(саясый памфлет)
Ал сахнага чыгары менен эл дуулдап кол чапты. Анткени ал элге жагуунун амалын мыкты билчү. Адатта ал “Элим! Жерим! Келечек!” деп баштайт эмеспи кебин. Ушул үч сөз менен элдин тилин шыр тапчу ал. Ушул үч сөз эле ийгилик ачкычы ага.
Адегенде Шылуундун өмүр баянына ушул жерден токтоло кетпесек да болбос. Кечээ ал катардагы эле мансапкорлордун курчоосунда жойпоңдоп, колдоруна суу куюп жүрчү. Ошентип жүрүп эле ийгилик сырын түшүндү ал: бул өлкөдө эмгек кылгандар эмес, тилинен чаң чыккандардын ити чөй жей турганын. Мына анан тилинен чаң сапырганды көрүп ал.
Качан болсо оозунан түшпөгөн кеби: эл, адилеттик, кедейчиликтин сазына баткан элди сууруп чыгуу. Ал ушунчалык кооз сүйлөйт эле буга келгенде. Караламан калктын эбедейи эзилчү анын ширин тилине.
Шайлоо жыйынтыгында колуна мандат тийген соң, Шылуун күзгүнүн алдында турду.
— Мына, эми сен мамлекетсиң, — деди ал өзүн кубаттап.
Элге убада берүү жагынан баарынан алдыга озду, бул сапаттан өтөрү жок экенин туйду. Бирок эми аныкы элге эмес, өзүнөн жогорку жактагыларга берилчү убада болчу…
Жалданма журналисттеринин бирине мындай суроо бердиртти:
— Сиз эл үчүн иштейсизби?
Шылуун жылмайды:
— Албетте, баары эл үчүн. Эл үчүн өмүрүмдү саям...
Шылуундун эң чоң таланты — элдин эси өтө кыска экенин билгени. Ал билет: карапайым эл кечээки убадасын бүгүн унутат. Эл анын кечээки калпын да унутат. Ошондуктан ар шайлоодо Шылуун гана утуп чыгат. Утканда да башка костюм, башка ураан, башка партиянын сүрөөнү менен, бирок баягы эле ниети менен.
Шылуундун ташы улам жогору тоголоно берди. Башында ал эл башкарууну үйрөндү. Кийин сөздү башкарууну үйрөндү. Акыры акча артынан акча кантип тууйт, байлыкты кантип башкарууну үйрөндү.
Ал үчүн эң чоң бакыт — бийликтин өзү эмес экен. Бийликтин даамында экен кептин баары. Ал даам — акча.
Бир күнү Шылуун картасын жайды. Картада өлкөнүн көмүр кендери белгиленген, шаарлардын жаңы курулуш райондору белгиленген. Ал ичинен кымыңдады: “Эгер көмүр менде болсо… Кирпич заводу менде болсо… анда шаар да менде болот”.
Ошол күнү Шылуун жаңы оюн баштады. Ал жалгыз эмес бул оюнда, ага табакташ бир тууган өз агасы бар кошулар. Өлкөдөгү эң күчтүү адамдардын бири анысы. Ага эмне дебесин, баардык эшик ачык. Агасы кимди гана титиретпейт. Оомат ошонуку. Шылуун эми ошол ооматты пайдаланбай жаны жокпу.
Агасы бийлик жүргүзүп турган заманда, байлык — Шылуундун колунда болуш керек ко. Ушул эң ыңгайлуу бөлүштүрүү болоруна көзү жетти анын.
Бир күнү шаар четинде эскини жаңырткан кирпич завод пайда болду. Кечээ эле ал завод бар-жогун эл унутуп койгон. Бүгүн болсо анын дарбазасында чоң такта илинип калды:
“Өлкөнүн келечек пайдубалын биздин завод курат!”
Алгач көмүр кендери өзгөрдү. Ири суммадагы тендерди Шылуундун компаниясы гана утуп алган шарт жаралды. Документтер даяр. Көмүр бир эле колго топтолду – Шылуундун колуна.
Андан кийин кирпич заводу өзгөрдү. Кечээ иштебей турган завод бир түндө “стратегиялык ишкана” болуп калды. Мамлекеттик буюртмалар ошол жакка кетти. Кредиттер ошол жакка кетти. Чиновниктер ошол жакка агылды.
Эркин журналист сурады:
— Бул завод кимге тиешелүү?
Чиновник жооп берди:
— Мамлекетке.
Журналист күлдү:
— Бизде “мамлекет” деген сөз баарыбыз дегенди билдирбейт ко...
Бир жылдан кийин шаардагы бардык курулуш компаниялар таңгалыштуу чечим укту.
Жаңы токтом чыкты: курулуш материалдары “сертификациядан” өтүшү керектигин. Сертификатты ким берет? Албетте, ким берерин окурманыбыз билет. Баарыбыз эле аңкоо эмеспиз го, сертификациядан өткөн кирпичтер — Шылуунга таандык.
Бизнесмендер түшүндү. Тандоо жок. Кокус Шылуундун кирпичин албасаң, лицензияң жок, жумушуң токтойт. Эгер каршы чыксаң, күн дебей, түн дебей текшерүүчүлөр келет. Шылуундун агасы түрмөгө тыгат – чын-төгүнүн териштирбей...
Алгачкы дубалдар тургузулду. Жумушчулар шыбырап сүйлөшө баштады.
— Бул кирпич жеңил го…
— Бул кирпич кумдай упурап атат…
– Колуң тийсе эле сынат ко...
Уста колуна кирпич алып, экиге бөлмөк болду. Кирпич тең экиге эмес, бир нече кесекке бөлүнүп упурады.
— Мындан дубал курууга болбойт, — деди кыраакы уста, — бул коркунуч.
Анын “коркунуч” деген кебин эч ким уккан жок. Маани бербеди жан киши. Анткени жогору жактан буйрук бар эле:
“Ушул заводдун кирпичи колдонулсун.”
Бир жыл өттү. Мурда туруктуу иштеп келген кирпич заводдор биринин артынан бири жабылды. Айрымдары банкрот болду. Айрымдары заводун талаага таштап, өлкөдөн чыгып кетишти. Кечээ сапаттуу өндүрүш кылгандар бүгүн карызга батты. А Шылуундун бизнеси дүркүрөп өнүгүп, кудайын тааныгыс болду.
Бир күнү курулуш компаниясынын кожоюну жаңы үйдүн дубалына көз жүгүртүп, кирпичин колу менен ныктап басып көрдү эле, дубалга кыналган кирпичтер кумдай эшилди.
Ал күбүрөнүп-шыбыранып кейиди:
— Атанын кокуй ай-йе! Эгер жер титирөө болсо… – деп шыбыранып, жан кишиге угузган жок өз байкоосун.
Анткени элестеткен нерсеси коркунучтуу болчу. Бул дубалдардын алдында наристелер уктайт, канчалаган жаш үй-бүлөлөр жашайт. Ал эми бул үйлөрдүн дубалдары...
Шылуун – баарына кожоюн. Ал үчүн шаар — элден түшкөн пайда. Эбегейсиз киреше. Дубалдар — үй эмес, келишим. А адамдар эмне? Статистика.
Шылуун болсо жаңы пландарын түзгөнүн койбоду: кийинки завод, кийинки көмүр кени. Кийинки бизнес. Кийинки саясый тепкич... Жатындаш агасы баарынын күлүн көккө сапырган заманда – анын колунан келбей турган эмне бар?
Бирок ал бир нерсени унутуп койду. Кээде турак-жайларды жер титирөө эмес, чындык кыйратат. Ал эми чындык акырындап ойгонуп келатканы...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR