Айгүл Тоголокова: Акыркы жолугушуу

  • 11.12.2025
  • 2705

АҢГЕМЕ

Телефондун үнүнөн чочуп ойгондум.

– Аяш апа, бул мен – Ыйман.

– Аа, Ыйман тынччылыкпы, атаң жакшыбы?

– Тынч элебиз, күндөгүдөй эле. Аяш апа, агам экөөбүз кеңешип отуруп, кечеги сөзгө макул болдук. Бири – апабыз, бири – атабыз. Өздөрү кандай күндү көрбөсүн, кандай ойдо болбосун – бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Мындан ары да бирөөнүн көзүн карабагыдай турмушубуз бар. Кудайга шүгүр. Апамдын гана “Ал аялга биздин үйдүн эшигин аттатпагыла!”– деген керээзи жүрөктү эзет. Апамдын керээзин аткаралы десек, атамдын абалы да жакшы эмес. Өлгөн апабыздын сөзүн эстеп, тирүү атабыздын көңүлүн кыят белек? Өмүр бою “... кап, ошондо бекер кылган экенбиз” – деп өкүнүчтө калбайлы деп атабыз...

– Ошенткиле, азаматтар!

Мен аны коштогон болдум. Бирок оозума ылайыктуу сөз келбей, аяш уулумду тыңшап тура бердим.

– Атам деле кайра биз үчүн, биз деп кайтып келди эле... Эми... неме... – Сөзүн эмне деп эптешти билбей мукактанды.

– Эмне кылалы дейсиң? – ток этерин сурадым.

– Биз макулбуз, ким эле аты, тигил аял... 

– Бермет.

– Келсин, биз макулбуз.

Мен аяш уулум менен коштошуп, Берметке чалдым да, ага болгон ишти айттым.

*     *     *

Керимдин өңүнө кадимкидей кызыл жүгүрүп калыптыр. Сакал-мурутун алып, кийимдерин алмаштырып, кыңылдап ырдап отурган экен барсам. Көздөрү да оттуу. Мени көрө сала кубанычы ого бетер койнуна батпай:

– Кел, кел, кандайсың? – деди жадырап.

– Жакшы, Керим... өзүң жакшыбы?

– Жакшымын, ырдагым келип, жашагым келип турат. Оорудан айыгам деп ойлоп атам.

– Ооба, баары жакшы болот, – дедим оозум бош.

– Келерин билем, Ыйман айтты, – деди жаш баладай мулуңдап. – Кашайып, убакыт да бир ордунда туруп алгандай, такыр өтпөй атат. Сүйүү, өмүр жөнүндө ыр окуп берчи? – деп суранды. Же жок дей албай, же ыр окуп жибере албай кызыктай абалда калдым. Аңгыча Кудай жалгап балдарынын бири баш багып мени чакырып калды.

– Аяш апа, келишти. Сиз чыксаңыз, эки-үчөө экен.

Сыртка чыксам эки-үч аял турган экен. Берметти көп укканым менен өзүн бир да жолу көргөн эмесмин.

– Кайсынысы экен? – дедим аяш уулума. Ал да чочуп кетти.

– Билбейм, сиз да көргөн эмессизби?

– Жок-ай, кайдан көрөм? Мен деле атаңдан телефон номерин алып, телефондон эле сүйлөштүм да.

Келген конокторду алдынан тосуп чыктым. Учураштык. Мага кадалган көз карашынан эле Бермет кимиси экенин билдим. Баарыбыз топурап Керим жаткан бөлмөгө кирдик. Керим менен Берметтин бири-бирин тынбай тиктеген, сагынышкан көз караштарын байкап, бир чети жиним келсе, бир чети экөөнү тең аяп турдум. Экөө кенен-кесир сүйлөшүп алсын деп, “жүргүлө, чай ичкиле” – деп, башкаларды чайга чакырдым. Элдин катарында бөлмөдөн чыгып баратып, ичимден: «Кечир, Жамал. Сенин бардык кайгыңа күбө болуп отуруп да, ушул ишти кылдым» деп, мындан бир жыл мурун дүйнөдөн өтүп кеткен курбумдан кечирим сурадым. 

*     *     *

Бармактайдан бирге өскөн курбум Жамал менен жолдошу Керим борборго көчүп келгени бир топ кыйналышты. Жумуш жок, элдин баары базарга чыгып, колунан келгенин сатып, оокат кылып аткан маал эле, булар да сооданы ошентип баштады. Алгач пирожки, анан тамеки сатып, анан майда-чүйдө кийим-кечеге өтүштү. Керимдин инисинин жардамы менен Кытайдан товар ташып, сооданын көзүн таап кетишти. Көп өтпөй эле ирденип, эл катары үй-жай күтүп бапырашты. Бирок базардын суугу, жумуштун оору акыры Жамалды оорулуу кылып тынды. Жараткан мен сага малк-мүлк берем, бирок анын ордуна ден соолугуңду, жаштыгыңды алам дейт окшобойбу пенде баласына.

Балким бир үй-бүлөнүн куту, ырыскысы энеде экени бекеринен эместир. Жамал ооруп калгандан кийин иштери жакшы жүрүшпөй; жашоо-шарттары күндөн күнгө начарлап, артка кетишти. Жакшы жашап, жакшы акча кармап көнгөн Керим: «Эмне кылсам экен, кандай кылсам ишим алга жылат?» деп күнү-түнү жол издеди. Акыры Новосибирск шаарында жаңы базар ачылып, соода жакшы болуп атканын угуп, ошол жакта иштеп келүүнү туура тапты.

Бул арада дарыланып, жакшы болуп калган Жамал да четте карап жатабы, Керимге жума сайын товар салып турду. Балдарга келечек түптөйм, байлык күтөм деген азгырык менен убакыт шуулдап өтүп жатты. «Көзү алыстын – көңүлү алыс» накылы чын белем, бара-бара Керим телефон чалбай, сүйлөшсө да көңүлсүз сүйлөшүп өзгөрө баштады. Жамал экөөнүн ортосунда соодадан башка кеп жок: «Акчаны алдыңбы?», «Бердиңби?», «Товар жеттиби?», «Өттүбү?» Бүттү.

Экөөнүн мамилесин айткан Жамал далай жолу: «Жүрөгүм бир нерсени сезип атат, Керим баягы эмес. Ошол жактан үйлөнүп алгандан сообу ыя?» деп шектенди. Бирок мен Жамалдын шектенүүлөрүнө эмес, Керимдин адамдыгына, Жамалдан бөлөк аялды ойлобойт деген өз ишенимимде элем. «Койчу, балдары үйлөнүп, бүгүн-эртең небере күтөбүз деп турганда, ошону кылмак беле? Анын үстүнө Керимди кантип ушундай ойлойсуң. Алыста кезерип балдарыма келечек түптөйм деп жүрсө...» – деп тыйганымчы. Мен анда Керимдин көңүлүн өзү менен базарда чогуу иштеген Бермет аттуу сулуу буруп алганын, ал тургай Керим жалгыз бой келиндин тирлигине каралашып жүргөнүн кайдан билейин? Керимден мындайды күтпөсөм керек. Мен эмес, элдин баары мындайды күтпөгөндүр андан. Акыры бул окуянын аягы Керимдин Жамалга жолдогон каты менен ачыкка чыкты.

– Ме! – деди Жамал мага телефонундагы Керимдин катын көрсөтүп. Аны Керим эмес, мен алдап кеткенсип: – Качан да болсо ошонун таламын талаштың, ал оку! – деп болгон жинин менден чыгарды.

«Жама-аал, кечир. Сенден да, балдардан, келинимден да. Ал тургай мына-мына жарык дүйнөгө келер неберемден да кечирим сурайм! Сени деле жакшы көрүп, сүйүп үйлөндүм эле го... Бирок бул такыр башкача сезим. Балким сүйүү деген ушулдур. Кечир. Аты – Бермет. Биздин бактылуу болушубузга уруксат бер».

Мен Керимдин катын окуп, ыза болдум. Жамалды соороттум, ага кошуп тиги Бермет аттуу бейтааныш аялды кара жерге житире каргадым, ыйладым. Акыры унуттум. Бирок Жамал унута алган жок. Акыры бул окуя анын ден соолугун биротоло алдыбы, бир күнү эси ооп жыгылып доктурга түштү. Рак экен. Адам баласы бири-бирин оорукчан болуп калганда, өлөрүндө аяйбы – бул кабарды уккан Керим кайра үй-бүлөсүнө кайтып келди. Курун мойнуна салып, «карыганда жаңылдым-жаздым» деп балдарынан, Жамалдан кечирим сурады. «Ат айланып казыгын табат» деп баарыбыз чурулдап, ортого түшүп, экөөнү жараштырып тындык.

*     *     *

Бир күнү Жамал мени «Тез, келе кал» деп чакыртты. Келсем, чачы алынган, аябай арыктап алы кеткен курбум алсырап төшөктө жаткан экен.

– Аларды көрдүм, – деди муңайып.

Жүрөгүм шуу деп кетти.

– Кимдерди? Кайдан көрдүң?

– Эки күн мурун бир аз колу-бутумду жазып басып келейин деп, сыртка чыккам. Экөө бейкапар, жадырап сүйлөшүп... Көргөн көзүмө ишенбей отура калдым. Анысы кайда житип кетти билбейм. Бирок Керим жанымда пайда боло калды. 

– Ким бул, ошонуңбу? – дедим. Жер тиктеп тим болду. Демек ошонусу да...

– Балким ал эместир, башка таанышыдыр, койсоңчу кайдагыны. Анысы тигил жакта калды, кошо ээрчип келип алмак беле? – деп кара күчкө курбумду соороттум. Бирок ичимде башка бир үн «Ошонусу эле» деп мага шыбырагансыды.

– Өзүнөн жаш бирөө башын айлантып, жаңылып жүрөт экен десе, жашы өзү менен эле тең, өзүнө аябай караган, сулуу, күлүмсүрөп турган аял экен. Жаш кезде ушундай болсо кечирүүгө оңой болот беле, жаш өтүп калганда кечирүү өтө кыйын экен. Мен өлсөм, Керим тигиниси менен жыргап жашайт экен да, келип үйдү ээлеп алат экен да... Минтип өмүрүм түгөп атса, Керим эч нерсе болбогонсуп, анысы менен жолугуп жүргөнү – мени биротоло өлтүрдү… Өлөр алдында кечирсем болмок, бирок кечире албай атам, ого бетер таарынып, ого бетер кек сактап калдым. Нааразымын, аябай нааразымын! – өксүп ыйлады.

*     *     * 

Ушул окуядан кийин Жамал оңоло албады. Балдарына ар дайым: «Мен өлгөндө ал аял бул үйдүн босогосун аттабасын! Атаңарды үйлөнтсөңөр да ыраазымын, бирок башка аял алып бергиле, аны эмес. Аны бул үйгө жолотпогула!» – деп керээзин айтчу болду.

Мына-мына жаны чыгарда башын көтөрүп, болгон күчүн жумшап, Керимге карады:

– Мен сени эч качан кечирбейм, коё бербейм. Мен өлгөндө тигиниң менен жыргап жашайм дейсиңби? Жок! Сени таштабайм, ала кетем, уктуңбу?! Өзүм менен!.. – алсыз үнү менен шыбырады.

*     *     *

Жамалдын сөөгүн жерге жашырып келгенден кийин Керим катуу ооруп жыгылды. Күйөттөн, күнөөдөн деп ойлогонбуз. Андай эмес экен. Белгисиз сырбы, ал да айыкпас ооруга чалдыгыптыр...

Жашоо ак-кара, жакшы-жаман, сүйүү, жек көрүү, ишеним, өкүнүч белем: канчалык туура жашайын, жакшы жашайын деген менен адам баласы азгырылып, калпыс мүдүрүлөт экен. Керим өзү деле жаңылууну каалаган эмес эле. Жашоосу калыбында өтүшүнө көнүп калган, баарынан Жамалды, балдарын биринчи орунга койгон адам болчу. Ошолорду элден кем кылбай багайын, келечек түптөйүн деп, соода артында жүргөн күндөрдө Берметке жолугуп калуусу жашоосундагы жаңы барактарын ачкандыр. Бирок ал ушул жолугушуу үчүн, сүйүүсү үчүн жазаланып аткансыды.

Ооба, Жамал да өзгөчө акылдуу, токтоо, иштерман аял эле. Бирок Керим Жамалдан таппаган жылуулукту, мээримди, түшүнүүнү, колдоону Берметтен тапты. Андан өзүн алыстата алган жок. Берметке жолукканга чейин күнүмдүк, пендечилик жашоосун кечирип келсе, экөө жолуккандан кийинки жашоо кызык, өзгөчө дүйнө болуп сезилди. Же сүйүү деген ушулбу, өзүнүн да акылы жетпейт...

Оорусу тез күч алып, абалы күндөн күнгө начарлай берди. Асылган ажалдын ач чеңгелинен кутула албасына көзү жетти. Жүрөгүнө эч нерсе барбайт, ичкенинин баарын кусат. Балдары, бир туугандары, жакындары колдон келгенди кылып, жанынан чыкпай калдык. Көзүбүз жетип, баарын билип турсак да, баары бир аны өлүмгө кыйбадык. Күн санап начарлай баштады. Акыры кеңешип, Бермет менен жолуктурууну чечтик. Баарыбыз Жамалдын акыркы керээзин аткарбай, Керимдин акыркы каалоосун аткарууну туура таптык...

*     *     *

Керим менен Берметти жалгыз калтырып, калганыбыз оозгу бөлмөдө чай ичип отурдук. Оозубуздан сөз чыкпай, ар кимибиз өз ойлорубуз менен алекпиз. Мага таарынбас бекен, анын азаптуу күндөрүмө күбө болдум эле. Башкалар макул болсо да, мен макул болбошум керек эле. Курбума чыккынчылык кылдымбы? Биз анын керээзин аткара алган жокпуз да. Качан кыргыз керээзди жерге калтырчу эле деген ойлор мээмди жейт. Үйдүн бир бурчунда «Кантип макул болдуңар?» – деп Жамал мени жекире карап тургансып, эки жагыма элеңдейм. «Жок, Жамал, мен чыккынчылык кылганым жок. Керим да акыркы күндөрүн жашап атат… Берметке жолуктургулачы деп суранып туруп алды. Артымдан ала кетем дечү элең, мына эми артыңдан барат…» – деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп, курбумдун арбагы алдында актанып турдум.

– Аяш апа!

Ыймандын үнүнөн оюм чачырап кетти.

– Бир топ эле убакыт өттү, Бермети кетсин эми.

– Макул, барып айтайын.

Төркү бөлмөгө баш багып, Берметке ишарат кылдым.

Ал ордунан шарт туруп келди.

– Керимдин оорусун жакшы билесиз, акыркы күндөрүн жашап атканы да баарыбызга дайын. Керимдин көңүлүн кыйбай, жок дегенде акыркы жолу сүйлөшүп алсын деп, бардыгына көз жумуп, сизди чакырдык. Эми кетиңиз. Жамалдын туугандары, Керимдин ал-абалын сурап куда-сөөк, достору келип калса уят.

– Жок, жок, Керим жакшы болот, дагы жашайт, кантип акыркы жолу... дагы жолугабыз.

Ал шашып кетип, андан-мындан бир чолуп сүйлөп кирди. Анан туура айтасыз дегенсип, жоолугунун бир учу менен бетин басып уңулдап ыйлап калды. Мен да жашып кеттим.

– Андай болсо кана, баарыбыздын эле тилегибиз ошол, – дедим.

– Мен Керимге айтпай эле кете берейинчи, коштошо албайм, келем, дагы келем, – үзүк-үзүк сүйлөп сыртка жөнөдү. Аны жандап келген аялдар кошо чыкты.

*     *     *

Ошондон туура үч күн өтүп, Жамалдын каза болгонунан жети ай өткөндө Керим да кете берди...

Экөөнүн ашы бир берилди...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз