
Мен отуз бир жыл илгери Гарлемде туулганмын. Окуганды үйрөнгөн чагыман тынбай роман артынан роман жаза баштагам. Менин балалыгымдын тарыхы - кадими кайгыга чыланган фантазия жана мен ал мезгилде кайра жашоону каалабаганымды эч төгүлбөй-чачылбай эскертип, ошо боюнча ага экинчи кайрылбаганыбыз жөн.
Ал убакта апамда удаа-удаа бала төрөгөн сыйкырдуу адаты бар болчу. Бөбөктөрдү бир колума көтөрүп, китепти экинчи колумда кармап алчумун. Албетте, бөбөктөр кыйналышса керек, бирок ушул күнгө чейин даттанышкан жок жана сый мамиледебиз. Ушинтип жүрүп, «Том байкенин алачыгы» менен «Эски шаар жөнүндө повести» кайра-кайра окудум; ырасында эле, тапкан китебимдин баарын окуп чыктым, а мага Библияны окугун деп гана кеңеш беришкен.
Мен моюнума алышым керек: өтө көп жаздым, эмне дегенде да профессионалдык биринчи жеңишим – өзүмүн жазганымды басма сөз бетинде көрөмүн деген алгачкы аракет он эки же ошого жуук куракта – испан революциясы жөнүндөгү кыска аңгемем чиркөөнүн өмүрү кыска гезитинин кайсы бир сыйлыгына арзыганда болгон. Аңгемени редактор аялдын цензуралаганы, эмнегедир ага кызаңдаганым дале жадымда.
Ошондой эле пьеса жана обондуу ырларды жазып жүрдүм; алардын бири үчүн Нью-Йорктун мэри Фиорелло Ла Гуардиа өз атынан жөнөтүлгөн мактоо катында куттуктады, ал эми мен жазган ырлар тууралуу сүйлөгөндөн көрө сүйлөбөгөнүм дурус. Менин чыгармачылыгыма апам терисине батпай сүйүндү, атам – жок; атам менин диниятчы болгонумду каалады.
Он төрт жашымда диниятчы болуп, он жетимде бул ишти токтоттум. Ошондон көп узабай үйдөн кеттим. Коммерция жана өнөр жай дүйнөсү менен канча убакыт күрөшкөнүм жалгыз Теңирге маалым; менин боолгошумча, алардын мени менен күрөштүк деп айтаары бышык; жашым жыйырма бирге чамалап калганда эсепсиз роман окуп салдым, Сакстон атындагы стипендияга жетиштим. Жыйырма экиге киргенимде стипендиянын мөөнөтү бүттү, роман сатылбай турду, а мен Виллиж ресторанында кардарларды тейлеп, китептерге рецензия жазууга кириштим. Көрсө, ал рецензиялар негизинен ынды каралардын көйгөйлөрү жөнүндө болгондуктан, менин теримдин өңү мени автоматтык түрдө бул тармактагы экспертке айлантып койду.
Теодор Пелатковски деген фотограф экөөбүз жарнакташып, Гарлемдеги чиркөөлөр тууралуу китеп жаздык. Бул китептин тагдыры да биринчи китебимдей болду: стипендия бар, бирок китеп сатылбай турду (Бул Розенвальд атындагы стипендия болчу).
Жыйырма төрт жашка чыкканымда ынды каралардын көйгөйлөрүн чагылдырган китептерге рецензия жазганды токтотоюн деп чечтим. Ал учурда ынды каралардын проблемасы гезитте жазылгандан бир кыйла опурталдуу болчу, ошого керектүү заттарымды чемодандарга салып, Францияга жөнөп кеттим. Аякта жүрүп «Бул жөнүндө тоого айт» деген китебимди кандай бүтүргөнүмдү бир кудай билет.
Менин оюмча, кайсы жазуучуну албайлы, ал өзү туулган дүйнөнү анын талантынын өсүшүнө каршы уюшулган кутум деп түшүнөт, мындай мамиленин болушуна, албетте, жүйөлүү себептер бар. Экинчи жактан, дүйнө анын талантына киши чочугандай көңүлкоштук менен мамиле кылгандыктан, сүрөткер өз талантына маани бергенге аргасыз. Ошентип ар бир жазуучу артына кыска убакытка болсо да кайрылып, жанына жабыр келтирген нерселерди жана ага кайсы бир жолдор менен жардам берип, аларды бир-биринен ажыратпаган нерселерди табат; ал ушинтип жараат алганы үчүн гана ага тиешелүү жардам көрсөтүү мүмкүн болгон; ошол жардам жазуучуга бир чилешкен иштен экинчисине жылуусуна мүмкүнчүлүк бергендиктен, ал бир зилзаладан экинчи зилзаланы көздөй баратат деп айтаар элем.
Кимдир бирөө таасир этүүнүн амалын издей баштаганда, андай жагдайлар ондоп табылат. Мен өз жүйөлөрүм жөнүндө көп ойлонбодум, жетерлик ойлонгон жокмун десем да болот; Яков падышанын Библиясы, диниятчылардын дүкөндөрдөгү даваат учурундагы чечендиги, ынды каралардын сөздөрүндөгү тымызын келеке, агрессивдүү тон жана момундук, Диккенстин куру эрдемсинүүгө жакындыгы – мунун баары бүгүн мага да мүнөздүү; бирок мен башымды тобокелге салбайм. Ушундай эле жолойдо санаксыз адамдар мага түрдүү көмөк көрсөтүштү; бирок акыр аягында, жашоомдогу эң татаал (жана эң баалуу) окуя деп ынды кара болуп төрөлгөнүмдү эсептейм, ошол себептүү бул чындык менен элдешкенге мажбур болдум. (Баса, элдешүү – үмүт кылган иштин эң жакшысы).
Ынды каралардын жазуучусу болгондун бир кыйынчылыгы (бул атайын актануу эмес, анткени жазуучу башкаларга караганда начар жашайт деп айтайын деген ниетим жок) – ынды каралардын түйшүктөрү жөнүндө аябай көп жазылган. Китеп текчелер маалыматтарды көтөрө албай сынып жаткандыктан, ар ким эле өзүн билерман санайт. Атүгүл бул маалыматтар эреже катары, салтуу көз караштарды мамилелерди (негизинен, эл арасында) бекемдөө үчүн колдонулат. Салттуу көз караштардын экөөсү бар – колдоо же каршы болуу. Бул экөөнүн кайсынысы мага көп забын кылганын так айта албаймын. Мен жазуучу катары сүйлөйм; социалдык көз караштан алганда, кара санатайлыктан ак санатайлыкка өтүү кандай мүдөөнү көздөбөсүн, канчалык осол болбосун, кандай даршан кылынбасын, эч өзгөрүүсүз калгандан жакшы.
Бирок менин көз карашымда, кишилердин мамилелерин изилдөө, ага терең сүңгүп кирүү, анын башатын табуу – булар жазуучунун ишинин бир бөлүгү. Береги көз караштан алганда, ынды каралардын көйгөйлөрүнө ачкыч жок, дээрлик жабык. Бул тууралуу көп жазылат, начар жазылат. Ынды кара өз ойлорун айтууну үйрөнүү үчүн төлөнгөн баа, акыр соңунда, ал айтар эч нерсе жок экенин айкын кылат. («Сен мага тил үйрөттүң, - дейт Калибан Просперо, - менин тапкан пайдам, уялбай сөгүшкөндү үйрөндүм».) Ойлонуңуз: бул проблема жараткан эбегейсиз социалдык активдүүлүк - актар менен ынды караларды келечекке көз чаптырып, заманды жакшыртуу үчүн жапырт иштөөгө милдеттендирет. Бул сонун, коомду козголтопойт; дал ушул жагдай ынды каралардын өнүгүүсүн мүмкүн кылды.
Ошентсе дагы, социалдык маселелер, чечмелеп айтканда, жазуучунун негизги түйшүгү эмес; ал өзү менен бул иштердин ортосун бөлүп коюш керек, бул анын маселеге алда канча зирек кароосуна өбөлгө түзөт, башкача айтканда, келечекке терең ойлонуп сереп салгандан мурда өткөнгө бир көз чаптырып алуусу зарыл. Ынды караларга таандык проблемалардын контекстинен алганда, не актар, не ынды каралар өздөрүнө мүнөздүү олуттуу себептерден улам өткөнгө кайрылууга кыпындай да кызыгышпайт; бирок менин оюмча, өткөн жашоосуз - бүгүнү жашоонун пайдубалы бекем болбойт; алтурсун биз өткөндү калыс бааламайынча, өткөнүбүз бизге коркунучтуу апаат болуп көрүнө берет.
Эмне дегенде да, менин өнүгүүмдөгү чечүүчү учур өзүмдү Батыштын салпаягы деп таанууга аргасыз болгонумдан кийин болгонун жана өткөн өмүрүмдүн изи менен жүрүп, Европага эмес, Африкага барып калганымды билемин. Бул деген мен көзгө көрүнбөгөн руханий жолдор аркылуу Шекспир, Бах, Рембранд, Париждин таштары, Нотр – дам - де - Пари чиркөөсү, Эмпайр-стейт-билдинг имараты менен өзгөчө мамиле түздүм.
Алдагы аталгандарды мен жараткан эмесмин, аларга тарыхымын тиешеси жок; мен алардан өз жашоомдун маңызын өмүр бою натыйжасыз издөөм ыктымал эле. Мен жат болчумун; алар менден калган руханий мурас эмес болчу. Ошол эле учурда, менде өзүм пайдалангандай башка эч кандай руханий дөөлөт жок эле, мен не жаңгал токойдо, не уруулар менен жашаганга ылайыкталбаган болчумун.
Мен береги ак жүз жылдыктарды ыйгарып алып, өзүмдүк кылып алуум керек болчу. Өзүмүн өзгөчө мамилеме, бул системадагы өзгөчө ордума ынануум зарыл болчу, антпесем эч бир системада мага орун табылмак эмес. Баарынан кыйыны – америкалык ынды каралар сыяктуу өздөрүнүн коомдук прогресси үчүн төлөнчү акыны өздөрүнөн жашырууга мажбур болушканын мен дагы өзүмдөн такай жашырып жүргөнүмдү моюнума алуу болду. Мен актарды жек көргөнүмдү, алардан коркконумду жашырганмын. Бул менин ынды караларды сүйгөнүмдү билдирбейт эле; тескерисинче, алар Рембрандды жаратышпаганы үчүн жек көрчүмүн балким. Тактап айтканда, дүйнөнү жек көрчүмүн, андан коркчумун. Бул өзү ушундай жол менен дүйнөгө өзүмдүн үстүмөн кыңк эттирбей бийлик жүргүзүүгө уруксат бергенимден тышкары ушундай кишини ичтен кыйратчу татаал жагдайда мен жаза аламын деп эч качан үмүт кылбайт болчумун дегенди билдирет.
Киши бир нерсеге - өз тажрыйбасына таянып жазат. Баары өз тажрыйбасынан, таттуубу же ачуубу, айтор өзү бере алган эң акыркы тамчыны сыгып алалганына жараша жазат. Сүрөткердин жападан жалгыз чыныгы түйшүгү – жашоонун башаламандыгын бир тартипте кайра жаратуу, ал - искусство. Ал кезде мен үчүн ынды каралардын жазуучусу болуунун кыйынычылыгы, ачыгын айтканда, социалдык абалыма байланышкан өтө катаал талаптарга жана реалдуу коркунучтарга байланыштуу өз тажрыйбамды өтө кылдат изилдөөгө уруксат берилбегени болду.
Мен өйдөдө сүрөттөлгөн дилемма сейрек кездешет деп ойлобойм. Ырасында эле жазуучулар тил опсуз кордолгон чөйрөдө эмгектенишет деп ойлойм, бул жагдай ынды каралардын тилиндеги жана жашоосундагы орошон ресурстар менен ынды каралардын музыкасындагы өрнөк болор үлгүлөрүнө карабастан, ынды каралар жазган проза жалпысынан алганда кунарсыз жана оор экенин аз болсо түшүндүрөт. Кантип ынды кара болуу - менин чыгармачылыгымдагы жападан жалгыз тема болот деген үмүттө ал тууралуу кенен жазып жатканым жок, бул мен кайсы бир тема тууралуу жазгандан мурда ачуучу дарбаза болгон үчүн кенен жазуудамын.
Менимче, Америкадагы ынды каралардын көйгөйлөрүн алардын жашоосунун контекстин эске албай талкуулоо жарабайт. Анын контексти: тарых, салт, үрп-адат, моралдык нормалар жана өлкөнү түйшөлткөн маселелер болот; кыскача айтканда, жалпы социалдык структура. Тескерисинче, көрүнгөндөй болгону менен, анын кесепеттеринен Америкада эч ким кутулган жок жана ал үчүн ар бир америкалык тийиштүү деңгээлде жооптуу. Мен буга бекем ишенем, себеби бул проблеманы өзүнчө бөлүп талкуулоо эмнегедир тенденцияга айланып кетти. Бирок Фолькнердин чыгармаларында, Роберт Пен Уоррендин жалпы позициясында жана айрым эмгектеринде, эң негизгиси, Ральф Элиссондун адабиятка келүүсү менен бул маселе бир кыйла терең изилдене баштаганын байкалат.
Баса, Элиссон мырза - ынды каралардын бура сүйлөөсүн жана ынды каралардын турмушундагы иронияны чебер пайдаланган биринчи романист. Мен мурда ынды кара жазуучулардын мындай чыгармаларын окубагам.
Мени кызыктырган нерселер жөнүндө: Менде, кыямат кайым болсо да, 16 миллиметрдик тасмалуу кинокамералуу болуп, эксперименталдык фильмдерди тартайын дегенден башка да бапестеген тилегим барбы, билбеймин. Негизи тамак жегенди жана ичкенди жакшы көрөм: жаман оюмда, эч качан тамакты тойгончо жеген эмесмин (мунун себеби, келерки жолу качан тамактанам деп тынчсызданган адамдын дегеле курсагы тойбойт эмеспи), менин көз карашымды ынанымдуу колдобогон адамдар менен талашып-тартышканды, каткырып күлгөндү жакшы көрөм. Мага богема жана анын өкүлдөрү жакпайт, жыргап-куунаганды өмүрүнүн башкы максаты кылып жашагандар да жакпайт. Кайсы бир ишке олуттуу мамиле жасагандарды да жактырбайм. Мени ынды кара болгонум үчүн гана жакшы көргөндөр жакпайт мага; ынды кара болгонум үчүн мени жек көргөндөрдү да жактырбайм. Американы дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдөн артык көрөм, ошол себептүү дайыма сындоо укугумдан эгерим баш тартпаймын. Менин оюмча, бардык теорияларга ишенбөө керек; эң мыкты делген принциптер өзгөрүшү же жашоо талабына ылайык бузулушу мүмкүн, демек ар ким өзүнүн моралдык уңгусун табышы шарт, ушул уңгу мага туура багыт көрсөтөт деген үмүттө бул дүйнөдө алга кадам таштоо керек. Билемин, милдетим көп, бирок эң зор милдетим – Хемингуэй айткандай, өз ишимди аягына чыгаруу.
Мен чынчыл адам жана жакшы жазуучу болууну каалайм.
Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду.
Максатты тындырбай кууган Ж.Болдуин
Басмадан чыккан тунгуч эмгегинде орус-совет жазуучусу Максим Горькийдин чыгармачылыгын изилдеген Жеймс Болдуин Ала-Тоо кооздуга суктанып, Ысык-Көлгө жүзүн чайган жазуучу. Америкалык ынды кара жазуучу кыргыз жергесине 1986-жылы «Ысык-Көл» шеринесине дүйнөнүн дөө-шаа интеллектуалдары менен келген. Алардын баарын Чыңгыз Айтматов өзү чакырган. Албетте, мурдакы СССРдин ошо кездеги көсөмү, КПСС БКнын Генкатчысы М.Горбачёвдун колдоосу жок, бул эл аралык форум уюштурулат беле?
Жеймс Болдуиндин өмүр баянын окуп отуруп, анын тырмак алды макаласында М.Горькийдин чыгармачылыгын изилдөөсү кокустук эмес, экөөнүн балалыгындагы окшоштуктарга байланыштуу деген ойго келдим. Бул ойго арийне «пролетариат жазуучусунун» автобиографиялык повести «Балалык» түрттү. «Балалыкты» өткөн XX кылымдын 50–60–70-жылдары окубаган кыргыз баласы болбосо керек?!
Жеймс төрөлгөндө апасы Эмма Бердис Жонс жагыз бой болгондуктан, күбөлүгүндө перзенти Жеймс Артур Жонс деп жазылат. Апасы 1927-жылы өзүнөн алда канча улуу Дэвид Болдуин деген баптист-диниятчыга күйөөгө чыгып, уулун аталуу кылат. Дэвиддин мурунку аялынан төрөлгөн кызы Эмма Жонстон улуу болгон. Ошентип болочок жазуучу өгөй атасынын фамилиясына өтөт.
Күйөөсү 1943-жылы көз жумганча, Эмма ага сегиз уул-кыз төрөп берет. Ушул себептүү «Өмүр сырларында» Жеймс Болдуин «Бөбөктөрдү бир колума көтөрүп, китепти экинчи колумда кармап алчумун» деп жазууда. «Өмүр сырлары» 1955-жылы басмадан чыккан «Америка уулунун эскерүүлөрү» (англ. «Notes of a Native Son») эсселер жыйнагынын баш сөзү. Бул жыйнак түп нускада «Autobiographical notes» аталат.
Көпчүлүк адабиятчылар тарабына автобиографиялык жанрдын классикалык үлгүсү катары таанылган «Америка уулунун эскерүүлөрү» Кошмо Штаттардагы абройлуу «Modern Library» басмасы 1998-жылы жарыялаган «ХХ кылымдагы 100 эң мыкты илимий-популярдуу китептердин» тизмесинде 19-орунду ээлеген. Жеймс Болдуиндин 1953-жылы чыккан «Баргын, кебиңди тоого айткын» романын «Time» журналы 1923–2005-жылдар ортосунда англис тилинде жарык көргөн 100 мыкты романдын тизмесине кошкон.
Ж.Болдуин өзү белгилегендей, кемелине жеткенче, не балалык, киши болгудай шарт-жагдайды билген эмес. «Мен өлүк туулганмын» деп өксүгөн. Ошого карабай кандайча дүйнөгө төбөсү көрүнгөн жазуучу болуп калды? Кичинекейинен китепке жакын болот. 10 жашка толбой жатып Гарриет Бичер – Стоу айымдын «Том байкени кемесин», Чарльз Диккенстин «Эки шаар жөнүндө повестин», Ф.Достоевскийдин бир нече китебин окуп чыккан. (Баса, мен билгенден Достоевскийдин «Ага-ини Карамзовдор», «Кылмыш жана жаза», «Идиот» сыяктуу чыгармалары АКШда популярдуу китептердин тобуна кирет. Бирок Лев Толстой «Согуш жана тынчтык» жана «Анна Каренина» аркылуу көбүрөк таанымал. Анын сыры – бул эки романдын негизинде тартылган көркөм фильмдерде.)
Эринине түк өсө элек Жейм Болдуиндин адабиятка жөндөмүн аны окуткан мугалимдер биринчи байкашат. Ал окуган мамлекеттик мектептин директору Гертруда Элиза Айердин (1885-1971) айтымында, жазуучулук талант Жеймске апасынан жуккан. Жазуучу, агартуучу Гертруда Э.Айер Нью-Йорк шаары 1998-жылы кеңейгенден кийинки бирдиктүү мамлекеттик мектептердин биринчи ынды кара аял директору болгон. Анын 1925-жылы басылган «Ынды кара аялдардын милдети» эссеси афро-америка аялдар адабиятынын башатын түзгөн чыгармаларга кирет.
«Өмүр сырларында» көрсөтүлгөндөй, Ж.Болдуин 1948-жылы Розенвальд фондунан Гарлемдеги диний абалга арналган китеп-альбом үчүн 1500 доллар грант алат. Бул бүгүнкү нарк менен эсептегенде 19 700 долларга чамалап барат. Ушул акчадан үнөмдөгөн 40 доллар (бүгүн 670 АКШы доллары) менен Францияга кетип, өмүрү Европага, тагырак айтканда, Көгүлтүр жээк аталган француз Ривьерасына байланат. Негизги чыгармалары, анын ичинде «Мухаммеддин өлүмү» аңгемеси ушул жакта жазылат. Ал мекенине маал-маал каттап турат. 1987-жылы 30-ноябрда Көгүлтүр жээктеги үйүндө түбөлүк уйкуга кетет. Сөөгү жазуучунун дүйнөдө эң жакшы көргөн өлкөсү - Американын Нью-Йорк штатындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат.
«Маданий фиаско: жаратман коомду талкалоо» деген китеби менен белгилүү америкалык журналист, культуролог Скотт Тимберг: «...Болдуин – кылымдын гана жазуучусу эмес, ал чыгармалары менен Жорж Оруэл сыяктуу эле бизге түздөн-түз кайрылган жазуучу» - деп жазган. Эки жазуучунун китептерин окуган адам гана С.Тимбергдин береги сөзүнө «ооба» же «жок» дей алат.
Амирбек Азам уулу, Мэриленд штаты, Гетесбөрг шаары.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.