ЖОМОК
АКЫРЕК КАРЫЯ ЖАНА АНЫН УУЛДАРЫ
Илгери өткөн заманда Акырек деген карыя болгон экен. Анын Далы деген уулу болот. Далыдан Билек, Билектен Чыканак. Чыканактан Каруу.
Карынын Алакан деген уулу беш балалуу болот. Акырек карыя беш чүрпөсүнө чоң той берет. Азан чакырып ат коёрго келгенде, карыяны ой басат. Ой басканда мол басат. Акырек карыя: “Тун уулума Далы деп ат койдум, башат болсун деп. Эмгекчил, күчтүү болсун деп неберемди Билек атадым. Ийкемдүү, чыдамкай, тирек болсун деп чебереме Чыканак деп ат койдум. Кыбырама “Каруусу казык, каны азык болсун” деп Каруу койгом. Мээнети менен дөөлөтү уюсун деп тыбырамды Алакан деп атадым. Алакандын бакандай беш уулуна кандай ысым ыйгарам?!” – деп убайым жейт.
Тойдогу эл шайыр-шатман. Тестиер балдар “Вазир-хан”, “Кол жашырмай” оюндарын ойноп жатышат. Жигиттер жамбы атып, кыздар топ таш ойноп жатышты. Кыз-жигиттер оюн-зоок куруп, тойду шаңга бөлөөдө.
Аксакалдардын өргөөсү жайкалган жайлоо төрүндө. Дасторкон түркүн мөмө-жемишке, чүйгүн даамдарга толо. Жакшы кептен сөз баштап нарктуу аксакалдар төрдүн көркү. Ак элечек апалар менен тестиер кыздардын бир тобу ийик ийрип жатышса, бир тобу очок башында камыр кыркып, боорсок бышырып жатышат. Бош жүргөн эч ким жок.
Тойдун топуру менен кимдин кайда кирип, кайдан чыгып жатканын байкаган деле жан жок. Кайдан пайда болгонун ким билсин, төрдөгү боз үйдү көздөй думана баратты. Оң колунда аса таягы, ийининде куржуну бар. Күңгүрөнүп өзү менен өзү сүйлөшүп барат. Ой толгоп отурган Акырек карыянын өргөөсүнө келип амандашат. Ал-жайын сурап, ичтегисин угат.
– Ээ, касиеттүү думанам! Жаңылмак бизден, жалгамак Жараткандан. Менин беш чүрпөмө затына жараша атын коюп бериңиз! – деди Акырек карыя.
Колун көккө жайып думана кеп баштап:
– Болсун, болсун! Беш уулдун чоңу, баарынан улуу жолу. Башбармак болсун аты, мөөр болсун мунун колу! – деди.
Тойдогулар кубанып куттукташат. Деген менен баарынын кулагы думанада. Экинчисине ким деп коёр экен деп жарданат.
– Балдардын экинчиси, ийкемдүүлүк энчиси. Топту жарып, жол баштайт, ишенимдин белгиси. Бул уулуна Сөөмөй деп ат коёлу! – деди думана.
Элдин кубанганын айт, алкоо сөздөрүн аяган жок. Деген менен болобу, үчүнчүсүнө ким деп ат коёт деп кулак түрүп турушат.
– Баарына тең караган, алымдуу ишке жараган ортончу уулуна Ортоной деп коёлу! – деп алакан жайды думана.
Дуулаган элдин сүйүнүчү бир укмуш, баары ыраазы. Ар-ар жерден шыпшынган сөздөр чубалды, төртүнчүсүнө ким деп ысым ыйгарды?
– Инисинин калканчы, агасынын тиреги. Бабасынын эрмеги, бул беш уулдун тентеги! – деп тим боло түштү думана.
Эл: “Ким деп ысым ыйгарды? Атын ким деп койду? – деп чуулады. “Аты жок, атын атабады” деген сөздөр жаңырды эл арасынан. Аты жок? Ооба, аты жок! Аты жок! Ошентип Акырек карыянын төртүнчү тыбырасын эл Аты жок деп атап койду.
– Думана, беш уулдун эркеси, эркелеген кенжесине ким деп ысым ыйгарасыз? – деп сурады жарданып турган эл. Ойго чөмүп турган думана:
– Эрке тай, эрке тай! Тапканымды сен же, тай! Мунун аты Чыпалак болсун! – деди. Той толкунундагы эл думананын сөзүнө уюп, алакан жайып, ак батасын беришти.
– Ээ, думанам, ыракмат! Түйшүгүмдү жеңилдеттиңиз! Ак бата кабыл болсун! Беш тентегим биримдиктүү, эмгекчил болсун! Ар бир ишке дилгир болсун! – деп ыраазычылыгын билдирди Акырек карыя.
Баатыр бармактарга арналган бул той ушундай шаттык, кубаныч менен таркады. Ошол күндөн бери карай канча мезгил өткөнүн ким билет? Адам колундагы беш бармакка Баш бармак, Сөөмөй, Ортоной, Аты жок, Чыпалак деп ат коюлган экен. Ошондон кийин баш бармак адамдын мөөрү катары иштеп калат. Беш бармакты жакшы ишке жумшагандар ак эмгектен баар табат, жаман ишке кол ургандар азабын тартат. Дээринде бар азамат эмгекчил колдорду жакшы ишке иштетет.
Чынчыл Чыпалак
(Кыргыз эл жомогу. Иштеп чыккан Н.Жоошбаев)
Баш бармак, Сөөмөй, Ортоной, Аты жок, Чыпалак деген беш бир туугандын бар экенин билесиңер. Бир күнү Баш бармак: «Уурулук кылалы» – деген шойкомдуу ишти баштап, инилерине кайрылат. Анда Сөөмөй: «Кылса кылалы» – деп макул болот. Ортоной карап туруп: «Уятын кантебиз?» – дейт. Аты жок Ортонойдун сөзүн угуп эмне дээрин билбей туруп калат. Аңгыча Чыпалак: «Сойсо соёлу, сорпосуна тоёлу» – деп кубаттап жиберет.
Беш бир туугандын үчөө уурдаганды колдоп, экөө ыргылжың болуп калат да, көпчүлүк кылган тараптын демилгеси менен уурулукка барышат. Айылдагы бирөөнүн семиз коюн уурдап келишет. Түндөп союп, этин жеп, сорпосуна тоюп, терисин ташка жайып коюп уктап калышат. Аңгыча коюн жоготкон киши келип, беш бир тууганды ойготуп:
- Коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? - деп сурайт.
- Көргөн жокмун, - дейт Бармак.
- Көргөнүм жок, - деп безеленет Сөөмөй.
- Кандай кой эле? - деп сурайт Ортоной.
Койдун ээси өңү-түсүн, эн тамгасын айтып бүтө жаздаганда, Чыпалак чычкаланып, бирдеме айтчудай болуп кетет.
Ошондо тигинин өңүн көргөн кой ээси:
- Чып-чып Чыпалак, чычаңдаган кызталак, чыпылдабай чыныңды айт! - деп катуу айтат.
- Коюңду биз сойгонбуз, сорпосуна тойгонбуз, терисин ташка жайып койгонбуз,- деп Чыпалак чыдабай айтып коёт.
- Азаматсың, чынчыл Чыпалак,- деп койдун ээси аны мактап, берки төртөөн бирден жаакка чаап, кылмышын ашкерелеп, коюн төлөтүп алыптыр.
Ууру атыкпа!
Чыт курсактардын бул иши Акырек бабасына жетет. Муну уккан карыянын эбедейи эзилет. Ат чабарлар оюндан келгенде баарын жанына отургузуп алып кеп баштады:
– Кимдин урпагы экениңер жадыңардан чыккан жокпу?! – деди карыя олбурлуу. Кептин төркүнү кайда баратканын туйбады баатырлар. Бир убакта Бармак:
– Жок, баба! Унутканыбыз жок! – деди элпектене.
– Анда эмне үчүн ата-бабаңар кылбаган ишти кылып жүрөсүңөр?! – деди ачуусу келген карыя. Бул мадыра баштар эми гана түшүнүштү кептин эмне жөнүндө болуп жатканын. Баятан капарсыз отурган бармактардын жүзү кызарып, баштары шылкыйды.
– Уурулук менен эзели эч ким шугулданган эмес! Силер кайдан чыктыңар? Билесиңерби, уурулук деген кандай экенин?! – деп урпактарын уяткарды.
– Эми, баба анын коюн төлөп бербедикпи! Болду да! – деп шыпшынды Сөөмөй. Жанында отурган Ортоной агасын нукуп алды, шүк отур дегенсип.
– Уятыңар өзүңөрдө балдарым! Бирок бул кебимди унутпагыла! Калганы өзүңөрдөн! – деп карыя уурулуктун пайда-зыяны тууралуу баяндап берди: “Башка бирөөнүн мүлкүн анын уруксаты жок ээлеп алуу бул – уурулук! Бул шермендечиликтин жеткен чеги! Илгери уурулук кылгандардын колун кесишчү. Дагы силерди аяптыр койдун ээси. Ууру эл ичинде башын бийик көтөрүп жүрө албайт! Анын сөзүн эч ким укпайт! Элдин баары “Ууру! Колу туткак!” деп атап, ошол аты менен тергеп чакырат. Ошентип өзүнүн келечегине балта чабат! Ким ууру атка консо ал төрт муун алмашмайын өчпөйт. Бир муун бул жыйырма беш жыл. Демек, ууру атын өчүрүү үчүн жүз жыл керектелет экен! Каалайсыңарбы, силердин урпактарыңардын дагы ууру атыгып жүрүүсүн?!
– Жок, каалабайбыз! Бизди кечирип коюңузчу. Экинчи жаман ишке кол урбайбыз! – деди бабасынын нарк сабагын уккан баатырлар.
– Эсиңерде болсун! Ким ууру атыкса ал атагы жүз жылга барып араң өчөт! Жүз жылда! – деп катуу эскертти карыя.
Кылган ишинен уялып, аябай өкүнүштү баатыр бармактар.
Ошол-ошол болду: кайталап уурулук кылышкан жок. Уурулук кылып өз келечегине балта чабышкан жок! Ошондон кийин эл ичинде “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, “Ууру байыбайт, сук тойбойт”, “Уурунун ичкени ирим, жегени желим” деген макалдар жашап калган экен.
P.S. Бөбөктөргө уландысын окуп бергиңиз келеби?.. Автордун өзүнө чалыңыз: +996 774 969 783!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR