АҢГЕМЕ
Ашканадан чыгып, пансионаттын биз жайгашкан бөлмөсүн көздөй катар басып келаттык. Тамак сиңиргенче көл жээгине басып келүүнү сунуштадым. Ал макул болду. Негедир адатымча ажыкыстана баштадым:
– Кечирип койчу... ээ?
– Эмнеңди кечирейин?
– Баарын.
– Кечирсем деле кайра баштайсың да.
– Мисалы кайсынысын?
– Буту-колуңду тыйбайсың да баары бир. Бир эле жагың болсо эмне... Койчу кайсы бирин айтайын...
– Хе-хе... Ошончо жаман кишиминби?
– Өзүңдү жакшы адам ойлоп жүрөсүңбү?
– Антип ойлобойм деле. Эми болушум ушул да.
– Адам өзүн өлгөнчө тарбиялайт.
– Макул. Баарын кечир, эми. Не кылсам кечиресиң деги?
Аллея менен басып келе жатканыбызда карагай-арчалардын башында отурган топ каргалардын түн жара каркылдаган үндөрү угулду. Алар тарапты караганым менен дүпүйгөн бактын карарган караанынан башка эч нерсе көзгө илешкен жок. Болгону андан ары асман бетин чүмкөй баштаган булуттар түнөрөт. Кечиргиси келбедиби же чындап аларга алаксыппы, айтор:
– Бу каргалар каяктан жүрөт бул жерде кулактын кужурун алып? – деп суроо салды.
– Булар да эрди-катындар окшойт. Мага окшоп бирөөсү кечирим сурап аткандыр. Аялы болсо дагы кайсы шуркуяң менен жүрдүң деп кулак мээсин жеп...
Бул тамашам деле жоопсуз калды. Чындап эле каргалар неге каркылдап атты экен? Аба ырайы бузулабы, эмнени сезип, эмнеден кабар беришти экен? Көл тараптан сыдырым жел сылап өттү. Бак арасында орнотулган асмашамдардын жарыгында жаңы төшөлгөн таманташтарды тебелеп үнсүз келаттык. Отуз эки жыл чогуу жашаганыбыз менен ортобуз бир кыйла сууп калганын, ушул августтун акыркы күндөрүндөй болуп салкын тартып баратканын байкап, ичим тыз эте түшкөнсүдү. Эски пансионатты келиштире оңдоп коюптур. Баары жаңы, тим эле жаркырайт. Эскирген адам көңүлүн да ушинтип эле оңдоп коёр болсо кана. Ойлорум менен кармаша оң жактагы кафеден жаңырган ырга кулак түрдүм. Вахтанг Кикабидзе ырдап атты. “Мои года, мое богатство...” кайталай кыңылдап көл жээгине жете келдик. Пирске келсек капкараңгы. Коңшу пансионаттыкы жаркырайт. Бул жакка да жарык коюшпаптыр, балким оңдоп жетише электир. Неси болсо да бизге ушул жерде эс алууну буюруптур Жараткан.
Көл толкуп аткан экен. Толкундар долуланып жээкке урунуп, анан артка кайрыла түрүлүп барып, кайра күч менен өзүн жээкке урат. Артка кайрылган толкунду ээрчий карадым, андан аркы карарган туңгуюкка көз жетпеди, ошол жактагы жээкке барып “күрс” эте бир урунуп алып, кайра бул тарапка келе бергендей сезилди... Теребелди тегерете тиктеп чалкалай бердим. Асман ала булут тартып турганы эми даана көрүндү. Анча-мынча жылдыздар жылтылдайт. Жылт этет... үмүттөй... Эртең күн ачык болсо экен.
Пирстин үстүндө басып жүргөндө ал мага ыктай түштү. Теребел сүрдүү болуп, толкундар дале долуланып жатты. Тээ капкара туңгуюктан болор болбос жылтылдаган күмүш жип жыландай сойлоп, жээкке барганда ажыдаарга айлангансып чоңоюп барып анан жерге житип кеткенсийт. Аны күү-шаа болуп шарпылдаган үн коштоду. Көөдөй караңгылыктан коркконгобу, же жыгылып калбайын деп алдын алганыбы (ушул учурда мени жакшы көрүп кетпесе керек эле), колтугумда бараткан адамдын мындан төрт жыл мурда ажырашам деп долуланганы эсиме түштү. Катуу буркан-шаркан түшкөн. Эки ай эсимди оодарган. Дале тамашалагым келди:
– Эмне... Сууга түшүп кетпейин деп коркуп атасыңбы?
– Ии... Түшүп кеткенимди каалап атасыңбы?
– Хе-хе... Жинди болбочу. Неге антмек элем?
– Кайра сүйүнмөксүң да, ээ? Жакшы болду, кеңири барам эми деп... Жанагы шермендеңе...
– Дагы баштадыңбы, капкайдагыны...
– Калппы? Ушундай экениңер жалганбы?
Пирстин темир тосмосуна жөлөнүп, толкундун шарпылдаганын карап тура бердим. Күчөй баштагансыды негедир. Далым муздай түштү.
– Кой, кетели. Шамал башталды. Чыйрыгып атам.
Кадамымды тездетип, кайтууга кам урдум. Кепти буруш керек болду.
– Эсиңдеби, мындан болжол менен он алты жыл мурда ушул эле булуңдун аркы бурулушундагы Кооператор деген пансионатка келгенбиз, журналисттер менен чогуу?
– Ии, ооба. Анда баары башкача эле. Жаш экенбиз анда... балдарыбыздан катамаран талашып ойнойт элек ко...
Азыр эле урушайын деп аткан неме ошол кездеги жакшы ирмемдерди эстеди окшойт, көздөрү жайнай түштү. Мен дагы аны долу толкундан адаштырган бойдон ошол кезге ээрчитип жөнөдүм. Толкун үнү алысырактан угула баштады. Аллеяда баратсак каргалар дале кужулдашат. Күчөп алышкандай булар дагы. Алар жөнүндө билгенимди айта баштадым.
– Каргалар көбүнчө бир ургаачы менен жашайт экен.
– Сенден эстүү тура...
– Жөн эле уксаң эми. Негизи карга эстүү канаттуу. Кээси жупташуу учурунда түгөйүн алмаштырат экен көбөйүү максатында.
– Бул сенин фантазияң... Өзүңө окшоштура албай кыйналасың да дайыма, жадагалса карганы жайына койбойсуң, хи-хи-хи.
Күлкүсү кекээрлүү чыккандай туюлду. Мейли, ич күптүсүн чыгарып алсын деп сөзүмдү уланта бердим.
– “Аял үйдө карга, конокто зымырык куш, сүйгөнүнүн жанында үлбүрөгөн көгүчкөн” деген немис философу, тиги... ким эле атың өчкүр. Фамилиясы мени менен институтта чогуу окуган немис баланыкындай беле...
– Өзүңөр ар дайым бүркүтсүңөр, тим эле. Ары жок эркектер... Жөн койсо карга деп... үлбүрөгөн көгүчкөнүң, ак кууң тиги шермендең да, ээ?..
– ...
Кайрадан толкун үнү жакындай түштү, эми жээкке эмес эле көк желкеме күрс эте урунгансып, кулагымдын түбүндө шарпылдай берди. Асманда бирин-серин жылдыздар жылтылдайт... эртең күн ачылса көл толкубай, тынчый түшөт, буюрса. Ушул ой ээрчип алды.
Жолдугата ага ар нерсени сүйлөп келатканым менен сансыз ойлордун сели каптап, мээмди аласалдыра тоголотуп келаткандай. Аялдар неге мындай калк десең? Биз эркектер башка бирөө менен койнубуздагыны эч бөлүшө алмак эмеспиз. Булар кечирип да, кечирбей да, бирок чогуу жашап жүрө беришет. Аялдардын күчү ушул кечире билгенинде, балдарынын келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалган кудайлык сүйүүгө эгедер экендигинде го. Бул ааламды да эне төрөгөнбү?.. Бул ааламды да ушул энелердин сүйүүсүнө үндөш, окшош сүйүү кармап турса керек.
Сейилдегенден баш тартып, бөлмөбүзгө эртерек келген он эки жашар уулубуз уктап жатыптыр. Көлдө кечке чабак уруп чарчаган окшойт. Болбосо колтелефон чукулап отуруп, апасы түртмөлөгөндө араң жатчу. Аялым да дароо уктоого кам урду. Мен гана каргалардын каркылдаганын, шамалдын улуп уңшуганын, пансионатта жыш отургузулган бак-дарактардын шуулдаганын, бутактардын кычыраганын тыңшап бир топко жаттым. Уйкум келбеди. Өйдө болдум да ошол бойдон шоңшоюп каргадан бетер карарган көлөкөмдү карап отура бердим.
Каргалардын каркылдагы, шамалдын уңулдагы токтободу. Аялымдын кулагын жапкан капкара чачтарды бирин-серин ак аралаганы көрүнө түштү. “Жаштыгымды кайрып бер!” деп долуланганын эстеп, башымды мыкчыдым. Терезеден кирген асмашамдын шооласы аялымдын дем алган сайын жеңил кыймылдаган төшүнө, жүзүнө ала-чокул сүрөт тартып атты. Адам пешенесине жазылган тагдырдын өзгөрүшүнө өзү күнөөлүү экенин эми моюндагансып, бу напси дегениң ыктыярыңды жүгөндөп минип жүрүп да кандай төлөмдөргө түртөр экен деген ойдо көпкө ооналактадым. Таңга жуук уйкуга кетипмин.
Жайдын толуп турган кези. Айзирек экөөбүз гүлдүү жашыл төрдө жүрөбүз. Бийи-ик тоолордо. Көпөлөктөр гүлдөн гүлгө учуп конуп, куштар сайрап, турмуштун акыр-чикири сезилбей, бейпилдик өкүм сүрөт. Анан негедир эски, колдонулбаган, эшик терезелеринин орду эле бар, таштан курулган, чатыры да жок сарай ичинде жүрөбүз. Жетелешип алыппыз. Сарай ичинен бери гүл аралаш өскөн жашыл майсаңды тебелеген тейде түндүк чыгыш тарабындагы чоң тешиктен (каалгасы жок болсо тешик да) Айзиректи жетелеп кирип бардым. Көзүбүз тиктеше, эриндер жакындаша берди. Эриндер эми чапталыша берерде жагымсыз жыт жыттанды. Токтой калдым. Жыт искей баштадым. Каптал жактан экен.
– Жүрү, тигиндей сыртка чыгалычы,– түштүк тарабындагы эшикти көрсөттүм. Ал мени коё бергиси келбеди, назданып да, энтиге да шыбырады:
– Ушул жерде эле...
– Бул жерде жыт бар экен,– дедим көшөрө.
Узун экен сарай. Биз ыңгайлуу жай издеп бир топко жетелешип жүрдүк. Таптык окшойт акыры.
– Жакшы экен ушул жер...
– Ооба. Сиз жанымда барда бардык жер жакшы...
Айзирек адатынча мойнума асылды. Шыбырт угулду оң тараптан. Ошол жакты карай калдым эле, сарайдын түндүк батыш тарабындагы дубалдын эшигинен жашыл майсаңды тебелеп турган жылаңач буттардын тизеден ылдый жагы көрүндү. Алоо деми алкымымды ысыта, албырган эриндери менен куйкалай жабышкан Айзиректи кол жаңсап токтоттум. Акырын байкасам мага тааныш өңдөнөт, ыраматылык атам менен апамдын буттарына окшоду. Окшобой эле дал өзү. Бири-бирин карап тургандай, эркелетишип аткандай, буттарынан буу чыгып аткандай, анан да шыбырашып жалынып, абдан бактылуудай сезилди. Экөө махабат жыргалына батып аткан экен дедим. Жылуу сезим мээмди аралады, денем дүр-р эткендей болду. Аларды аңдып аткансып уялдым. Жанымдагыны колунан жетелеп сыртка жөнөдүм, ал болсо тырышып эле кетенчиктейт, башын чайкайт.
– Тигилерди көрдүңбү? – деп шыбырап кол жаңсадым.
Айзирек да уяла түшкөндөй болду, жетелешкен бойдон шашыла сыртка чыктык. Аяр кучактадым. Божурашып аттык бир топ нерселерди. Эмнелер экени эсимде калбаптыр. Бирок көпкө басып жүргөнсүдүк. Мага негедир мындай жашоо көңүлсүздөй сезилди. Айзирекке кайрылып:
– Жүрү, кетели,– дедим.
Ал баш чайкады.
– Анда мен кетем,– дедим.
Көпкө кыйылып кетиргиси келбей турду да, анан макул болду.
– Кайра тез эле келем,– дедим кубана.
Чуркап жөнөдүм. Биз турган жер бийик тоодо күңгөй бетте болгону менен негедир тескейге окшоп жапжашыл, тизеден келген гүлдүү жашыл майсаң эле. Мен чуркап жөнөгөн жак тескей болгону менен күңгөйгө окшоп чөптөрү суйдаң. Көпкө жол жүргөндөй болдум. Ал бийик жашыл тоодон карап турду. Анан чарчап чаалыктымбы, бир жерге эс алууну чечтим, тердедим окшойт, үстүмдөгү жемперди чече баштадым. Дагы бирин чечтим. Канча кабат кийингенимди билбейм, чечсем эле дагы бири чыгат, чече бердим. Жайдын күнү мынча неге кийип алгам десең? Кайра жолго чыктым. Канча бастым билбейм, чыйрыга баштадым. Кызык. Жай саратанда неге үшүйм? Анан жемперлерим жанагы эс алган жерде калганын эстедим. Кайра артка чуркадым. Айзирек карап туруптур бийик чокудан. Баягы курдашынын үйлөнүү тоюна кийип барган көкүрөгү кештелүү, жер чийген, шуудураган жашыл көйнөгүн кийип алган. Укмуштуудай сулуу көрүндү. Тим эле перидей. Жакын жердегидей эле көрүндү. Бирок кол жеткис бийикте тургандай. Каткырып кол жаңсап кыйкырып атты:
– Э-эй, сен бул жакка чурка!
Негедир «сен» деди, «сиз» дегендин ордуна. “Жыйырма бир жаш айырма бар эле го ортобузда, сиз дечү эле го?..” деп таң калдым. Анан ошол жаңсап көрсөткөн жакка чуркап жөнөдүм. Алгач жемперлерди таап жыйнап жатканымда, ээрге салынган кара көпчүк менен ала-була плед жатыптыр көк чөп үстүндө. Бир учурда экөөбүз атчан келип ошол жерде астыбызга салып эс алып жаткан бойдон унутуп кеткен экенбиз көрсө. Атам атына ээрге салынчу кара көпчүк экенин тааныдым. Жакшы болду, эми үшүбөйм деп сүйүнүп атам. Бирок дароо “Мен неге жөө чуркап жүрөм? Ат кана?” деген ой келди. Айзирек мага бир нерселерди айтып аткандай. Аны укпай эле:
– Жүрү, кетели, келе кал! — деп кыйкырдым.
– Жок! — баш чайкады ал тээ бийиктен. Неге баш тартканын түшүнбөдүм.
– Мен сенсиз жашай албайм,– өпкөлөп ыйлап аттым жерге жатып алып.
Колумда ошол убакта уюлдук телефон бар экен, ага чалып аткандаймын ыйлап. Ал таң калды ыйлаганыма. Мурда көргөн эмес көз жашымды. Мындан ары жагы бүдөмүк. Аттуу болгон имишмин, ар кандай улак тартыш, эңиш-күрөшкө катышкан имишмин, даңкым да чыккандай, Москвага чейин баргандаймын, аркы-берки болуп жүрүп, үн-сөзү жок жумшак мүнөздүү казак кызга үйлөнүп жашап калган имишмин. Бирок бул окуя менен келише албай, кантип эле ансыз башка менен жашап жүргөнүмө бушайман болуп аттым… Алапайымды таппай, ичим ачышып, жанымды коёр жер тапсамчы...
Жаздыгым былчылдап суу. Көзүм умачтай ачылды. Чыйрыгып калыптырмын. Үшүгөн бутумду аялымдын ысык буттарына жылытып жанталашып атыптырмын. Бул экөөбүз үчүн көнүмүш нерсе эле. Таксист болуп жүргөн кезимде таң атканча карта ойноп, таңга маал келип бутумду ушинтип жылытчу элем. Ушул ысык бутка көп жылындым. “Э, Кудайга шүгүр...” Бул сөздүн эрксизден эрдимден чыкканына шүгүр... Жымжырт. Каргалар кайда кетти экен?..
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR