(диний майрамдан кийинки ойлор)
Нукура элдик майрамдын кайталангыс шааниси жана кылым түпкүрүнө кеткен тарыхы болот. Ырас, ар заман ар майрамга өз мөөрүн басат, ар кандай майрамга мезгил, өндүрүш, география, саясат таасир этерин бүгүнкү глобалдашуу доору айкын көрсөттү, көрсөтүүдө.
31-октябрда АКШдагы католик-тарсалар Хэллоуинди майрамдашты. Шамдан соң биз жашаган Кентлен майрамдагыдай шаңга бөлөнүп, көчөлөр түрдүү костьюм кийген балдарын жетелеген ата-энелер менен өспүрүм курактагыларга толду. Алар үйлөрдүн босогосуна, же тротуар жээгине калтырылган пластик же темир мискейдеги ар кыл шоколад-момпосуйлардан бирден-экиден тандап алып, жонуна арткан куржундарын же колундагы баштыктарын шашпай толтуруп жүрүштү.
(Мага мунун баары илгери өзүм курактуу балдар менен бир жылы Чавайда, башка жылы Кара-Кыштакта ырамазан айтып жүргөн күндөрдү эске салды) Кээ бир үйлөрдүн босогосунда кожойкелер менен кожоюндар же майда балдар-кыздар момпосуй-шоколаддарды «жарамазанчыларга» бирден берип жатышты. А биздин маңдайыбыздагы үй ээлери «чачыла» толтурулган мискей-чараларды эшиктин сыртына коюп коюшуптур.
Пайдубалы бийик тамдарда жашагандардын кээ бир тапкычтары айвандан (веранда, терраса) тротуарга жеткендей ноо орнотуптур. Бул алардын жарамазанчылар тепкичтен өйдө көтөрүлүп убара болушпасын дегени го... Ошого жаш балдар айванда туруп эле тротурар менен бараткан жарамазанчыларга ноо аркылуу сакадай томолотуп момпосуй, кампүт жөнөткөндөрүнө курсант.
Неберем Нүргүл да мени ээрчитип алып, бир нече көчөнү кыдырып, «чачыла» чогултту. Биз Хеллоуинге ырамазанчылар тараганга жуук-саат сегиз ченде чыккандыктан, Нүкүнүн жыйган момпосуйлары бир ууч араң болду.
Шаардык бийлик орноткон тартипке ылайык, Хеллоуин күнкү көчө жүрүш же ырамазанчылык кылып чачыла чогултуу саат алтыдан сегизге чейин гана болуш керек эле. Эгер мүнөзү шар неберем эртерек чыкса, көпчүлүк балдар-кыздар сымал, эшигин тротуардан лента тартып тоспогон адамдардын каалгааларын каккылап, чачыла сурамак сөзсүз.
Биздин Кентленд/Лейкленддеги оюн-зооктор өтчү вилла менен соода борборунун жакасындагы паркингдерде автокөлүктөр жык-жыйма толгонун жана балдары менен испан тилинде жобурашкан жоон топ ата-энелерди улам, Хэллоуинга сырттан коноктор көп келгени экен деп жорудум өзүмчө.
Мен байкагандан Хеллоуинге тарса-католиктер эртелеп камдана башташат. Үйлөрүнүн тушуна, короосуна, айванына кишинин скелеттерин, чылгый кара жана ак кездемеден көйнөк кийген, чачы сапсайган, тиштери арсайган, кызыл көздөрү чакчайган, тулку бою шылкылдаган албарсты катындарды, кишинин баш сөөгүн орнотушат; атүгүл кадим кишиден айрымасы жок пластик же винил куурчактардын алты санын мүчөлөп, тротуарлар менен тамарка жерлерине итке сөөк ыргыткан сыяктуу таштап коюшат. Кээ бирөөлөр оңой менен жыртылбас поливинилхлоридден жасаган түрдүү чоңдуктагы дөөлөрдү, албарстыларды, фигураларды желдеп, аскердей тизишкен үйлөрүнүн кашына.
Үйдүн тегерегин кадимки мазарга айлантып, ар кандай өлчөмдөгү, формадагы таш эстелик, плита, эскерткичтерди орноткондор да арбын. Бир үй-бүлө жыл сайын зерикпестен Хеллоуинден бир-эки ай мурда ушундай мазарга айлантып, эстеликтердин арасына ар кандай шумдуктуу фигураларды да жайнатып чачып коёт.
Албетте, элдин баары эле кишинин түшүнө кирчү албарстылар, жин-шайтандар, скелеттер менен чектелбейт. Салт боюнча ашкабакты кишинин башындай жасап, ичине шам жандырышкан же эшикти жана короонун дарчасын, тепкичтерин ар кандай чоңдуктагы ашкабактар, кургатылган гүл, гүлчамбарлар менен, түркүн түскө кубулган электр лампаларды, кулач-кулач түтүктөрдү үйдүн сыртына илген бүлөлөр да көп. Башкасын айтпаганда да, ашкабакты маки менен оюп, кишинин башын жасап, түнкүсүн ичине шам жайып койуу – байыр замандан келаткан салт болсо керек.
Айтор, Хеллоуиндин шылтоосу менен, ар ким оюна келгенин кылып жыргайт. Көргөндөрдү да жыргатышат. Хеллоуинге оюнчук жасаган компаниялар да жыргашат.
Ошентип, Хеллоуин, Касиеттү Валентин күнү (англисче Valentine's Day, Saint Valentine's Day же Feast of Saint Valentine, орус тилинде День Валентины же День всех влюбленных), Крисмасты (анг. Christmas, орусча праздник Рождества Христова же Иса машаяктын туулган күнү) майрамдоо – коммерциялык жолго коюлган.
Ошондон улам, аталган майрамдар жакындап келатканын түркүн жарнама-жарнактар бир нече ай мурда күн сайын даршан кылып, аны белгилеп майрамдоого зарыл оюнчуктар менен зат-шаймандар алдын ала сатыкка чыгарылат. Тырмактайынан ата-энесин ээрчип дүкөнгө барып жүрүп чоңойгон балдар – кайсы улуттан, динден, элден болбосун, бүгүнкү «керектөөчүлөр коомунда» орток маданиятты кабыл алышат, мурда ата-бабасы билбеген майрамдарды майрамдоочу болушат, кийимдерди кийишет, тамактарды жешет.
Бул илдет мурда көрүнүктүү америкалык илимпоз Жон Гэлбрейттин сөзү менен айтканда, «индустриалдык коомго» мүнөздүү болсо, глобалдашуу доорунда бүт дүйнөгө жайылууда. Бул жараянда, Ж.Гэлбрейт «Жаңы индустриалдык коом» деген эмгегинде белгилегендей, элдин жашоо жолоюна баарынан көп ири компаниялар таасир этет, атүгүл алар жаңы муундун табитин калыптандырарын өзүбүздүн эле Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын кийим кийүү стилинен байкоо мүмкүн. Ошондой эле, улуттук менталитеттин калыптанышында кино индустриясы менен кинофильмдердин таасири күчтүү экени көпчүлүккө маалым.
Чынын айтсам, студенттик жылдары Гэлбрейттин жогоруда аталган эмгегин окуганда, ал сүрөттөгөн тенденция өнүккөн Батыш мамлекеттерине мүнөздүү деп ойлогом. Анткени, Советтер Союзунда эл керектөөчү товарлар, анын ичинде телевизор, жеңил машине, жинси сыяктуу таар шымдын түрлөрү ж.б. нерселер тартыш болгон жана дефицит товарларды фарсовщиктерден табуу мүмкүн эле.
СССР кыйрап, экс-советтик Кыргызстан жапайы капитализм жолоюна түшкөндө коом акырындап эркин экономика үстөмдүк кылган капиталисттик жолго багыт алганын, бир муун алмашпай, товар элдин эркин өзүнө багынтып, Карл Маркс классикалык эмгеги «Капиталда» айткан «товардык фетишизм» деген балакет кыргызга да жетерине көп деле ишенген эмесмин.
Тарыхчылардын изилдөөлөрүнө караганда, Хеллоуин майрамынын башаты Түбү байыркы Ирландияны байырлаган кельттердин Самайн (Samhain) майрамына барып такалат. Кельттердин жыл сүрүүсүнө ылайык, Жаңы жыл бүгүнкү жыл эсеп же календарь боюнча алганда, болжол менен 1-ноябрда башталган. Жаңы жыл же кыш мезгили киргенде кельттер малдарын жайыттан кыштоого айдап келишкен экен.
Самайн майрамы алдында тирүүлөр менен өлгөндөр ортосун бөлгөн дүйнөнүн капкагы ачылып, маркумдардын арбагы же руху жерге түшүп, өз үйүнөн кабар алат жана жыл ичинде жаны жайран болгондордун руху тиги дүйнөгө аттанып кетишет деп ишенишкен эзелки кельттер.
Алар өздөрүн маркумдардын элеси же көрүмчүлөр таанып калбасы үчүн беттерине беткап, же маска тагып алышкан. Кельттер көрүмчүлөрдү жин-шайтанга, албарстыга окшош деп ойлошкон, аларды кууп жиберүү, өздөрүнө жолотпоо үчүн дөңдөргө от жагышкан түнкүсүн.
Кельтер Самайн учурунда болочок жубайы, аны менен качан баш кошору тууралуу өмүр жолу, өлөр сааты жөнүндө төлгө салдырышкан. Себеби, бул күнү төлгө туура түшөт деген ишенимде болушкан.
Католик динзарлары Хеллоуиндин эртеси, 1-ноябрда о дүйнөдө жаны түз эле жаннатка кирген ысымы белгилүү жана ысымдары унутулган олуяларды эскеришет. Бул майрам - Бардык касиеттүүлөрдүн күнү деп аталып, VII кылымдан тарта белгиленет. Майрам макамын, өкүмдар падышалар эмес, Рим католик чиркөөсүнүн адыйы - Папа өз амири менен берген.
2-ноябрь католиктер үчүн Маркум динзарларды эскерүү күнү. Бул күнү жана 1-ноярда Түштүк америкалык жана европалык католиктердин бир жааты көзү өткөн жакындарын эскеришип, алардын кабырларына шам же таш чырак коюшат.
Ушинтип, түрдүү кудайларга табынган байыркы кельттердин майрамындагы кээ бир жөрөлгөлөрдү тарса-католиктери колдонууга алышкан. Анын мисалы катары мексикалыктардын Маркумдар күнүн айтса болот. Ал майрам 31-октябрда башталып, 2-ноябрда бүтөт. Береги майрам учурунда ар бир үй-бүлө эң чоң бөлмөнүн төр жагында алтарь сымак эскерткич - офренда жасашкан. Андай офрендалар Мексиканын шаар-кыштактарында коомдук жайларда да жасалат.
Офренда кездеме менен жабылып, анын бети ар түркүн кургатылган гүлдөр, маркумдардын сүрөттөрү, шам чырактар, азык түлүктөр, кооз куурчактар, түрдүү түстөгү оймо чиймелүү кагаздар, гүлдөр, менен кооздолот. Арбактардын рухун чакыруу үчүн коюлган заттар салттуу төрт стихиянын, атап айтканда, жердин, суунун, оттун жана абанын символу. Маселен, жер символу – азык-түлүк, тазалык символу - суу, от символу – шам жана аба символу – көркөмдөп кесилген кагаз. Себеби, төрт чарчы кагазга гүлдүн жана кооз заттардын формасы оюп түшүргөндүктөн, андай кагаздан аба эркин өтөт.
Баса, кечээ жакынга чейин эле кээ бир кыргыз айылдарында маркумдарды эскерип Куран окулганда шам жагып коюлган. Ал эми дарактардын бутагына чүпүрөк байлап, өткөндөргө дуба окуу салты дале бар экенин азиз жерлерде болгон жарандар ырасташат.
Вашингтондун атырабы жана АКШнын чыгышындагы штаттарды кыдырып жүрүп, Хеллоуин майрамын утурлай коюлган кишинин скелеттери, жез кемпирлер, мүрзөдөгүдөй эскерткич таштар, ашкабактар, ашкабак-шамдар, желдеме фигуралар ноябрдын ортосуна чейин жыйылбай турарын байкадым. Анан алардын ордун аязата менен аязкыз, бугуга чегилген чаналар, балатылар ээлейт. Бир сөз менен айтканда, Жаңы жыл өткөнчө майрам бүтпөйт. Ылайым, элге жакшы маанай тартуулаган майрамдар көп болсун!
Мэриленд штаты, Гётербөрг шаары
Амирбек Азам уулу
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR