү чагылдырат.

46. Гераклиттин түбөлүк айлампа жөнүндөгү окуусун эстен чыгарбоо зарыл: жер өлөт – суу жаралат, суу өлөт – аба жаралат, аба өлөт – от жаралат. Бул процесс кайрадан кайталанат. Ошондой эле акыйкат жолдон адашкандарды да унутпайлы. Көбүнчө адамдар эң жакын нерсеси – бүтүндүктү башкарган өз акыл-эси менен талашып-тартышат. Күн сайын көрүп жүргөн нерселер бизге таң калыштуу сезилиши мүмкүн. Түшүбүздө өзүбүздү аракет кылып, сүйлөп жаткандай сезгенибиз менен, түштөгүдөй аракеттенүүдөн жана сүйлөөдөн алыс болуу керек. "Ата-энебиз кандай жашаса, биз да ошондой жашайбыз" дегенден баш тартып, жашоого маңыздуу мамиле кылууга умтулушубуз зарыл.

47. Эгер кудайдан эртең же бүрсүгүнү өлөсүң деген аян түшсө, анда сен коркок болбосоң, качан өлөрүңдү ойлоп азап чекмек эмессиң. Анткени, чындыгында, мунун эмне айырмасы бар? Миң жылдан кийинби же эртеңби – буга чоң маани бербе.

48. Оорулууларга кайгылуу көз караш менен караган канчалаган дарыгерлерди, асмандагы жылдыздарды санап, өлүмдү алдын ала билгендерди, жашоо менен өлүм жөнүндө терең ойлорго баткан философторду, адам өмүрүн кыйган жоокерлерди, өздөрүн кудай сезип, тагдырлар менен ойногон тирандарды эсте. Убакытка сиңип жоголгон Гелика, Помпеи, Геркуланум жана башка көптөгөн шаарларды эсиңе сал. Тааныштарыңды карачы: бири экинчисин жерге берип, анан өзү да кетти, бул процесс чексиз уланат. Биздин бүт жашообуз – учуп өтүүчү бир нерсе. Кечээгибиз – жөн гана из калтырган өткөн учур, эртең – топуракка айланарыбыз сөзсүз. Ошондуктан, бул кыска учурду жаратылыш менен гармонияда жашап, болгон нерсени тынчтык менен кабыл ал. Бутактан үзүлүп түшкөн бышкан мөмө сыяктуу, аны өстүргөн даракка ыраазычылык билдиргендей бол.

49. Толкундар урунуп талкалаган аскадай бекем бол. Аска канчалык катуу соккуга учурабасын, ордунан жылбайт, ал эми атырылган толкундар анын таманында тынчыйт.

"Мага ушундай болгонуна кайгырам!" – деп кыйкырасың. Бирок андай эмес! Тескерисинче, мындай окуя болгонуна кубан. Анткени сен тынч бойдон каласың, учурдагы жагдайга баш ийбейсиң жана келечектен коркпойсуң.

Мындай окуя ар кимдин башына келиши мүмкүн, бирок ар ким эле тынчтыгын сактай албайт. Демек, бул окуяны бактысыздык деп атоого болобу, же ал бакытка караганда жогорубу? Адамдык табиятын бузбаган нерсени кантип бактысыздык дешке болот? Адамдын эркине каршы келбеген нерсе анын кулашы болушу мүмкүнбү?

Сен өз эркиңди билдиң. Балким, бул окуя сени адам табиятын кемчиликсиз кылган бардык сапаттар – адилет, кең пейил, акылдуу, сарамжал, чынчыл, момун, эркин болуу сыяктуу сапаттарга ээ болууңа тоскоол болгондур.

Ошондуктан, келечекте кайгыга салган ар бир окуяда ушул ойду эсиңден чыгарба: бактысыздык – бул окуянын өзү эмес, аны эр жүрөктүүлүк менен көтөрө билүү – чыныгы бакыт.

50. Өлүмдөн коркуу сезимин жеңүү үчүн жашоого катуу байланган адамдарды элестетип көрүңүз. Алар узак жашап, көп жыл өмүр сүрүштү дейли. Бирок кыска өмүр сүргөндөрдөн эмне артыкчылыгы бар? Анткени, баары бир алардын баарынын барар жери бир – көр. Кадикиан, Фабий, Юлиан, Лепид жана башка далай адамдар өздөрү далайларды жерге беришкен. Демек, бул дүйнөдө канча убакыт жашабаңыз, эмнени башыңыздан өткөрбөңүз, баары өтөт. Баары жалган дүйнө. Артта калган чексиздикти жана алдыда күткөн чексиздикти ойлоп көрсөңүз. Үч күн жашасаңыз да, үч кылым жашасаңыз да, мунун кандай мааниси бар?

51. Ар дайым эң кыска жолду танда. Эң кыска жол – бул табият жолу. Акылмандык менен сүйлөп, иш-аракет кыл. Анткени бул эреже сени түйшүктөн, күрөштөн, эсеп-кысаптан жана ар кандай амалдардан алыс кылат.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз