АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖАШООГО МАМИЛЕ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Бир адам бейишке чыгыптыр. Айланасын караса жүздөрүнөн күлкү ойногон, бактылуу адамдар күлүп-жайнап, ойноп-жыргап жүрүшөт. Тегерегинде кадимкидей эле жашоо өз нугу менен жүрүп жаткансыйт. Ар жак, бер жакты карап, ары-бери басып сейилдеди. Жактырды. Анан архангелге кайрылды:

— Тозок кандай экенин көрсө болобу? Бир эле шыкаалатып койбойсузбу!

— Мейли, жүрү көргөзөйүн.

Тозокко келишти. Караса, бул жерде деле жашоо кадимкидей өтүп жатыптыр, бейиш менен айырмасы деле билинбейт. Болгону, жашоолоруна  нааразы болуп, бири-бирин жактырбаган адамдар жүрүшөт. Аларга бул жер жакпаганы көрүнүп турат.

Ал архангелден сурады:

— Бул жер деле бейиштен айырмасы жок экен го! Анда эмне үчүн баары нааразы болуп жүрүшөт?

— Анткени алар жыргалдын баары бейиште деп ойлошот.

ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨ

Атчан адам бара жатып жол боюнда эс-учун жоготуп жаткан адамды көрдү. Ал ага боору ооруп, атынан түштү да, тигини жөлөп-таяп атып атына араң мингизди. Капысынан эле тиги камчыланып жөнөп кетпеспи. Бир аз ары барып артына бурулуп кыйкырды:

— Мен уурумун, менин кесибим ушу, мага таарынба, бул ат эми меники.

— Мен аны түшүндүм, – дейт аттын ээси, — сенден суранарым: бул жөнүндө эч кимге айта көрбө.

— Эмне, алдатып жибергениңе уялып жатасыңбы?

— Жок, адамдардан ишеним кетип, чын эле ооруп жыгылып жаткандарга жардам бербей калышат…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ